Кылым кыйырындагы кытайлык кыргыздар

Кыргыздар жашаган аймактар

Керегеси кең жайылган, учу-кыйыры узатасынан созулган Улуу Кытай жергесинин Шинжаң уйгур автономиялуу районунда бүгүнкү күндө 200 миң чамалуу кыргыз жашайт. Алар канча кылымды карыткан улуттук тилин, адабиятын, каада-салтын, маданиятын туу тутуп, улуттук өңүн өчүрбөй, кыргыз жүзүн сактап калуу үчүн, буга чейин да, ушу күндө да зор аракеттерди жасап келишет.

Шинжаңдагы кыргыздардын негизги бөлүгү (80 пайызга жакыны) Кызылсуу кыргыз автономиялуу областынын ар кайсы райондорунда отурукташкан. Алардын ичинен Улуучат районунда (Кыргызстандын түштүк райондору менен чектеш) чоң багыш, жоош уруулары; Акчий районунда (Нарын областы менен чектеш) черик, кутчу уруулары; Актоо районунда кыпчак, найман, тейит уруулары; Артыш шаарында кутчу уруусу жашайт. Ал эми Иле казак автономиялуу областында негизинен бугу (анын ичинде белек, миңмурат), желден, боор, сарыбагыш урууларындагы кыргыздар турушат. Мындан тышкары, Үрүмчү шаарында, Бөөрүтаала муңгул областында, Санжы хуйзу (дуңган) областында, Аксуу, Кашкар, Тарбагытай, Алтай аймактарында, ошондой эле Кытайдын чыгыш-түндүгүндө жайгашкан Хыйлуңжан аймагындагы Фуйү дубанында да кыргыздар (2 миңдей) жашашат. Алардын минтип ар кайсы жерге чачырап отурукташкандыгынын да өзүнчө узун сабак тарыхы бар. Ошону менен бирге, алар ар башка улуттар менен аралаш жашашкандыктан, салт-санаалары, үрп-адаттары, диний ишенимдери, кийим-кечелери, тили айрым өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Мисалы, Ташкоргон, Үчтурпан жана Актоо райондорундагы кыргыздар тажик, уйгур элдеринин таасирине көбүрөөк учураса, Тарбагытай, Алтай аймактарындагы кыргыздарга казактардын таасири көбүрөөк тийген. Ал эми Фуйү кыргыздарынын ар бири муңгул, кытай тилдеринде сүйлөшөт жана ошол улуттардын салт-санааларын, үрп-адаттарын өздөрүнө сиңиришкен.

 

Турмуш шарты

Кытайлык кыргыздардын дээрлик көпчүлүгү айрыкча 20-кылымдын ортолоруна чейин тоолуу-таштуу өрөөндөрдө көчүп-конушуп, мал чарбачылыгы менен алектенишкен. Бүгүнкү күндө деле ошол мал чарбачылыгы басымдуу орунда турат. Жайкысын жайлоого, ал эми кышкысын кыштоого көчүшөт. Андан сырткары, кээлери жер айдап, эгин себишет, буудай, зыгыр, арпа, картошка ж. б. жашылча-жемиштерди өстүрүшөт. Кийинки кездерде соода-сатыкка ык коюп, базар чарбасына бет алгандардын саны да арбый баштады. Бирок, бул жагын канатташ казак, уйгур, дуңган улуттары менен салыштыруу кыйын. Кадр маселесине келсек, бийлик бутактарында, жогорку окуу жайларында, орто жана башталгыч билим берүү мекемелеринде, медицина жаатында ж. б. чөйрөлөрдө иштегендери да бар.

 

Билим берүү жааты

20-кылымдын биринчи жарымында кыргыздар, билим алуу үчүн, негизинен сабаттуу молдолорго, мугалимдерге кайрылышкан. 1954-жылы Кызылсуу кыргыз автономиялуу областы уюштурулуп, ошол эле жылы кыргыз жазуусунун долбоорун түзүп, орфографиялык өзгөчөлүктөрүн бекитүү максатында “Кызылсуу областтык кыргыз тилинин жазуусун изилдөө комитети” түзүлгөн. Мунун натыйжасында, 1955-жылы кытайлык кыргыздардын улуттук адабий тилинин жазуусу араб графикасынын негизинде 30 тамгалуу кыргыз альфавити түзүлүп, ал Кызылсуу областынын автономиялык укугун жүргүзө турган жазуу деп бекитилген. 1956-жылы “алиппе” түзүлүп, Шинжаң эл басмасынан жарык көргөн. 1957-жылы Кызылсуу автономиялуу областтык эл өкмөтү кыргыз жазуусун кирилл алфавитинин негизиндеги жазууга алмаштыруу жөнүндө атайын токтом кабыл алган. Дал ушул мезгилде кытайлык кыргыздардын тарыхындагы маанилүү окуя катары катталып калган “Маданият төңкөрүшүнүн” оту тутанган. Бул төңкөрүштө саясий кырдаал чегине жетип, жүйөөсүз себептер менен эле Шинжаң аймагындагы аз сандуу улуттардын маданиятына үстөмдүк кылуу аракеттери жүргүзүлгөн. Он жылдык иликтөөнүн натыйжасында топтолуп, кагаз бетине түшүрүлгөн “Манас” эпосу (230 000 сап) түп-тамыры менен жок кылынган. Ошентип, кыргыз жазуусу 1958-жылга чейин гана колдонулуп, 1959-жылдан баштап басма беттеринде, агартуу иштеринде кайрадан колдонулбай калган. Арадан жыйырма жыл өткөн соң гана, 1979-жылы, араб графикасындагы кыргыз жазуусу Шинжаң уйгур автономиялуу райкомунун № 203 токтому менен кайрадан калыбына келтирилген. 1980-жылдан баштап кыргыз жазуусу кыргыздар топтошуп отурукташкан жерлерде кайрадан колдонула баштайт да, кыргыз тилин, маданиятын, каада-салтын изилдөө иштери кайрадан жанданат. Ошентип, кыргыз билим берүү жаатында бир топ алгылыктуу иштер 20-кылымдын соңунда гана жүзөгө ашты. Бүгүнкү күндө ал жактагы кыргыз жаштары 11 жылдык мектепти кыргыз тилинде бүтүрүшөт. Биринчи жылдыктан алтынчы жылдыкка чейинкиси “башталгыч мектеп” деп аталып, андан 8 жылдыкка чейинкиси “толуксуз орто мектеп”, 9 жылдыктан 11 жылдыкка чейинкиси “толук орто мектеп” деп бөлүнөт. Бардык окуу куралдары “Шинжаң” агартуу басмасынын адистери тарабынан кыргыз тилине которулуп, кыргыз тилинде жарык көрөт. Кыргыз тилинин грамматикасы жана тил-адабият боюнча окуу куралдары кыргыз окумуштуулары тарабынан түзүлөт. Ал эми жогорку окуу жайларын кытай, уйгур, казак тилдеринде бүтүрүшөт. Орто мектепти ийгиликтүү аяктаган кыргыз жаштарынын дээрлик көпчүлүгү Кытайдын Пекин, Шанхай, Сиянь сыяктуу чоң-чоң шаарларындагы жогорку окуу жайларынан билимдерин улантышат.

 

Маданият жааты

Кытай кыргыздарынын салт-санаасы, маданияты негизинен баштагы калыбында сакталып калган. Ырым-жырымдарында, каада-салттарында көбүнчө байыркы тотемдик түшүнүктөр, шаманизм элементтери менен ислам маданияты кошул-ташыл жуурулушуп кеткендей элес берет. Мисалы, алардын эч кимиси деле ислам динин четке какпайт. Өздөрүн “Кудайдын кулу Мухаммеддин үммөтүбүз” дешет. Ошону менен бирге, тоо-ташты, жер менен көктү да ыйык деп санашат. Кыргыздардын кылымдарды карыткан салт-санаасы, колөнөрчүлүк маданияты сыяктуулар алардын жашоосунда бүгүнкү күндө деле жандуу сакталгандыгы байкалат: алардын турмушунан урууларга бөлүү, жети атасын билүү, кызга куда түшүү, “Нооруз” майрамын белгилөө, күлүк таптоо, куш салуу, көкбөрү тартуу, эр оодарыш, алты бакан селкинчек сыяктуу толгон-токой жөрөлгөлөрдү көрүүгө болот.

Кытайдан өз улуту, маданияты үчүн өмүр бою талыкпай эмгектенип, бар күчүн арнаган кыргыз атуулдары көп чыккан. Шинжаңдагы кыргыздардын эле эмес, бүткүл кыргыздардын тарыхын изилдөөдө зор салым кошкон Анвар Байтур, Осмонаалы Сыдык баштаган тарыхчылар, Сүйүн Ажы, Төлөк Төрөкан сыяктуу санжырачылар, Манастын сегиз урпагын айткан Жусуп Мамай, Манастын тогуз атасынын тарых-таржымалын саймедиреген Сатыбалды Аалы сыяктуу манасчылар кыргыз басма сөздөрүнүн, кыргыз радиосунун казанын кайнатып, түпкүчүн алгачкылардан болуп коюшкан. Амантур Байзак, Апаз Дуулатов, Аман Саспаев, Мухаммед Хужен Хуа, Абдыкадыр Токторов, Рысбек Абыкан, Турганбай Кылычбек, Макелек Өмүрбай, Жума Үмөт сыяктуу агартуучулар, тилчи-окумуштуулар, жазуучулар чыккан. Кытайлык кыргыз окумуштуулары абалтан берки кыргыз маданиятынын өңүн өчүрбөй сактап калуу максатында алгылыктуу эмгектерди жаратышкан. Алар айрыкча “Манас” эпосун аздектөө багытында бараандуу эмгек сиңиришкен. Ал гана эмес, “Эр Төштүк”, “Жаңыл Мырза”, “Толтой”, “Курманбек” ж. б. бир нече кенже эпостор жана алар жөнүндөгү илимий изилдөөлөр өзүнчө китеп болуп басмадан чыккан. Кыргыз тилиндеги чыгармаларды жарыкка чыгарууда “Шинжаң” эл басмасынын кыргыз бөлүмү, “Кызылсуу” басмасы жана нукура кыргыз тилинде жарык көргөн “Шинжаң кыргыз адабияты”, “Кызылсуу адабияты”, “Тил жана котормо” журналдары башкы орунда турса, маалымат каражаттарын жеткирүүдө “Шинжаң” эл радиосунун кыргыз бөлүмү, “Шинжаң” телевидениеси жана “Кызылсуу гезити” бар күчүн багыштап келет.

Өзгөчө сөз кыла кетерим – алардын көркөм өнөргө болгон күчтүү умтулуусу. Областтын, ар бир райондун жана ар бир айылдын өзүнүн оюн-зоок ийримдери бар. Мыкты таланттар автономиялуу райондук жана мамлекеттик чоң-чоң фестивалдарга-конкурстарга катышып турушат. Таланттуу комузчу Мамбет Төлөмүштүн өнөрү, черткен күүлөрү тек кытайлыктарга гана эмес, Америка, Япония, Шинжаң жана Тайванга чейин таанылган. Ал жакта Ыбырай Тургуналы, Мамбетжума, Мамбетнур Түкөн, Салий Боргуш, Дүшөкан Сейит, Мамбетмуса Бөрүбай, Токтоназар, Турдугүл Кадыр, Таалайгүл, Ташгүл сыяктуу обончу-ырчылардын, куудул-бийчилердин кадыр-баркы бийик саналат. Алардын ичинен Мамбетнур Түкөндүн “Суу боюнда”, “Жүрөктү жалын чырмады” ж. б. ырлары Кыргызстандын Айжамал Кабылова сыяктуу мыкты ырчы-өнөрпоздору тарабынан да аткарылып келет.

Шинжаң кыргыздарында учурда эң жаш ырчылар катары Алым Абдыкасым, Алымбай Токтош, Арзыгүл Турган, Мамбетжума Аамат, Акмат Кыдырбек, Эсентур Курманалы ж. б. ырчы-чоорчулардын ташы өргө ыргып жаткан кези.

Бектур Илияс,
М. Кашкари атындагы Чыгыш университетинин даярдоо курсунун студенти,
Иле-казак автономиялуу областына караштуу Көктерек айылынын тургуну
“Шоокум”, 06.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.