Элдик эсепчилерди неге унуттук?..

Ысык-Көл тарапта Манаке жайчы (Айманбай уулу) Кызыл-Кыя, Кызыл-Омпол шамалдарынын багыттарына карап, жан-жаныбарларды байкап, эмпирикалык метрологиялык прогнозун билдирчү экен.

Кыргыздар Айсанак жана Жылсанак деген санактарын жүргүзүп, мүчөл жылды ойлоп таап, ал табылгаларын башка элдерге, урууларга таратканы тарых барактарында жазылып калган. Мына ошол элдик календарды ойлоп тапкандар жана аларды элге тараткандар эсепчилер деп аталган. Алар асмандагы Үркөрдүн абалын, Айдын жаңырышын, Күндүн батышын, чыгышын, чилденин өтүшүн, беш тоголдун тогошун, көлөкөнүн жылышын ж.б. табияттын көрүнүштөрүн карап туруп, алдыдагы жылдардын кандай болорун, жаздын, кыштын элге пайда-зыянын айтып берген. Алар көп жылдык байкоолорго, атадан балага өткөн тубаса касиеттерине жана жөнөкөй изилдөөлөргө таянып пикир айткан. Алар “Кыш катуу, жаз эрте чыгат”, “Кыш жумшак, жаздын мойну узун”, “Быйыл кой үстүндө боз торгой жумурткалайт”, көрпө тебетей менен шыпырып, жуккан чөптү көрүп, “малга токчулук болот” дешчү экен.

Элдик жылдыз саноочунун божомолу:

  • Ай чалкалап жаңырыптыр, кышында суук, бороон, чапкын болот
  • Ай короолоптур, аягыңды тос, жут болбой мал тезинен сүт берет
  • Ай короолоптур, көкүрөгүңдү тос, кар жаап кысымчылык болот
  • Эртең менен Күн кызарып чыкса – эгинди жоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса – катының эркек туугандай сүйүн” ж.б. табыркаларды айтат” (Кыргыздар, 12-том).

Элдик эсепчилердин байкап-чоттолоруна караганда жакында жаан-чачын болорунун белгилери:

  • Мылтыктын үнү пас угулуп калат
  • Идиштеги ун, талкан, туз нымдашат
  • Тери буюмдары: жүгөн, басмайыл, көөкөр, чанач ж.б. нерселер жумшарып калат
  • Малдын жүнү, адамдын чачы жумшарат
  • Комуздун кылы бошойт
  • Жөргөмүштөр торунун орто жерине барып алышат
  • Көпөлөктөр пас учуп, гүлдөрүн башына конбой калат
  • Кумурскалар уюгуна кире баштайт

Соно чымындар көзгө көрүнбөй калат ж.б. (Алимбеков А. Кыргыз элинин билим берүү салттары. – Б.: Педагогика, 2001. – 15-б.).

Кыргыздар жылдын ысык-суук мезгилдерин көп кылымдар бою байкап келип, ар бир бөлүктөрүнө ат коёт: кырдач (кыш чилденин башталышындагы алты күн), Адынын алты уулу (чилде ортосу, алты күн), Жединин жети уулу (чилденин андан кийинки жети күнү), каңтар (кыш ортосу), үт (чилденин күчүнүн кетиши, он беш күн), апкыт-сапкыт алты күн (бирдин айынын орто чени), токсон (кыштын токсон күнү, ал чыкканда томуктай тоң калбайт), амал айы (жаз келип, дарак бүчүр алган, жерден тап келген, парандалар сайрай баштаган, кезенделер жер бетине чыккан кез), жай чилдеси: чымыран, буулан-дуулан, толгон (мийзам), саратан (эң ысык кез), асат (саратандан да кийин аябай ысык, буудайды бышырчу күндөр), сайроон ж.б.

Ошентип кыргыздардын табиятты байкоосу, эсепчилик билими астрономия илими жана телескоп пайда болгонго чейин эле жылдыздарга жана жылдыздар тобуна эне тилдеринде ат койгон, тиричилигин Үркөр менен Айдын тогошуна карап ылайыкташтырган, он эки мезгилге кыргызча ай аттарын берген.

Ысык-Көл тарапта Манаке жайчы (Айманбай уулу) Кызыл-Кыя, Кызыл-Омпол шамалдарынын багыттарына карап, жан-жаныбарларды байкап, эмпирикалык метрологиялык прогнозун билдирчү экен. Бир күнү уулу Чылпакка быйыл кыш катуу болгудай, эки бээңдин эти түшө элек кезинде бирөөн базарга сатып, балдарыңа кийим кыл, экинчисин согумга союп ал дейт. Айткандай эле кыш катуу келип, эки бээ тең бороондон буюгуп, көтөрөм болуп өлгөн экен. Дагы бир жолу Тогуз-Байда Тынай деген киши, таруу сээп атса, Манаке өтүп калат, андан “Кеч айдап атам, таруум бышабы, бышпай калабы” десе, Манаке “Түшкө чейинки айдаганың көжөгө жарар, түштөн кийинкисин үшүк алаар” деп өтүп кетиптир. Күздө Манаке айткандай эле болот. Көрсө, ал күн күкүктүн тили так каткан күн экен. Дагы бир жолу Кыдыр акеге жайында эле кыш катуу келерин айтып, Күңгөйдү кыштоого калтырып, Тескейди жайлагыла дейт. Бул жолу да айткандай болот.

Кочкор тарапта “Ымандан Ырай чыкты, арадан бир ай чыкты” деген ылакап айтылат. Ал мындай болот: көпчүлүк кайсыл бир окуянын качан өткөнүн чечүүгө отурат, Айсанак менен, мүчөл жылдар менен чечишет. Бир гана Ыман уруусунан чыккан Ырай ынанбайт. Силер айткандан дагы бир ай ашык өттү дейт. Кумалактар менен бир айда канча күн бар экенин санап-санап берсе, баары туура – бир айды кем эсептешкен экен. Ошондо жанагы сөз калат. Бул тууралуу Сейдакматов жазат: “Ырайдын эсеби Ай календарына негизделип, Күн календары боюнча жүргүзүлгөн эсепке карама-каршы коюлган болуу керек. Айталы, Күн календары боюнча эки жарым жылдан бир аз өткөндө Ай календары бир азга озуп кетет, ал эми 32 жарым жылда бир жылга алдыга кетет. “Арадан бир ай чыкты” дегенине караганда, Ырай далилдеген дата эки жарым жыл мурда болгон окуяга байланыштуу деп айтууга болот”.

Мына ошондуктан элдин эсепчилер элге ар кандай өткөн окуяларды тактап гана бербей, алдын ала аба ырайы кандай болорун да эскерткен. Мисалы, 2000-жылы 5-октябрда Ош шаарынын 1000 жылдыгы белгиленген. Ошол күнү жамгыр көнөктөп жаап, күн ачылбай, коноктор да, оюн көрсөткөндөр да аябай кыйналган. Себеби бул күн ай арасына туш келген. Мына ошондон сабак алып Жалал-Абадда Курманбек баатырдын 500 жылдыгын өткөрүүдө эки жыл кийин негизги оюн-зоок өтө турган күндү ай арасынан да, тогоол күндөрүнөн да алып качып, күн ачык болгон.

Биз мына ошол элдик эсепчилерди эстен чыгарып койдук. Алардын эмгегин изилдеп, таап, кайра элге жеткиришибиз керек. Эл ичинде дале болсо алардын айткан-деген кептери, ишин уланткандары бардыр…

Абдыкерим Муратов, Sputnik Кыргызстан, 10.01.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.