Орозалы комузчу: “Беш уулумду тең комуз чапканга үйрөттүм”

o_talipov

Кадамжайлык Орозалы Талипов 40 жылга жакын комуз чабуу менен алектенет. Бул аралыкта 200дөн ашык комуз жасаган уста эми бул өнөрүн уулдарына өткөрүп берди. Өрүктөн саркечтеп жасаган уста Орозалы комузчу чапкан комуздарын белгилүү искусство ишмерлери аздектеп пайдаланышат. Кадамжайлык элеттик комузчу жөнүндө кененирээк айтып беребиз.

Кыргыздын көөнөрбөс мурасын саркечтеп, өрүктөн жасаган чебер уста, 100-150 жылдык өрүктөн комуз чабат. Сөңгөктөрүн ийине жеткире кургатып, анан комуздарды чапкан Орозалы Талиповдун кол өнөрчүлүгүнөн жасалган бул буюмдар башка усталардыкына караганда көп жактуу артыкчылыктарга ээ.

komuzdarОшондуктан Кыргызстандын кыйырына чейин белгилүү болгон комузчулар, таанымал ырчылар Орозалы устанын өрүк комузуна күн мурдатан буюртма беришет. «Беш уулумду тең комуз чапканга үйрөттүм. Менин комузумду чоң комузчулар, төкмө акындар баары эле алышты. Мен мисалы, 70ке жакындап 2 миң комуз чапкан болсом, кыргыздын 200 үй-бүлөсүндө мен чапкан комуз жаңырып турса, мен бактылуумун», – дейт уста.

Өнөрдү атасынан үйрөнгөн Орозалы Талипов эми 40 жылдан бери аздектеп келген ата кесибин беш баласына өткөрүп берди. Беш уулунун үчөөсү жогорку билим алып, ал турсун абройлуу кызматтарда жүргөндүгүнө карабастан чакан цех ачып, бири комуздун келбетин жасап жатса, экинчиси, оймо түшүрүп, атанын айткандарын аткарат.

Уулу Нурали Орозалиевдин айтуусунда, ал комуздун келбетин жасайт. Жасаткандан кийин бир саат тыныктырат. Өрүктүн өзүнүн суусу чыгып кеткенче кайнатып, андан кийин кургатат.

Азыр 66 жашка чыгып, карылыктын доорун сүрө баштаганда балдарынын баралдуу чыгышы – ата үчүн чоң бакыт болду. Саркечтеп жасалган өрүк комуздарды Бишкектен, Оштон айтор, Ала-Тоо аймагынын булуң-бурчтарынан келген кардарлар буюртмалар менен алып кетишет.

Орозалы уста мыкты комуз жасоонун сырларын мындай деп айтат: -«Ысык жердин өрүгү менен салкын жердин өрүгүнүн айырмасы болот. Мисалы, ысык Баткендин өрүгүнүн комузу үндүүрөөк келет. Себеби, күндөй тыгыз болуп өсөт. Ал эмес бир эле дарактын күңгөйү менен тескейи айырмаланат. Экинчи жагы, мен чапкан комуздар куралбайт. Мен туюк же бүтүн чабам. Куралган комуз 4-5 жылда клейден ажырайт».

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу,
“Эркин тоо”, 04.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.