Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Манас” эпосунун изилдениши жагынан сынак жарыялады

“Манас” эпосу – кыргыз тарыхынын, тилинин, маданиятынын соолбос булагы” сынагынын жобосу:

1. Жалпы маселелер

“Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына” ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №286 жарлыгы менен 2016-жылдын “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланышына байланыштуу мамлекеттик тилдин колдонулуу чөйрөсүн, мамлекеттик тилде жазылган илимий иштерди кеңейтүү, мамлекеттик тилде изилдөө жүргүзгөн изденүүчү-аспиранттарга колдоо көрсөтүү максатында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Манас” эпосунун изилдениши жагынан сынак жарыялайт.

 

2. Сынактын максаты

Мамлекеттик тилде илимий эмгек жазган аспиранттарга жана изденүүчүлөргө колдоо көрсөтүү; тарых жана маданият жылына карата “Манас” эпосун кеңири даңазалоого түрткү берүү; тил, тарых, маданият дөөлөттөрүн тереңдетип иликтөөгө шарт түзүү; жаш илимпоздорду мамлекеттик тилде илимий иш жүргүзүүгө кызыктыруу.

 

3. Сынакка сунушталган эмгектердин болжолдуу тематикасы

  1. Кыргыз элинин жазма тарыхын, “Манас” эпосун Орхон-Энесай жана Кыргызстандагы (Талас, Чүй, Ысык-Көл, Өзгөн, Кочкор ж.б.) ар кыл жазмалардагы эпиграфикалык, эпитафиялык ж.б. эстеликтер, Жусуп Баласагындын жана Махмуд Кашгари Барсканинин мурасы, жаңы доордогу жазма эстеликтер менен байланыштырып изилдөө.
  2. “Манас” эпосундагы тарыхый окуяларды, тарыхый инсандарды жана ономастикалык (анын ичинде географиялык) аталыштардын эволюциясын тарыхый фактыларга таянуу менен изилдөө.
  3. “Манас” эпосундагы маданий, руханий баалуулуктар жана аларды сактоо, өнүктүрүү зарылдыгы.
  4. “Манас” эпосундагы аскердик тартип жана согуш өнөрү.
  5. “Манас” эпосундагы мамлекеттүүлүк идеясынын берилиши.
  6. “Манас” эпосунун тили, лексикалык жана грамматикалык байлыгы.
  7. “Манас” эпосундагы ата-эне, бала, жубай, тукум улоо ж.б. үй-бүлө мамилелери.
  8. “Манас” эпосунун изилдениш тарыхы.
  9. “Манас” эпосундагы таалим-тарбия.
  10. “Манас” эпосундагы элдик медицина.
  11. “Манас” эпосундагы элдик салттар.
  12. Эпосту жаздыруу жана анын дүйнө жүзүндөгү варианттары.

 

4. Сынакты өткөрүү тартиби

Сынакка социалдык-гуманитардык багытта алектенген 35 жашка чейинки аспирант жана магистрант-изденүүчүлөр катыша алышат. Катышуучулар аталган тематикалар боюнча илимий эмгектерин, макалаларын белгиленген мөөнөткө чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга тапшыруусу керек. Катышуучу экиден ашык эмес мурда жарык көрбөгөн макала же бир китептин кол жазмасын тапшыра алат. Макала же илимий изилдөө жобонун 1-тиркемесине ылайык даярдалып, илимий жетекчинин пикири менен кошо тиркелет. Илимий эмгектин электрондук версиясы милдеттүү түрдө берилиши керек (manassynak2016@gmail.com). Талапка жооп бербеген илимий изилдөөлөр каралбайт жана кол жазмалар кайтарылып берилбейт.

Сынак 2016-жылдын 1-мартынан 31-сентябрына чейин уланат. Сунуш кылынган илимий иштер аталган жобонун 2-тиркемесиндеги уюштуруучу-адистер жана илимдин докторлорунан, кандидаттарынан түзүлгөн атайын комиссия тарабынан бааланат. Илимий иштерди текшерүүдө уюштуруучулар купуялыктын сакталышына толук кепилдик берет.

Комиссиянын чечими менен жеңүүчүлөр сыйланышат. Жактырылган илимий изилдөөлөр өзүнчө жыйнак катары жарык көрөт. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жарчыларына чыгарылат.

 

5. Сынакты уюштуруу

Сынак жөнүндө жобо Улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтына, “Кыргыз тили”, “Кут билим” ж.б. гезиттерге жарыяланат. Ушул жобонун негизинде “Манас” эпосуна байланышкан жүрүштөр, изилдөө иштери боюнча демөөрчүлөрдүн эсебинен Кыргызстандын аймагында жана чет мамлекеттерге иш сапарлар уюштурулат.

 

Сынактын байге кору:
Баш байге – компьютер, үч функциялуу принтер
1-орун – ноутбук, принтер
2-орун – ноутбук
3-орун – телевизор

 

Кызыктыруучу сыйлыктар: китептер, белектер (5 телефон), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы, атайын дипломдор.

 

Сынактын өнөктөштөрү: КР Өкмөтүнө караштуу Жогорку аттестациялык комиссия, Ош мамлекеттик университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, КР Улуттук илимдер академиясы, КР Президентинин “Мурас” фонду.

 

Маалыматты колдоо: “Кыргыз тили”, “Кут билим” газеталары ж.б. массалык маалымат каражаттары

 

Байланыш телефону: 0312 31 57 73, 0551 99 65 18 Нурзат

 

Электрондук дарек: manassynak2016@gmail.com

 

Дареги: Бөкөнбаев көчөсү, 182

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.