“Турар” басмасы мыкты адабий чыгармалар үчүн төрт номинация: проза, поэзия, сын, тарыхий материалдар боюнча конкурс жарыялайт

Кыргыз улуттук адабиятын колдоо максатында “Турар” басмасы менен эларалык адабий-көркөм “Жаңы Ала-Тоо” журналы 2010-жылдын январь айынан тартып, мыкты прозалык жана поэзиялык чыгармаларга, котормолорго жана адабий сын, тарыхий макалаларга конкурс жарыялады.

Конкурстун шарты боюнча, конкурска коюлган чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган жана китеп болуп чыкпоосу керек. Мөөнөтү бир жыл, авторлор чыгармаларын адабий ысмын коюу менен 2010-жылдын 1-январынан 1-октябрга чейин үч нускада редакцияга тапшыруусу зарыл. Конкурс жабык өтүп, сынакка келип түшкөн жана комиссия сунуштаган чыгармаларды адабий ысмын коюу менен “Ала-Тоо” журналына жарыялоо укугун редакция өзүнө калтырат. Конкурс төрт номинацияда — проза боюнча “Жылдын мыкты жазуучусу”, поэзия боюнча “Жылдын мыкты акыны”, котормодо “Жылдын мыкты котормочусу” жана илимий макалалар (адабий сын, тарыхий) боюнча “Жылдын мыкты иликтөөчүсү” деген атты ыйгаруу менен өткөрүлөт.

1-сыйлык — Жеңүүчүнүн күбөлүгү, атайын кубок жана китебин чыгаруу менен калем акысы берилет.

2-сыйлык — Жеңүүчүнүн күбөлүгү жана 10000 сом өлчөмүндөгү байге.

3-сыйлык — Жеңүүчүнүн күбөлүгү жана 5000 сом өлчөмүндөгү байге.

Кызыктыруучу бир сыйлык: Атайын күбөлүк жана 2000 сом.

“Турар” басмасы менен “Жаңы Ала-Тоо” журналынын редакциясынын дареги:
720054, Бишкек, Жибек Жолу пр., 466
Тел. +996 (312) 344-990, факс +996 (312) 344-504
turar@infotel.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.