Индира Райымбердиева: “Алтын экспорттогон эмес, жогорку сапаттагы инсанды экспорттогон өлкөгө айлануубуз зарыл”

“Кечээ көргөн алтыныӊ бүгүн көрсөӊ жез, кечээ көргөн акылман бүгүн көрсөӊ нес” дегендей эле. Бир өлкөдө же бардык мамлекеттерде эле эмес, он сегиз миӊ ааламдын баарында адам акылына сыйгыс өзгөрүүлөр, кубулуштар ыкчам жүрүп, талдаарыӊды же таӊданаарыӊды билбей калган жагдайлар арбын. Жогоруда айтылгандай, бүгүн көргөн жакшыӊ эртеӊ башка болгон баш адашкан заманда эл тагдыры, эл эртеӊи эмне болоор экен? Кайсыга ишенип, кайсыны туу тутуп, же кайсыдан үмүттөнөөрүн билбеген элдин аз да болсо жумуруна жук болоор, эртеӊине нук болоор деп, белгилүү коомдук ишмер Индира Райымбердиева менен болгон маекти сунуштайбыз.

Индира айым, сиздин көз карашыңызда, азыркы учурда элибиздин аңсезими системалык жаңыланууга даярбы?

– Менимче, учурда элдин аң-сезиминде баалуулуктар системасы өзгөрүүлөргө учурап жатат. Элдин же коомдун өкүлдөрүнүн баалуулуктар системасын 4 негизги топко бөлүп кароого болот.

Биринчи топтогулар “салттуу” баалуулуктар системасына негизделгендер.

Экинчи топтогулар – “гедонисттик” (кумарлануучулук) баалуулуктар системасын тутунушкандар. Бул топтогуларга позитивдүүлүктү, чыгармачылыкты алдыңкы орунга коюп, жашоо керемет деп эсептеген өкүлдөр кирет.

Үчүнчү топко киргендер “инстинкттик” деңгээлдеги баалуулуктарды карманып, көр тириликтик муктаждыктарды канааттандыруу менен гана турмуш кечиришет.

Ал эми төртүнчү топтогулар болсо, кишинин жеке оң багытта ар тараптуу өсүүсүн алдыңкы орунга коюшат. Жөн гана салттуу кийимдерди кийип жүрүү, жашоого кумарлануу же көр оокатка тың болуу бул топтогулар үчүн маанисиз. Анткени алар нравалык, руханий же адамдык асыл сапаттарга жетүү үчүн тынымсыз өсүү иштерин жүргүзүшөт жана өз жашоосундагы жоругуна, кылган ишине өзү жоопкер экендигин терең түшүнүшөт.

Коомдук деңгээлде ала турган болсок, анда бүгүнкү күндө кишинин жеке билимин бийиктетүүчү, адистигин арттыруучу баалуулук системаcs жетишсиздик кылат. Коом адамдын билимин бийиктетүү менен бирге нравалык, руханий өнүгүү тартуулай турган билим-тарбия берүүчү системага муктаж. Мындай системада өскөн адам Улуу Жаратканга уюп, эч бир затка же жанга жаманчылык кылбай турган деңгээлге көтөрүлгүдөй болушу керек. Бул зарылдыкты жалпы эл түшүнө турган чекке чукулдап калды. Бирок азыркы деңгээл менен абалыбызды аңдоо мүмкүнчүлүгүбүз азыраак. Анткени салттуу маданиятты жандантабыз деп сырткы формасын гана кармануудан бийик көтөрүлө албадык. Диндин дагы бузулган жемишин татып жатабыз десек болот. Мисалы, ислам динин кабылдайбыз деп, араб маданиятын кошо өзүбүзгө сиңирүүдөбүз. Мындан сырткары, ар түрдүү бузуку саясый кызыкчылыктар да коомго кирип жатат. Мына ушундай камсыз кабыл алуулардан улам коомубузда башаламан баалуулуктар өз өкүмүн сүрүүдө. Ошондуктан биздин элдин аң-сезими системалык жаңыланууларга даяр эмес, бирок ал учур жакын калды деп айтсак болот. Буга элдин тандоосу жана чыныгы лидердин суурулуп чыгуусу себепкер боло алат.

– Бүгүнкү күндө бийликте турган саясый элитаны толук түрдө алмаштыруу үчүн эмне талап кылынат?

– Бул маселени объективдүү чечүү мүмкүн эместей. Себеби, саясый агым өз нугунда гана ага берет. Коом болсо саясый институттардын катыштыгысыз эле жандуу бир бүтүндүккө айлануусу керек. Качан гана коом бирдиктүү кыймылга кирген кезде, мамлекеттен алдыга озуп чыга алат. Саясат тууралуу сөз болгондо сөзсүз түрдө мамлекетти түшүнөбүз. Дегеним, коом бул мамлекет эмес. Мамлекет бул – бир канча эрежелер топтомуна негизделген административдик башкаруу машинасы гана болуп саналат. Учурда бул машинада болуп жаткандарды өз жайына коюу зарыл. Коом болсо өзүнүн лидерлери, чыныгы патриоттору менен бирге өз жашоосун, келечегин терең ойлоосу керек. Лидерлер өзүн саясат же мамлекеттик кызмат аркылуу ачууга умтула турган болсо жаңылышат. Чыныгы элин сүйүп, кызмат кылам дегендер алдыда болуу амбициясынан арылуулары талапка ылайык. Лидер көмүскөдө жүрүп деле коом менен биргеликте иштеп, өзүнүн жөндөмүн ачса болот. Айтаарым, караңгылык менен кармашуунун кереги жок. Жөн гана жарыкты жандырып алдыга бара берүү керек.

– Дүйнөлүк тарыхта кайсыл практикалык мисал биздин кайра жаралуубузга жакыныраак үлгү болуп бере алат?

– Бул өңүттө бизге Индиянын тажрыйбасы жакыныраак үлгү боло алат. Анткени эки өлкөнүн тең баскан жолунда колониалдык окшоштуктар бар. Индия Англиянын колониясы болгон болсо, СССР деген кубаттуу машинанын курамында турган биздин өлкөнүн да эрки чектелүү болгон. Албетте, Англиянын жана СССРдин кайсы бир деңгээлде өнүгүүгө салымдары бар. Өз учурунда Индия колониалдык басымдан Махатма Гандинин лидерлиги астында физикалык мааниде зомбулуксуз түрдө кутула алды. Бирок, аң-сезимдик маанидеги колониалдык басымдан толук чыга алышкан жок. Учурда Кыргызстан дагы эркин мамлекет катары эсептелгени менен, колониалдык кысымдан аң-сезимдик деңгээлде кутула элек. Себеби, СССРдин басымынан чыктык дегенибиз менен, Батыштын басымына же башкаруусуна аң-сезимибизди автоматтык түрдө алдырып жибердик. Ошондуктан учурда жарым-жартылай же физикалык эркиндиги бар коом болуп жашап жатабыз. Физикалык багынууга караганда аң-сезимдик багынуу өтө кооптуу болуп саналат. Элдин аң-сезими эркиндикке жетмейинче, эл эч качан эркин боло албайт.

– Аң-сезим эркиндигине жетүү үчүн эмне кылуу зарыл?

– Мындай багынуудан чыгуу үчүн эл чыныгы лидерлери менен биргеликте активдүү акцияларды, конкреттүү иштерди аткаруусу керек.

– Биздин эл замандын кайсы чакырыктарына даяр болуу зарылдыгы бар?

Эгер глобалдык деңгээлде ала турган болсок, анда кыргыз элибиз эл аралык катаал саясый-экономикалык мамилеге, кризистерге даяр болуусу керек. Бүгүн дүйнөлүк зор системалар кыйроого учурап жаткан маал. Түрдүү конфликттик кырдаалдар да өкүм сүрүүдө. Буга Орусия менен Украинадагы абалды мисал кылсак болот. Бул сындуу өзгөрүүлөргө сергек жана сак кароого тийишпиз. Мындан сырткары, табигый кырсыктарга же катаклизмдерге да камдуу болуубуз шарт. Азыр дүйнөдө табигый өзгөрүүлөр ыкчам жүрүп жатканы баарыбызга белгилүү. Эртең эмне болуп кетээрин эч ким айта албайт. Андыктан аталардын “сактыкка кордук жок” деген акылын айткым келет.

Ал эми локалдык деңгээлде алсак, анда элибиз эң оболу алдыдагы бийлик үчүн жүрүүчү саясый күрөшкө же шайлоолорго даяр болуусу керек. Анткени, биздин өлкө өтө маанилүү геосаясый аймакта орун алгандыктан, сырткы кызыкдар күчтөрдүн шайлоого кийлигишүүсү болбой койбойт.

Эгер таза руханий деңгээлде ала турган болсок анда элибиз алдыдагы ойгонууларга даяр болуусу керек. Бизди жаркын келечек күтүп турат. Жаркын келечекти Жаратканым ыроолоп бергенин, бирок күтүп алуу жоопкерчилиги өз моюнубузда экендигин туура түшүнүшүбүз зарыл. Кыргыздар кудай сүйгөн эл болгондугу үчүн кылымдар бою кыйын кырдаалдардан кыйроосуз сакталып келүүдө. Учурда материалдык мүчүлүштүктөрүбүз бар, бирок биздин элдин руханий байлыгы жогору. Заманыбыздын талаптарынын алдында туура аң-сезимдик өзгөрүүгө жетүү, бул багытта өзгөчө жаштарга инвестиция салуу зарылдыгы бар. Муну менен катар өзүбүздүн чың маданиятыбызды түптөп чыгуубуз керек. Андан соң туура идеологияны негиздеп алып, ага ылайык таза руханийликке багытталган саясатты иштеп чыгуубуз зарыл. Бул ишмердүүлүктөрдүн ана башында руханий, нравалык өнүгүүгө жана адамдык асыл сапаттарга жеткен инсанды (личность) калыптандырууга жетүү максаты турууга тийиш. Келечекте өлкөбүз алтын экспорттогон өлкө эмес, жогорку сапаттагы инсанды экспорттогон өлкөгө айлануусу зарыл. Дүйнөлүк өзгөрүүлөр тездик менен жүрүп жаткан кезде көчтөгү акыркы төө алдыңкы болуп калышы толук мүмкүн. Ошондуктан баардык чакырыктарга даяр болгонубуз дурус.

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу, “Көк асаба”, 04.08.2015

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.