Зинакан Пасаңова: «Абройлуу кызматтан өз эрким менен кетип, баарын башынан баштадым…»

Арабызда бир келген өмүрдү таза жана татыктуу жашап, эч кимге догурунбай, табигат берген өнөрүн өркүндөтүп, эки уулга татыктуу тарбия берип, эрезеге жеткирип, эл кызматын аркалап келе жаткан бир инсан бар. АКИpress маалымат агенттигинин Түштүк борборун бир нече жылдар жетектеп, ал ортодо бир топ кара сөз жана ырлар жыйнагын чыгарууга жетишкен прозаик жана журналист Зинакан Пасаңова бүгүн бизде мейманда.

– Зинакан эже, өткөн жылдын соңунда Фейсбуктагы барагыңызда «Жаңы жылды жашоомду өзгөртүү менен баштайм» деп жарыялаганыңыз баарыбыз үчүн табышмак болду эле?

– Ооба, Назгүл, быйылкы 2015-жыл менин жеке тагдырым үчүн өзгөчө бурулуш жыл болуп калат деп турам. Ар бир адам туулганда эле анын бул дүйнөдөгү тагдыр жолу аныкталып калат экен. Эгерде адам өз ишин жана жашоосун сүйүп, канааттануу алса, демек ал тагдырынын туура жолунда келатканы. Бирок, көп учурда жан дүйнөбүз каалаган ишти жасоого, кыял-тилектерибиздин артынан түшүүгө эркибиз жетпей, жолубуздан адашып жүрөбүз. Менде да «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» деген жагдайлар көп болду. Журналистикага көп убактымды жана күчүмдү короттум. Акыркы он жылда белгилүү маалымат агенттигинин кайнаган чордонунда иштедим, анын беш жылында Түштүк боюнча бөлүмүн жетектедим. Кандай гана иш болбосун бүт күчүмдү, дараметимди жумшап, ак ниет иштөө менин сөөгүмө сиңген адатым. Бирок, жүрөгүм бериле албай, кусалыкка батып, алда кайда чакыра берчү. Акыры, жүрөгүмдүн чакырыгына кеч болсо да баш ийип, өз алдымча иштеп көрөйүн деп чечтим. Абройлуу, эмгек акысы жакшы кызматтан өз эрким менен кетип, баарын кайра башынан баштап олтурам.

– Азыркы заманда жалаң гана чыгармачылык менен казан кайнатып, жан багуу кыйын эмеспи?

–Искусствону, адабиятты, маданиятты жана кол өнөрчүлүктү колдоо багытында «Колорит» деген коомдук фонд түзүп, документтерин даярдап чуркап жүрсөм көбү: «Акчаны кайдан табасың, азыркы убакта искусствону колдогон эч ким жок» дешип таң калышат. Азыр менде идеялар жана ишеним, ошондой эле идеялаштарым гана бар. Аракет кыла берсем, акыры бир натыйжасы болор. Жаңы жылдан бери эле жардамга муктаж бир нече улгайган акын-жазуучуларга, ырчы, журналисттерге барып ал-абалын сурап, моралдык колдоо көрсөтө алдык. «Адам жашы улгайганда эмес, көңүл буруу жок болуп калганда карыйт» деп Габриэль Маркес айткан эмеспи. Айрыкча, маданияттын ардагерлери унутта калып жатышат. Мындай мамилеге жүрөгүң ооруйт. Адабияттын, маданияттын кадыры кетти, бул жан дүйнөбүздү жакырдантат, жаштарыбызды материалдык гана байлыкка багыттайт. Анын кесепети оор болорун азыртан эле көрүп жатабыз.Анан да биздин фонддун ишмердүүлүгүнүн дагы бир багыты бул – заманбап балдар адабиятын өнүктүрүү. Биз азыркы маалымат кылымында балдарыбызды телефон, телевизор, интернеттин туткунунан бошотуп, көркөм сөздүн ажайып дүйнөсүнө карай жетелешибиз үчүн он эселенген күч талап кылынат. Бир жолу Альберт Эйнштейнден балдарды кантип акылдуулукка тарбиялоо мүмкүн деп сурашкан экен. Эйнштейн: «Балаңыз акылдуу болушун кааласаңыз ага жомок окуп бериңиз. Андан да акылдуу болсун десеңиз андан да көп жомок окуп берүү керек», – деген экен.

– Балдар адабияты демекчи, азыркы учурда балдар темасында жазган калемгерлер аз болуп жатпайбы? Сиздер акын-жазуучуларды балдар үчүн жазууга кандайча тартмакчысыздар?

– Балдар үчүн кыргызча жакшы адабият өтө аз. Буга мен Ош шаарындагы облустук балдар китепканасын, мектеп китепканаларын, китеп дүкөндөрүн кыдырып чыкканымда ынандым. Мисалы, Ош облустук балдар китепканасы 2014-жылы эл аралык уюмдар тарабынан 5-6 гана китеп алышпаса, калгандары көркөм адабиятка, же балдардын таанып-билүүсүнө таптакыр кереги жок маанисиз китептер экен. Анын үстүнө кыргыз тилиндеги балдар адабиятынын тили азыркы балдардын кабыл алуусуна ылайыксыз татаал жана кызыксыз. Балдар темасында жазылган чыгармаларды карап көрүңүзчү, бала түгүл биз түшүнбөйбүз же кызыкпайбыз. Бала темасында жазуу өтө татаал жана жоопкерчиликтүү. Өзүм да дүйнөлүк адабияттан заманбап жомокторду кыргыз тилине которуп келатам. Алар «терапия-жомок» деп аталып, жаш балдар үчүн тарбиялык мааниге ээ. Эми бул жомоктор кооз сүрөттөрү менен басмадан чыгарыла баштады. Мындан тышкары, «Бешик ыры», «Сүйүнчү!», «Жентек», «Тушоо кесүү» деген темаларда автордук чыгармаларды, улуттук колориттеги куттуктоо баракчаларынын түрүн даярдадык. Айрыкча, бешик ырларынын түрдүү варианттарда чыгарылган открыткалары кызыгууну туудуруп жатат. Бул ишке башка калемгерлер жана балдар мекемелери да тартылмакчы.

– -Жеке чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болду?

– Өткөн жылдын соңунда чыгарган «Арыба, Жүрөк» аттуу ырлар жыйнагым окурмандарга берген поэзиялык отчетум болду. 2015-жылдан башында «Кут түшкөн түндөр» аталыштагы прозалар жыйнагымдын жаңы басылмасын чыгардым.

Азыркы замандын кандай татаалдыгына дуушар болуудасыз?

– Менин күнүмдүк ишимдеги татаалдык бул – улам өркүндөп жаткан технологияны тез кабылдап, өздөштүрүү экенин жашырбайм. Бирин эми өздөштүрсөң, жаңысы пайда болот. Азыркы замандын жаштары төрөлгөндөн эле көргөн-билгендери техникага байланыштуу болгондуктанбы, алардан сурап-үйрөнүүдөн намыстанбайм. Ишим да компьютер, интернет, телефонго тыгыз байланыштуу.

– Сизде журналисттик кесиптин бай тажрыйбасы бар. Заманбап журналист кандай сапаттарга ээ болушу керек?

– Мен көп жылдар бою гезиттерде иштедим. Көбүнчө өзүмдүн жан дүйнөмө жакын болгон маданий, социалдык темаларда чоң материалдарды жазчу элем. 2004-жылы АКИpress маалымат агенттиги Түштүктө өз өкүлчүлүгүн ачканда сынактын шартында кабыл алындым. 10 жыл бою маалымат агенттигинде иштөө менен жаңы маалыматтарды коомдук окуялардын кайнаган казанынан калпып алып окурмандарга тартуулоо процессинде оперативдүүлүк, обьективдүүлүк жана кесипкөйлүк сыяктуу журналисттер үчүн эң керектүү сапаттарымды өркүндөттүм. Жаш журналисттерге өз ишмердүүлүктөрүн маалымат агенттигинде, же жаңылыктар программасында иштөөдөн баштагыла деп кенеш берет элем.

– Журналистикадан биротоло кетүүдө кыйылган жоксузбу?

– Бул чечимге өзүмдү көптөн бери даярдап жүргөн үчүн эшикти кыйналбай эле жаап, кабинетимди дароо эле унутуп койдум. Деги журналисттик кесип кайрымсыз кесип, иштен кеткенинден кийин сени таптакыр «унутуп» калуулары мүмкүн. Ушундай учурда менин калемгерлик өнөрүм чоң колдоо болду. Чыгармаларыңа болгон суроо-талапты жана колуңдан калемиң түшпөй, коомго, адамдарга керектигиңди сезүү эч ким тартып алалбаган бакыт экен. Анан да турмуштун аеосуз экчеген татаал жолунда адамдык, энелик абийиримди таза бойдон сактап кала алганыма кубанам. Ал эми өкүнүчүм жок. Ак сарай үйдө жашап, алтынга бөлөнбөдүм деп кайгырбайм. Жараткан мага эң чоң байлык: аздыр-көптүр өмүрдү, эки уулду жана калемгерлик бактысын тартуулаптыр. Ал эми бул өмүрдөн кеткенибизде артыбызда кала турганы да ошол: балдарыбыз, жакшы жазылса чыгармаларыбыз жана адамдарга жасаган жакшылыктарыбыз гана калат. А бул дүйнөдөн сооп иштерибизден же күнөөлөрүбүздөн башка эмнени алып кете алабыз? Ушул жагын ойлоно баштаганда жашоонун чыныгы маңызын түшүнөт экенсиң…

Назгүл Осмонова, «Де-факто», 27.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.