“Сынчынын сынбас саптары”

m_shabdanovАкын Масалбек Шабдановдун ушундай ат менен жарык көргөн китебиндеги жазгандарын окуп көрүп, алыскы айылда жашап, иштеп жүрүп ушундай терең ырлары менен аалам сырларын аралап көргөнүнө өзүмчө ыраазы болдум. Көп жылдар мурда эле ырлары республикалык басылмаларга чыкканын окуганбыз.

Акын өзүнүн жеке тагдыры өтө оорболгонун жашырбайт. Т.Усубалиев, А.Масалиев өлкө башкарып турган мезгилдерде жыйындарда, пленумдар-да, атүгүл республикалык форумдарда КПССтин калпыс алган токтомдорун сындап, “1937-жылды кайталап калбагыла” деп ачык айтып, ырларды жазган. Тилекке каршы, анын поэзиясы колдоого эмес, кордоого туш болуп, ырларын “абакка” салдырган.

1978-жылы Кыргызстан КП БКнын секретары Кеңеш Кулматовдун бир чоң жыйында М.Шабдановго берген баасы акындын архивинде азырга чейин сакталуу. Ошол кезде таш бараң акын чогулушта кадр маселесин туура тандоо, жеке менчикке өтүү, кыргыз тили, улуту кордолуп, кыргыз мечиттери жоюлуп, орус чиркөөлөрү көбөйүп жаткандыгы жөнүндө сүйлөгөн экен. Ал кабыл алынган токтомдор аткарылбай кагаз жүзүндө калып жатканын да сындаган.

Анан К.Кулматов мындай элин, жерин, улутун, маданиятын жактаган кадрды толук колдой турганын айтканда залда эки жолу кол чабуу болгон. К.Кулматов чогулуштан кийин М.Шабдановду чакырып, элдин көзүнчө колун кысып, кучактаган экен. Бул акындын мекенчил, акыйкатчыл, чечкиндүү экендигинин далили. Ал эми анын чыгармаларын окуган адам, анын акындыгына өзү баа берер.

Күркүрөп жашап Күн апчып,
Аркырап жашап ай апчып.
Жүрсөң да пенде тооба де,
Жатарың чындык жер чапчып…

Бул дүйнөдө нечендеген падыша менен хандардын болгонун, бирок алардын жер кучактап жатарын ушул төрт сапка сыйдыруу көрүнгөн эле акындын колунан келе бербес.

Ал бир катар партиялык, советтик кызматтарда иштеп, чынчылдыгы үчүн запкы да тартып, адил, ак иштегени үчүн сыйлыктарга да татыган.

Каны жок, мааниси жок токтомдордон,
Канча бир азаматтар чын “жок болгон”.
Деп жазып, чындык издеп бул турмушта,
Күнөөсүз, жаштыгымда мен кор болгом.

Дагы бир ырында:

Адам болуп чындыкты коргобосоң,
Анда сенин өлгөнүң бир кордолгон…
Чындыкты тирүү кезде колдобосоң,
Айырма жок кул өңдүү кордолгондон, –- дейт.

Анын бул жыйнагынын аты болгон ырынын төрт сабын да келтирип коёлу:

Сырлардын окшоп капкагы,
Сөз болуп таамай айтканы.
Сыр дүйнө өңдүү жашоодо,
Сынчынын сынбайт саптары…

Кадыркул ДАУТОВ, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
профессор, филология илимдеринин кандидаты,
«Кыргыз туусу», 26.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.