Маданият деген эмне?

Маданияттын нагыз маанисин жана элдин жашоосундагы оордун, ошондой эле анын эмне үчүн зарыл экендигин учурда айкындап-ачып бере турган олуттуу маселе болуп турат. Мындан улам төмөндө Маданият тууралуу берилген ой-пикирлер менен таанышып чыгууга чакырабыз.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, конфликтолог:
Кыргыз маданиятынын өзөгү

j_kasabolotov1Акыл-эс, билим, абийир жана уят сыяктуу эле – маданият адамды адам кылып турган негизги категориялардын катарына кирет жана алар менен өз ара тыгыз байланышта.

Маданият деп адам баласы өзү чыгарган, бирок негизги максат катары экономикалык пайда көздөбөгөн нерселердин баарын, анын ичинде көркөм өнөрүн, сөз байлыгын, кийген кийиминен тартып жүрүш-туруш эрежелерине чейин баардыгын чогуу түшүнөбүз.

Ар бир улуттун маданияты анын тарыхый-географиялык шарттарына, басып өткөн жолуна, дүйнө таанымына жана башка ар кандай жагдайларга көз каранды. Демек, ар бир элдин маданияты анын ички маңызын, дүйнөгө болгон көз карашын жана мамилесин туюндурат.

Көчмөн цивилизация кылымдар бою басып өткөн салттуу коомдо маданияттын өзгөчө түрү өнүгүп жүрүп отурган. Көчмөн баласы дүйнөнү конкреттештирүүдөн жогору көтөрүлүп чыгып, айлана-чөйрөнү абстракттуу жалпылаштырып, материалдык байлыкты руханий дөөлөткө баш ийдире билген. Анысы карама-каршылыктуу, бирок өз ара гармониядагы түстөрдү айкалыштырып кайра астына салып алган шырдак өнөрүнөн, күнүмдүк күпүйүм оокатты сүрөттөбөй, “Дүнүйө” деп күңгүрөнгөн терең философиясынан, ай-ааламды түбөлүк Улуу Кыймылга ширетип көзгө даана элес тарткан “Аккан Суу” термесинен, толтура күүнү боюна сиңирип, колго эптүү жасалгандыктан койнуна баткан комузунан, тарбияга жык толгон санжыра-насаатынан – айтор баардык өңүтүнөн көрүнөт.

Көчмөн маданияттын бир нече белгилери бар. Биринчиси – жандуулугу жана турмуш менен кошо өзгөрүшү. Дүйнө элин таң калтырган “Манаста” жер каймактагандагы Эр Төштүктүн образынан тартып акыркы доордо кирген ислам түшүнүктөрүнө, түтөтмө мылтыктарга чейин кошо жүрөт. Демек, улуу дастаныбыз кыргыз эли башынан өткөргөн негизги көрүнүштөрдүн баарын өзүнө сиңирип жүрүп отурган десек болот. Азыр да ошол процесс жүрүп жаткан учур.

Экинчиси – Батыш, ал тургай кийинки орус таанымындагы түшүнүктөр кыргыз маданиятынын классификациясына туура келе бербейт. Айталык, ошол эле “Манас” башкалар үчүн болгону жөн гана чоң эпос. Ал эми кыргыз үчүн ал маданияттын эмес, көбүнчө касиеттин, жоокердик духтун, элдин эстутумунда калган эң маанилүү тарыхый тажрыйбанын, жарандык идеалдын маселеси. Айтыш – отурук элдер үчүн эки акындын гана сөз таймашы болсо, кыргыз үчүн бул сөз эркиндигинин өзгөчө формасы. Айтылуу Калыгул кийинки доордогу адабиятчылар үчүн тек гана заманачыл акындардын катарындагы бирөө болсо, кыргыз үчүн биринчи иретте далай элдин маселесин адамгерчилик жана даанышмандык менен чечкен көсөм, алдыны көрө билген олуя болчу. Демек, кыргыз түшүнүктөрүн талдай келгенде, көп учурда формасы менен мазмуну башкалар ойлогондой эмес, таптакыр башка өңүттө чечилет.

Үчүнчүсү – эстутумдун сапаты. Кыргызда көптөгөн кылымдар бою жазуу, дегеле маалыматты фиксация кыла турган каражаттар жок болгондуктан, кыргыз баласынын аң-сезими жана эстутуму биринчиден сыйымдуу, экинчиден өзүнө керектүүсүн гана тез чыпкалап алгыдай ийкемдүү болгон. Төкмөлүк, манасчылык, эл маселесин калыс чечкен чечендик, санжыра-санаттын сыры ушуга барып такалат. Профессор Тайлак Абдылдабеков агайыбыз бул маданиятты ошондуктан “жады маданияты” деп атоону сунуш кылганы бар.

Төртүнчүсү – нукура элдүүлүгү жана турмушка жакындыгы. Кыргызда “Эл” жана “Мамлекет” деген түшүнүктөр эч качан өзүнчө каралбагандыктан, кыргыз маданиятынын багыттары да кандайдыр элитанын гана көңүл ачуу каражаты болбостон, жалпы элдин сынында болгон. Элдин сыны, калктын кызыкчылыгы, руханий тажрыйбасы баарын таразалап, тазалап, иргеп жүрүп отурган. Көкөлөп кадимки турмуштан алыстап кетишине, чычайып чындыктан оолакташына, түшүнүксүз түр күтүшүнө жол берген эмес.

Бешинчиси – Жолду сактаганы, Жолдон чыкпаганы, дегеле Жол түшүнүгүнүн ыйыктыгы. Кыргызда сөздү бийик баалап, сөзгө жыгыла билген, чыгармачыл маданиятта да, жүрүш-туруш маданиятында да улуунун улуудай, кичүүнүн кичүүдөй, эркектин эркектей, аялдын аялдай орду, Жолу болгон. Ырдын уйкашы, оюунун кыюусу, обондун ыргагы – ошонун баары кыргыз кыртышына жакын, канына сиңген баалуулуктарга шайкеш болгон.

Кеңеш доорунда кыргыз маданияты орусташуу, отурукташуу, шаарлашуу сыяктуу бир топ сыноого дуушар болсо да, негизги өзөгүнөн алыстабай, бир катар мыкты ачылыштарды тартуулады. Залкар жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз маданиятын миңдеген жылдар бою катылып жатып, кеңеш доорунда өсүп чыккан мыкты үрөнгө салыштырганы бар. Абдан таасын мындай салыштыруу азыр да өз баасын жогото элек. Анткени, кеңеш доору чын эле кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрүн дүйнөгө жаңыча өңүттө алып чыкканын эч ким тана албайт.

Бирок кыргыз эли, кыргыз баалуулуктары сыяктуу эле, кыргыз маданияты да эң чоң, опурталдуу сыноону так ушул азыркы мезгилде башынан кечирүүдө. Салттуулуктун жана ырааттуулуктун кедери кетип, таптакыр башка кыртыштан тамыр алган массалык маданияттын каптап кириши, дүйнөлүк ири геосаясий борборлордун атайылап тийгизген руханий таасири, дүйнөлөшүүнүн эпкини кыргыз маданиятынын өзөгүн сактоо маселесин кабыргасынан коюуда.

Арийне, ал бир макаланын чегиндеги эмес, көптөгөн багыттагы адистер менен чогуу-чаран талкуулана турган нерсе.

 

Абдымамбет САРИЕВ, жазуучу:
Маданият – мурасталган тартиптердин Мыйзамы

a_sarievКыргыздын улуттук маданияты негизинен эки бөлүктөн турат:

  1. Ички маданият
  2. Тышкы маданият

Бул экөө тең кыргыздын улуттук каада-салтынын, үрп-адатынын эреже, жол-жоболорун жетекчиликке алып, ар бир чейрек же жарым кылымда замандын өзгөргөн тартибине ылайыкташып, ар бир муунду негизги өзөгүнөн ажыратпай, мурдагы маанисин сактап калып, жаңы өзгөрүүлөрдү ылайыгына жараша кошуп жүрүп отурат да, жалпы кыргыз элин тарбиялап, жол көрсөтүп, улуттук өзүнчөлүктү жана өзгөчөлүктү сактап турат.

Ички маданият деген – бул ар бир кыргызды улуусунан кичүүсүнө, аял-эркегине карабай байыркы ата-бабалардан калган жүрүш-туруш адебин, бири-бирине мамиле жасоо адебин, тамак ичүү адебин, кийим кийүү адебин, сөз сүйлөө адебин, эмгектенүү адебин, отуруп-туруу адебин, ата-энеге мамиле жасоо адебин, аял менен эркектин ортосундагы мамиле адебин, улуу-кичүү адебин, дос-душман адебин, тууган, куда-сөөк адебин, коңшу, айылдаш адебин, уруу (урук) адебин жана башка күндөлүк жашоо-тиричиликте кездешип туруучу адеп мамилелерин жөнгө салган эрежелерди ичине камтып, атадан балага, энеден кызга, улуудан кичүүгө мурасталып келген тартиптердин Мыйзамы болуп эсептелет.

Тышкы маданият деген – бул жалпы кыргыз элине таандык улуттук өзгөчөлүктү билдирип турган кулк-мүнөздү калыптандырууга тарбиялоо адеби, өнөргө үйрөнүү адеби, элдик музыкалык аспаптарды сактоо жана колдонуу адеби, Манасты ыйыктоо адеби, жан-жаныбарларга аңчылык кылуу адеби, жылкы, куш, тайган үйрөтүү жана сактоо адеби, узчулук жана устачылыктын сырын өздөштүрүү жана ага мамиле жасоо адеби, жоокердик духтун адеби, башка элдер менен мамиле түзүүдө өзүн алып жүрүү адеби, душман элдер менен сүйлөшүү адеби, дос элдер менен сүйлөшүү адеби, эл-жерди сактоо маселесинде бир тартипке баш ийүү адеби, от, суу, тоо, таш, жан-жаныбар, өсүмдүк-дарак ж.б. жаратылыштын байлыктарын ыйык сактоонун жолун үйрөтүү адеби, Ата-Журтту ыйыктоо адеби, башка элдер менен бирге тамак ичүүдө улутту уятка калтырбоо адеби жана башка ушул сыяктуу адептердин жыйынтыгын чыгарып, күндөлүк жашоо-тиричиликтен тышкаркы жалпы улутка тиешелүү Адептерди ичине камтыган эрежелердин жыйындысы болуп эсептелет.

Кыргыздар дал ушул Ички жана Тышкы маданияттын эрежелерин колдонуп жана ага баш ийип, кыргыздын улуттук каада-салтынын, үрп-адатынын эреже, жол-жоболорун Ички жана Тышкы маданиятка айкалыштырып, жок болуудан, бузукулуктан, адашуудан алыс болуп, кылымдан кылымга өз алдынчалыгын жоготпой жашап келишкен.

 

Замир ЫМАНКАЛИЕВ, “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмесинин мүчөсү:
Бийик маданият көлөкөдө калууда

z_ymankalievМаданият – кайсы бир улуттун кулк-мүнөзүн (менталитетин), каада-салтын, нарк-насилин, үрп-адатын, уз-чеберчилигин жана өнөр-чыгармачылыгын камтыган руханий тереӊ түшүнүк же башкача айтканда бир улутка таандык жашоо образы деп айтсак болот.

Анткени, турмушта маданияттуу жүрүм-турум, өнүккөн маданияттуу коом жана маданий өнөр-чыгармачылык деген түшүнүктөр калыптанган. Ошондуктан улуттун улут катары сакталып калышы – улуттун маданиятынын өнүгүшүнөн көз каранды.

Өнүккөн маданият – руханий өнүккөн коомду; коом – бир улутту түзөт. Тилекке каршы, бүгүнкү ааламдашуу доорунда коомчулук маданиятты цивилизация жана дин түшүнүктөрү менен чаташтырып, чоӊ жаӊылыштык кетирип жатат. Өзүбүздүн маданиятыбызды өзүбүзгө жат көрүнүш катары баалагандар четтен чыгууда. Кийинки учурларда маданиятты шоу-бизнес менен алмаштырып да калышты.

Маданияттын баркын түшүрүп, кунун кетирип жаткан чала-чыгармачыл, атак-даңкка тойбогондор бүгүн өздөрүнүн деңгээли менен маданиятты жерге чаап жатышат. Бул сын эмес, бул кадимки биз күнүгө күбө болуп жаткан көрүнүштөр.

Ал эми бийик маданияттуулук жана сапаттуулук – жалтырактанган арсыздыктын, шөкөттөлгөн менменсинүүнүн көлөкөсүндө калууда. Ушул өкүнчтүү деп ойлойм.

 

Айбек БАЙЫМБЕТОВ:
Салттуу маданият – элдин күчү

a_baiymbetovМаданиятты белгилүү бир түшүнүккө сыйдырып салуу мүмкүн эмес, анын чеги эркин таркап кеткен.

Бирок, маданияттын түшүндүрмөлөрүнүн көп түрдүүлүгүнө карабастан, анын өзөктүү багытынан адашпаган озуйпасы бар экени белгилүү. Эгер ошондон улам алып карай турган болсок, анда бүгүнкү күндө анын орду жана мүмкүнчүлүгү тууралуу учкай сүртүмдөрдү жасап кетүүгө болот.

Маселен, бүгүнкү күндө маданиятка кайрылып жатканыбыздын башкы себеби, бул системалык кризис учурунда көз менен көрүп, акыл менен туя албай турган кезде, айласыздан карбаластап барып кармай турган нерсебиз маданият болууда. Интуитивдик деңгээлде туура тандоо болуп жатканы менен, улуттук маданиятыбызга карай өзүбүздү толук кандуу жөндөй албай келебиз. Мындай учурда маданият жалпыга бүкүл бойдон, сырткы көрүнүш катары кабылданып, анын нагыз ички мазмуну ачылбай калат.

Улуттук маданият жалпыдан ар бир адамга жеке түрдө келип, кайра жалпыга карай жеке руханий өндүрүм болуп тарайт. Бул кыймыл элдин жашоосунда башкы аныктооч катары, же болбосо тарыхый-тагдырды бере турган дарамет болуп саналат. Биз эл катары тагдырыбызды өзүбүздүн колубузга өзүбүз тапшырык кылуу сааты учурда тарыхый момент боло тургандыгын көпчүлүк сезип турат. Мындай учурлар элдин жашоо жолунда белгилүү бир убакыттарда пайда боло турган мыйзам-ченемдүү көрүнүш.

Ушул чек кайсы бир элдин кийинки кылымдарга бар же жок боло тургандыгын аныктайт. Ушул чек – элдин улуттук күчүнө анык сыноо. Ал эми элдин күчү же улуттук эрк эмнеден көз каранды? Албетте жеринини кеңдигинен же болбосо эсепсиз малдын санынан эмес, маданиятынын потенциалынан көз каранды. Маданият – бул элдик дух. Ал эми жаны болсо – өтүп жаткан жашоо. Каны болсо – мамлекеттик түзүлүш. Кан бузук болсо, жашоо сапатсыз, дымак жетишсиз. Бирок эгер элдик дымак көтөрүлсө, дем-кубаты топтолсо, баардыгы дароо өзгөрө тургандыгын жакшы билебиз. Биздин милдетибиз – элге жарык чачуу.

Азыр элдин жалпы маданий климаты бузулган, саясый-экономикалык реформа эмес, коомчулукка адегенде интеллектуалдык жана моралдык реформа жүргүзүү зарыл болуп турат. Кыргыз элинин чыгармачыл потенциалын жана аны менен бирге жаӊы тарыхый өнүгүү этабына элдин күчүн мобилизациялай турган бирден бир күч – бул салттуу маданият. Ансыз кыргыз элинин жашоо кыймылын, рух тирүүлүгүн элестетүү мүмкүн эмес.

Салттуу маданият – бул адамдардын акыл-эс дараметин, аӊ-сезимин жогорку түшүнүктөгү деӊгээлге чыгара турган бийик реалдуу ырааттуулук. Маданияттын жолу туруктуу жана түбөлүк. Ал эми дин менен идеологияны камтыган цивилизациянын жолу туруксуз жана убактылуу. Маданияттын өзөгүндө бийик гумандуулук жатат жана ага адам табиятынын асылдыгы чөгөрүлгөн. Ошондуктан маданияттын чеги жок жана ал эч качан көз каранды болушу мүмкүн эмес.

Бир убакта жаралган маданияттын жашоосу цивилизациялык өнүгүүнүн көлөкөсүндө калып жоголушу мүмкүн, бирок табигый негизи күчтүү болгондуктан, жашоого тийгизген таасирин, тамырын жоготпойт. Качандыр бир кезде эски урандылардын астынан жаӊы жашоо кайрадан жарала берет. Жерди жарып оргуштап аккан булак сыяктуу, маданият адамдын акылы менен табият мыйзамын бир шайкештикте жууруп, таза асылдыкты коомдук мамилеге эреже кылып берет.

Маданият – табигый түрдө, таңууланбаган жашоо чындыгы менен жарала турган элдик символ. Анын тамыры адамдын түшүнүгүндө жана руханий жетилгендигинде уюп жатат. Жыйынтыктап айтканда, коомду жаңыртуу жеке ар бир адамдын абийири менен келе турган маселе. Элдин өнүгүү башатында руханий-маданий ишмердүүлүк турганда гана коом адилеттүү теӊ салмактуулукка жетет.

“Көк асаба, 02.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.