Жазгүл Жамангулованын жаңы ырларынан

Кыргыздын таланттуу жаш акын кызы Жазгүл Жамангулова учурда экинчи ыр китебин басууга даярдап жаткан учуру. Анын уруксаты менен бул китебине даярдалган ырларынын айрымдарын сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз.

 

ЧАЧЫЛГАН ТЕКЧЕ

Чачылган текче,
Жыйноого моюн барбаган.
Чачылган китеп,
Чачылган барак… Ар кадам…
Чарчаймын, жөн- жай,
Жалкоолук мени кыйнаган.
Чачылган текче,
Жашоодо,
Качан жыйналам?

Чаӊ-будуӊ күндөр,
Чалмакей салган дүйнөмдү.
Жанагы китеп, жанагы ырды
Ким көрдү?
Жок, баары мына,
Өчөшкөн өмүр ирмеми.
Өзгөчө элем!
Өзөнүм жаман кирдеди.

Чачылган текче,
Чачылган менин көӊүлүм.
Жашабай жатып,
Чарчадым пенде- пендеден.
Чагылган өӊдүү,
Түшкүм бир келчү, түшкүм бир.
Түшүнбөйм бирок,
Тартынып калдым эмнеден?

Узарбай кайра,
Кыскарам… күндүн өткөнү.
Өзүмдү жеӊбейм,
Өзгөнү жеӊип, өзгөнү.
Өзүмдө күрөш, өзүмдө жеӊбес,
Душманым.
Өӊгөнү жеӊдим,
Өзүмдү бирок, утпадым.

Чачылган текче,
Жыйнагым келет бүгүн да.
А бирок башка- башкалар
Колду кармаган.
Чачылган текче,
Жансызсыӊ бирок,
Мен сага,
Чачылган бойдон, чачылган бойдон,
Байланам.

Чачылган текче,
Текче эмес.  Менин өмүрүм…
Чачылып турат,
Күндөрүм барак айрылган.
Чачылам мен да,
Күн сайын…
Кечээ башка элем,
Чарт жанган үчүн бөлүнүп турчум,
Айрымдан.

 

ИЗ…

Издер калат артымда, издер калат,
Ишенимди издеген тирүүлүктөн.
Иӊир болуп турган бир көчөлөрдө,
Издер калат, каламын күбүлүп  мен.

Таман жол бар алдымда, таман жол бар,
Тагдырымдын багытын чийип турган.
Тагдырым бар барына топук кылып,
Тайкылыгы башымды ийип турган…

 

БАШАЛАМАН

Түйшүкпү, ишпи, сүйүүбү,
Көөдөндө бороон жайлабай.
Таӊым бар, кечим жок күндөр…
Сүйгөн жан жүрөт жайма-жай.

Тууганым башка бөлөкмүн,
Сүйгөнүм алыс, төгөт күн…
Жамгырдай жашым, ызаам күч,
Жылуусун күтпөйм бөлөктүн.

Буулугат ойлор, ыйлаймын,
Жууркандын койну тар мага.
Баарысы менден алыстай…
Ушул түн анан мен гана.

Апам да, атам, тууганым,
Түшүнө албайт оюмду.
Сүйгөн да мында бөлөк  жан,
Сүйөймүн өзүм боюмду.

Таарынгым келбейт, таарынам!
Таанышка, доско, сүйгөнгө.
Таланган ойлор, таман жол…
Так калды билбейм дүйнөмдө!

 

ЖАЛГЫЗДЫК…

Өмүр, өлүм бул арада зор жашоо,
Көрүнбөгөн түйшүк, түмөн кайгылар.
Башталыш бар биздин бакыт күндөрдө,
Бирок жолдор бир чекиттен айрылаар.

Жалгыз чыйыр, чыйыр жолдо карааным,
Жан-жагымда кыйма-чийме жандуулар.
Бирок неге жалгыз кетип барамын,
Эч бирөө жок, ойго билик жандыраар.

Өмүр, өлүм бул арада чыйыр жол,
Ал жолдордо жалгыз менин карааным.
Сүйүү күтөм, кадыр күтөм, эл келет,
Бирок өлүм сага жалгыз барамын…

 

БАЛАМА

Тынбай жаны, жыйсам чачып үйүмдү,
Чыным сынып, сүтүм ташыйт жаңы аскан.
Дагы «тарс» дейт ашканадан бир табак,
Жалаякты чайкап кирип баратсам.

Халатым кир, тыкан болуу кайда азыр,
Таралбай чач жоолугума жашынган.
Таңдан кечке кулга айлантты бул бала,
Тапичкеси оң тетири басылган.

Мага мурун бирөө айтса ушуну,
Турмушуңдун какпайт белем каалгасын.
Мүмкүн бакыт, бакыт деген ушубу,
Жаш эненин миң түгөткөн айласын?

Бала сүйдүм, бирок ырды унуттум,
Жаза албадым, турмушума жазылдым.
Конок күттүм, үй жыйнадым, бүлүндүм…
Көөдөнүмө тоодой эргүү жашырдым.

Жакыным да туя албады кайрыгын,
Жан дүйнөмдү, буркан-шаркан төгүлгөн.
Кандай азап чыгармаңдан айрылуу,
Андан азап, жөн-жай аял көрүнгөн…

Мен апамдын жаштыгына өчөшүп,
Мезгил, жылын, айын, күнүн уурдагам.
Бүгүн болсо бүлөө күтүп, бүлүнүп,
Мен да апамдай балдарыма уурдалам.

 

ИЧКИ ЖАМГЫР

Булут турду этек жеңин жыйнабай,
Мен да турдум булут тиктеп кыйлага.
Буулугасың неге мынча? Төксөӊчү…
Карап турган мени дагы кыйнабай.

Төкчү жамгыр, басайынчы аптыгып,
Карегимден төгүлгөн бир жаш чыгып.
Төкчү жамгыр, буулукпачы суранам,
Чыксынчы эрте күн чыгыштан каткырык.

Күлбөй калган күндөр абдан көп болду,
Булут… булут асман бетин каптаган.
Эки ортодо муздак шамал каткырат,
Жылуулуктун жүрөгүнө жакпаган.

Буулугуну, буюгууну, кайгыны,
Төкчү жамгыр, кыян жүрсүн дүйнөмдө.
Жоодураган карек менен тигилгим,
…Келип жатат жылмайган бул күндөргө.

Төкчү жамгыр, кыян жүрсүн дүйнөмдө!!!

 

ЖАЗ БОЛСУН ДАЙЫМ КӨЗДӨРДӨ

Жаз – жашоо жаңы төрөлгөн,
Жазды анан жакын көрөм мен.
Жаз мага – мээрим, жылуулук,
Апамдай бала өңөргөн…

Төгүлгөн жаздын күнүндө,
Төгүлгөн жанга жоолуккам.
Теребел жашыл, талаа жаш,
Гүл терем… Аппак жоолукчан.

Жаз менен бүчүр байладым,
Жаз – бала… Тагдыр уланган.
Сүйүүгө чөмүп туруп мен,
Баш тартмак белем булардан?

Атым да окшош мезгилге,
Мезгилге окшош тагдырым.
Баладай көз жаш төккөн – жаз,
Аябайт бирок жакшы ырын.

Саратан жайда чаңкадым,
Күз түштү кээде көздөргө.
Ызгаары кыштын унтулаар,
Жакшы ыр жазсам көктөмдө.

Жаз болсун дайым КӨЗДӨРДӨ…

 

ЖАРЫГЫМ

Балбылдаган карегиңде дүйнө бар,
Бул ааламга ээлик кылган хандардай.
Эрким менен кулуң болом, жүгүрүп,
Көпөлөктөй… зор жалынды айланган.

Апоу, деген сөзүң мага буйруктай,
Сага ылайык апа болсом… Жарыгым!
Жүрөгүңө билик жага алсам го,
Жөн билги бир апасындай баарынын.

 

КҮН МЕНЕН УЧУРАШУУ…

Учурашты күн мага күндө чыккан,
Бирок алик алдымбы, албадымбы,
Алсыздыгым, пастыгым, түркөйлүгүм,
Айла канча биле албайм ар жагыңды.

Учурашты күн мага күндө чыккан,
Жымыңдадың… Сумсайган калыбымда,
Жол уладым дагы көп күн чыкчудай…
Дагы канча күн чыгат айылымда?

Учурашты күн мага күндө чыккан,
Ар мүнөтү айланып, тегеренип.
Алган күндүн, аттиң ай бермеги бар,
Тегеренип кетээрсиң тегеренип…

Учураштым күн менен күндө чыккан,
Учурашуу баарына башат болгон.
Кубанамын күндөргө учурашчу,
Корком бирок күндөрдөн жашап койгон.

Дагы канча күн чыгат айылымда?

 

ГҮЛ САГЫНГАН КЫШТАГЫМ

Кышта үшүгөн көңүлдөрдүн айрыгы,
Кыйкырылбай калган үндөр кыштагы.
Жазды күтөт кылтыйган чөп дүйнөмдө,
Кызыл гүлдү сагынды бул кыштагым.

Борошо урган буурул түнү аяздын,
Аяз түнү – коңшулардын пейлиндей.
Күйөт ичте отундары көңүлдүн,
Коңшулардын балтасына кертилген.

Отун күйөт, үшүйт тышта кышкы кеч,
Ойлор күйөт кокус отко ыргыган.
Күйөт көңүл, күйөт ички көйнөгүм,
Бирөө жаман урунгандан, жыртылган.

Кышта үшүгөн көңүлдөрдүн айрыгы,
Жазды күтөм… Жердин мээси эзилген.
Жазым эргийт, көңүл эргийт көчөдө,
А мен ичтен коңшуларды кечирбейм.

 

ӨЛҮМ – КЕЗЕК…

Өмүр жалган экендиги ушулдур,
Айрык кепин, жер жыртыгы – мекениң.
Кыргыз өлдү кыргыздардын айлында,
Айтып, күндүн бир кез жалп деп кетээрин.

Кыргыз тоолор жыгылышат көз алды,
Тоо… Бир тешик кара жерге жашынып.
“Тоолор өлбөйт!”,- дечү байкуш чоң энем,
Тоодой эмес тура адам макулук?!.

Жаз күнүндө, жаңы бүчүр, жашыл бак,
Көчөт өсөт… Чынар кулап жатканда.
Бир дарактын күн дептерин жапкандар,
Келет… Көчөт күн дептерин жазганга.

Өлдү кыргыз… Көмдү келген дос тааныш,
Дос тааныштар дагы келээр бир-бирден.
Тоолор өлбөйт… Адам өлөт акыры,
Бул жарыктын жалгандыгын билдирген.

Дос тааныштар дагы келээр бир- бирден…

 

ТУУЛГАН КҮН…

Алыкулдун жашы келди! Кызыгы,
Ак боз аттын ээр токуму токулган.
Балам ыйлап… Китептерди тытмалап,
Айрыктарга, ырлар жазып олтургам.

Түшүндүмбү?.. Түшүнбөдүм 30 кыр,
Ар бир кырда ырдан курган тагдыр бар.
Эски ырымдай далай жылдар айрылды,
Жаңы кырга сүйрөп келет жакшы ырлар.

Алым жетпес, жигит сүйдүм төгүлгөн,
Жүрөгүбүз эки өрүмдөй өрүлгөн.
Акын тагдыр… аял тагдыр… кызыгы,
Түшүндүм мен! Тарта албасын көрүнгөн.

Жакшы келин болгум келген күндөрдө,
Жакшы ырлардын алды күйдү көмөчтөн.
Тагдыр кызык… Бала таптым… ырысым…
Ырыстарым кудай сүйүп жөнөткөн.

Жаза албадым буга чейин жакшы ыр,
Тагдыр жазды, саптарында катылдым.
Аалам кезген ойлорумдун ээсиндей,
Келет азыр өзүм ырга баш ургум.

Алыкулдун жашы келди! Кызыгы,
От өчпөдү… Кыйчалыш бир жолдордо.
Отуз бири, бири өмүрдүн… Шүгүрлүк…
Нечен кыял… максат бышат ойлордо.

От өчпөдү… Кыйчалыш бир жолдордо!

 

ЖҮРӨКТҮН КӨЗҮ

Жүрөгүндө кареги бар ырысым,
Жан дүйнөмдүн баарын сезген тымызын.
Мезгил сайын кемиген бул күндөрдүн,
Көп ырдалган керемет бир ырысың.

Жазам сени каарманындай тагдырдын,
Мен тагдырдын өзүн сага тапшырдым.
Уйкашымын мен ырлардын жөн гана,
А сен сонун темасысың жакшы ырдын.

Таарынышып жатып дагы сагынган,
Жүрөгүңдүн көзүн кыйбайм телмирип.
Сага окшогон уулум келет соңуңдан,
Бизге тааныш мезгил тайын желдирип.

Жүрөгүндө кареги бар тирегим,
Жүрөк гана сатпайт экен түгөйүн.
Кареги бар жүрөк сүйүү бакыттыр,
Эгер сенин көздүү болсо жүрөгүң.

Кареги бар жүрөк сүйүү бакыттыр!!!

 

ЭРЕЖЕ…

Эрежеге сыйбай турган кыял бар,
Бийик аска… Жалама зоо… Күн жуткан.
Жымжырттыктын курдашыдыр кыялдар,
Эрежесин бузган кезде унчуккан.

Эрежеге салынбаган мүнөз бар,
Эрежесиз эреже бар мүнөздө.
Ээ-жаа бербес толкундары ташкындап,
Ашып-ташып жашап жүрөт жүрөктөр…

Ташкындарды ташып жүргөн жүрөктөр,
Эреженин тулку боюн сындырган.
Эрежесиз жашоосу бар акындын,
Эзилгенин, жышылганын ыр кылган.

Эрежеге салбагыла саптарды,
Калыптарга… колу бутун жулмалап.
Эрежесиз жашап өткөн акындын,
Саптарында эрежелер ырдалат.

Эрежеге салбагыла саптарды!!!

 

ЖИГИТ

Толкуп- ташып, нугуңдан ашып анан,
Кээде жайлап, көбүрүп, ташып анан.
Биздин жээкке келгенде мелмилдеген,
Мээримиңди мен кантип жашыра алам?

Чагылгандай асманды титиреткен,
Титиреткен саптарды тизип өткөн.
Кездерда, жоош тартып калган жигит,
Азыр да эсте… Сезимдин мизин өпкөн.

Кылыч болуп туш-тушка жалаңдаган,
Тилиң- канжар кармаштан ала албаган.
Жигитим ай, мен сенин көрдүм бирок,
Кездериңди эч бир сөз таба албаган.

 

ТҮРМӨКТӨР

* * *

Тоо уратчу ташкын элем бүтпөгөн,
Агым элем бир саам нукка түшпөгөн.
Азыр жөн жай энедеймин нан жапкан,
Казанынан бакыт жолун издеген.

 

* * *

Сулуулукту сүйбөй коюу,
Күнөөдүр,
Сулуулукту түшүнбөгөн,
Жиндилик.
Сулуу адамдар сактагандай,
Ааламды…
Аалам дагы сулуу экенин,
билдирип.

 

* * *

Жаңы келген эргүүлөрдү жоготуу,
Жеңил эмес өмүрүңдөн кечкенден.
Айрып кеткен күндөр абдан көп болот,
Көңүлдөрдү, сезимдерди кез келген.

 

* * *

Сырың сыйган бүт дүйнөңдү көтөрүп,
Чай ичкендей ууртап салган чайчылдар.
Чай сүйгөндү тойгузам деп, кайнаган…
Кайнаган бул, кайран гана ай жылдар.

 

* * *

Халатымдын чөнтөгүндө бүрүшкөн,
Бет аарчыдай кирдегенде жүрөгүм.
Баарын таштап… Аргымагын көз жаштын,
Ээн кой бердим, алып коюп жүгөнүн.

 

* * *

Ыйла жамгыр, чыгыш үчүн күн жыргап,
Ыйла жамгыр кечээги өткөн күн үчүн.
Ыйла жамгыр нөшөр жууп кетирсин,
Буулуккан бир көөдөндөрдүн күйүтүн.

 

* * *

Үлбүрөгөн бир сезимтал жан эле,
Карегинде бир жылуулук бар эле.
Аттиң десең… Өлбөчүдөй уланган.
Бул өмүрдүн тардыгы да,
Кайрыгы…
Бул жалгандан эрте үзүлөт,
Жакшы адамдын бардыгы…

 

* * *

Мелмилдеп көңүл… Көгөргөн деңиз,
Жээгинде турдум, ак чардак учкан.
Мелжиген мухит… бул улуу дүйнө,
Тирелген аска, тоолорду жуткан.

 

* * *

Жалгыз калам,
Ээндикте дүйнөм менен.
Эсендик бар, эргүүгө күндөр кенен.
Чанып, таштап пендени…
Бирок өзүм,
Чаң жыттанган денемди сүйрөп келем.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.