“Кыргыз жомокто баатыр, жоодо жок элби?”

Акын, журналист Олжобай ШАКИР көп жылдардан бери сакалын сербейтип алып “ойлордун кенин оодардым, оор болду бирок соо калдым” деп дүйнөлүк даанышмандардын орошон ойлорун которуп, кыргыз окурмандарына сунуш кылып келет. Мындан мурда ал “Күмүш сырга” аттуу афоризмдер жыйнагын жалпы журтка сунду эле. Бул жолу кечээ жакында “Алтын сырга” деп аталган көрүнүшү чакан, бирок салмагы сайдын ташындай афоризмдер жыйнагын басмадан чыгарды. Арасында кыргыздын сөзмөрлөрү да жүрөт. Эмесе быссымылда деп Олжокенин олжолорун пайдалана баштайлы.

Он академиктин сөзү бир акындын сөзүнчөлүк жүрөк жылыта албайт.
Дастан САРЫГУЛОВ,
коомдук ишмер

Эң оор жакырчылык – билимсиздик.
Али-Иби АБИ ТОЛИБ,
араб акыны

***
Акылдуу үйрөнгүсү келет, акмак – үйрөтөт.

***
Байларга караганда кедейлерден суранган оңой.

***
Жакшы адам иттин алдында итчилик кылгандан да уялат.
Антон ЧЕХОВ, орус жазуучусу

Ооз – акылдын дарбазасы: ачсаң эле акылың сыртка темселеп кетет.
Хун ЦЗЫЧЕН, кытай жазуучусу

Сая кетти өмүрүм, көптү көксөп сабылгам,
А мезгилиң зыр койду, таш каптыбы камылгам?
Жолуккандын баарына кучак жайып дос десем,
Душманыма айланды. Ушул беле табылгам!
Шамседдин ХАВИЗ,
перс акыны

***
Жазуучуга тоскоолдук жараткан да, шык берген да эмне? Ичкилик, катын, акча, анан атак.

***
Чыныгы жазуучулукка баш байлаш үчүн сөзсүз жакшы шарт болсун, экинчиси кашайып, талантың болуш керек.
Эрнест ХЕМИНГУЭЙ,
америкалык жазуучу

Жүрөгүндө шайтаны бар оозунан кудайды түшүрбөйт.
Денис ФОНВИЗИН,
орус жазуучусу

Кыргыз бакыра берген менен жомокто баатыр, жоодо жок эл.
Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ, жазуучу

Эшек сени тепсе да, сен эшекти теппе.
Сократ, грек даанышманы

Жакшы жетекчинин бир көзү көр, бир кулагы керең болот.
Бекмамат ОСМОНОВ, мамлекеттик ишмер

“Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.10.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.