Сагын Ишенов: “Эр Төштүктү” тартсам деген тилегим дале тирүү”

Кыргыздын алгачкы аниматору, КР эл сүрөтчүсү Сагын Ишенов улуттук кинематография жаатындагы “Ак илбирс” сыйлыгына көрсөтүлүп, жеңүүчү болуп табылды. Сыйлыкты ыйгаруу аземи 16-майда өткөрүлмөкчү. С. Ишенов кыргыз анимациялык фильминин баштоочусу, “Сандардын чатагы”, “Олокон”, “Меке чал жана Кара дөө” , “Толубай сынчы” ж.б. мультфильмдердин, “Бакайдын жайыты”, “Уркуя” сыяктуу бир катар залкар фильмдердин сүрөтчү-коюучусу.

Чыңгыз Айтматовдун салымы зор

ishenov– Сагын агай, кыргыздын алгачкы анимациялык фильмин сизди “Чалкан” журналынан баштаган деп жүрүшөт…

– Анын да кандайдыр бир чындыгы бардыр. Живопись жанрында кандай сүрөттөрдү тартпайын, эл аралап “Мен киммин?” деп сурап калсам, “Чалкандын” сүрөтчүсү” деп калышчу. Айткандай, ал сатиралык журналда иштеп жүргөндө, бизде анимация али жарала электе сүрөттөрдү журналдыкынан башкача, кадр-кадр кылып тартканым чыгармачыл чөйрөгө да, карапайым калкка да жакчу. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанда анимациялык фильм бизден жыйырма жылча мурун башталган. Өзүм байыркы Баласагын шаарынын жанындагы айылда туулган жылаңач баатыр, сезимтал жанмын да. Ошолорду көрүп, ичим тызылдап, намыстанчумун. Бизде “ Манас”, “Эр Төштүк”, “Жаныш-Байыш” сыяктуу не деген залкар эпостор, жомоктор канча? Ошол кезде Чыңгыз Айтматовдун жардамчысы болуп иштеген Эркин Борбиевге оюмду айтып, ыйламсырай берчүмүн.

Бир күнү Эркин мени Чыңгыз Айтматовдун кабыл алуусуна алып кирди. Чыңгыз Айтматовдун оюнун дал үстүнөн түшүптүрмүн. Ал менин живопистик эмгектеримди көрүптүр, “анимацияны колго алгыла” деп тапшырма берип койду. Анимация тартууга же аппарат жок, же тиешелүү билим жок. Москва, Ленинград, Киев, Одесса шаарларына киши жиберишип, таба алышпай келгенде, Чыңгыз Айтматов өзү барып, Москванын анимациясынын патриархы Хитруктан МС-20 станогун алып келген. Ошол станок азыр да “Кыргызфильмде” турат. Казакстандан анимация тартууну үйрөнүп келдик.

Иштөө үчүн команда топтойлу десек, ошол кездерде кыргыз жаштарынын каттоосу жок, борбор шаарга келип иштей алышчу эмес. Жолон Мамытов баш болуп Усубалиевге маселе коюп да чече алышпай жүрүштү. Акыры Алаев, Жумалиев, Асфандиярова, Кожахметов, Мусакеев, Ниязалиев, Солтобаева сыктуу жаштарды топтодук. Эдилбек Сарыбаев директор болду. Анимациянын бир эле секундунда 24 кадрдан экини, 48 сүрөт тартыш керек экен. Айтматов киришип, бизге өзүнчө бөлмө алып берип, эс алууну билбей иштедик. Эркин Борбиевдин сценарийи боюнча “Сандардын чатагы” аттуу алгачкы анимациялык фильмди тарттык. Бул балдарга эле эмес, азыркы чоңдорго, депутаттарга да сабак болгудай фильм эле. Сандар ким кыйын деп мелдешип, чатакташып кетишет. Аягында Жолондун “Ырыс алды-ынтымак, ынтымактуу бололу!” деген саптары менен жыйынтыкталат.

“Сандардын чатагынын” артынан Жолон Мамытовдун “Олокон”, Ашым Жакыпбековдун “Меке чал жана Кара дөө”, “Эки коен”, Алыкулдун «Толубай сынчы» ж.б. фильмдерди жараттык. Анимациялык фильмдердин он жылдыгында Казакстан, Өзбекстан, Россиядан келген корифейлер биздин фильмдерде кыргыз оозеки чыгармаларын, жомокторун бурмалабай, нукура стилде бергенибизди баса белгилешти. Элдик салтты сактаганыбыз үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болдук, Киев шаарындагы конкурста сыйлык алдык, “Толубай сынчы” Франциядагы эл аралык конкурстарда диплом менен сыйланды.

 

Кыргыздын түгөнбөс кенчи бар

– Кыргыз элдик чыгармаларын, жомокторун нукура калыбында берүү өзгөчө бааланат тура, айрым учурда өзгөртүп, башкараак берген учурлар да болду беле?

– Алыкулдун чыгармачылыгы – мен үчүн өмүрү суусунум канбай турган руханий булак. Алыкулдун “Толубай сынчысы” күчтүү жазылган, аягында Толубай менен кемпири чөгүп кеткенден кийинки учурга өзгөртүү, кошумча киргизип койгонбуз. Алардан кийинки өмүрдүн, жашоонун уланышы катары жаш балдарды кошуп койгонбуз.

Сиз мурда эле “Эр Төштүктү” анимациялык фильм кылып тартсам деп кыялданчу элеңиз. Азырчы?

– Дале “Төштүк” менен “ооруп” жүрөм. Кыргыздын бычакка сап жигиттери колдоо көрсөтсө, дале киришүүгө болот. “Эр Төштүктү” тартсак деген кыял менен жүргөндө СССР кулап калып, тилегибиз аткарылбады. Муну анимациялык фильм катары тартса укмуш эле болмок. Казактар “Эр Төштүктү” тартабыз деп аракет кылышты. Ошондо аларга барып, бул биздин эпос деп, “Манастан” Жолой менен Кошойдун кармашында Эр Төштүктүн «балтыр этим толо элек, бүркүт тиштеп кетти эле» деген жерин көрсөткөм. «Эр Төштүк» кыргыздыкы. Азыр тартчу болсо, көркөм кеңешти кайра жандандырып туруп анан тартуу керек, фильмдин көркөм табити жогору болушу керек. Жаңы чыгып келаткан таланттуу жаштар көп, бирок азыркы анимация тартып жатышкандай, компьютер менен эмес, кол менен тартуу керек, анткени кыргыздар – нукуралыкты, табиятты, жан-жаныбарды илгертен аздектеп баалаган калк. Биз ошону азыркы муундарга жеткирип, балдарды табият, кыргыздын көөнөрбөс мурасы менен тарбиялашыбыз керек. Анимация аркылуу айтылган сабак элестүү, жеткиликтүү болуп, тарбиялык мааниси зор келет. Ал эми батыштын фильмдери балдарыбыздын табитин бузуп жатат.

Маектешкен Айгүл Бакеева, “Политклиника”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.