Шаймерден менен Чилмерден

Шайлобек сөздүктүн кезектеги парчасы.

Кайсыл гана тилде болбосун сөздөрдүн кайдан келип чыкканы, теги, пайда болгон эли-жери унутулуп, бара-бара колдонуудан калса мындай сөздөр архаизмге айланат. Кээде архаизмдерди кайрадан тирилтип, колдонуп алууга да болот. Буга айкын мисал, азыр кайра жанданган “Сармерден” сөзүн келтирсек болот. Эми ушуга токтололу.

Кыргызда “Шаймерденге сыйынып”, “Жигит пири – Шаймерден” деген түшүнүктөр бар. Мындан улам “Манастагы” “чилмерден, чилтен, кырк чилтен” деген сөздөр эске түшөт.“Сармерден” деген сөздүн кайдан, качан келип чыккандыгы тууралуу маалымат да унутулган. “Сар” деген иран тилинде “баш, башкы” дегенди билдирсе, “мардан” деген “эр, эркек” дегенди, ал эми “Шаймерден” сөзүндөгү “шай” деген иран тилиндеги “шайх, шах, шаа” же “падишах, хан” дегенди, ал эми “чил” деген “кырк” дегенди, мындан улам “кырк чилтен колдо” деген уламыш кереметтүү жомокторго айланып, “кырк денелүү периште” дегенди түшүндүрүп калганын, мындан улам “Шаймерден жигиттердин шаасы, мыктысы, жигиттердин башы” дегенди, “Чилмерден кырк жигиттин оюн-зоогу, шаан-шөкөтү” дегенди, ал эми “Сармерден” деген ошол чогулган топтогулардын бири калбай кезектешип ырдап чыгуусу дегенди түшүндүрөрүн айтылуу тилчи, таланттуу окумуштуу агайыбыз Карбоз Дыйкановдун эмгеги аркылуу айта кетели.

Жер-суу аттарынын аталышы көптөгөн өзгөрүүлөргө туш болгон. Кыргыз тилиндеги калың чөп же шибер, монгол тилиндеги “шэбэр” сөзү биздеги чөптү эмес “чер токойду” билдирген. Ошол “шибер” сөзү казакча “сибер” болуп, анан орус тилиндеги “Сибирь” сөзүнө айланып кеткен. Ошондой эле “Нарын” деген сөздүн түпкү мааниси “майда, жука тууралган эт”, ал эми монгол тилинде “Нарийин” деген сөз бизче “жука, ичке” дегенди билдирген сөз.

“Даркан” дегендин биринчи мааниси – уста дегенди, экинчи мааниси – ардактуу дегенди, үчүнчү мааниси – берешен, март дегенди билдирет. Ал эми монгол тилинде “дарх” деген сөз “кесипкөй, чебер” деген маанини түшүндүрөт. “Даркан жол экен” десе, кенен, чоң жол дегенди, “Даркан киши экен” десе, кең пейил, жакшы кишини айткан.

Кыргызстандагы Кызыл-Суу дарыясы Тажикстанга өткөндө аты өзгөрүп, Сурхоб деген тажикче аталыш менен “агат”. Анткени тажик тилинде “сурх” деген “кызыл”, “об” деген “суу” дегенди түшүндүрөт.

Биздеги Көгарт, Кызарт деген ашуулардын “арт” деген сөзү “артуу, ашуу” дегенди билдирет. Кыргызда “Артуу, артуу жол экен” деп коет. “Ашуу, ашуу жол экен” дегени.

Күңгөй Ала-Тоо деген тоонун күн жак бетинен аталса, Тескей Ала-Тоо деген тоонун күн тийбеген бетинен аталган.

Тилчи Карбоз Дыйканов агайыбыз иликтөөлөрүн андан ары улантуу менен монгол тилиндеги “мөрөн” деген сөз бизче “дарыя, чоң суу” дегенди билдирерин, орустун “море” сөзү менен уңгулаш экендигин, демек биздеги Көкө-Мерен суусу, “көк суу, көк дарыя”, ошондойле “Мөрөн жон” деген суусу жок, “дарыянын үстүндөгү жон” дегенди түшүндүрөрүн, агайыбыз ошону менен бирге эле түндүктөгү эвенк тилинде өзөн, дарыя деген “бура” деп аталарын, андыктан биздеги Ак Буура – Ак дарыя, Кара Буура – кара дарыя дегенди түшүндүрөрүн жазып кеткен.

Дыйканов агайыбыз ушул сыяктуу эле Енисей деген – Чоң суу дегенди түшүндүрөт деп жазган. Бирок сөздүн этимологиясын иликтеп жүргөн окумуштуунун айткандарын канчалык урматтабайлы, баары бир улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Енисей” дарыясы – Эне Сай дегенди билдирерин, бул сай байыркы кыргыздардын Энеси болуп, эл-журтка, мал-жанга жашоо, өмүр берип келген кымбат дарыя, ыйык дарыя экендигин өзүнүн өлбөс-өчпөс философиясы аркылуу жазып кеткени биз үчүн да эч качан өлбөй-өчпөй турган ыйык дарыяга айланганын унутпайлы.

Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 05.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.