Нуриза Өмүрбаеванын жаңы ырларынан

ТҮНКҮ ЖАЗ

Жаратчудай бир шедевр бул түндө
Жалгыз адам мен бул үйдө жата элек
Сирень ачкан терезенин түбүндө,
Сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек.

Кечегиден неге бүгүн күлкүм аз?
Керек беле ыйлап сыздап айтышым.
Сирень, сиңдим, мемиреген түнкү жаз,
Силер туйбас жүрөгүмдүн кайгысын.

Бул ырыма уккулуктуу сөз таппай,
Бузгансыймын түнкү жаздын уйкусун.
Ыр жазылбай калган актай баракка,
Тартып койдум бир жигиттин тулкусун.

Сирень ачкан терезенин түбүндө
Синдим уктайт сүйүү даамын тата элек.

 

* * *

Турмуштун ураталгыс тосмолорун,
Ичимден ойлоп алып от боломун
Кадырлап өтпөйт белем сиздей жанды,
Карасаң тагдыр бизди кошпогонун.

Асылды ар ким мейли жандай алсын,
А бирок, билмек эле кайдан баркын.
Өмүрдү өзүңүзгө арнап коюп,
Өлгөнчө көпөлөктөй айланмакмын.

Билмексен болосуз ээ күлүмсүрөп,
Бир өмүр өчүрө албас сүйүүм жүрөт.
Башканын бактысына жазылса да,
Барыңыз бул дүйнөдө сүйүндүрөт.

Арзышып кала бермей жазып ырлар,
А балким ушул деле жакшы чыгар.
Желге окшош багыты жок сүйүүлөр эй!,
Жеткирбей койгон үчүн жакшысыңар.

 

* * *

Эриш-аркак жүргөн күндөр биздеги,
Экрандан бир көрүнгөн кинодой.
Көздөрүңдүн сулуулугу курусун,
Көтөрө албас көңүлүмдү винодой.

Кантсем экен мүнөзүмдү таарынчаак,
Кайдагы бир майрам үчүн чөккөнүн.
Болгон дүйнөм унутулуп баратат,
Бошоп улам вино куйган чөйчөгүм.

Кейий бербей окшошуна тагдырлар,
Келчи курбум, сүйүү үчүн алалы!
Гүл көтөрүп келбегенге кор болбой,
Күн көтөрүп келчү жигит табалы!

 

* * *

Биз кезиккен күздүн көркөм күнүндө,
Бакыт таптың менден эмес башкадан.
Сен мактансаң мактанарсың бактыңа,
А мен сага жазган ырга мактанам.

Кийип алып мага арналган көйнөктү,
Кимдир бирөө көшөгөңдө олтурар.
Өзүң күткөн жубай болуп ийкемдүү,
Өмүрүңдүн бөксө жерин толтурар.

Бирок дагы, тынчтык бербес дүйнөңө,
Бир өкүнүч болот сени коштогон.
Күзгү алдынан көздөрүңдү көрөсүң,
Күлкү сүйгөн мүнөзүмдү жоктогон.

Опол тоодой көрсөтүшөр бактыңды,
Опур-топур эл үзүлбөй үйүңөн.
Сен сүйүнсөң сүйүнөрсүң ушуга,
А мен сага жазган ырга сүйүнөм.

 

АТЫМДЫ АЛЫП ЖҮРӨТ АЗЫР НАРИСТЕҢ

Башкалардан башкачараак жактыргам,
Балким анда унчукпагам жаштыктан.
Көңүлүндө бир сыр барын жашырып,
Көздөр гана тиктешчү эле астыртан.

Бардык кадам боло бербейт жемиштүү,
Бизди ошондо тоскоолдуктар жеңишти.
Эркиндикте жашап жүрүп адамдар,
Эркин боло албаганы кейиштүү.

Айтчу болсом ак баракка сыйбаган,
Азаптарды дүнүйөдөй жыйнагам.
Кыйбай туруп айткан элең ошондо
Кыздуу болсом ысымыңды ыйгарам

Келбетиңди мүнөзүңдү тартып тең,
Кебин угуп балдай таттуу балкып сен.
Менден калган эстеликтей жашыруун
Атымды алып жүрөт азыр наристең.

Билген жанга сүйүү чыны арман де
Бизди турмуш ажыратып салган де.
Ырларымды окуп берип кызыңа
Ысымыңар окшош акын жазган де.

 

ЧООЧУН КҮНДӨР

Курчап турса сүйүү багы – кайың бак,
Кусалыктан куруп турган жайымды айт.
Чок баскандай жүрөгүмдү ысытып,
Чоочун сезим көөдөнүмдү байырлайт.

Тирүүлүктө түйшүгү көп бүтпөгөн,
Ыза, ыйдын баарын жеңип күч менен.
Чоң турмуштун агымында сүзөмүн,
Чоочун көздөр чоочунсунтуп тиктеген.

Шамал шуулдап, жамгыр жаабас жаз көрдүм,
Шайыр куунак жашаганды аз көрдүм.
Чоочубадың кучагыңа алгандан,
Чоочун турмуш мен да өзүңө бат көндүм.

Бул чөлкөмдө чоңойбогом, туулбагам,
Эмне берип, эмнени алат бул кадам?
Чоочун жердин шамалындай шуулдап,
Чоочун күндөр өтөт жашты уурдаган.

 

ТВЕРЬ БУЛЬВАР

Түн. Олтурам… Бир китепти барактап,
Көп окудум көңүл чөгүп турганда.
Жеткен эмес асылдыкка адамзат,
Жек көрүүңдү айтпа жүрөк үн катпа.

Анда көрө, тыңша биздин күндөрдү,
Акын эчак жазып койгон ырларга.
Таңда туруп биз да басып келели,
Таланттуулар баскан Тверь бульварга.

Азыр тынчтан. Тыңша түндү, калааны,
Жазгы желге шуудураган кайыңды.
Эңсеп жетпей кусаланткан карааны,
Эстеп алгын биз эс тарткан айылды.

Көп кыйнадым… Тагдыр экен бул дагы,
Эстөөлөрдөн тазарып ал кургурум.
Таңда бизди күтөт Тверь бульвары,
Таңда жүрөк улуулукка умтулгун.

 

* * *

Жазганың бар эле бир катка:
“Сени эстейм жамгыр жаайт биз жакта.”
Бүгүн да төгүлөт ал жамгыр,
Болгону биз бөлөк биз башка.

Жогуң бар, барың жок… Бул аалам,
Жоготуп табуудан куралган.
Жолуңа төшөлдү килемдей,
Жообу жок каттарым чубалган.

Жашоодо бар арзан, жок кымбат…
Жакының элем ээ болдум жат.
Намысым жолуңда төшөлүү,
Башканы бараткан колтуктап.

Соороткон өңдөнүп көңүлдү,
Үн-сөзсүз ак жамгыр төгүлдү.
Ордуңду толтурбас жан менен,
Оо, билсең алдадым өзүмдү.

 

* * *

Бир ырда айтылбаган атың калып…
Биз кандай жакын элек алыстадык,
Бир сезим табыштырып экөөбүздү,
Бир өмүр койгон минтип ажыратып.

Жаныңа барганымда сурап бактым.
Жар сымал жамгыр жааса кулап калдың.
Жолубуз бир болбосун айтып анан,
Жолума бакыт каалап узаткансың.

Жашагың келди сенин кайгы көрбөй,
Жашайм мен жаштыгымды кайры дебей.
Сен азыр салам жолдоп жолоочудан,
Мен ага алик алам кайдыгердей.

Ичимде билсең бирок күйгөн отмун,
Ишенчим талкаланган күндөн корктум.
Өзгөлөр мени сендей сүйдү бирок,
Өзгөнү мен өзүңдөй сүйгөн жокмун

 

* * *

Мен алыста жашап сендик жүк менен,
Мезгил-мезгил турмушуңду түш көрөм.
Жылмайыңкы тосуп алат жубайың,
Жылуу сөз да, сүйүү дагы күтпөгөн.

Балдар… Жарың… Тамак бышып мештеги,
Бакытына бөлөп турса кеч сени.
Ушул мага азбы дерсиң ичиңден,
Унуткарып сүйүүбүздүн кечтерин.

Сүйүнчүңдүн жалгыз гана айбы бу:
Сүйүүсү жок өтөт өмүр ай-жылы.
Мунун баарын жокко түртүп а түндө,
Муңдуу ырдын келет мукам кайрыгы.

Санаалардын курчоосунда калгандай,
Сагынчыңды көп жазасың жазганбай.
Бакыт бар деп ишентесиң мени да.
Балдарыңа жомок айтып жаткандай.

 

n_omurbaeva1Нуриза Өмүрбаеванын башка ырлары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.