Дүйшеке Дөкөнбаев. «Сүрөт»

(аңгеме)

Күйөөсүнүн бул сүрөткө качан, кандайча жалгыз түшкөнү келиндин эми эсинде жок, кантсе да өлөөрүнө жакын жылдары (автокырсык деген кийинки мезгилдерде көнүмүш көрүнүшкө айланып калбадыбы, балээ баскырдыкы) жай айларында, аптап күндөрдүндүн биринде түшкөнү көрүнүп турат – көйнөгүнүн жакасы жалжайып ачык, моюн-башын тер баскан. Жанда жок шамшма эле го шоруң каткыр,чачтары да текши таралбай эки-үч талы чок төбөсүндө сербейет. Жакаларын да түзүктөп оңдоп албаптыр. Атайылап сүрөткө түшүп жаткандан кийин эч болбогондо мойнун кургата сүрүп алса эмне, майлап алгансып жылтыратпай.

Келин жука эриндерин жымыра тартып секин тиштеген болду – бир четинен ага өзү күнөөлүү. Эртең менен анын туфлисинен тартып бүтүндөй үстү-башын, чачынын таралышын, жада калса баш кийминин кынала отурушун текшерип-тескемейинче жиберчү эмес эле го, ишине барарда. Колуктусунун күйпөлөктөгүнөнкандайдыр бир өзүнчө канаат алып анын ийнеликтей ичке белинен имере тартып аппак алкымынан «шуу» искеп, бетинен аяр сүйчү.

– Рахмат, жаным! Болуптур анда. – дечү босогону аттай берип.

– Жакшы бар!.. – Күйөөсүн көзү менен узатып коюп анан келин өз ишине камынуучу.

Бирге жашаган жети жыл ичинде мындай кыймыл-аракет экөөнө тең көндүм болуп, көңүлдөрүнө сиңип жедеп адатка айланып эзели өзгөрбөчүдөй сезилүүчү. Андан айрылганына мына быйыл беш жылдын жүзү, а бирок мезгил деген балекет көөдөнүңдөгү болгон муң-зилиңди акырындап сүрүп далайын эстен чыгарып, бийиктен тамган суу тамчысы сыңары так калтырбай жууп-чайып жышыганы менен күйөөсүнүн коңур үнү дале кулагында, эшикти секин жаап ишине узап бараткан карааны али күнчө көз алдында. Улутунуп эринди кырча-кырча тиштегенден башка аргасы жок болсо да эртең менен ишке жөнөөрүндө бир демге токтоп, босо- го тегерегин айландырып карап алат, көңүлүнө сиңип калган көрүнүш кайталанып кайрадан көз алдына тартылчуудай сезет. Кайда-ан? Өткөн иш өтүп, болоору болуп боёсу канып бүтпөдүбү…

Эми анын үйдөгү болгон эрмеги эле айнектелип ичке кашекке салынган ушул сүрөт. Жаңылбаса, аны отуруп алып кол менен өзү жасап, сырдаса да керек эле. Анткен менен майда-чүйдө ишке колу эптүү болчу, кургурдун.

Келин бош боло калган учурда там боорунан аны чыгарып алып, те далайга айландырып кармалап карап отурчу эле, кийин анысын коюп жөн гана тиктешкенге өткөн. Бара бара үн чыгарбаса да аны менен баштагысындай эле сүйлөшөт, иште, сыртта болгон жаңылыктарды, көргөн-билген, уккан сөздөрүн ага айтып берет. Кеңешет, өз оюн бөлүшөт. Бул да болсо эптеп убакыт өткөрүү, өзүн өзү алаксытуу. Жалгыз бой келинге башка кандай эрмек керек?

– Билесиңби, – бул сапар отуруп-отурбай жатып ал сүрөткө күлө карады. – Бүгүн чогуу иштеген бир келиндин туулган күнүн белгиледик. Отузга чыгыптыр. Ошон үчүн кеч келдим. Мени күттүңбү? Эмнеге жоголуп кетти деп ойлодуңбу? Кечирип кой, ээ. Ии. Сен ушундай ак көңүлсүң да, алтыным. – Келин сүрөттү бооруна кысып-кысып койду. Сеп этип алганы аз да болсо байкалып турду.

– Анан биздин цехтин каршысында кафе бар да, экөөбүз бир жолу барганбыз, сен аны билесиң. Ошодо болдук, шагырап жалаң тигүүчүлөр. Жакшы эле көңүлдүү отурганбыз, бир убакта эле юбилярыбыз кызып алып ыйлап кирбеспи. Мурун такыр иччү эмес. Көрсө, мындан төрт жыл мурун күйөөсү менен ажырашып кетип ага эрегишип эртеси эле догдурга барып боюндагы баласын алдырып салыптыр. Эки айдан ашып калган имиш. Эми дейт же балам жок. же эрим жок. Жалгыздыгымды эми сезип буулугуп, өлмөй болдум, кээде түнү бою ыйлап чыгам. Баланы алдырбаганымда ал эмдигиче үчкө чыгып мага караан да, эрмек да болбойт беле деп ботодой боздойт. Кой, али жашсың, дагы бирөө табылып калаар. Жакшылыктан үмүт үзбөш керек десек да болбойт. Жашы тим эле он талаа. Зорго бастык. Кызык, өзү жинди да, ээ. Эми түштөн кийин ыйлагандан не пайда? Чынбы? Мен жалгыз эмесмин, жанымда сен барсың да. Экөөбүз дайыма биргебиз, ээ?.

Сүрөт калыбынча томсоруп үн каткан жок, айтылган сөзгө муюп өзүнчө мурутунан жылмайып ойлонуп калгандай сезилди келинге.

– Канчалык ачууга жеңдирсе да өзүнүн эртеңки күнүн ойлошу керек эле да. Балага да убал эмеспи. Акыретке барганда боюнан алдырган балдары энесин талайт имиш, эмне үчүн бизди өлтүрдүң деп. Бул сөздү мен көп кишилерден уктум. Чыныгы азап мына ошондо да.

Күйөөсү калибет баш ийкегендей болду, үн чыгарып сөз сүйлөбөгөнү менен ал баарын түшүнүп, сезип билип турат дегендей ойдо эле, келин.Мындай баарлашууга экөө тең көнүп адеттеги эле көндүм көрүнүш катары сезилчү. Бир топ жыл мурун цехте иштеп жатып кокусунан токко урунуп чочуп кетип өзүнүн боюнан түшүп калганын бул жолу эскерген жок,чогуу иштешкен келиндин кылык-жоругу анын көңүлүн көбүрөөк ээлеп алган көрүнөт. Бирде күлүп, кайра тиги келинди жемелеп бүгүн ал абдан эле көңүлдүү отурду. Дегинкиси көпчүлүк учурда ушинтип күлүп-жайнап отуруп кечти кийрет, жалгыздыгын да сезбей калат.

Ал эми бул сапар келин сырттан ачуулу келди, өзүнчө эле булкулдап:

– Сенин баягы досуң! – деп сүрөткө көздөрүнүн чаарын чыгара карады. (Мындай учурда: – Сага ачуулануу такыр жарашпайт, жүзүңдү үйүрбөчү. Андан көрө жылмайчы, Күлүп койчу эми-деп күйөөсү анын жанын койчу эмес, аргасыз күлдүрчү). Ичине толгон ыза-бугун эми сүрөттөн чыгармак болду көрүнөт. Күйөөсүнүн институтта бирге окуган жакын жолдошу бар эле, экөө абдан ынак болучу. Жаңы үйлөнүшкөндө бир-бирине күйөө жолдош болушкан. Азыр бир фирмада башкы адис болуп иштейт. Жолдошунун арбагын сыйлап кез-кези келип ар кайсыны кобурап келиндин ал-жайын сурап аз да болсо отуруп кетчү.

– Ошол! Дагы досу имиш. Күйөө жолдош!. – Бурк этип алып келин саамга томсоруп отуруп калды, кыязы көңүлүн эзген ызасын басалбай жатты көрүнөт. Тээ, бир далайда барып кайрадан үн катты. Маңдайындагы сүрөт да ага тигилип андан сөз күтүп калгандай туюлду. – Ошо.. Атайы эле мени издеп келиптир, цехке. Соо кезинде ашык бир сөз айттыралбайсың. Абдан кызуу экен, колумдан кармап алып коё бербейт: «Кафеге жүр, сөз бар!» -деп. Мынчалык мас болгонун көргөн эмесмин, бутуна араң турат. Макул болгонум жок. Ичпегенден кийин аны ээрчип эмнеге барам, жалгыз? Чынбы? Эгер сен жанымда болгондо анда бир жөн,бара бермекмин. Сага мурун айткам, эсиңде болсо керек, аялы эки жылдан бери соода кылып Россияда болчу. Өткөн күздө келип бир аз жүрүп кайра кеткен. Мен да үйгө чакырып чай бербедим беле,энесин кошуп. Анан досуң деп атпайбы мага: -«Бир топтон бери кабарлашпай калган, телефон чалсам жооп бербейт. Бүгүн аны менен кошо иштешкен таанышымдын дайнын таап сураштырсам, ал шуркуя эбак эле ошо жактан бирөөгө тийип алыптыр… Ошентип мени чанып кетти, ал бети жок. Менден мыкты бирөөнү тапкан окшойт. Эми мен да жалгыз калдым» – дейт, үңүрөйүп . «Ой, ушу сага аял жокпу, кыздар деген толуп жүрбөйбү, ошолордун бирөөнө үйлөнүп ал!»- десем билесиңби эмне деди ал досуң: «Кыз-пызыңдын кереги жок, сени алам, сенден башка аялдын кереги жок, мага!» – дебатпайбы. Элдин көзүнчө кулачын жайып кучактаганы келатканынан төшкө түртүп жиберсем мас эме жыгылып калды. Мен дагы чочуп кетип катуу итерип жибердим окшойт. Анан аныкы жакшыбы, эри жок болсо эле көрүнгөн жерден асылып эзе береби?! Кокус тааныгандар көрүп калышса эмне дейт? Уят эмеспи?! Билсин, экинчи жолу абайлап мамиле кылат.

Сүрөт кабагын чытып: «Бекер кылыпсың. Кучактап өөп койсо эмне болмок эле?!» -дегендей көрүндү келинге. Мүмкүн өзүнүн оюбу, аны териштирген жок. А күйөөсү болсо кирпиктерин ирмебей, калбыйган калың эриндери чала ачылып турса да лам деп дабыш чыгарбай колуктусунун күйүп-бышканына аяр көз жиберип турду.

Анын бул көрүнүшү келиндин кайра ачуусун келтирди. Булкунуп алды:

– Сен!! Ушунун баарына сен күнөөлүсүң. Мени жалгыз калтырып, кыйратып салгансып эртелеп өлүп алат! Жинди десе! Сага эмне, баары бир да! А мага болсо мунун эри жок, башы бош дешип көрүнгөн эркек асылат. Кафеге, ресторандарга чакырышат,болбогон шылтоолорду айтып. Аялы, бала-чакалары бар туруп жаш баладай жалооруп асылгандарын кантесиң. Абийирсиздер десе. Катуу айтсаң да түшүнүшпөйт. Өлгөнү калышканбы, бу эркектер? Түшүнбөйм. Зыңгыраган эле улгайган киши атайылап келип: «Жолугушуп туралы!» – деп сөз айтса эмне дээриңди да билбей калат экенсиң. Жалгыз ээн көчөгө чыккандан да тартынат киши. Эми алардын баары бүтүп калгансып сенин досуң жабыша баштады, жалгыз калдым деп. Сооп болот, аялын эмнеге жалгыз жиберет ошончо алыска? Жаман оюнда анысы ак иштеп, өзүнүн абийирин сактап көп акча таап келет десе керек. Бул жерде калгандар эмне ачкалыктан өлүп калып жатышыптырбы? Аракет кылсаң жашооң бардык эле жерде каалаганыңдай болот! Чынбы?! Же калп айтып жатамбы? «Артык дүйнө баш жарат» -дегендей сыртка баргандардын канчасы өлүп же ит көрбөгөн азап-кордуктарды тартып кайтып келип жатышат. «А тоонун, бу тоонун чөбүн эңсеген кийик ачкадан өлүптүр» – деп бекер айтылбайт да. Ал шуркут бул жерде экенинде эле жасанып-түзөнүп ойсоңдоп оң жүрчү эмес.Үйдөгү кайненесин кезээртип ачка калтырып керээли кечке базар, кафе, дүкөндөрдү кыдырчу. Эми ээн-эркин болуп, колуна акча тийгенден кийин эмне кылса өзү билет да! Тирүү турган күйөөсүн таштап башка эрге тийип алганын кара, шүмшүктүн. Мунун өзү анык кесир да. Чынбы? Байкуш кемпирге да жаман болду окшойт, карып калганда. Ошо кишинин каргышы тийсин! Досуңа эмне, жүрө берет да ишине барды-келди болуп. Ошентсе да көзүмө эмнегедир жүдөп калгандай көрүндү: бети-башы шишип, жака-жеңи кирдеп. Бут киймин да сүртүп албайт.Мурун байкачу эмес элем. – дем тартып келин өзүнчө улутунуп койду. Сүрөт болсо сынагандай аны тымпыя тиктеп үн каткан жок. Саам өтпөй келин өзүнчө кобурады: – Анткен менен энеси абдан жакшы киши. Мен барганда жалынып-жалбарып кыйшайып жатса да ордунан лып туруп казан-аягын калдыратып берерге ашын таппай калат. Айткан сөздөрүнүн баары орундуу, мага кайрат айтып көңүлүмдү көтөрөт: «Балам, өлгөндүн артынан эч ким өлгөн эмес, отузга араң чыгыпсың. Өмүрүңдү текке кетирбей көңүлүңө жаккан бирөөнүн колун карма. Бул жаркчылыкта Алла Таалам адамдарды жуп кылып жараткан. Этегиңден жалгаса тез эле балалуу болосуң, тукумуң өсөт. Жалгыздын иши курусун, бирде болбосо бирде кыйналып, а түгүл ыза да көрүп каласың, секет» – дейт, байкуш киши. Айтса айтпаса да төгүнбү. Өтө боорукер, өзү да чыканактай болуп алып тың, абдан тыкан. Ошо кишиге эле убал болду. Жанагы кутуруп кеткен келини ушундай адамдарды чанып… кесириң өз башыңа эле тийсин!

Тынчтык көпкө созулган жок, жакында эле цехте дем алып отурушуп бир аял үйүнөн көтөрө келген гезиттен окуган макала эсине түштү.Кызык да, таңкалаарлык да экен, уккандарына ишенишпей ар бири өзүнчө окуп чыгышкан.

– Ошону айтып берейинби, ия? Өлө кызык. Алгачы мен да ишенген эмесмин, бирок аты-жөнү, адрестери толук жазылыптыр. – Келин сүрөткө карап алды. Айта бер дегенсип күйөөсү демин ичине алып тыңшап калгандай. Ар дайым ушундай, айтыла турган сөз ага абдан кызыктай сезилип кирпик да ирмебей, кыймыл да какпай: ии айт, кана эмне деп жазылыптыр деген тейде мелтирейт. – Угуп тур! – деди келин күйөөсүнө башын ийкеп. -Башкыртстанда бир кыз төрөлүптүр. Башкыр. Ии тиги Татарстандын кошунасы эмеспи. Ошо кыз эс тартып калганда: «Силер мага эч ким эмессиңер, менин атым да башка болчу» – деп өзүн жараткан ата-энесин караманча жерий баштаптыр. Алгачы анын сөзүнө анча маани беришпегени менен кыз болбой эле: «Биз мурун Алматыда жашачубуз, папамдын кызыл «Москвичи» бар болучу, мамамдар болуп ошого түшүп алып шаарды, магазин, базарларды кыдырчубуз» – дейт. Өз ата энеси таңкалгандан башка эч нерсе дей алышпайт. Анткен менен бул кабар акыры алматылык кабарчыларга чейин жетип алар өздөрүнчө иликтөө иштерин жүргүзүшөт. Баарынан кызыгы көп өтпөй бир кездерде кызыл «Москвичи» бар киши да табылат, Алматыдан. Андан сураштырышса, бир топ жыл мурун чынында эле он экиге чыккан кызы каза болуп калганын айтат, ал. Башкыриядагы төрөлгөн кыз жөнүндө кабарлашса таңкалышкан ата-эне ошол айтылган айылга барып кызды көрүүнү чечишет. Ошентип кабарчылар болуп жолго чыгышат. Тиги кыз аларды көрө коюп:

– Папа! Мама! – деп чуркап келип тигилердин моюндарына асылат. Кыскасы өлө электен мурунку ата-энесин тааныптыр. Укмуш ээ! Муну илимде реинкарнация же бизче – кайра жаралуу деп айтышат экен. Билгендер ошентип айтышты. Тибет, Индиия мамлекеттеринде ошондой окуялар кез-кези болуп турат имиш. Таңкалычтуу ээ, чынбы? –Келин саамга ойлонуп калып сүрөткө кайра карады. Андан кандайдыр бир сөз же башка кыймыл-аракет күткөндөй күйөөсү да дымырап үнсүз, ирмелбей көздөрү да ага тигилет. Колуктусу үмүткөр үн катты:

– Атаңдын көрү ай, сен да ошентип кайра тирилип келип калсаңчы! Ыя! Ошенте аласыңбы? Колуңан келеби? Чын эле ошентсең. Эгер менин жардамым керек болуп калса анда мен күн-түн кирпик ирмебей кудайдан жалынып-жалбарып тилейт элем. Мүмкүн ага менин какшаган зарым жетээр. Тилегимди кабыл кылаар. Ал деле менин абалымды көрүп турбайбы. Сен кандай дейсиң? Ошентип көрөйүнбү, ия. Эгер чын эле кайра тирилип калсаң. Алда арман ай. Эч болбогондо… – Келин алда-кимден шектенгендей үй ичин тегерете карап алды.

– Эч болбосо… эң кур дегенде бир түнөп кетсең боло. Бир эле түн!.. Атаганат ошондогу түндөрдүн кыскалыгы ай. Азыр болсо атайы эле эрегишип алгансып таңатпайт. Азаптын азабы ушул белем! – Санга бөлүгөн санаасын иреттей албай шилекейин жутуп, саамдан кийин кимдир бирөөнү издегендей үй ичине көз жүгүртүп алды. – Адам кайтыш болгону менен арбагы өлбөйт, ал тирүүлөргө аралашып эле жүрө берет дешет экен, молдолор. Чыны менен эле ошондой болсо анда сен жанагы мага асылып, жан койбогондор дун көздөрүнө көрүнүп, эч болбосо бир аян берип койсоң боло. Экинчи мага жолошпосун. Ошенте аласыңбы, ыя? Ошентчи, алтыным. Мен кимдин аялы экен имди билип жүрүшсүн, шумпайлар десе. Антпесе дегеле чээнден чыгып баратышат. Эми аларга сенин досуң да кошулду. Деги мени сенден башка ким коргойт, ким мага боор ооруйт? Ким жардам берет? Айтчы! Үн катсаң боло, жок дегенде! Оо, шорум-ай!.. Эмне үчүн сени менен кошо өлүп калбадым экен, минтип азап чекпей?!.. – Бүк түшкөн боюнча далайга солуктап жатып кайсы убакта өзүнүн таттуу уйкуга тартылып кеткенин сезбей да калды.

 

* * *

Мындан эки жумадай убакыт өтүп калган.

Келиндин баштагысындай эле эрмек кылганы күйөөсүнүн сүрөтү болучу. Аны менен аз болсо да маектешип, саамга кобурашып албаса бир нерсеси кемип калгансып жан-жагын карана берет. Көнгөн адат.Тапкан айлыгы өз башына кенен жетип, бирөөгө карыз да, бирөөдөн аласа да эмес, а түгүл ымала түзгөн бирин-эки аялдарга чай-пай уюштуруп, колунан келгенче сыйлап да койчу. Же алардыкына барчу. Берекеси толуп турган дасторкон үстүндө кенен-кесири отуруп алып көңүлүң сүйгөн адамдар менен чын пеилден сүйлөшүп чер жазганга не жетсин?! Эмне деген сөздөр айтылып, ичек-бооруң эзилгенче күлүп, көңүлүңдүн тереңиндеги кайгы-капаң дайынсыз жоголуп, өзүңдү бир башкача сезип каласың го, андай учурда. «Күлкү – ден соолуктун мүлкү» -деп бекеринен айтышпаса керек. Өмүр сааты да дал ушундай убакта токтоп турат имиш. Неси болсо да адам баласынын башка жанжаныбарлардан айырмаланган өзгөчө касиети да дал ушинтип өз ара баарлашканында болсо керек.

Ошентип коёндой окшош күндөр жылып өтүп жаткан.

Анан эле…

Окуянын мындай болуп тез өзгөрүп кетээри келиндин үч уктаса түшүнө да кирген эмес. Мүмкүн, элдир-селдир ой-кыялында болсо болгондур, сапырылган санаасына нелер келип, нелер кетпеди дейсиң, өткөн беш жыл ичинде. Дегинкиси жалгыз бой адамга санаркоо деген убайым уйгактай жабышып өзгөчө үйүр болуп алат тура, балэкет баскырдыкы.

– Мээнетиңди алайын кызым, атайы өзүм келдим. Өзүңө ишенгенимден, кантсе да ушу мен шордуунун айтканын тыңдайт, менин сөзүмдү эки кылбайт го деп эле жетип келдим, секет. Жанагы жаманым, өтө эле тартынчаак, кенебейт. Анын ойуна койсо жүрө берчүдөй жыл бою деле. Анын үстүнө ишине да алаксып… Атасы ушундай ноюбаган киши эле, бейиши болгур. А мен…Чынын айтайын чыдабадым! Анча-мынча камылгамды көрүп коюп түз эле сага келдим, берекем. Түндө эле камыр ачытып, анан таңатпай туруп боорсок жасадым, тегеренейин. Асты садагасы, айткан сөзүмдү кайра көрбө, моюн толгобо айланайын, антсең эле… анда эле менин өлгөнүм. Мени аяай көр, берекем. Мен… же мени кудай албай.

Күнгө ишемби болгондуктан келин шашылбай туруп тамактанып алып үй ичин жыйнап жаткан. Түшкө жакын атайы барып кемпир менен учурашып, анын ал-жайын сурап келсемби деген ойдо да болучу. Уулу болсо баягы боюнча же телефон чалбайт, же өзү келбейт. Жашык неме соолукканда мага жабышып кыйнаганын эстеп уялып жүрсө керек. Же… түртүп жибергениме таарынып калды бекен? Мейли, өз боюна ченеп ичалбагандан кийин ошентип качып жүрө берсин.

Жөндөп саламдашканга да алын келтирбей келинди кучактап дароо эле жалынганга кирди, байбиче. Мөлтүлдөгөн тунук жаштары бетиндеги сансыз бырыштарды аралап отуруп кемшеңдеген ээгине чейин жетиптир, байкаса.

Алгачы эч нерсеге түшүнбөй алдастай түшкөн келин тээ, далайда барып эсин жыйып, ошонда да акыл токтотуп бир чечимге келалган жок. Аргасы кеткенде чүкөдөй болгон кемпирди колтуктап аяр сүйөп диванга отургузду.

– Мен азыр апа, сиз отура туруңуз..

– Апа деген үнүңдөн садага кетейин. Үнүңдөн. Жанагы менин жаманым.

Байбиченин бир да сөзү келинге жеткен жок, ал ушу тапта түпсүз бир туңгуюкка түшүп кеткендей дүңгүрөп кулагы тунуп, боз туман каптап калгасып көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй, тек гана көнгөн кыймыл менен муздаткычтан бир чоң кесим эт алып чыгып майдалап, пиязын туурап газга казан асып май куюп, ошол эле учурда кайнаган чайын демдеп үстөл үстүн нан-пан, таттуу-паттууга толтуруп жиберди.

Жан дүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп, жел учурган топондой ойу уйгу-туйгу.

– Апа, чайга келиңиз.

– Оо, алдыңа кетейин, чайың да кайнап кеттиби, заматта?!

Казан ыз-тызга түшүп, эт куурулуп жаткан.

– Балам!.

Байбиче чайын ууртап кургап кеткен ооз ичин нымдады көрүнөт, секин колун көтөрүп казанга карай жаңсады.

– Садага, этиң дагы бир аз куурула түшсүн, эми ага башка эч нерсе кошпочу. Ошо куурдак эле жетет көлөкөм, ошондон эле ооз тиели. Калган тамагыңды анан.

Келин анын сөзүнө түшүнгөн жок, ичинен: «Жарыктык десе, мынча неге шашылат? Атайы келгенден кийин жайланып отуруп, мени менен сүйлөшүп алып анан кечинде кетсе деле болмок. Такси чакырып салып ийейт элем да. Же… мени үйүнө конокко чакырып келдиби? Уулу эле телефон чалып койсо бу кишини убара кылбай өзүм эле барбайт белем» – деген ойдо болду. Эмнегедир байбичеге кайрылып сөз айткандан айбыгып турду.

– Аларыңды тим коё турчу, айланайын..

Келин эки-үч тоголок картөшкө да аарчып жиберген.

Байбиче чайын толук ичпей чынысын коюп ордунан туруп эшикти көздөй жөнөдү.

– Апа сиз кайда?

– Азыр, тегеренейин, азыр. Тигилерди…

Байбиче эшиктен бирөөлөргө үн салгандай болду, сырттагылар жакын эле жерде атайы күтүп турушканбы, шарт эле үйгө кирип келишти.

Келиндин оозу ачыла түштү – күйөөсүнүн досу, өзү теңдүү бир жигитти, анан бир келинди ээрчитип алыптыр. Баягы мас болуп алып жолуккандан бери көрүшө элек болушчу.

Уяң жылмайып калбыйган эриндерин кыбыратып бир нерсе айткандай болду, жигит. Беркилер иймене баш ийкешти.

– Ии… Келгиле… –дегенге зорго жарады келин. Ошентсе да белгисиз бир күдүк ойдон жүрөгү кабынан атып чыкчудай дүкүлдөп, заматта өзүн-өзү жоготуп ар кайсы идишти кармалап далдаарый түштү.

– Кана, отургула! – байбиче элпек кыймыл менен өзү нары жылып тигилерге орун бошотту. Уулуна карап бир нерсе сурагандай болду эле тиги: – «Баары жайында!» – дегендей колун жаңсап баш ийкеди.

– Ии. Ырас болгон тура, анда шашылалык. Куурдагың да даяр болуп калды окшойт, секет. Тезирээк салып келе кал. Көчүк басып бир чыныдан чай ичишсин, – өзү жобурап бата кылып алакан жайды. – Жараткан өзү жар болуп, ата-бабалардын арбагы колдосун! Ойлогон-ой, тилеген тилек ишке ашып, эки бала бактылуу болушсун!

Буга чейин мындай абалда болуп көргөн эмес, келин. Белгисиз бир күч даарып кеткенсип, баарын көрүп, айтылган ар бир сөздү угуп турса дагы алардын эч бири анын ички туюмуна жетпей, акылга салып аларды аңдай да албай, эс-нес болуп, ал-күчтөн ажырап кандайдыр бир боштукта асылып калгандай сезди, өзүн. Мүмкүн түшүдүр. А балким, жөн гана көзүнө көрүнүп жаткандыр. Андай да болушу ажеп эмес эле, анткени там боорунда асылган күйөөсүнүн сүрөтүнө не бир окуяларды ага айтып берип жатканда өзү да бүтүндөй дити менен аралашып, катышып күлкүлүү болсо чын пеилинен күлүп, капалуу болсо кабагын чытып кошо кайгырып, атүгүл жин келтирээр жеринде кадимкидей эле катуу үн чыгарып уруша кетчү. Мунун баары жөн гана элес, жедеп көнүп калган көңүл сооротуу адети эле. Беш жылдан бери бир үйдө жалгыз жашоо мүшкүлү келиндин десине аз болсо да өз таасирин тийгизбей койгон эмес.

Байбиче болсо тигилерди орундарынан тургузуп бир нерселерди айтып жатты.

Келин бошогон идиштерин жыйыштырып, четинен жууй баштаган .

– Отурбагыла айланайындар! Тургула, машине күтүп калды. Эмеректерди бир четинен көтөрүп алып чыга бергиле! Аярлагыла, секет болоюндар.

Байбиченин бул сөздөрү алгачы жөн жай айтылгандай угулса да күйөөсүнүн досу баш болуп орундук, башка эмеректерди четинен сыртка карай көтөрүп жөнөшкөндө гана акыл-эсине келе калып бетин басып бакырып жиберди.

– Аларды кайда алып баратасыңар? Апаке, бул эмне дегениңиз?! Ушу кантип болсун?!

Байбиче көз ирмемде жетип келип ач кенедей аны кучактап калды.

– Айланып садага кетейин, көлөкөм. Сөзүмдү кайра көрбө берекем! Анда эле өз колуң менен мени өлтүрүп сал, ушул жерге. Мууздап сал тиги бычагың менен! Карааныңдан кагылайын, терс айта көрбө! Өркөнүң өссүн, мейнетиңди алайын. Беш жыл жакшы эле жалгыз жашадың. Болду! Жетет ошол эле! Эми көшөгөң көгөрүп, жашооңду башка нукка өзгөрт, садага! Мен да энемин, сага эч жамандык каалабайм, берекем! Ак жолуң ачылсын.

Бир ууч болуп калч-калч эткен кемпир кучагын жазбай жашы он талаа болуп дале бир нерселерди айтып да, жалбырактай жука эриндери титиреп тынбай жалынып да жатты.

Келиндин кулагына бир сөз кирсе кирип, кайра угулбай башы тегеренип, көздөрү караңгылап кетти. Муун-жүүнү бошоп,алдан тайып аз жерден жыгыла жаздап баратып кемпирдин ийнине сүйөнүп калды.

– Апа-а -деп үн чыгарганга зорго жарады.Эмне деп айтаарын өзү да билген жок.

– Ай тегерейиндер, суу! Суу! Тезирээк…

Келин тээ, кыйлада барып эсине келди окшойт үлүрөйүшүп өзүн тегеректеп тургандарга көңүл бурбай элдир-селдир басып өзү жаткан бөлмөгө баш бакты. Өз бешигиндей болуп калган комната бул сапар бош экен. Жүрөгү мыкчыла түштү, аз жерден бакырып жибере жаздаган жок. Оозун басып эшиктин кашегине сүйөнүп туруп калды.

Болгон эмерек, төшөнчү, буюм-тайымдар бүтүн чыгарылып кетиптир. Аңгырап көзүнө өтө эле суук көрүндү, бөлмө. Эсине бир нерсе түшө калгандай жалт бурулуп сүрөт тарапка карады. Байкоос алышкан эмеспи, балким колдору барышпаган чыгаар айтор, сүрөт кадимкисиндей эле ордунда илинип туруптур.

Колдорун сунуп жиберип келин дароо эле ага жетип барды. Ички туюмунда бул сүрөт ал үчүн бардыгынан артык, эч нерсеге теңдешкикис да, алмашкыс да өзгөчө асыл зат эле. Канча жылдардан бери аны менен бирге болуп кан-жанына сиңип,бүтүндөй жуурулушуп, а түгүл жүрөгүнүн жармы катары сезчү эмес беле.

– Сени алышкан жокпу? Сени таштап коюштубу? Сенин керегиң жок бекен, аларга?! Ыя?! Өнү каргылданып, канча жылдардан бери түбүнөн соолуп калган көз жашы мөлт-мөлт этип куюлуп кетти, салаа-салаа болуп бетин жууп.

Тулкусун калтырак басып, ал-кубаттан ажырап турса да күйөөсүнүн көздөрүнө көздөрү тигилип андан кандайдыр билинбеген дем- кубат алдыбы боюн түзөп сүрөткө кескин кол созду.

– Жо-жок! Мен сени калтыра албайм. Эч качан! Сен мени менен бирге.

Канча жылдардан бери илинип туруп жип чирип калганбы же белгисиз сыйкыр даарыдыбы айнектелген ичке кашекке кынаптап салынган сүрөт кокусунан эле колунан жылмышып жерге түшүп кетти. Кармай калганга да үлгүргөн жок, келин. Чаңгыр этип сынган айнектин үнүнөн бош бөлмө жаңыра түшкөндөй болду.

– Аа-йй!..

Колдорун сунуп келин лып отура калды.

Кашектин ичке жаактары бир биринен ажырап, кээ бирлери сынып, айнек да майдаланып быркырап кетиптир.

– Ка-ап. Эмнеге мынча күч келди?!.

Бетин айнек каршы-терши тилип, күйөөсүнүн көзү да көрүнбөйт. Кагаз да узун-туурасынан айрылып, атайы эле түрмөктөп, томолоктоп салгансып бырыш-тырыш. Ошончолук күч менен түштүбү же башка себеби барбы келин ал жөнүндө ойлонгон жок, өзүнчө күбүрөнүп бир кочууш болуп үйүлүп жаткан сүрөттүн калдыктарына муңая карады:

– Бу эмне кылганың, ыя? Баргың келсе өзүң эле бара бер дегениңби? Же мени менен кошо кеткиң келген жокпу, бул үйдөн?! Чын эле экөөбүз ушинтип ажырашабызбы? Мен эмне сени тажаттымбы! Ыя, айтчы. А мен шордуу… Мен эми…

Башы айланып көзү караңгылап кеттиби дене-бою бошоң тартып колдору менен тамга сүйөнүп калды. Сөзүнүн аягына да чыга алган жок. Дал ушул тапта артынан келип даяр тургандай карылуу колдор аны жаш баладай таптак көтөрүп алып сыртка карай багыт алды.

– А тегеренейин десе. Эчен жылдардардан бери бирге болуп бу сүрөттү атайы эле эш тутуп жүргөн тура. Анан кантсин?!

Байбиче өзүнчө шыпшынып уул-келинин артынан ээрчий басты.

 

Дүйшөке Дөкөнбаевдин башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.