Керемет өмүр

Теңирдин буйругубу, же жылдызыбыз бап келгенби, тагдырымда кыйышпас, мыкты калемгер досторду күтө алдым деп сыймыктанамын, тобо дейм. Мүмкүн муну мурда да айткандырмын, сөз удулу келгенде кайрадан кайталоого туура келди. Ошо ынак досторумдун бири Өскөн Даникеев деген залкар жазуучу. Үйдөгү бөлмөмө кирип-чыкканда текчедеги китептерге, сүрөттөргө кайра-кайра көзүм түшөт. Китептерге ызаат кылганымбы, же окугум келеби, же түгөлдөгөнүмбү, деги мунум жедеп көнүмүш адатка айланды. Сөзсүз текчеден Өскөн Даникеевдин тизилген китептери көзгө урунат: “Кыздын сыры”, “Өмүр белестери”, “Кызыл алма”, “Көз ирмемдеги өмүр”, “Көкөй кести”, “Арман”… Ар биринде автордун колтамгасы бар.

Биздин достугубузга чамасы 50 жылча болуп кетти го. Ошондон бери астейдил мамилебиз үзүлө элек. Деле үзүлбөсө экен деп тилек кыламын. Буга дейре Өскөн жөнүндө ак тилек оюмду, каалоомду басма бетине жазып келген элем. Кыябында замандашымдын чыгармаларын, чеберчилигин айткамын. Калемдеш досуң жөнүндө жазгың келсе сөз табыла бергидей.

Тагдыр Өскөнгө оор сыноону, мүшкүлдү жаштайынан үйүптүр. Анын бала чагы жөнүндө айтканы алиге жадымдан кетпейт: он эки жашынан ата-энеден ажыраган; ата күйүтүнө атайы эч кимге айтпай кошок чыгарган; кийин эсинде калбаган атасынын элесин өзүнө окшоштуруп сүрөтүн тарткан. Жетимчиликти башынан кечирип, дээринде бар тетик бала мөгдөбөй, он төрт жашынан борбордогу №5 кыргыз мектеп-интернатында төрт жыл тарбия алган.

Дүйнөлүк адабият менен искусство өкүлдөрүнүн өмүрүнө кайрылсак, деги эле накта таланттуулар жаштайынан азаптуу турмушту башынан кечиришкен. Композиторбу, сүрөтчүбү, акынбы, жазуучубу, мейли кимиси болсун, жашоосунда ошол көкөйдөн кеткис оор жүктү көтөрүп, эрдик менен марага жете алса, келечекте анысы нагыз күлазык болуп берет экен. Чыныгы сүрөткер өмүрүндө капалыктын сазына чөмүлүп, чүнчүбөй, кажыбас эрки менен кайгы-азабын, муң-зарын жалпы элдик кылып, кайра кубанычка айлантып, чыныгы чыгарма жарата алат. Ө.Даникеев да мына ушул турмуштун татаал жолун адам катары да, жазуучу катары да шар, татыктуу басып келди. Ушунда кыргыздын акылман сөзү эске түшөт: “Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү”.

Биз жашообузда жеке да, достор менен да, тойдо да, ойдо да, тоодо да, көлдө да нечен жолу жолугушууларды, шат күндөрдү бирге өткөрдүк. Ошончо мезгилде Өскөндүн бирөөнүн көңүлүн оорутканын көрбөдүм, бирөөнү пенделик кылып жамандаганын жана жалган сүйлөгөнүн укпадым. Дайыма акыл калчап, сабырдуу, токтоо, азгырыктарга алданбаган адам. Болгону: “И, ушундай бекен?!” – деп гана жылмайып тим болот.

Биздин улуттук адабиятыбызда жазуучулар жөнүндө кыйла жазылса да, негедир алардын чыгармачылык психологиясы жөнүндө аз айтылып келет. Мындай тема илимге гана керектүү болбостон, жазуучуну түшүнүүгө окурмандар үчүн да кызыктуу болмок. Ө.Даникеевдин чыгармачылыгынын сырын териштирсек, чебер калемгер, эмгекчил, өжөр, сөзгө өтө сараң, өзүнө талапты катуу коёт. Ийге келтирмейин, ыраазы болмоюн жазып бүткөн чыгармасын дароо басмага шашып суна койбойт.

Ал алгачкы жазган “Бакир” повестин эки жыл бою сандыгына каткан, “Кыздын сыры” повести үч жыл бою үстөлүндө катылуу жаткан. Анын көркөм чыгарма жазып жаткандагы мээнет-түйшүгүн көрүп калдым. Өскөн баштаган чыгармасын аягына бир отуруш, бир дем менен, өксүтпөй шар бүтүп кеткенди жактырат. Ал ак баракка сыя менен жыбыратып майда, өтө тыгыз жазат, арасына сөз кошуу кыйын, сызып-оңдогонду анчейин жактырбайт. Жазуучу күндүз да, түнкүсүн да иштей берет. Кээде он сегиз саат үстөлгө талыбай, чарчабай отура берген күндөрү эсимде.

Кыргыз эл жазуучусу Ө.Дани-кеев окурманга барктуу, замандаштарга нарктуу, досторго кадырлуу, кеңпейил, жашында кандай болсо дагы эле баягысындай: жупуну, боорукер, калыс, кыраакы, ата журтчул. Теңир буюрган өмүрдү бактылуу, берекелүү, жайдары, сөздү пир тутуп, каржалып иштеп, окурман, эл алдында сый-урматка, ушул чыгармачылык даражага жетти. Ар пендеге ушундай сыпайы, барктуу, нарктуу карылык берсин!

Азыркы жетимиш беш курагында Өскөн досубуз карылыкка түк моюн сунбай тың, шайдоот, элпек. Эртели-кеч шаар ичинде өзүнүн көнүмүш жолу менен эки сааттай лепилдеп басып жүрөт. Анан таңды-кеч баягы жаншерик жазма үстөлүнө отурат. Элибиздин оболку тарыхына, тилине, рухуна күйөрман. Адетте алдында бүтпөгөн романы жатат. Жазуучулук акыбети кайтып, жакында жанына өзүнүн басмадан жаңы басылып чыккан көп томдук жыйнагы тизилет.

Сары Өзөн Чүйдүн тоо этегиндеги чакан айылда Өскөн менен Зинанын эс алар, өздөрү курган, бак-шактуу тамы бар. Жаз, жай, күз келгенде алар ымаласы ысык досторун бак ичине мейманга, баарлашканга чакырышат. Биз бу кастардуу жөрөлгөгө көнүп бүттүк. Кээде кечигип баратса, чыдабай тоону карап: “Өскө, бак гүлдөдүбү?” – деп тамашага чала умсуна сөз айтабыз. Өскөн дос оюбузду шыр биле, адебин жазбай: “О, жүргүлө, биздин бакка”, – деп, кучагын жайып, шар жол баштайт.

Жараткан мартабалуу, мээрими чачыраган, пейли кенен ушул үйдүн ээси досторун өксүтпөй алмалуу багына дагы отуз жыл чакырып турсун! Ошондо кожоюндун 100 жылдыгын белгилеп шарап, ширин суудан ичели!

Сөз аздектеген Өскөн дос, арыба да, карыба! Көрөр күнүбүз, ичер суубуз, жазар чыгармаларыбыз буюрса али алдыда!

Кеңеш ЖУСУПОВ, “Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 01.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.