Көчмөндөрдүн күргүштөгөн маданиятынын изи

Көчмөндөр турмушка өздөрүнүн шамдагайлыгы, шайырлыгы, ыкчамдыгы жана ылдамдыгы менен жакындашып, анын контекстине жуурулушуп турган. Алардын тарбия-таалим аракеттери өздөрүнөн улуу муундардагы керемет сапаттарга кыраакы көз менен карап, андагы асыл касиеттерди чыгармачылыкка кабыл алууга үндөп турган. Башка же кошуна жашаган калктардагы асылдыктарды өздөрүнө токтоосуз сиңирүүгө кам көрүшкөн. Мунун баары улуттук менталитетти, туруктуу жагдайды жараткан. Биздин билишибизче, баланын энчилүү аты (антропоним), ага ысым ыйгаруу актысы менен фактысы мына ушундай түбөлүктүү дагы, ийкемдүү дагы, ошол эле учурда универсалдуу фактор болуп саналат. Эмесе, өйдөдөгү ойлорубузду конкреттүү мисалдар менен бышыктай кетели.

АДАШ – 1. Атташ (аты окшош, аты жакын), санаалаш, пикирлеш, максатташ; 2. Жолдош, дос, жоро; 3. Түштүк-батыш (ичкилик) диалектисинде өйдөдөгүдөй мааниде адаш; 4. Досу-жолдошу көп болсун жана алар менен дайыма ырыс-кешикте жашасын деген тилектерде эр балдарга да, кыз балдарга да коюлуп келген. Азыр деле сейрек берилип келе жатат. Бул антропонимдин эң байыркы (түпкү) мааниси, өзөгү жана тыбыштык турпаты (курамы) < ата+лаш (2006, 12).

АДЕН – Эр баланын энчилүү аты (ат кыз балдарга да сейрек берилет). Ушул кезде дээрлик колдонулбайт. Мааниси же мотиви; 1. Теңир тартуулаган күч, тынымсыз аракет, ошондон улам жаралган энергия; 2. Эркелетүү иретинде; менин укмуштуу сыймыгым; 3. Шыктандыруучу, дем берүүчү (2006, 12).

БАЙЗАК – (бай – ыйык + [у]зак). Үйбүлөдө балдары удаасы менен чарчап калганда же чарчай берген учурда; 1. Ушул балама Теңир узак өмүр берсин; 2. Жараткан перзентимдин өмүр сапарын көзөмөлдөп, суктуулардан сактасын деген тилектер менен коюлуп келген. Ушундай эле тилектер менен коюлуп да жатат (2006, 12).

БОСТОН – Тажик тилинде бостон (бак-шактуу, гүлдүү, гүлзарлуу). Балабыз үйүбүздүн куту, аткан таңы, жарашыктуу көркү, асмандагы чолпону болуп жашасын деген максатта коюлуп келген, азыр деле ушундай мотивде активдүү коюлуп келе жаткан антропонимдерден (2006, 12).

МАШАКБАЙ – Бул семема түшүм, үрөн, урук, тукум, дан, азык маанисинде. Алтай (ойрот) тилинде машак түрүндө, кыргыз тилиндегидей ойду туюнтат. Машак сөзүнүн антропонимдик өңүтү; үйбүлөнүн, ата-энесинин жана турмуштун да, тукумунун да уландысы болуп саналат деген максатта, ошондон улам балага кудай дайыма көз салышын суранабыз деген мааниде коюлган. Бул ысым балдарга кийинки жылдары сейрек берилип жатат (2006, 12).

НООМАНБЕК – 1. Ата-энеси ушул төрөлгөн баланын жакшылыгын, амандыгын көрөлү деген максатта ага ушундай энчилүү ат койгон. Бул антропоним араб тилиндеги нуъман (ырахат, жыргал, ороз, кут) деген сөздөн оошкон. 2. Тажикче нов – “жаңы” + ман – “адам” = Жаңыбай, чечмелеп айтканда, турмушка келбеген бул бала (адам) жаңылык – жакшылык жараткан инсан болсун деген тилекте коюлат (2007, 02).

Шералы Жапаров,
И. Арабаев атындагы КМУнун профессору,
“Шоокум”, 30.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.