“Барчук, келчүк” деп балдырабайлы…
“Турак” деп коет. Жашап турган жери, байыр алып баш калкалаган жайы, жашоо-тиричилигин улантуу үчүн жай таап туруп калган орду деген түшүнүк.
“Турагы жок неме экен” дейт. Тура турган жайы, үйү, жашай турган жери жок экен” дегенди билгизет. Ал эми “турак жай” же “турак үй” десе жашай турган тамды түшүндүрөт. “Турак үйлөр” дейт. “Турак жай курулушу” дейт. “Көп квартиралуу турак үйлөрдү курушту” дейт.
Кээде телеканалдардын алып баруучулары “Турак курушту”, “Турактарды алышты” деп туура эмес сүйлөп калган учурлары кездешүүдө. Турак деген сөзгө “үй” же “жай” деген сөз кошулуп айтылганда гана туура болот. Мисалы “Турак жайлуу болушту” же “Турак үй курулууда” деп айтылат же дагы ушул сыяктуу.
Азыркы жаштар “калаа” менен “кылаа” деген сөздүн айырмасын түшүнбөй калышты. Жакында Коомдук 1-каналдын “Замана” студиясынын алып баруучу кызы “Керемет Соң-Көл калаасында” деп кайта-кайта сүйлөп, туура эмес сүйлөп атканын өзү дагы такыр элес алган жок. “Калаа” деген шаар деген түшүнүк. “Соң-Көл жайлоосунда азырынча биз билгенден шаар салына элек. Алып баруучу “Соң-Көл кылаасында” дегенди “Соң-Көл калаасында” деп сүйлөп жатканын биз байкап калып уялып турдук. “Кылаа” деген сөз “жээк” деген түшүнүк. “Соң-Көлдүн кылаасы” деген “Соң-Көлдүн жээги” дегенди, “Соң-Көлдү кылаалап” деген сөз, “Соң-Көлдү жээктеп” дегенди түшүндүрөт.
Кийинки кездери айрым жаштар “Барчубуз” дегенди “барчук”, “Келчүбүз” дегенди “келчүк” деп тантык тил менен сүйлөгөндү өнөр кылып алды. Депутаттар Жогорку Кеңешке кандай кийим кийип келиши керек деген маселени койгондун ордуна, микрофондун алдында кандай сүйлөө керек деген маселени койгондо туура болмок деп ойлойбуз. Кыргыздын тили тантык тил эмес. Өз эне тилинин кадырын кетирип, сөздү бузуп сүйлөгөндү токтотолу, жаштар.
Эми “бий” деген сөзгө келели. “Бий” дегендин биринчи мааниси кадимки эле бий. “Кыргыз бийи”, “Татар бийи”, “Орус бийи”. Мисалы “Атай ааламдын бийчилерин Көлгө чогултту”, “Андабеков калмак бийин жакшы бийлечү”.
Бийдин экинчи мааниси, “Ортодогу чатак иштерди кыргыздын көпчүлүк бийлери пара менен бүтүргөн” дейт.. “Бий” деген кызмат даражасын түшүндүргөн сөз. Бүгүнкү түшүнүк менен алганда “сот” деген мааниде. Дагы бир мисал, “Өрдөк жокто чулдук бий” же “Бука жокто торпок бий”, “Калыс болгон бийигим, карды салык байигим” деп коет. “200 миң үйү бар Жаң-Жуң аттуу бийи бар” дейт эпосто.
Эми “бел” дегенге келсек. Белдин биринчи мааниси адамдын бели. Арык кыздарды “Кумурска бел, куурай сан” деп сыпаттаган. “Манас кетсе бел кетет, бели кетсе эл кетет” деген сөз айтылып калган. “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” деген да макалыбыз бар.
“Жокчулук белден басты” дейт. “Белиңди бекем буу” дейт. Кыйынчылыкка моюн бербей бекем бол, кайраттуу бол дегени.
Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”, 29.09.2015-ж.