Жашоо сабактары

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

ЫРЫС деген эмне? ЫРЫСКЫ деген эмне?

Ырыс – табиятта, жашоодо, өмүрдө буюрган жемиш, азык, ийгилик.

Буга эмнелер кирет? – Жердеген жерибиз, ата-тектен келаткан салтыбыз, эне-тилибиз, мекенибиз, калтырган изибиз, жана уңгу болгон тарыхыбыз.

Ырыскы – адамга тийиштүү жетишкендик: ишиндеги жетишкендик, жашоосундагы бийиктик, баалаган дүнүйө байлыгы.

 

Жашоодо ырыстуу адам болот

Ырыстуу адам – бул бергенге ыраазы болгон адам, бергенди баалап, сактаган адам.

Ырыстуу адам – акылга толук жеткен, акылды баалаган, асылды таанып барктаган, коргогон, багытты кармай билген, тааный билген, жашоону ылгай билген адам. Ырыстуу адам көп болбойт.

 

Жашоодо ырыстан тайган адам болот

Ырыстан тайган адам – бул береке келген учурду баалабаган, береке келген учурду тааныбаган, берекени сактай албаган, берекеге кам урбаган адам. Мындай адамдар көп.

 

Ырыска жакын адам

Ырыска жакын адам – бул ырыстуу адам менен ырыстан тайган адамдын ортосундагы адам. Жакшылык болсо көтөрө албай калган, жамандык болсо жакшылыкка умтулган, текебердиги жана кесирлиги менен ырысын тээп алып, кайра андан көзү өтүп, ырыскысын издеген адам. Ырыска жакын адам көп болот.

 

Ырыска жетпеген адам

Бул текебер адам, кесирлүү адам, куу-чирен адам, жалкоо адам, аңкоо адам, билимсиз адам. Ырыска жетпеген адам аз.

Кайсы убакта адам ырысты сактай алат? Кесир кылбаса, сактай билсе, сүйө билсе.

Кайсы убакта адам ырысты качырат? Баалабаса, барк албаса, кесирлик кылса: ойдон, сөздөн иштен.

 

ДӨӨЛӨТдеген эмне?

Дөөлөткө жеткен адам кандай болот?

Дөөлөткө жетпеген адам кандай болот?

Дөөлөт – бул күчтүн, кубаттын жана ийгиликтин төптүгү. Дөөлөт – бул адамдын жетишкендиктеринин баарын кармап калуу.

Мындай адам – акылдын, билимдин, сөздүн, ой толгоонун жана ишенимдин кубатына жетип, башкаларга үйрөтүп, жашоодо өзүнүн эмгегин келечекке арнаган адам.

Көп адам дөөлөткө жетет. Бирок дөөлөттү кармап калган адам аз болот.

Дөөлөттү кантип кармап калат?

Эгер адам калыстыктан кетпесе, өзү жеткен бийиктикти башкага үйрөтө билсе, эмгегин келечекке арнай билсе, төптүккө жетип, чөйрөгө таасир берип, өзүнүн жашоосу менен өрнөк болуп, сый-урматка жетсе, дөөлөттү кармап калат. Мындай адамдын аркасынан ээрчиген, колдогон эли болот.

Жашоодо кээ бир адамдар адамдык кубатка жетет, бирок дөөлөткө жетпей калат. Анын 3 себеби бар:

Адам жашоодо ийгилик жарата алган жок;

Ийгиликке жетсе да, ал ийгилиги элге таасирин бере алган жок;

Адам кубатка толсо да, бирок келечекке кызмат кылган эмес.

 

КУТ деген эмне?

Адамдын өмүрү өксүк болбой, кутка ээ боло албайт. Кут келгенде өксүгү толуп, берекеге жетип, чоң ийгиликтерге ээ боло баштайт. Сезимге сезим кошулуп, кубат орноп, тукум өсүп, күчтөнүп, таанымал болуп, башына чоң кубаныч, ырыс келгенин аныктаса болот.

Бул аныктамага жетиш үчүн адам көп иликтеп, салыштырып, ой толгоп, кыял чабыттатуусу зарыл. Ошондон улам Кудайга ыраазычылыгы артып, жашоонун негизги багытын таанып, үзүлгөнүн сезип, кошулганын билип, ырысты таанып калат. Анын келгенин, оогонун, качканын, байыганын билип калат.

Кут керемет келген чакта
Акыл-насаат айткан чакта
Жашоо нугу өзгөрүлөт
Жашоо өзү көтөрүлөт.

Кут – бул адамга, элге, жерге келген
Өтө күчтү, кубаттуу
Жарыгын берип уюткан
Жазуусун берип куюлткан
Мээримин берип муюткан
Табын берип кубанткан
Ырысын берип байыткан
Даңаза берип кубанткан
Өтө сырдуу, өтө күчтүү
Демди берген өзгөчө
Жарыкты берген өзгөчө
Сымаптай болуп мөлтүлдөп
Сиңиргиче көлкүлдөп турган – чоң касиет.

Куттун түрү:

Элдин куту – өнөрүндө

Жердин куту – элинде

Үйдүн куту – аял

Жашоонун куту – ак иш жасап, жана ал ишти артынан башкалар улантып кеткидей кылса.

Элдин куту – бул эл сүйгөн, баалаган, жылдар өтсө да тамыры үзүлбөгөн, дайыма эл ичинде колдонгон, өстүргөн, тереңдетип турган адамда болгон өнөр.

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144- 820; 0552 853- 555

«Көк асаба», 17.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.