Туйгунаалы Турсунаалы уулу: «Атамдан керээз катары “Манас” эпосу калды»

Белгилүү Манасчы, дастанчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Туйгунаалы Турсунаалы уулу учурда атасынын “Манасын” жана кытайдагы кыргыз бийин өркүндөтүп келе жатат. Азыркы тапта “Манасты” дагы терең изилдөө үчүн кыргыз тилин мыкты билүү үчүн Кыргызстанда билимин улантууда.

Чөбөрөгө калган жалгыз керээз

Туйгунаалы Турсунаалы уулу алп манасчы Жусуп Мамайдын небереси. Жусуптан Абдыкасы, Абдыкасыдан Турсунаалы, Турсунаалынын уулу болуп калат. Жашы 21де . Бала чагынан бабасынын жанында өскөн чүрпөлөрүнүн бири. Андан сырткары улуу алп “Манасты” алып жүрүү боюнча бабасынын мураскору. Алгач 7 жашынан “Манас” айта баштаган. Бабасынан мурас дагы, керээз дагы болуп жалгыз манасчылык өнөрү чөбөрөсүнө калды. Туйгунаалы келечекте бабасы жазып калтырган “Манасты” толуктап манасчы болуу милдети катары санайт. Себеби атасынын жолун жолдоп, атанын изин басуу туура деп санайт. Андыктан бабасы айткан керээздер менин акылым, жашым туура келгенде сөзсүз толукталат, – дейт.

“Манасты” толук изилдөө үчүн кыргыз тилин сөзсүз билүү зарыл

Жусуп Мамай “Манасты” 8 урпагына чейин айткан. Андыктан Туйгунаалы да маалы келгенде бабамдай 8 урпакка чейин айтууну кыялданат. Учурда максатка жетүү үчүн аракеттер башталгандай. Дегеним, Кытай Эл республикасынан Кыргызстанга келип “Манастын” түп нускасын, өзөгүн түшүнүү үчүн окуп жатат. КУУнун филология факультетинин студенти. «Кыргыз тилин мыкты билбей туруп, “Манасты” изилдей албайм. Ошол үчүн кыргыздын ар бир сөзүнүн маанисин түшүнүү жеке мен үчүн баалуу»-дейт, ал.

Бабам менен эл кыдырганда бизди кыргыз бийи менен тосуп алышчу

Жусуп Мамай көзүнүн тирүүсүндө чөбөрөсүн ээрчитип бир топ эл, жер кыдырды. Алыскы, жакынкы аймактарда “Манас” айтып, улуу эпостун баяндарын элге жеткирди. Дал ошол күндөрдү эстегенде Туйгунаалыга алгач эле меймандардын тосуп алганы көз алдына тартылат. Биз менен курган маегинде, кыргыз бийдин көп түрдүүлүгүн ошол конокторго барганда элдердин бийлегендигин көргөнүн айтат.

«Учурда Кыргызстанда эми гана жанданып келе жаткан «Кара жорго» же «Жалын бий» гана эмес, алардын түрү өтө арбын. Мен бала чагымдан көргөндөрүм өтө башкача эле. Аларды да толук эстеп, жайылтууга азырынча күчүмдү жумшай элекмин. Учурда убактым боло калганда эле «Жалын бийди» балдарга окутуп жатам»-дейт.

Кытайлык жаштардан өзгөчөлөнүп кыргызстандыктардын эки максатын байкай алдым

Кыргызстандык жаштар менен Кытайлык жаштардын окшоштугунда өтө деле чоң ажырым жок. Бирок алгачкы жолу Кыргызстанга келгенде, бул жактагы жаштардын бир эмес эки максаты бар экенин байкадым. Кытайда студенттер, жаштар бир гана максат коюп багыт алышат. Ал окуу. А Кыргызстанда болсо, окуу жана жумуш деген нерсе бар экен. Өздөрүн өздөрү камсыз кылганга жакшы көнүшкөн, а Кытайда ата-энеси сөзсүз чөнтөгүнө тыйын салып берет.

Учурда Туйгунаалы бөбөктөргө «Жалын бийди» үйрөтүү менен алек. Бул ийримди ата-энелер да колдоого алып жатышат. Биринчиден  ден-соолугуна жакшы десе, экинчиси ыйманга чакырып тарбиялайт дешет.

Чолпон Бейшелен кызы, «Марал ФМ», 05.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.