Шаймерден: Үркүн мени арабөк кыргыз кылды

Ибраимов Шаймерден – Улуттук боштондук көтөрүлүшүндө Кытайга ооп кеткен кыргыздардын үчүнчү мууну. Ал Үркүндөн 80 жыл өткөндөн кийин Кытайдан Кыргызстанга кайтып келген. Үркүнгө кеткендердин урпагы аталарынын Шинжаңда кечирген күнү тууралуу маек курду.

Шаймердендин чоң чоң атасы 1916-жылы ашууда падыша аскеринин огунан өлгөн. Чоң атасы Кытайда көз жумган. Өз атасы Үркүндөн кийин жердеп калган Шинжаң уйгур автоном облусунун аймагында карылык кечирип жатат. Аталары эңсеп жетпей калган Кыргызстанга Шаймерден 1995-жылы келип, жарандык алган.

“Мен Кытайдын эмес, Ысык-Көлдүн кыргызымын” дечү

“Азаттык”: Үркүн тууралуу ата-бабаңыздан кандай сөз, кандай элес калды?

Шаймерден Ибраимов: Чынын айтканда булар жакшылык көргөн жок. Үркүп баратканда артынан атылган орустун огунан чоң чоң атам Жапаркул өлсө, чоң атам атасынын сөөгүн көмө албай, ошол жерге калтырып кеткенге аргасыз болгон. Азыр менин каалаганым – Үркүндө өлгөндөрдүн арбагы ыраазы болсо… Ошон үчүн келдим сизге.

“Азаттык”: Чоң атаңыз 1898-жылы төрөлгөн экен. Кийин сиз деле көрүп калыптырсыз. Үркүн тууралуу айткандары эсиңизде барбы?

Шаймерден Ибраимов: “Ата, бизди алып, Советке кетип калбайсызбы” десек, “ой балам, биз Советти көрбөдүкпү” деп калчу. Сыягы Сталин заманынан бир коркунуч болсо керек. Кийин паспорт жасатып, эми кетебиз дегенде Кытай менен мамиле бузулдубу, эмне болду билбей калдым. Мен анда кичине элем да.

Чоң атамдан эсимде калганы оор басырыктуу, беш убак намаз окуган киши эле. Ушул жактан Кененбай молдодон үйрөнсө керек. Күңгөй Ала-Тоодо чоңойдук, күңгөй саяктанбыз дечү.

“Азаттык”: Текти унутпасын деген экен.

Шаймерден Ибраимов: Дунгандарга малай болгон бир эжени билем. Көрүп калдым. “Эже, сиз кыргызсызбы?” деп сурасам “Мен саякмын” дечү жарыктык. Ал кишинин да көзү өттү. Чакен деген абам бар эле. Кулжада таруудан бозо жасап сатып оокат кылчу. “Чакен аба, сиз кайдансыз?” десем “Мен Кытайдын кыргызы эмесмин, мен Советтин кыргызымын. Ысык-Көлдүн, Түптүн кыргызы болом” дечү. Чыйратылган муруту, анан жыртык, эски шляпасы бар эле. Көрсө 80-жылдары бул жактан белекке бирөө алып барып берген экен. Ошон үчүн башынан түшүрбөй кийиптир. Жарыктык, а да каза болду.

“Султанкул ата кусадан каза болгон экен”

“Азаттык”: Эл-жерин, тегин көксөп, күсөп жүрүп кетишкен экен да?

Шаймерден Ибраимов: Менин чоң атам, дегеле ошол жакка барган кыргыздын баары эле көз жаш кылып өтүштү. Бул жерде айтсам болобу-болбойбу, 70-жылы Жапаркулдун (чоң атасы – авт.) малы көбөйгөндө (ал өзү бул жакта деле мал-жандуу, тулпар жылкы менен алектенген киши экен) Кытай компартиясы Советтен келген качкын, бай чарба деп аттырып сала жаздаган.

“Азаттык”: Бияктан малы менен барганбы?

Шаймерден Ибраимов: Жок, малын өткөргөн эмес. Адегенде чоң атам иниси менен Шинжаңдагы Аблаш-Кангун деген жерде дунганга малай болуп иштеген. Иниси Султанкул ата кийин кусадан каза болгон экен. Жапаркул атабыздын сөөгү 1986-жылы Кулжа шаарынын уйгур конушундагы Султан мазарына коюлган. Мен табытын көтөрүшүп калдым. Арпа ичинде бир буудай болуп чоң атам уйгурлардын арасында жашады. Калың кытай, калың уйгур, калың дунган арасында жашап, бирок тилин унутпаганы мен үчүн кызык.

“Азаттык”: Чоң атаңыз кийин үйлүү-жайлуу болду, кыргызга үйлөндү.

Шаймерден Ибраимов: Ооба. Ал дагы Үркүндө качып барган 14 жаштагы Айзабек кызы Марка деген кыз деген экен. Ал деле күңгөй саяктан, бакачы уруусунан. Сөөгү 1978-жылы Кытайга коюлган.

“Азаттык”: Андан атаңыз элеби же башка балдары да болгонбу?

Шаймерден Ибраимов: Чоң энем он төрттү төрөгөн. Ошондон бешөө гана тирүү калган. Азыр ойлосом организми жаш болсо, кордук көрсө кыйын эле болуптур.

“Азаттык”: Алардан атаңыз баш болуп эч кимиси кайтып келишпептир. Эмне тоскоол болду? Же көнүп калыштыбы ал жерге?

Шаймерден Ибраимов: Атамдын бир кулагы укпайт. Карыды. Бирок, мага “ошол ата-бабамдын жерине алып барып койсоң болот эле, балам, уруксат берсе. Бостериге алып барчы, ушу калың Кытайдын арасына калтырбай” деген жери бар. Же аны тияктан ачык сүйлөшө албайбыз. Шинжаң Уйгур автоном районунда ар бир сөздү абайлап сүйлөшүбүз керек.

“Азаттык”: Бул жакка келген эмес?

Шаймерден Ибраимов: Конокко келип кетти. Таң калганым – ак калпак кийген, кыргызча сүйлөгөн кишилерди көрүп кубанганы, сүйүнгөнү укмуш. Байке, аба дегендерди угуп алып, “бу эмне деген керемет” деп сүйүнөт.

“Азаттык”: Андан да кызыгы – атаңыз көрбөгөн бул жерге сизди эмне тартты?

Шаймерден Ибраимов: 1994-жылы Чолпон-Атада жашаган Шаршембиев Асан, Шейшекан эже, Жолдошбек деген үчөө бизди издеп барышты. Анан мен аларга кетейинчи, калгандарында шарт жок, кете алышпайт, ата-бабамдын жеринде кой баксам да жашайм деп ыйладым. Рахмат, ошол жылдын аягында чакыруу келди. Бир жылда паспортум бүттү. Келдим. Ыйлагың келет экен. Кичинемде улуу кишилер жетелеп жүргөндө элге кетсек деп көп айтышчу эле. Жарандык алдым. 1998-жылы үйлөнүп, кыздуу болдум. Өзүбүз болбосок да, балдарыбыз кыргызстандык болуп атат.

“Азаттык”: Бир туугандарыңыз барбы?

Шаймерден Ибраимов: Бир туугандарым тиякта калды. Сабира деген эжем бар. Райымкул деген агам Үрүмчүдө турат. Бирок, мен бир нерсени айтайын, аялыма да, кызыма да ушуну айтам: эки жакта калган кыргыз болдум. Же кытайлык эмесмин же кыргызстандык эмесмин.

“Азаттык”: Бул арман…

Шаймерден Ибраимов: Бул арман! Үркүндүн таасири. Аякка барсам Кытай мени тааныбайт, кыргыз улутунун ал жердеги тарыхы турат, бул жакка келсем паспортумда Кытайда төрөлгөн деп турат. Элдин баарына эле муну айта берсең, а кытай экен дейт да.

Бурулкан Сарыгулова, “Азаттык”, 11.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.