“Жусуп Баласагын” – түрк тилдүү элдеринин тарыхындагы барктуу инсан

Быйыл Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен кыргыз жана түрк тилдүү элдеринин тарыхындагы өзгөчө жана барктуу окумуштуу, чыгыш мусулман доорунун залкар ойчулу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы мамлекеттик денгээлде белгиленип жатат.

Учурда, кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана элдин ынтымагын бекемдөө, кыргызстандыктардын жаңы муунун патриоттуулукка жана адеп-ахлакка тарбиялоо үчүн ойчулдун идеяларын жайылтуу максатында бир катар иш-чаралар өтүүдө. Урматтуу окурмандар, бул ирет улуу ойчулдун философиялык чыгармасы, көөнөргүс асыл ойлору аркылуу өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке, патриоттуулукка тарбиялоо иши тууралуу кеп салабыз.

Бул жылы Маданият, маалымат жана туризм министрилиги тарабынан Кыргызстанга улуу чыгарма “Кутуу билим” кол жазмаларынын сакталып калган көчүрмөлөрүн алып келүү, аны азыркы кыргыз тилине жаңыча илимий которуу иши уюштурулат жана китеп ар кандай курактагы окурмандар үчүн ыңгайлаштырылып кыргыз, орус, англис тилдеринде чыгарылат .Ошондой эле, Карахандар дооруна жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган бир катар илимий жана көркөм китептер да басмага даярждалып жатат.

“Жусуп Баласагын” – түрк тилдүү элдеринин жана Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы өзгөчө барктуу инсан болгон. Улуу ойчулдун чыгармалары жаш муунду мекенчилдикке тарбиялап, мамлекетти бекемдөөгө, улуттук баалууктарды туу тутуу менен, тарыхый-адабий мурастарды ыйык сактоого үндөйт. Жусуп Баласагындын философиялык ой жүгүртүүлөрү жана чыгармасы, адамдын адам болуп калыптанышына, табигат жана айлана-чөйрө менен болгон мамилеси, жашап жаткан ата-мекенине болго өзгөчө сезимдерди козгоп, патриоттуулук духга дем берет.

Чыгыш берметтерин жазгандар…

Мындан 10 кылым мурда Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашкари түрк дүйнөсүнүн берметтерин жазган. Өзгөчө Жусуп Баласагындын асыл идеяларында, жаш муунду гана эмес, мамлекеттик башкаруудагы адамдардын, жүрүм-турумдук, инсандык касиеттерди бийик тутуу жана мамлекеттүүлүккө, мекенге болгон астейдил мамилелерди кыйыр да, түз да берген. “Кутуу  билим” чыгармасы жаштарга, келечек муунга калыптануу процессинде чырак болуп бере алат. Учурда нравалык, адеп-ахлактык жана мекенчилдик маселеси көйгөй жаратып турганда, “Тарых жана маданият” жылынын негизинде “Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын” белгилөө жакшы демилге экендигин тарыхчы-окумуштуулар баса белгилөөдө.

Келечекте болом десең таптаза,
Эки дүйнө күнөө кылбай ак жаша!,

– деп Жусуп Баласагындын асыл ойлорунда айтылгандай, адам баласын тазалыкка, аруулукка чакыруу менен мекенчилдикке, патироттуулукка үндөгөн.  Мамлекет мен үчүн эмне кылды дебестен, мен мамлекет үчүн эмне кылдым деген суроо менен ар бир жаран Мамлекетти түптөөгө салым кошуусу зарыл эмеспи.

Карахандар жана Кутадгу билиг» дастанынын башкы идеясы

Кыргызстандын орто кылымдардагы мамлекеттүүлүк тарыхынын орчун доору Карахандар кагандыгынын тарыхы менен байланыштуу. Бул доордо Караханийлер илимге кош жылдызды берген. Алар – Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашгари Барскани. Жусуп Баласагындын жалгыз чыгармасы – «Кутадгу билиг» дастанынын башкы идеясы Мамлекет башкаруучуларды тарбиялоого жана окутууга багытталган. Бирок бул чыгарма Совет доорунда ачыкталбай келген. Кутту билим” чыгармасы акылмандык менен бийлик жүргүзүүгө, адамдарга жакшы мамиле кылууга алып баруучу жолду көрсөтүүгө максатталган. Ошондой эле, Жусуп Баласагын мамлекеттик башкаруунун теориясына жана тажрыйбасына зор салым кошкон окумуштуу. Ал кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин даңазасын чыгарууда да орду чоң инсан” болгон.

Жусуп Баласагын, чыгармасын жана асыл ойлорун байыркы түрк тилинде жазган.  Андыктан ар бир түрк тилдүү мамлекет өзүнүн алгачкы жазма адабиятынын “шедеври” деп атаса эч жаңылбайт. Карахандар доорунда маданият жана илим жогорку деңгээлде өнүгүп өскөн маалы болгон. Байыркы Кытай, Эгипет, Рим цивилизациясы сыяктуу эле Түрк цивилациясы өз доорун сүргөн. Алардын шаарлары, жолдору, болгон. Аны биз таштарды жазуулардан көп кездештирип жүрөбүз. Андыктан тарыхты билүү ар бирбиздин милдетибиз – дей окумштуулар.

Өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы улуттук жана эларалык деңгээлде белгилөө максатына ылайык, коомчулукта, Жогорку окуу жайларында, жалпы билим берүү уюмдарында, маданий мекемелерде улуттук жана эларалык долбоорлордун колдоосу менен маалыматтык жана агартуу иштери өткөрүлүп турмакчы.

Сүймөнкул Идирисов “Биринчи радио”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.