Кыяс Молдокасымов: “Улуттук элита Кыргыз мамлекетин түптөп, бекем сактаган”

k_moldokasymov

Тээ Совет бийлигинин алгачкы жылдарында мамлекеттүүлүк үчүн талыкпастан жүргөн күрөш туурасында кеп кылганыбызда, өлкөнүн көрүнүктүү саясий ишмерлеринин ак кызматын таптакыр унутпоого тийишпиз. Ошол кыйчалыш кезеңде Кыргыз улутунун жана мамлекетинин жаркын келечеги үчүн катуу жан үрөп, а түгүл өмүрүн тобокелчиликке салган мыктыларыбыз дароо эске түшөт. Бул туурасында тарых илиминин кандидаты, профессор, коомдук ишмер Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ “Асаба” гезитине кең-кесири кеп кылат.

 

ЭЛИТА ЭЛИН САКТАЙТ, А ЭССИЗДЕР ЭЛДИ ТАЛАЙТ

Кыяс Сатарович, мекенчил элита элин сактайт дегенге кошуласызбы?

Чындыгында, Улуу Октябрь революциясынын алдында кыргызды бириктирүү идеясын көтөрүп, аны ишке ашыруу үчүн аракеттенген билимдүү, чыгаан инсандарыбыз жокко эсе болгон. Кошуна казак жана өзбек элдеринде Орусиянын борбор калааларындагы ЖОЖдордун юридика, экономика факультеттерин аяктап, терең теориялык билимге ээ болгон, чөлкөмдүк гана эмес, борбордук гезиттерге улуттун болочок тагдыры тууралуу олуттуу маселе көтөрүп макала жазган зыялылары көп болчу.
Тилекке каршы кыргыз зыялыларынын арасынан андай билимдүү, улут маселесин, болочок өнүгүү жагдайын жазып, конкреттүү сунуш менен чыккандар болбоптур. Бирок Совет бийлиги жер-жерлерде бекем орноп, кыргыз элинин келечек тагдыры үчүн кыл чайнашкан кыйын учурда эл арасынан мыктылар суурулуп чыгып, улуттун келечеги үчүн күрөшкөн инсандардын ысмы бүгүн тарыхта түбөлүк жазылып калды. Алардын эң көрүнүктүүлөрүн атасак, Абдыкерим Сыдыков (1889-1938), Ишеналы Арабаев (1882-1933), Иманалы Айдарбеков (1894-1938), Жусуп Абдырахманов (1901-1938), Абдыкадыр Орозбеков (1889-1938) жана башкалар. Булардын арасынан эч кимиси дегеле жогорку окуу жайын аяктаган эмес. Абдыкерим Сыдыков алгач мусулман мектебинде окуп, андан соң Верныйдагы (1911) эркек балдар гимназиясын бүтүрсө, Ишеналы Арабаев Оренбургдагы “Медресе Кусейиниядан” бир жыл окуп, андан соң Уфадагы жогорку диний мектеп “Медресе Галиядан” (1911) билим алган. Ал эми Иманалы Айдарбеков Бишкектеги айыл чарба окуу жайын аяктаган (1909). Абдыкадыр Орозбеков өз алдынча сабатын ачууга жетишсе, Жусуп Абдырахманов Каракол шаарындагы башталгыч окуу жайында окуп (1916), толук аяктаган эмес. Кыргыз мамлекетин түптөгөн бул инсандар азыркы саясый элитанын өкүлдөрүндөй 2-3 жогорку окуу жайын бүтүрдү деген диплому жок, илимий даражаларга, ар кандай чин-наамдарга ээ болбой туруп эле, өзгөчө билимдүүлүгү менен айырмаланган, эң башкысы Кыргыз мамлекетин түптөп, аны бекем сактап калышкан. Ал эми эгемен өлкөнүн элитасы элдин байлыгын талап, мамлекетти алсыздантты.

Чыгаандардын арасынан Абдыкерим Сыдыков чыныгы лидерлик касиетке ээ болуп, Жусуп Абдырахманов сыяктуу кыргыздын мыкты жигиттерин кызматка тартып, жаштарды окутуп, тарбиялап өстүргөндүгү менен өзгөчөлөнгөн. Ал 1920-жылдын октябрында Жети-Суу облревкомунун презиудумунун мүчөсү, 1921-жылдын 8-июлунда Жети-Суу облусунун аткаруу комитетинин төрагасынын орун басарлыгына, көп өтпөй төрагасы болуп шайланган. Ал эми Жусуп Абдырахманов жаштыгына карабай, 20-жылдардын башында Түркстан Компартиясынын Алматы уезддик-шаардык комитеттин жооптуу катчысы, партиянын Жети-Суу обкомунун мүчөсү, партиянын Капал, Талды-Коргон уезддик-шаардык комитеттеринин жооптуу катчысы кызматын аркалаган. Мына ошол жылдары алар Кыргыз мамлекетин куруу идеясын көтөрүп чыгышкан.

 

АЛГАЧКЫ АРАКЕТ, ЧЕТКЕ КАГЫЛГАН МАМЛЕКЕТ

Өзүнчө Кыргыз мамлекетин курабыз дегендердин алгачкы тилеги адегенде эле эмне үчүн таш капты?

Мамлекетти түптөө идеясы Кыргызстандын бар же жок болуп кетүү коркунучунан улам курч көтөрүлгөн. Анткени 1920-жылы Казакстан Кыргыз автономиялык республикасына айланганда Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облусунда кыргыздар жыш жашаган аймактар анын курамына кирген эмес. Ал эми казак жетекчилери кыргыздар жашаган аймакты өздөрүнө кошуп алуу аракетинде болушкан. Аны кыргыздардын арасынан Рахманкул Кудайкулов өңдүү иритмелер колдоого алышып, Казакстандын курамына автономия болуп кирүүгө жан үрөшкөн.

Кокус бул аракет жүзөгө ашса, Кыргызстан деген мамлекет картада пайда болмок эмес, мамлекеттүүлүктөн биротоло кол жууп калмакпыз. Мына ушундай коркунучту Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов баштаган кыргыз элитасы илгиртпестен аңдап, ортодо айыгышкан күрөш башталган. Кыргыздын мекенчил элитасы Тоолуу Кыргыз облусун түптөп, РСФСРдын курамына түз кошулууну көздөшкөн. Мындай демилге 1922-жылдын жаз айынан жанданып, ал түгүл Москванын макулдугун алууга жетишип, уюштуруу съезд чакыруу боюнча комитет түзүшкөн. Анын башында партиядан чыгарылганына карабай Абдыкерим Сыдыков турган. Анын оң колу катары шакирти Жусуп негизги уюштуруу иштерин мойнуна алган.

Натыйжада съезд өз ишин 1-июнда баштап, анда Тоолуу Кыргыз облусу түзүлгөнү жарыяланат. Съезддин чечимин Москвага билдирип, алардан жооп күткөн. Бирок, жеңилип калган Рахманкул Худайкуловдун тарапташтары кабыл алынган чечимге моюн сунбай, болушунча каралоо иретинде: “бай-манаптардан турган улутчул топ жаңы түзүлүшкө каршы Тоолуу облус түзүшкөнүн, алар Союздун карамагынан чыгууну көздөп жатышканын” деген жалган жалаа кылып, Москвага каттарды биринин артынан жаадырган. Ошол кездеги уруулук бөлүнүүчүлүк, биримдиктин жоктугу ого бетер шыкак болуп, жакшы тилек менен башталган ишке Москва далысын салып, худайкуловчуларды жактап чыгат. Мурда макулдашылган чечимин Сталин алакандай жиберген телеграммасы аркылуу жокко чыгарган. Тоолуу Кыргыз облусун тузүүчүлөргө улутчул деп айып тагылып, алардын үстүнөн дароо куугунтук башталган.

 

ЖАЗАДАН ЖАЛТАНБАГАН, КУУГУНДАН ТАЙМАНБАГАН ЭЛДИН ЖЕҢИШИ

Ошол адилетсиз жана аеосуз репрессия Кыргыз элин чыйралтканбы, же?

Кыргыз мамлекетин куруудагы алгачкы аракеттин ишке ашпай калуусу кыргыз элитасын мокотпой, тескерисинче, кайра курчуткан. Ар кандай жазалардан жалтанбай, куугунтуктан тайманбай, ортодогу айгышкан күрөштө кыргыз элитасы жеңишке жетишип, натыйжада 1924-жылдын 14-октябрында Москвада Кара Кыргыз автономиялуу облусун түзүү тууралуу Бүткүл союздук аткаруу комитетинин (ББАК) 2-сессиясы чечим кабыл алган. Бул чечимге ылайык Кара Кыргыз автономиялуу облусу (ККАО) түзүлүп, ал РСФСРдин курамына дароо киргизилген. Бул тарыхый чечим кыргыз элинин кылымдар бою эңсеген эркиндигинин жарым-жартылай чечилиши болгон. Бул чечим айрым бир тарыхчы сөрөйлөр, журналисттер жазгандай кокусунан эле кабыл алынган чечим эмес экенин, ал кыргыз элитасынын тынымсыз күрөшүнүн жеңиши болгонун тарых тастыктап турат.

Кыргызстан өз түтүнүн булатып, мамлекеттик макамга ээ болгону менен элдин эңсөөсү заматта аткарылып, маселелердин бардыгы дароо эле чечилип кеткен жок. Кыргыз элитасынын ынтымаксыздыгы, ич ара тирешүүлөрү Д. Каменскийге окшогон билимсиз, мамлекет үчүн кыпындай күйбөгөн, Москва таңуулаган партия жетекчилерине ыңгайлуу болгону менен андан жалпы эл жабыркаган.

Улутка өзгөчө күйгөн Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов сыяктуу жетик жетекчилер чечүүчү кызматтардан четтетилип, өзүнө окшогон чала сабат, өз пикири жок, чабал адамдар кызматка көтөрүлгөн. Кыргызстандын тарыхый шарты, улуттук өзгөчөлүгү менен эч таанышы жок адамдар Москва тарабынан жөнөтүлүп, эң жогорку бийлик орундарын ээлешкен. Кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жетекчилери мындай сталиндик акимдик-буйрукчул саясатка жана өлкөдөгү башаламан башкарууга нааразычылыгын ачык түрдө билдиришкен. 1925-жылы 5-майда Сталинге жазган жеке, жашыруун катында Жусуп Абдырахманов облуста түзүлгөн кырдаалды кеңири баяндап, андан чыгуу жолдорун билдирген. Ал өзүнүн кызматтан четтетилгенине кайгырбаганын, өлкөнүн келечегине күйгөнүн өз катында баса белгилейт.

Жаатташкан тарапты пайдалануу менен Д. Каменскийдин өлкө биримдигине доо кетирип жатканын, кыргыз элинин тарыхын, менталитетин, уруулук бөлүнүүчүлүктү токтотууга кызыктар эместигин ар тараптан ашкерелеген. Кыргызстандын жетекчилери жергиликтүү элден даярдалып бийликке көбүрөөк тартылмайынча, облустук аппаратта иштегендерди кыргыздаштырмайынча совет бийлигинин кадыр-баркы төмөндөй берээрин да ачык жазган. Жогорку окуу жайларда окуган бир да кыргыз жоктугун, алардын ордуна казактар кыргыздар деп окутулуп келгенин ынанымдуу мисалдар менен көргөзгөн.

(Уландысы кийинки санда)

Кепке тарткан Алишер ТОКСОНБАЕВ, “Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.