Мээр чөп

(уламыш)

Илгери бир хандын жалгыз кызы айыкпас дартка дуушар болот. Хан жарыя салып дарыгерлерди чакыртат. Айыктара албасаңар башыңардан ажырайсыңар, деп катуу шарт коёт. Ошондо бир кыйын дарыгер: Бир гана мээр чөптөн жасалган дары жардам бере алат, деген экен. Хан жигиттерине үч күн мөөнөт берет. Эгер таап келбесеңер башыңардан ажырайсыңар, дейт. Хандын жигиттери ары ойлонушуп, бери ойлонушуп, айласы кетип карыя аңчыга барышат. Иштин жайын түшүндүрүшөт. Карыя аңчы: Бул чөптү табуунун бир гана жолу бар, деген экен. Сагызгандын балапанын таап келгиле, деп буйрук берет.

Жигиттер сагызгандын балапанын таап келишет. Карыя аңчы балапандын бир канатын сындырат да жигиттерге кайра ордуна алып баргыла, дейт. Сагызган балапанына келет, ошондо силер аттарыңарды суутуп даяр болгула, сагызган кайда учса ошол жакка барасыңар. Сагызган учуп олтуруп жалама асказоолорго барат, ошондо силер өтө кылдаттык кылып аңдышыңар керек, сагызган ошол аска зоодон мээр чөптү таап, балапанына алып келет, дептир. Хандын жигиттери баягы карыя аңчы айткандай кылышат, чын эле сагызган балапанынын жанында бир аз болуп, учуп кетет. Жигиттер калбай жүрүп отурушат, бир күн өтөбү, эки күн өтөбү, айтор жалама аска зоого жетишет. Жигиттер аярлашып, өтө кылдаттык менен аңдышат, баягы сагызган конгон жерди белгилешип, аңчы айткан белгилери менен чөптү издеп табышат.

Ошентип чөп табылып, дарыгер дары жасап, хандын жалгыз кызын айыктырыптыр. Сагызган болсо балапанына чөптү берип, канатын айыктырып чогуу учуруп кетиптир. Илгертен бери элде: Миң дартка даба мээр чөптү, бир гана сагызган таба алат, деп айтылат.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.