Боромбай Меӊмурат уулунун доорун калыс иликтөө зарылдыгы

borombay1

Кыска маалымат. Боромбай Меӊмурат уулу (эски адабиятта – Бекмурат уулу) – (Болжол менен 1789-1858-жж.) — XIX кылымда Ысык-Көл, Каркыра жана Текес өрөөндөрүн жердеген бугу уруусунун белек уругунун манабы. Боромбай 1843-ж. Жууку суусунун боюндагы Кызыл-Үӊкүр деген жерге чеп курдуруп, аны ордо кылган. 1844-ж. ал бугу уруусунун атынан Батыш Сибирдеги орус падышалыгынын бийликтерине букаралыкка кабыл алуу өтүнүчү менен элчи жиберген. 1848-ж. дагы бир ирет орус бийликтерине кайрылган. Анын элчилери 1854-ж. сентябрда Омскиге келип, 1855-ж. 17-январда Сибирдеги бул шаарда Орусиянын букаралыгына өтүү жөнүндө бугу уруусунун атынан ант беришкен. 1855-ж. Боромбай орустун подполковник чинин алган. 1855-ж. бугу менен сарыбагыш уруулары чабышкан кезде улам артка чегинип, Текести жердеп калган. Боромбай бугу уруусун сактап калуу үчүн цин-манчжурдук Кытайдан да көмөк сураган, бирок учурунда көмөк ала алган эмес. Ошондон кийин кайрадан падышалык орус бийликтерине өтүнүч менен кайрылган. 1856-ж. июнда орусиялык тыӊчы жана саякатчы, теги казак Чокон Валиханов Боромбайдын Тулпар-Таш капчыгайындагы жайлоодогу айылында болуп, бийдин сүрөтүн тарткан. Саякатчы Петр Петрович Семенов-Тян-Шанский болсо Боромбай менен 1856-57-жж. Теӊир-Тоого саякаты маалында жолуккан. Боромбай ага Карахандар каганаты доорунда Ысык-Көлдү жердеген чигилдер кыргыздардын бабаларынын биринен экенин айткан. 2012-жылы Боромбай Меӊмурат уулунун аты Каракол шаарынын мурдагы Октябрь көчөсүнө ыйгарылды.

Заманбап кыргыз тарыхнаамасында Боромбай Меӊмурат уулу тууралуу ар тараптуу, калыс маалыматты чагылдыруу зарылчылыгы ал жөнүндөгү бир катар негизсиз же талаш-тартыштуу жоромолдорду тактоону, айрымдарын таптакыр четке кагууну талап кылат. Алардын кээ бирине токтололу.

Боромбай хан болгонбу? Болгон эмес. Бий гана болгон. Аны ак кийизге көтөрүп хан көтөргөн окуя эч бир даректе, ал түгүл санжыралык уламыштарда да учурабайт. Ал эми 1842-жылы сарыбагыш уруусунун манабы Ормон Балыкчынын жанындагы Кызыл-Токойдо бир нече кыргыз уруусунун төбөлдөрү тарабынан хан көтөрүлгөндүгү белгилүү.

Боромбай бий Ормон хан Түндүк Кыргызстандын бир катар өрөөндөрүн бириктирип түптөгөн көчмөн кыргыз мамлекетин чыӊдаганбы? Чыӊдаган эмес. Тескерисинче, ага каршы жикчил саясат жүргүзгөн. Мында, албетте, Ормон хандын да күнөөсү бар. Ал бугу жана башка уруулардын үзөӊгүлөш чыккан төбөлдөрүн өзүнө тарта алган эмес. Хандыктын жогорку кызматтарына сарыбагыш уруусунан гана дайындай берген. Демек, эки төбөл теӊ уруулук деӊгээлден чыга албаган. (Боромбайдын үзөӊгүлөшү Балбай сарыбагыш жылкысын чабам деп колго түшүп, Ормондун буйругу менен зынданда жатканы маалым).

Боромбай кыргыздын эгемен мамлекети үчүн күрөшкөнбү? Күрөшкөн эмес. Уруу төбөлү деӊгээлинде гана саясат жүргүзгөн. Орусиянын букаралыгына өтүү ниетин акыры өз уруусунун атынан жүзөгө ашырган.

Айтмакчы, Боромбайды орусиячыл саясаты үчүн мактагандар 1917-жылдагы ыӊкылаптардын арты менен кыргыздар XX кылымда өнүккөнүнөн кеп салышат. Мындан улам суроо туулат: Боромбай кийинчерээк Орусияда Ленин социалисттик ыӊкылап уюштураарын алдын-ала билди беле? Билген эмес. Ал каза болгондо Владимир Ленин төрөлө элек кез эле. Боромбай Карл Маркстын немис тилиндеги коммунизмге чакырган чыгармасын окумак тургай, орусча да билчү эмес.

Албетте, Боромбай Меӊмурат уулунун доорун иликтегенде, падышалык Орусиядан 1820-40-жылдары улам самсып Кыргызстанга келген теги татар тыӊчы соодагерлердин (мисалы, Файзулла Ногаев) тыӊчылык ишмердиги жана алардын айрым кыргыз төбөлдөрүн орусиячыл маанайга тартуу аркылуу падышалык оторчул бийликтердин ар кыл алкышын, акчалай сыйлыктарын, медалдарын алгандыгы тууралуу факттар да эске алынууга тийиш.

Боромбай үч миӊ сап керээз жазганбы? Эч жазган эмес. Ал сабатсыз болгон. Ошол доордун булбулу Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармасын үстүрт окуп алып, кээ бир замандаштар Боромбай ыр түрүндө керээз калтырган дегендей жаӊылыш пикир айтып жүрүшөт. Боромбай кара сөз түрүндөгү керээз айткан соӊ эл тыӊдаган жооп ыр – бул Арстанбектики.

Маселен, Арстанбек Буйлаш уулунун Боромбайга арнаган ыр саптарында:

“…Бак тигип, эгин айда деп,
Жөнөкөй оокат кайда деп,
Кышы жылуу, малга жай,
Жери сулуу, данга бай,
Чычкан, Даркан жайла деп,
Кашкар жакка барба деп,
Айтып жүргөн сен элеӊ”, — деп Боромбайдын жаӊычыл чарбачылдыгын көрсөтөт.

Боромбайдын сөөгү кайсы жерде коюлганы аныкпы? Жок. Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Кызыл-Суу капчыгайындагы Боромбайдын мүрзөсү бар делип жоромолдонгон жайды “көзү ачыктар” гана 2012-жылы “тастыкташкан”, башка маалымат жок. Боромбай алгач Жууку капчыгайында жерге берилгендиги тууралуу маалымат бар. Демек, бул суроо дагы эле ачык бойдон кала берүүдө.

Боромбайдын үзөӊгүлөштөрү Орусияны ырааттуу колдоду беле? Жок. Балбай баатыр 1860-жж. (Боромбай өлгөндөн көп узабай) Орусияга каршы саясатты туткан, акыры Текестен аны алдап колго түшүрүшүп, Алматыдагы (Верный) орус абагына камашкан. Ал падышалык орусиялык камакта сый туткун катары кармалып жатып өлгөн элчи Абдыракман Кучак уулунан (бул элчи 1789-жылы 20-июнда Омск шаарында каза болгон) кийинки падышалык оторчул бийликтин туткуну катары өлгөн экинчи ири кыргыз саясатчысы.

Боромбайдын өзүнүн урпактары дайым эле Орусияны жактай беришти беле? Жок. Боромбайдын урпактарынын бир бөлүгү 1916-жылкы Орусияга каршы улуттук боштондук көтөрүлүш жеӊилгенде, аргасыздан Кытайга журт которгон. Алардын айрымдары азыр да КЭРдин ШУАРындагы Или-Казак автоном облусуна караштуу тоолуу Текес өрөөнүндө байырлашат.

Боромбай тууралуу жазганда, албетте, анын өзгөрүүлөргө ийкемдүү мамиле жасай алгандыгы, багбанчылыкты колдогондугу сыяктуу сапаттары эске алынууга тийиш. Бирок анын өзүн өз колу менен бак тиккен Мичурин сыяктуу сүрөттөө да туура эмес.

Ошол доордо Боромбайды жактап ырдап жүргөн Арстанбек Буйлаш уулун айрым замандаштарыбыз “эшик ырчысы” катары төмөндөтүп көрсөткүсү келет. Бул да туура эмес. Арстанбек Анжыян, Аксыга чейин таанылган, Алымбек датканын назарына түшкөн даӊазалуу ырчы, күүчү, обончу жана ойчул болгон. Анын батасын алуу үчүн Жеӊижок ырчы атайын Аксыдан Каркырага келгени маалым.

Көз карашы жагынан да Арстанбек Боромбайдан айырмаланган. 1860-жылдары чыгарган ырында Арстанбек Чыгыш Теӊир-Тоодо эгемен мамлекет курууга умтулган Жакыпбек бак-дөөлөттү колдоого чакырган жана (Или дарыясынын жогорку агымында Орусиядан эркин жашаган) эгемен казак уруулары менен кыргыздар ынтымак түзсө дурус болоор эле деген мааниде ыр саптарын калтырган. Бул маанай Боромбайдын доорунда эле падышалык Орусияга каршы маанай бугу уруусунун ичинде өкүм сүргөнүн, демек, бардык эле түндүк кыргыз төбөлдөрү оторчул бийликти жактай бербегендигин, көптөгөн бийлер падышалык Орусиянын чинине азгырылбагандыгын айгинелейт.

Былтыркы жыл Кыргызстанда мамлекеттүүлүктү чыӊдоо жылы болгон. Быйыл болсо былтыркы жылда жүзөгө ашырылган жетишкендиктер андан ары улантылышы абзел.

Кыргыз мамлекетин жана автономиясын ар кандай түрдө түптөп-чыӊдоого умтулган тарыхый инсандардын салымдарын ар тараптуу изилдөө милдети, албетте, бир эле учурда кыргыз жеринин айрым бөлүгүн башка кубаттуу мамлекетке “сугунта салган” учурларды да калыс иликтөөнү талап кылат.

Мындай шартта, менимче, эч бир эмоцияга алдырбастан, тарыхый фактылардын негизинде гана тигил же бул инсандын өмүр таржымакалын таразалоо зарыл.

Боромбайдын доорун изилдегенде 1950-жылдары советтик тарыхнаамага биротоло таӊууланган “падышалык Орусиянын оторчул режими “жакшы колониализм” болгон, ал эми башка империалисттик метрополиялардын оторчул режимдери “ырайымсыз колониализм” болчу” деген кремлчил цензурачыл түшүнүктөн азыркы кыргыз тарыхчылары арылуусу керек. Маселе – элдин эгемен же башка өлкөгө көз каранды болушунда. “Жакшы колониализм” түшүнүгү тиешелүү оторчул режимдин үстөмдүгүн актоо үчүн гана ойлоп табылган идеологиялык тар түшүнүк.

Айтмакчы, 2015-жылдын 20-январындагы илимий талкуу маалында бир саясат таануучу мырза Боромбай бийдин 1855-жылдагы падышалык Орусиянын букаралыгына өтүү аракетин быйылкы Кыргызстандын Бажы Биримдигине мүчө болуу далаалаты менен салыштырып мактап өттү.

Менимче, бул одоно салыштыруу да четке кагылышы абзел, анткени Боромбай бий падышалык Орусиянын оторчул бийлигине букара катары өтүү арызын жолдогон, ал эми эгемен Кыргызстан бир эле учурда Бажы Биримдигинен тышкары Бириккен Улуттар Уюмуна, Шанхай Кызматташтык Уюмуна, Дүйнөлүк Соода Уюмуна, ЮНЕСКОго ж.б. өзүнүн көз каранды эместигин сактоо менен мүчө болуп кала берүүдө. 1855-жылкы жана 2015-жылкы окуялардын айырмасы асман менен жердей десек болот.

Бул чакан макалада Боромбай бий жана анын доору тууралуу учкай айтылган ойлор гана камтылды.

Т.ЧОРОТЕГИН, “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсынын президенти, тарых илим. доктору, профессор,
«Кутбилим», 13.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.