“Биринчи ырымды окопто жатып жазгам”

КРнын Баатыры, Эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын, А.Фадеев атындагы Бүткүлсоюздук адабий сыйлыктын, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчиктин уюмунун сыйлыгынын лауреаты Сооронбай Жусуев

1941-жылы Улуу Ата-Мекендик согуш башталып, эр азаматтарыбыз “Баардыгы фронт үчүн, баардыгы жеңиш үчүн!” деген ураандын алдында кан майданга аттанышкан. Ошол учурдагы кыргыз жазуучулары да колундагы курч калемин куралга алмаштырышып, эл-жер үчүн айыгышкан согушта курман болушкан. Ал эми адабият айдыңына согуш майданында жүрүп кайрылып, ырларды жазып, же согуштан кайткандан кийин колуна калем алып биздин адабияттын тарыхында калган жазуучуларыбыз – Темиркул Үмөталиев, Ташым Байжиев, Узакбай Абдукаимов, Касымаалы Бектенов, Төлөн Шамшиев, Самансур Бөлөкбаев, Абдулхай Алдашов, Райкан Шүкүрбеков, Олжобай Орозбаев, Сүйүнбай Эралиев, Жунай Мавлянов, Сооронбай Жусуев, Азиз Салиев, Муканбеткалый Турсуналиевдер. Не деген апаат күндөрдү баштан кечирип, жүрөктөгү, денедеги жараат өмүр өткөнчө айыкпас так катары сакталып, эскини эске салганына карабай, мыкты-мыкты ыр, поэма, проза, романдарды жазышкан. Учурда дээрлик көпчүлүгүнүн көзү өтүп кеткендери менен артында унутулгус аты, чыгармалары калды. Улам кийинки муун менен окурмандары толукталып келет.
Жеңиштин алтымыш төрт жылдыгына карата, быйыл мүчөл жылы болгон ардактуу согуш ардагери, улуу жазуучу Сооронбай Жусуевди майрамы менен куттуктап, маекке тарттык.

– Он алты жашымда согуш башталды деп уктум. Панфилов дивизиясында 28 баатырыбыздын аттары бүт жер жүзүндө дүңгүрөп тургандыктан “атаңдын көрү, биз да согушка барсак” деген ой-тилектер болуп жатты. Он сегиз жашка толуп, айылдын мектебин бүтүргөндөн кийин Советтик Армиянын катарына чакырылдым. Алайкуудан жөө-жалаңдап жүрүп олтуруп, эки-үч күн сыртта бак ичинде жатып, акыры Жалал-Абаддан кызгылт эшалонго бизди салышты. Мен өмүрүмдө поезди биринчи жолу көрүшүм ошол эле. Алматада кызмат өтөдүк. Бизди согушка даярдашты. Ок атканды, окоп казганды үйрөнүп, чуркатып, эртеден кечке көл-шал боло тердеп жүрөбүз. Анан бизди фронтко Алматыдан өкмөт башчылары жакшы сөздөрдү сүйлөшүп, белектерди беришип, оркестр менен узатышты. Поезд менен баратабыз, кайсы жер, каякка баратканыбызды деле билбейбиз да. Москвага келдик дешти, бирок биздин бутубуз Москваны баскан жок. Кызыл вагондун ичинде олтуруп эле шаарды көрдүк да, бизди андан ары алып жөнөштү. Ленинград жактагы бир токойдун жанына түшүрүп, Алматадан узатып барган офицерлер бизди санап фронттогу офицерлерге өткөрүп беришти. Көрсө, биз Панфилов атындагы дивизияга келген экенбиз. Замбиректер менен снаряддардын түшкөнү, пулемёттун тытыраган үндөрү угулуп эле турду. Блендаж деп койчу жер кепеде солдаттар жүрүшөт. Гвардиянын төш белгисин тагынган жоокерлерди көргөндө “О-о, биз качан тагынаар экенбиз” деп сонуркап атабыз. Кан күйүп, кызыл өрт болуп турган жерде деле адамдын кызыгуусу жоголбойт турбайбы. Анан бизди бир кыштакка алып келип, ошол жерге самандын үстүнө түнөдүк. Эртеси эртең менен катарга тургузуп алып бөлүштү. 8-гвардиялык дивизияда төрт полк бар экен. 27-артиллериялык полкто байланыш – телефончу болосуң дешти. Андан соң бизди ысык мончого киргизишти. О-о, Алайкууда андай мончо жок эле да, тим эле чыдабаган ысык. Кан майдандагы мончодо биринчи жолу жуундум. Солдат кийимин беришти, бир жумада кыла турган ишимди үйрөтүштү. Телефон аркылуу маалымат келип түшөт. Снаряддар атылганда ортодогу байланыш зымдары үзүлүп калат. Боорубуз менен сойлоп жүрүп олтуруп ал зымдарды улайбыз. Зым болсо бат-баттан үзүлө берет. Эки жолу сол колуман жана сол бутуман жарадар болуп, госпиталга жатып чыктым.

Үйдөгүлөр менен кат-кабар алышып турчу белеңиз?
Ооба, кат жазышып турчубуз. Картайган энем бар эле. Мен согушка кетип жатканда айылдан бери узатып келген энеме: “Эне, көзүңө жаш алба, ыйлаба! Ыйласаң мен келбей калышым мүмкүн” дегем. Ал кезимде ошондой сөз кайдан келди билбейм?.. Ырым да бар “Ыйлаба деп кетсем ыйлабай жүрдүң, эми энем кубанычтан каалаганча ыйлай бер” деген маанидеги. Фронттон жазган менин каттарым сакталбаптыр.
18 жашымда фронтто жүргөндө илхом келип “Алдыга жүргүн, кыргыздар” деген ыр жазып, аны салып жибердим. Жоомарт Бөкөнбаев ал кезде “Советтик Кыргызстан” деген журналда редактор экен, жооп жазыптыр. Мындай арбаңдаган кол жазма менен жазылган “Ырыңызды алдым. Жактырып, журналга баскан жатабыз. Өзүңүз менен кошо согушуп жүргөн Ала-Тоолук жигиттерге менден салам айтып коюңуз. Намысты бекем сактап, аман-эсен кайткыла” деген маанидеги кат эле. Ал катты мен дайыма жаныбызга көтөрүп жүрчү буюмдарыбызды салган баштыкка сактап койчумун. Самын, сухарь, анча-мынча колбаса, “лимон” деген эки граната, анан каттарым бар эле. Бир жолу зым үзүлүп улаганы кеткенбиз. Келсек биз жаткан окопко снаряд түшүп, баягы баштыгымдан эч нерсе калбаптыр. Жоомарт Бөкөнбаевдин каты ошентип сакталбай калган. Бул күн 1944-жыл, январь айы болчу. Ырым болсо 1943-жылы журналдын 12-санына чыгыптыр, кийин келгенде көрдүм. Менин чыгармачылык өмүр баяным ошол ырдан башталат.

Ар кандай абалда, ачка калганбыз деп согуш ардагерлери көп айтышат. Тамак-аш жоктон кыйналган күндөр сизде да болсо керек?
Антип айтышкандарды угуп жүрдүм. Менде ачка калган күн болгон жок. Тамак-аш менен жакшы эле камсыз кылып турушту. Тылдагылар жакшы жардам көрсөтүшпөдүбү. 850 граммдан нан беришчү, бир күнгө жетчү. Талаа кухнясынан ысык, суюк тамак алып келип беришет. Бир жолу 15 литрдей тамак баткан термос көтөрүп, күүгүм кирип көз байлаганда солдаттарды тоюндуруп жүргөн Мамбеткабылов Сатыбай деген тоңдук жигитке ок атылып, ок термоско тийет. Тешиктен сорпо куюлуп, ачка калбайлы деп ал тешикти нан менен бүтөй койгонубуз эсимде.

Кыргызстанга 1946-жылы кайткан экенсиз. Жеңиш күнүн кайсы жерден тостуңуз?
Согуштун аягына чейин кызматымды өтөп, жеңиш күнү Латвияда болчубуз. “Согуш бүттү, немецтер багынды. Бул күн майрам болсун!” деген Сталиндин буйругун окуганда биздин кубанычты айтып болбойт. “Өмүрүңүздөгү эң эсте калган күн кайсы?” деп сурашса, 1945-жылдын 9-майы дээр элем. Согушта катардагы солдат элем, согуш аяктаганда артиллерия полкундагы курстта окуп, кенже сержант болуп, 1946-жылы январь айында Кыргызстанга кайтып келгем. Майор наамына согуштан кийин, тынчтык убагында жеттим.

Майданда чогуу болгон курбалдаштарыңызга кийин жолуктуңузбу?
Жанагы айткан Мамбеткабылов деген тоңдук жигит Алайкууда иштеп калган да, аны менен жолугушуп турдук. Кызык жери, согуш майданында кийин адабият майданында да курбум Сүйүнбай Эралиев, Төлөн Шамшиев, Шаршен Усубалиевдер менен бирге согушкан экенбиз. Ал кезде бири-бириңди тааныбайсың, согуштан кийин сурашып-билишип атпайбызбы. Ветерандар Кеңеши дегенге чогулуп турчубуз, өтө көп элек. Азыр эми азайып баратабыз. “Ленин”, “Манас” ордендеринин ээси Апасов деген бар, кезегинде согушта баатырдык көргөзгөн. Кийинки жылдары буту оорукчан болуп, сыртка чыга албай жүрөт.

Жазуучулук жолду тандап алышыңызга балким кандуу согуштан улам алган, көргөн таасирлер себеп болгондур?
Мектепте окуп жүргөнүмдө эле китептерди, элдик эпос-дастандарды көп окудум. Алардын таасири аркасында жана айтып өткөндөй биринчи ырымды окопто жатып жазгам. Согуштан кийин жазуучу болдук. Айтылуу Байдылда Сарногоев менен беш жыл Москвадагы адабий институтта чогуу окудук. “Ала-Тоо” журналында редактор болуп эки жыл, “Чалкан” журналында бир жыл иштедим. Жазуучулар Союзунда отуз жылдай адабий кеңешчи болуп иштеп, жаш жазуучуларга кеп-кеңешимди, таалимимди бердим. Азыр эми алар өсүп-жетилип, китептерин көтөрүп келип, “окутуучума” деп кол тамгаларын коюп, сыйлап калышса кубанып калам.

1957-жылы 3-ноябрда ушул турган үйүмө киргенбиз. СССРдин убагында адабий фонддун каражаты менен жазуучулар үчүн курулган биринчи жана азырынча акыркы үй. Үй бөлүштүрө келгенде ал кезде үйү жок, кыйналып жүрүшкөн аксакал жазуучуларыбызга биринчи берилип, Чыңгыз Айтматов экөөбүзгө өзүнчө үй жетпей калган. Анан бир квартирада эки үй-бүлө жашап турдук. Мына ушул китепканам менен коңшу бөлмөдө Чыңгыз, Нагима апа, жубайы Керээз, улуу баласы жана карындаштары болуп алты киши турушчу. Мен болсо жубайым Шааркүл жана тун балам менен жашачумун.

Атактуу Саякбай Каралаев, Райкан Шүкүрбеков, Насирдин Байтемиров, Муса Жангазиев, о-о бир топ жазуучулар ушу үйдө жашап өтүштү. Мен да ошол жылдан бери уул-кыздарым менен, небере-чөбөрөлүү болуп жашап келатам. Өкмөткө ыраазымын. Эң жогорку наам-Баатырды беришти. Согуштан “За Отвагу” деген медаль менен келдим эле, жыл сайын жеңиш күнүнө карата орден-медалдар менен сыйлап келишти. Согушту элим көрбөсүн. Тукумубуз улана берсин. Тынчтыкта, жаңжал, чатактан сырткары жашайлы. Жанагы жүрөктү түшүргөн дүйнөлүк кризис деген бизге келе элек, келбей эле койсун. Курагыбыз жогорулаган сайын баштагыдай жаза албасам да, Эл жазуучусу атын алып жүргөн соң акырындан жазып жатабыз. Согушка бир топ, ал кездеги Жазуучулар союзунун мүчөсү болушкан чыныгы жазуучулар катышышкан. Ошолордун ичинен Ысык-Көлдүк беш жазуучу барып, бешөө тең курман болгон. Алар Жусуп Турусбеков, Мукай Элебаев, Кусейин Эсенгожоев, Жума Жамгырчиев, Жекшен Ашубаев. Жеңиш күнү аларды эскере турган күн. Сөзүмдүн акырында айтаарым – майрамыбыз кут болсун!

Акындын ар кыл темада жазган ырларына обончу, композиторлор: К.Молдобасанов, Т.Эрматов, А.Жаныбеков, Р.Абдыкадыров, А.Жаркынбаев, С.Жумалиев, К.Тагаев, И.Аманбаев, А.Өзүбеков, С.Айдаров, Ж.Шамшиев, А.Бедияров, Ү.Сыдыков сыяктуу музыка чеберлери кызыгып кайрылышып, сөзү менен музыкасы шайкеш келген сонун ырлар жаралып келет. Ооздон түшпөй, эл арасында ырдалып келет. А бирок, бир акындын бир ырына беш обончу обон жаратуу көп эле учурай бербесе керек. Ар бир сөздү аяр талдай билген обончулар акындын текстин аябай жактырышканынан улам бир ырга беш түрлүү кайрык салынганы айтпаса деле түшүнүктүү чыгаар.

Аталган ыр алдыңыздарда

Унутпаймын
Обондору
Рыспай Абдыкадыровдуку,
Бабаравшан Тургунбаевдики,
Эсенбек Мааданбековдуку
Бектемир Усубалиевдики,
Жайлообек Жумагуловдуку.

Гүлдөр жайнап аңкып турса ыргалып,
Көңүл эргип, нечен күлдүк, ырдадык.
Биз эч качан кайгырбайбыз дечү элек,
Кумар канбай жал-жал карап жылмайып.

Ал кез кетти койбой кылчайып,
Көңүлдөргө кайгы, муң салып.
Жаным, сен жок, эл көп болсо да,
Жалгызсырап жүрөм сумсайып.

Бак жасанган, бак жашарган күндөрдө,
Бажырайып жылдыз толгон түндөрдө.
Биз эч качан айрылбайбыз дечү элек,
Бирге басып кол кармашып жүргөндө.

Бирок, анда оттой жаныппыз,
Биз тагдырды такыр таныппыз.
Жанашууга арга таппадык,
Жакын жүргөн менен алыспыз.

Эркелетип сени тоонун кушундай,
Колго кармап жүралбадым учурбай.
Турмуш деген татаал экен кантели,
Тагдыр деген катаал экен ушундай.

Унутпаймын эсим барында,
Жүрөгүмдө сезим барында.
Сен таарынсаң, таарын тагдырга,
Бирок, жаным, мага таарынба!..

М.Молдобекова, «Обон» («Кыргыз геиттер айылы»), 05.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.