“Кыргыз адабияты” – коркунучта эмес!

Гезитибиздин өткөн санында профессор А.Муратовдун “Кыргыз адабияты – коркунучта!” аттуу макаласы жарыяланган. Анда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сааттарды кыскартуу жараяны астында мектептерде “Кыргыз адабияты” сабагы жоюлуп, аны “Дүйнөлүк адабият” сабагынын бир бөлүгү катары окутуу сунушталып жатканы, бул кадам кыргыз адабиятын тымызын муунтуп өлтүрүү максатын көздөөрү тууралуу сөз болгон.

Бул маселе коомчулукту дүрбөлөңгө салып, кызуу талашка жем таштаган. Ошондон улам, 9-декабрда Билим берүү жана илим министри профессор С.Рыспаевди кабыл алып, Өкмөт башчысы С.Жээнбеков тарабынан эл талабын эске алуу сунушу айтылганын, натыйжада министрлик тарабынан “Кыргыз адабияты” кыргыз мектептеринде өз сааты менен өз алдынча сабак катары мурдагыдай калтырылып, ал эми “Дүйнөлүк адабият” сабагы өз алдынча жаңы предмет катары программага киргизилгендигин билдирди.

“Кыргыз тили”, 16.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.