Сөөк коюу салтынын сыры. Жан жана дене

Акыркы мезгилдерде кыргыздын салтындагы сөөк коюудагы көрүнүштөргө: кошок кошууга, өкүрүк салууга, сөөктү үч үн кармоого жана башкасына тыюу салган, аларга каршы чыгып жасаттырбаган учурлар кездешип келет.

j_sultanovТүшүнүктөрдүн эки ача болуусунан улам, маркумду жерге кандайча беребиз дегенге келгенде бир туугандардын, жакындардын, бир үй-бүлөнүн ортосунда араздашуу, чыр-чатактар да чыгып кетүүдө. Бул боюнча маселенин оң-терс жактарын аныктоого жана кыргыздын каада-салтындагы көрүнүштөрдүн түпкү сырын ачып окурмандарга жеткизүүдө Кыргыз философия илиминин, Аюрвед илиминин доктору ЖОЛДОШБЕК СУЛТАНОВ менен маектешип, гезитибиздин бул санында да баарлашуубузду уланттык.

– Жолдошбек агай, азыркы учурда, маркум көз жумаары менен эле «канча күн кармайбыз», «канча күн кармашат экен» деген сөздөр кадыресе көрүнүшкө айланды. Топурак салганга жетишээр бекенбиз деп кабатыр болгон тууган-туушкандары да мындай жагдайлардын туура же туура эместигин кескин айта албай, бул маселеге акыл жетпей, “бир күн кармоо”, “үч күн” кармоо түшүнүктөрүнүн айырмасы, мааниси кайда жатканына жооп издеп калышууда…

– Түз айтсам, түркөйлүктүн же башка маданиятты кабыл алуунун негизинен улам сөөк коюуда талаш-тартыштар чыгып атат. Алгач, “Биз кимбиз?” деген суроону өзүбүзгө коёлу. Качан гана биз өзүбүздү жан катары тааныганда, көп суроолордун баарына жооп алабыз. Жанды экиге бөлүп караш керек. Бир жан – түбөлүк азаттыкта турган жан, экинчиси болсо – денеге шартталган жан. Денеге шартталган – бул бизбиз. Киши баласы өлсө да, анын жаны өлбөйт. Мунун баарын, жандын, рухтун бар экенин, ал жашай берерин окумуштуулар эчак эле аныктап койгон. Ажалы жетип өлгөн адамдын жаны денесинен бөлүнүп чыкканда алгач эч нерсени түшүнбөй, өзүнүн сулк жаткан денесин сырттан көрүп турат. Өзүнүн каза тапканын, бу дүйнөдөн кеткенин түшүнбөйт. Денесинин, жанынын эмне болуп жатканын, эмнеге ал өзүнүн денесин өзү көрүп атканын түшүнүү абдан кыйын болот. Бул тууралуу эми айта берсек өтө чоң жана кенен тема.

Эми, сенин сурооңо келели. Эмне үчүн кыргыздарда маркумдун сөөгү үч күн кармалат? Себеби, адамдын жаны денесинен бөлүнүп чыккандан кийин, ал үч күн бою денесин айланчыктап жанында жүрөт. Ал эми жети күнгө чейин ошол жан дене жаткан мүрзөсүнүн жанында болот. Бул нерсе да илимий негизде далилденген. Мына ошондуктан кыргыздар илгертен “үчилик”, “жетилик” күндөрүн белгилешет. Жетинчи күндөн кыркынчы күнгө чейин адамдын жаны өлгөндөрдүн дүйнөсүнө кетет, же башкача айтканда, суракка жөнөйт. Сот болгон кыркылык күнүн берүү ошондон улам жасалып, суракка түшкөн жанга куран окутулуп, ага-туугандары “биз сени колдоп атабыз” деген түшүнүктө турушуп, “жакшы адам болчу, жанын жаннаттан бер, ордун бейиштен бер” деп Кудайдан суранышат.

Кырк күндөн соңчу?

– Кырк күндөн соң киши баласынын жаны бул жарык дүйнөдө жасаган иш-аракеттерине, баскан жолуна, бул жашоодо кандай жашап жетилгендигине жараша жаңы этапка, башка жашоого өтөт: же кайра төрөлүү айлампасына, же болбосо арбактар дүйнөсүнө, же болбосо кайыптар дүйнөсүнө өтүү боюнча чечимге туш болот. Бирок биз азыр деградацияда жашап аткандыктан, жандын азаттыкка чыгуу процесси, кайыптар дүйнөсүнө өтүшү жокко эсе көрүнүш десек болот.

– Айрым жерлерде кыркылыгын белгилөөдө күн-түн деп эсептеп туруп, 20 күндүн ичинде эле кыркылыгын бергендер бар…

– Ооба, шартка жараша деп ошентип атышат, түкүнчө баласы же кызы Орусияга, Алматыга кайра кетиши керек эле, иши калды деп пендечилик жасашып, же болбосо “ушундай деле жарайт” деп милдетинен эрте кутулганга ашыгышат да, жакын адамынын учуп кеткен жанын, жандын кыйналып калуусун ойлошпойт. Бул – жашоо мыйзамынын бузулушу.

– Демек, 20 күн ичинде кыркылык өткөрүп салууда маркумдун жаны колдоо албай калат турбайбы?

– Албетте колдоо албай калат. Биз Ааламдын мыйзам ченемдүү нерсесин бузбашыбыз керек. Былтыр мен Ноокат районундагы бир түйгө барганда мындай көрүнүшкө туш болуп, аларга бул тууралуу түшүндүрүп айткам.

– Сөөк коюлгандан кийинки алгачкы күндөрү мүрзөгө барып куран окутуп туруунун сыры эмнеде?

– Бул жашоодо биз өзүбүздүн денебизге, ага-туугандарыбызга абдан байланып алабыз, ушул көнүп алган дүйнөнү таштап аркы дүйнөгө өтүү жан үчүн кыйын болот. Мына ошондуктан үй-бүлөсү, ага-туугандары алгачкы күндөрү мүрзөсүнө барып, топурагы кургай элек жайына улам куран окутуп, жыт чыгарып, жети күн бою денесин айланчыктаган жандын кыйналбай, азап тартпай андан ары жеңил кетүүсүнө колдоо көргөзүшөт.

– Кошок кошуу, өкүрүп баруу салтын одоно көргөндөр бар, буга не дейсиз?

– Кудайдын мыйзамы менен жашап келген байыркы кыргыз өзүнүн каада-салтына кошокту бекеринен киргизген эмес. Бул жерде деле кайрадан жан менен дененин түшүнүгү камтылган. Жана айтпадыкпы, денесин карап турган жан алгач эмне болуп атканын түшүнбөйт деп. Кошок кошулуп, өкүрүк болуп ыйлап жаткан кезде өлгөн адам бул дүйнөдөн кеткени тууралуу ага тастыкталып айтылат. Кошокто анын жакшы жактары саналып, сен ушинтип биздин арабызда жашап өттүң, мындай жан болчусуң, жаркын адам элең деген сыяктуу сөздөр менен ал макталат, даңкталат, коштошуу сөздөрү кошулат. Муну менен тирүү адамдар анын ким болгонун, кандай жашап өткөнү тууралуу өлгөн адамга маалымат берет. Мындайча айтканда, “сен өлдүң, бизден бөлүнүп тигил дүйнөгө учуп кеттиң” деген тастыктоо, коштошуу болот. Кошоктогу, өкүрүктөгү сөздөрдүн мааниси жана куран аркылуу өзүнүн аркы дүйнөгө кеткенин жан кадимкидей түшүнөт.

– Эмне үчүн исламда бир күндүн, бир сааттын ичинде сөөктү коюп салышат?

– Сөөктү үч күн кармап узатуу, жанды сыйлоо салты орустарда, буддисттерде жана башка элдерде да сакталган. Арабиянын өзүнүн табияттык жана башка шарттарынан улам мындай тартипти кармангандарынан тышкары, аларда адамдын денесин жөн эле сөөк катары кабыл алып, кийинки жашоо болот, арбак бар деген түшүнүктөрү жок. Денени түбөлүк деп эсептешет да, качан акыр заман келгенде, жер бетиндеги жашоо толук кыйраган кезде анан суракка барат дешет. Ушул жерден мындай суроо жаралат: ал акыр заман, ал жашоо качан келет, ага чейин канча убакыт бою өлгөн маркумдар күтүүдө тура береби? Азыр мына мусулманчылыктын пайда болгонуна 1400 жыл өттү деп коёлу, андан бери канчалаган мусулмандар өлдү. Демек, булардын баары ушунча жылдан бери азыр күтүүдө жатат да, качан акыр заман болот, качан биз суракка барабыз, бейишке түшөбүзбү же тозоккобу деп.

– Жандын өлбөстүгүнө ишеними жок болсо, анда эмне үчүн куран окутушат?

– Алардын түшүнүгү боюнча жан сөөктө, денеде жатат. Анан акыр заман келгенде Кудайдын кудурети менен сөөк кайра турат. Туруп, анан жүздөгөн, миңдеген жылдардан кийин сотко, башкача айтканда суракка түшөт. Ал эми кыргыздыкында болсо 40 күндөн кийин суракка түшөт. Жогоруда айтылгандай, ал сот күнү Жетинчи күндөн кыркынчы күнгө чейин жан суракка барчу жолду басат. Суракка келгенде бул жашоодо кылган ишине, күнөөсүнө жараша “сен азаттыкка чыгасың”, “сен мындай дүйнөгө барасың”, “сен кайра төрөлөсүң” жана башка делет. Кырк күндөн тарта бир жылга чеийн алар “уйку” абалында турушат. Эгер бир жыл ичинде өз ордун таппаса, ал ач арбакка айланып кетет да, жер үстүндө айланчыктап калат.

Ушул жерден бир окуяны айтып берейин. Ыраматылык менин таенем 78 жашында бир күнү бизге мындай деди: “Мен үч күнгө өлөм, силер мага тийишпегиле” деп. Ал кезде мен 5-класс окуп жаткан кезим. Төркү үйдө таптатынакай бойдон үч күн жатты уктап аткансып. Коңшу-колоңдордун эч кимисине билдиоген жокпуз, үй ичинде тынч абалды кармап турдук өзүбүз. Анан таенем үч күндөн кийин кайра тирилип келди. Ошондо ал бизге өзүнүн тозокко бараткан жолун айтып берди. Мындайча айтканда, жетилик өткөндөн кырк күн толор күнгө чейинки суракка бараткан ыраматылык адамдардын жолу кандай болорун. Ал айтат, бир айдан ашык убакыттай жол жүрдүк, бараткан адамдар сансыз деп. Колдорунда шапалактары бар, түрү суук адамдар суракка бараткандарды айдап баратышты. Ал жерге жеткенде “Баланча уулу баланча, баланча кызы бтүкүнчө” деп чакыртып, уурдаганын, бирөөлөрдү кайраштырганын, мыкаачылыкка барганын жана башка түрдүү-түрдүү күнөөлөр боюнча айтышып, өздөрүнө тиешелүү жазасын берет экен. Такта олтурган сулуу киши улам бирден суракка алат дейт. Анан таенем өзүнүн кезегин күтүп тура бериптир. Атын аташпаганда өзү сураптыр, мени качан чакырасыңар деп. Сен ким элең дегенде атын айтса, таенемдин аты ал жерде, күнөөгө баткандардын чоң китебинин тизмесинде жок экен. Ошондо такта олтурган киши “жөнөткүлө артка” дептир.

– Таенеңиз өзүнүн үч күнгө көз жумаарын кандайча билиптир?

– Таенем тигил дүйнө менен бул дүйнөнү байланышында турган “мастан” киши эле. Өзүнүн каалоосу менен көрөйүн деп суранып барып келиптир. Клиникалык өлүмгө дуушар болгондор деле эмнени көргөндөрүн айтып берип жатышпайбы. Жан жана дене түшүнүгү илимий негизде аныкталгандан кийин анан Батыштагылар ар кандай кинолорду чыгарып башташпадыбы, жана биз сөз кылган окуялар сыяктуу.

Чоң энемдин окуясы сыяктуу өзүмдүн башыман өткөн дагы бир окуяны айтып берсем дейм. 1987-жылы Ат-Башы райондук комсомол комитетинде Биринчи катчы болуп иштеп жүргөнүмдө, бир күнү жумушумдан чарчап түн ортосунда келип эле, диванга жаңыдан отуруп баратканымда бирөө катуу түртүп жибергендей артка кулап түшүп олтуруп калдым. Анан бир маалда эле калкып калгандай абалда болуп, өзүмдү түшүнбөй кеттим. Карасам эле, өзүмдүн денемди сырттан көрүп турам. Көрсө, денемден жаным бөлүнүп чыгыптыр. Мен дароо эле “аа, өлгөн турбаймынбы” дедим. Бул учурда көзүмө диван, дубал жана башкасы көрүнбөй, денем гана көрүндү. Айланам тымтырс, капкараңгы, калкыган абалда сарсанаага, кайгырууга батып кеттим, “өлөт деген ушу турбайбы, байкуш апам эми кыйналат турбайбы” деп. Анан эле жаркыраган жапжарык боло түштү да, эки жагымда супсулуу эки периште пайда болду. Сулуу аялдар сыпатындагы периштелердин бой-келбети адамдардан чоң, өңү жаркыраган күмүш түстүү, канаттары болсо 3-4 метрлик экен. Учканда желпиген канаттарынан “шуу-шуу” эткен үн чыгып турат. Алардан жарык боло түшкөн айланадан мен алыстагы тоолордун караанын да көрө калдым. Ошентип, периштелер мени менен сүйлөшүү байланышына өтүштү.

“Сен кимсиң?” дешти алар мага. Мен дароо жооп таба албай карбаластап, “Мен Жолдошбекмин” десем, күлүп коюшту. “Сенин мекениң кайда?” дешти анан. “Менин мекеним Ат-Башы” десем, дагы күлүп коюшту да, ошол замат биз көз ирмем ичинде “шуу” этип жерден бир топ алыстап өйдөлөп кеттик. Ылдый карасам жер, жердеги тоолор, өрөөндөр араң-араң көрүнөт. Биз болсо улам жогорулап, булуттарды аралап баратабыз. Анан мен периштелерге кайрылып, “Менин мекеним жер!” деп кыйкырып жибердим. Бирок болбой эле өйдөлөп олтуруп, бир таңкалычтуу ааламды аралап калдык. Туш-тушубуздан, бирок бизден алысыраак аралыкта күүлдөгөн-күрүлдөгөн добуш менен чоң-чоң, ар түстүү жылдыздар ары-бери өтүп жатты, бири оңго, бири солго, бири артка, бири алдыга… Анан “анык өлгөн турбаймынбы” дедим. Бирок дагы эле үмүтүмдү үзбөй, бул абалдан чыгуунун амалын издей бердим да: “Менин мекеним Аалам!” деп кыйкыраарым менен тигил экөө “шуу” этип эле жанымдан жок болуп кетишти. “Аа, ушул жерде калат турбаймынбы эми” деп кайгырдым. Оюма апам түштү. “Эмне кылып атты экен” дедим. Десем эле, бир кезде апамдын жанында болуп калдым. Сүйүнүп кетип аны карасам уктап атат. Таңкалдым абалыма. Апамдын жанында туруп бир жакын досумду эсиме түшүрөрүм менен, анын жанында болуп калдым. Ал да уктап атыптыр. “Ии, мен демек саякаттасам болот экен да” деп, советтик армияда кызмат өтөгөн жеримди эстээрим менен, көз ирмем ичинде Москва тараптагы аскердик жайда болуп калдым да, ал жерди, анын тегерегиндеги баскан жерлеримди, кошуна аймактарды көрүп чыктым. Анан Москванын борбору эсиме түштү. Себеби, 1980-жылы Москвада Олимпиада өтүп, ошондо бизге, абдан көп солдаттарга граждандык кийим кийгизип, тартипти кароо, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Москванын борборундагы элдин арасына билгизбей киргизип жиберишкен эле. Ал күндөрдү эстеп Москванын борборун көрүп чыктым, кыйма-чийме машинелер, бийик имараттар… Андан соң дагы бир канча мамлекеттерди көрдүм да, “кой, үйгө барайынчы” дедим. Бул ойду ойлоор замат зуулдаган боюнча көз ирмемде учуп келип, денеме кирип кеттим. Денеме киргенде өзүмдү алгач оор, ыңгайсыз абалда сезип барып, анан бир топто оңолдум. Таң аткыча уктаган жокмун.

– Үйдөгүлөр сиздин диванда олтурган боюнча калганыңызды байкабаптырбы?

– Мен иштен өтө кеч келгендиктен, апам да, үйдөгүлөр да уктап атышкан эле. Келгенимди уккан да, байкашкан да эмес. Анан жанагинтип чарчап диванга олтура калаарым менен жаным денемден чыгып кетип жатпайбы.

– Таң аткан учурда эмне кылдыңыз анан?

– Таң жаңыдан сүргөн учурда, короз кыйкырган маалда сыртка чыгып, уй саап баштаган апамдын жанына чуркап бардым. Барып эле: “Ай апа, түндө менин жаным чыгып кетип, көп жерлерди көрүп келдим…” десем, эч нерсе деп унчукпай, башын ийкер-ийкебес болуп, уй сааганын уланта берди. Мен анын мындай мамилесине таарына түштүм, колдоп бир нерсе деп айтып койсо болбойбу деп. Үйгө кирип, бир чыны чай ичип алып эле, сүрөтчүлүк кесип менен алектенген Урмат деген эң жакын досума жөнөдүм. Ага бараарым менен айтсам, шашпай мени карады да: “Температураң жокпу, ооруп калган жоксуңбу?” деди. Ичимен дароо таарына түштүм, “Эми эң жакын досум мага ишенбесе, анда мындан ары бир да адамга айтпаш керек турбайбы” деп, ошол боюча эч кимге айтпай калдым.

Досумдан чыгып жумушума бардым анан, райондук комсомол комитетине. Баягы мен жок, өзгөрүп калыптырмын. Эч нерсеге көңүлүм чаппайт. Жардамчыма “Дамираны чакырчы” дедим. Ал Үчүнчү катчы болуп иштечү. Кабинетиме кирип, “эмне өңүңүз саргарып калган, ооруп калдыңызбы?” деди. “Ооба, ооруп, таң аткыча уктабай чыктым, силер 2-3 күн өзүңөр иштеп тургулачы” дедим. Ошол күндөн тартып жан дүйнөм тынч албай, уйгу-туйгу болуп, жаман абалда жүрдүм, ишке чыккым келген жок. Бирок иш деген иш, кызмат деген кызмат деп жумушума чыгып, бир ай араң чыдадым да, “мен иштен кетем” дедим. “Оо-уу, кой…”, андай-мындай дей башташты. Анткендеринин себеби, мен иштеген 4 жыл аралыгында биздин Ат-Башы районунун райондук комсомол комитети абдан чоң жетишкендиктерге жеткен элек. Кетиргилери келбеди. Бирок, элдин айткандарына көнбөй, “жок, мен иштебейм” деп туруп кетип калдым.

– Бул канчанчы жылдар эле?

– 1988-жыл болчу.

– Сиз ошондо кетип жатып өзүңүздүн кийинки багыттуу жолуңузду, жашоодо мындан ары эмне кылаарыңызды чечтиңиз беле? 

– Жок, так билген эмесмин. Бирок мен иш ордумда таптакыр олтура албай калдым да, көкүрөгүмдү түшүнүксүз түйшөлүү басып. Анүстүнө, ошол күндөрү имаратыбыздын 2-кабатына, райондук партия комитетине көтөрүлгөнүмдө, ал жерде олтургандар мага кой терисин жамынган карышкырлар экени, алдым-жуттумдар чогулуп алганы даана көрүндү. Биз, комсомолдор болсо, “Коммунисттик Партия үчүн! Эл үчүн!” деген патриоттук дем менен берилип иштечүбүз да. Партиянын адамдары болсо биз үчүн кол жеткис чынчыл, ак, бийик адамдар болуп саналчу. 4-5 саат гана уктап, калган учурда иште гана жүрчүбүз. Ошентип, биз урматтап-сыйлаган адамдардын кейпин билип, көрүү сезимдерим ачылып калгандан кийин, ал жерде калып калуум мүмкүн эмес болду.

1989-жылы Бишкекке келдим. 1990-жылы 10-кичи райондун маңдайындагы, азыркы сейил бак турган жерге долбоор болуп калды. Ал жер анда сай эле болуп жаткан, эч нерсе жок эле. Ошентип, сай ордуна парк жайгаштыруу долбоорунда мен ал жердин уюштуруу иштери: жерин тегиздеп топурак жаткыруу, аллея салуу, бак-шак тигүү, гүлдөтүү милдети менен парктын директору болуп калдым. Долбоор боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары 28-панфиловчунун бюстулары коюлуп, “Жеңиш паркы” болмок. Анан эле 90-жылдан кийин башка заман болуп кетпедиби. Бирок, бак-шактарды толук олтургузуп бүткөн элек. Ал тарапка барып көрүп калганымда, өзүм тиктирген, кол тийгизген бактарды жагымдуу элес менен карап калам.

– Бул ишке келгенде ички дүйнөңүздүн түйшөлүүсү басаңдадыбы?

– Жок, бир аз алаксыганым менен, жан дүйнөм кыйнала берди. Анан 1993-жылы Кыргызстандын территориясынан чыгып кетип, 17 жыл бою сыртта жашадым.

– Кечиресиз, азыркы баарлашуубуздун жүрүшүндө сиз менен кошо Кыргызстандан сыртка кетпей, сиз жашаган Индия, Тибет, Швеция сыяктуу жерлерди азырынча аралабай туруп, маегибиздин башындагы темабызга кайрылып келсек дейм. Биз “маркумдун сөөгү эмне үчүн үч күн кармалат”, “эмне үчүн үчилиги, жетилиги, кыркылыгы өткөрүлөт” деген сыяктуу көрүнүштөргө токтолгонбуз. Эми, аш өткөрүүнүн мааниси, сыры, жайды туура казуунун тартиби боюнча сөз салып берсеңиз?

(Уландысы кийинки санда)

Салтанат КЫДЫРМАЕВА, Көк асаба, 26.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.