Макмут

(жомок)

Илгери бир Макмут деген киши отуз эчкиси менен аялы экөө оокат кылуучу экен. Ал киши ар күнү эртең менен мөөнгө жуурат куюп алып, эчкисин жайып кетет.

Ошол убакта бир карышкыр, бир түлкү болуптур. Түлкү келип Макмутту куйругу менен жыга чаап, жууратын ичип, карышкыр тиштеп жыгып алып бир эчкисин жеп кетүүчү экен. Күнүгө экөө ошентип жей берип он беш эчкиси калат. Макмут өзү ачка болуп жүрүп, арыктап бүтөт. Бир Кара дөө деген дөө Макмутту:

-Эртең сиз биздин үйгө конокко барыңыз,-дейт.

Дөө коркконунан эртеси бармак болот. Макмут үйүнө келип, аялына:

-Кара дөө келгенде жакшылап чай бергин, андан кийин эшикке чыгып: “Макмут, бул конокко эмне эт салабыз”,-деп кыйкыргын. Анда мен коктудан:

-”Мурунку дөөнүн башын сал, кийинки дөөнүн төшүн сал, ал аз келсе, алдагы дөөнүн сан этинен кесип сал” деп кыйкырам,-деп экөө акылдашып алды.

Дөө келгенден кийин Макмуттун аялы чай берет, андан кийин эшикке чыгып:

– Макмут, эмне эт салам бул конокко?-деп кыйкырат. Анда Макмут:

– Мурунку дөөнүн башын сал, кийинки дөөнүн төшүн сал, ал аз келсе, алдагы олтурган дөөнүн сан этинен кесип сал,-деп жооп берет. Бул сөздү угуп, Кара дөө коркконунан Макмуттун жаман кара үйүн мойнуна илип алган боюнча качып жөнөйт.

Кара дөө кетип баратып баягы түлкүгө кезигип калат. Анын аябай качканын көргөн түлкү:

-Эмне качып баратасын, бегим?-деп сурайт. Анда дөө:

– Ушунда бир Макмут деген алптан качып баратам,-дейт. Аны укканда түлкү кыт-кыт күлүп:

– А кокуй, анын такыр алы жок, мен куйругум менен жыга чаап айранын ичип алчумун,-дейт.

– Жок, калп айтасыз ал жанда жок күчтүү,-деп дөө коркот. Түлкү болбой жатып ээрчитип келе жатканда, Макмут алдынан чыгып:

– Кайран досум, жарайсың ишке, качкан дөөнү алдап ээрчитип келе жаткан турбайсыңбы?-деп кыйкырат.

Дөө түлкүнү башка бир чаап өлтүрүп, өзү качып бара жатып: “Кара дөө деген атагым болсо, ушу Макмуттан качты дегенден көрөкчө, өлгөнүм жакшы эмеспи”, деп бийик зооканын башынан кулап өлөт.

Мына ушинтип “билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү минди жыгат” дегендей Макмут алы жок болсс да, акылы менен жоосун жеңип, аман калган экен.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.