Раев: “Кыргыз тарыхын чагылдырган документалдуу фильмдердин цикли жаралат”

«Кыргыз тарыхынын изи менен» аттуу документалдуу фильмдердин циклин жаратуу үчүн этнографтардан, киночулардан болуп 5-6 адамдан турган атайын экспедиция түзүлдү. Анын биринчи бөлүгү «Улуу кыргыз каганаты» деген аталышта даярдалат. Бул Алтайда, Хакасияда, Ички Монголияда, Индияда, Тибетте, Кытайда тартылат.

“Улут уюткусунда” быйылкы тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча Кыргыз өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Мамлекеттик дирекциянын аткарып жаткан жана алдыда аткара турган иш-чаралары тууралуу кеңири маалымат бердик. Суроолорго мамлекеттик дирекциянын директору, Кыргыз Эл жазуучусу Раев Султан Акимович жооп берди.

 

Маданият – мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болушу керек

– Өзүңүздөргө маалым болгондой, Президенттин жарлыгы менен быйылкы жыл «Тарых жана маданият жылы» деп жарыяланган. Бул жылдын ушундай аталышы өтө чоң саясий, маданий жана руханий мааниси бар. Себеби, тарых жана маданият – бул биздин улутубуздун өзөгүн аныктаган жана улутту улут кылып турган ыйык түшүнүктөр болуп саналат. Деги эле ар бир эл тарыхы жана маданияты менен улут боло алат. Ошондуктан, биз бир жыл бою тарых жана маданиятка өзгөчө мамиле жасашыбыз керек. Быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 25 жыл болуп атат. Бул жыл аралыгында биринчи жолу бул тармакка ушундай көңүл бөлүнүп атат. Бул жылдын алкагында өткөрө турган өтө чоң маанилүү маселелер бар. Албетте, бир жылдын аралыгында тарых жана маданият жаатындагы маселелерди чечип коебуз деген туура эмес түшүнүк. Бирок, Өлкө башчысы Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин улуттун руханий өзөгүн түзгөн эки олуттуу маселеге өзгөчө маани берип жаткандыгы, демек, биздин чоң саясатыбызда тарых жана маданият чоң орунду ээлейт десек болот. Ошондой эле кандай эл, кандай мамлекет болбосун маданият – мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болушу керек. Бул тармактарга болгону системалуу, саясий мамиленин күзгүсү катары эсептелет. Быйылкы жылдын алкагында жалпысынан 78 иш-чара өткөрөбүз. Алар ушул жылдын эң орчундуу окуяларына байланышкан. Анын ичинде эки эл аралык маанидеги иш-чара өтөт. Биринчиси, улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, экинчиси, сентябрь айында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну. Ошондой эле, жалпы улуттук эки иш-чарабыз бар. Ал Үркүндүн 100 жылдыгы жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы. Аны менен бирге республикалык маанидеги биздин саясатыбызда, мамлекеттик түзүлүшүбүздө маанилүү этаптар болгон Кыргыз АССРинин 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин 80 жылдыгы болуп эсептелет. Мындан сырткары дагы тарых илимине жана маданиятты өнүктүрүүгө, анын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга байланышкан, маданияттагы негизги ролду ойногон биздин таланттарга болгон мамлекеттик көз карашты, саясатты башка нукка буруу, чыгармачыл адамдардын кадыр-баркы, коомдогу орду жөнүндө кеңири маселелер козголот. Алардын социалдык абалын оңдоо, айлык акысын көтөрүү жагы дагы ушул жылдын алкагында каралат. Негизи быйылкы жыл руханий жыл катары эсептелиши керек. Себеби, рух, дух кыргыздын каны, жаны менен бүткөн нерсе. Ошондуктан, кыргыздын жанына, канына жакын нерселерди көтөрүүгө тийишпиз. Мындан сырткары быйыл Тайлак баатырдын 220 жылдыгын белгилейбиз. Тайлак баатыр – кыргыз тарыхында өзгөчө фигура, өзгөчө феномен. Ал өз кезегинде кыргыз элин, жерин сактап калууга башын сайып койгон баатырларыбыздын бири. Ал киши бир эле убакта Кокон хандыгы жана Цин империясы менен кармашкан. Ошону менен бирге кыргыздын улуу ырчысы Болот Миңжылкыевдин, Кайыргүл Сартбаеванын, Молдо Нияздын, кинорежиссер Болот Шамшиевдин дагы мааракелери ушул жылдын алкагында белгиленет. Былтыркы жылы шайлоодон улам белгиленбей калган Алымбек Датканын мааракесине байланышкан иш-чараларды быйыл өткөрөбүз. Жакында Ош шаарында Советтик партиялык кызматкерлердин демилгеси менен Султан Ибраимовду эскерүү кечеси өткөнү жатат. 78 иш-чаранын ичине кирбеген буга окшогон иштер абдан көп. Жалпысынан Маданият министрлиги эле 2 миңге жакын иш-чара өткөрөт.

 

Тарых жана маданият жылы биздин элибиз үчүн руханий из калтырышы зарыл

– Негизи дирекциянын башкы максаты – ушул тематикалык жылдын алкагында боло турган бардык иш-чараларды координациалоо, багыттоо, белгиленген иштерди жогорку деңгээлде өткөрүүгө жооп берет. Бардык министрликтер, башкармалыктар, агенттиктер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биз тыгыз иштешип атабыз. Айыл өкмөттөрдөн баштап, өкмөттүк деңгээлде иштерди алып баруудабыз. Көпчүлүк ушундай кыйын, экономикалык каатчылык мезгилде ушундай нерселерди өткөрбөй эле экономикага көңүл бурбайлыбы деген суроолорун беришет. Албетте, ар бир өлкөнүн башында экономикалык каатчылык болгон, энергетикалык, финансылык кризис дагы болгон. Бирок, ошол кризистердин бардыгынан жогору турган нерсе – руханий чөйрө, көкүрөк маселеси болуп саналат. Буга чейин деле ар кандай багыттарды өнүктүрүү боюнча жылдар ар кандай аталып келген, бирок, бул жыл биз үчүн өзгөчө. Ошондуктан, эң башкысы биздин элибиздин духун, өздүк идентификациясын сактап калуу – бул экономикадан дагы, саясаттан дагы жогору турган маселе. Бул жылдын негизги акценти – экинчи планда калган, кээ бир жоготуп бараткан баалуулуктарыбызды кайра калыбына келтирүү болуп саналат. Президенттин жарлыгынын мааниси дагы ушунда. Барыбыз көрүп тургандай, азыр дүйнөдө кандай гана конфликтер, драмалык окуялар болуп атат. Ошонун бардыгы бүгүн экономикалык, же геосаясий, же финансылык, энергетикалык үстөмдүктөн эмес, маданияттардын үстөмдүгү тууралуу сөз болуп жатат. Бул маданияттардын ортосундагы кагылыш. Дүйнөдө ушундай өзгөрүүлөр болуп жатканда, дүйнө ушундай чакырык таштап турган учурда кыргыз эли, мамлекети, кыргыз улуту үчүн ошол нерсеге бир гана жооп, бир гана альтернатива – бул маданият. Бүгүнкү күндө кыргыз деген көкүрөгүбүздү сактап калабыз деген маселе мекенди сактап калууга тете маселе. Ошондуктан, азыркы жасап аткан иштерибиздин эң башкы максаты дагы ошондо. Бул бир гана Мамлекеттик дирекциянын, Өкмөттүн, Маданият министрлигинин деңгээлинде чечиле турган нерсе эмес. Муну ар бир кыргыз жаранынын, ар бир кыргыздын ыйык милдети катары кабыл алыш керек. Себеби, бул ар бир адамдын жан дүйнөсүнө түздөн түз байланышкан нерсе. Бул жерде «мамлекет өткөрүп атыптыр, биз четте туруп туралы» деген принцип болбош керек. Тарых жана маданият жылы биздин элибиз үчүн руханий из калтырышы зарыл деп ойлойм.

 

Тарыхта биринчи жолу кыргыз тарыхынын академиялык басылышынын 3 томдугу чыкты

– Кыргыздын тарыхы боюнча буга чейин бир топ маселелер көтөрүлүп, ар кандай тарыхый божомолдор, версиялар, көз караштар айтылып келди. Бирок, ушул кезге чейин Советтер союзундагы учур эмес, эгемендүүлүк алган акыркы 25 жылда деле биринчи жолу кыргыз тарыхынын академиялык басылышынын 3 томдугун чыгарып атабыз. Бул тарых илиминдеги чоң жетишкендик катары бааласа болот. Себеби, академиялык басылыш гана ошол элдин тарыхына так, даана баа берүүгө татыктуу эмгек болуп эсептелет. Албетте, тарыхта изилдене турган, талаш-тартышты туудура турган маселелер бар. Азыркы күндө кыргыз тарыхындагы жаңы даректер, булактар чыгып атат. Кытай, Европа, Лондондогу архивдерде Кыргыз мамлекетине байланышкан абдан уникалдуу материалдар табылып жатат. Мисалга, башка коңшу мамлекеттер эбак эле өзүнүн тарыхынын изи менен бүткүл дүйнөлүк архивдерге сүңгүп кирип, өз даректерин таап жатышат. Ал эми эң өкүнүчтүүсү, биз кыргыз эли өтө бай, өтө терең тарыхка ээ болуп туруп, бүгүн «уйкуда» турганыбыз биздин өзүбүздүн тарыхка болгон чыккынчылык болуп саналат. Ошондуктан, биз тарыхыбызды кайрадан жаратып, тарыхтын санжырасын кайрадан түзүшүбүз керек. Ар бир адам өз тарыхын гана билбестен, ата-бабаларынын тарыхы менен сыймыктанып, ошол тарыхтын мындан аркы улантуучусу болуш керек. Бул тек гана тарых үчүн эмес, ар бир адамдын көкүрөгү үчүн керектүү нерсе. Албетте ушул жыл менен бул иштер токтоп калбашы зарыл. Бул багытта сөзсүз бир мамлекеттик орган болуусу кажет. 2016-жылдын соңунда тарых жана маданият жылын жыйынтыктайбыз. Ошондо бул дирекцияны улуттук иш чараларды өткөрүү дирекциясы кылып коелу деп атабыз. Элдик, улуттук, идеологиялык түшүнүктөрдү иштеп чыга турган фундаменталдуу иштер менен алектене турган мекеме болот. Чындыгында өзүбүздүн идеологиябызды жоготуп баратабыз. Бул мекеме ушул маселелер менен сөзсүз алектениш керек.

 

Ушундай оор кырдаалга туш болуп жатканыбыз өзүбүздүн пейилибизге жараша

– Бюджет боюнча айтканда өзүмдүн көз карашымды билдирип кетким келет. Албетте, ар бир мамлекеттин өзүнүн тарыхы, маданияты бар. Бул мамлекеттин ыйык бир түшүнүгү катары эсептелиш керек. Биздин жашообуз бир эле нан менен эмес, көкүрөк менен дагы өтөт. Ошондуктан, аны көз жаздымда калтырып кое турган болсок, биз көп нерсени уттурабыз. Каржыдан мурда дух маселеси тууралуу айткым келет. Башка мамлекеттерди албаганда 30-жылдары Америкада «улуу депрессия» деген өтө оор, бардык жактан каатчылык жылдар болгон. Бул мезгилден алар бир эле «Жашасын өнөр!», «Жашасын искусство!» деген ураан менен чыккан. Ушундай кырдаалда алар үчүн адамдардын көкүрөгүн сактап калуу өтө маанилүү болгон. Ошол учурларда алардын искусство тармагында улуу гений адамдар чыккан. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш учурунда элге нан жетпей ачка калып аткан учурда театрлар элдин духун көтөрүү үчүн спектаклдерди коюшкан. Ошол кезде мыкты ырлар жаралган. Ошондуктан, азыркы мезгилдин ракурсун ала турган болсок, бул бизге абдан керек болуп турат. Жашырганда эмне, азыркы мезгилде нравалык, көңүл, пейил, ыйман маселеси бизде ыдырап бараткандыгы кайсы гана маалымат булагын карабайлы ушундай окуялар тилекке каршы болуп жатат. Биз ушундай ахывалга жетип калдык. Биз азыр улуттук аң-сезимди, улуттук туюмду, пейилди ойлоно турган мезгил келип жетти. 25 жылдан бери маданиятка өзгөчө көңүл бурбай, анын мамлекеттин турмушундагы ордуна маани бербей жүрүп, мына ушул күнгө келип отурабыз. Эми аны калыбына келтирүү өтө оор болуп, көп процессти талап кылат. Каражат деп жатабыз, 2005-жылдары мен министр болуп турган мезгилде бюджеттен 64 млн сом гана бөлүнчү. Ошол каражат менен бүткүл биздин маданиятыбызды кармап турганбыз. Азыркы учурда 1 млрд 300 млнго жетти. Ошондуктан биз 10 жыл мурда көп нерселерди уттуруп жибердик. Бирок, азыр деле кеч эмес. Кыргыз элинин келечеги абдан кең, кыргыз эли абдан билимдүү. Ушундай оор кырдаалга туш болуп жатканыбыз өзүбүздүн пейилибизге жараша деп ойлойм. Ошондуктан, кеп акчада эмес, кеп жетишпеген турмушта эмес, кеп көкүрөктүн ачкалыгында. Эгер көкүрөгүбүз ачка кала турган болсо, биз улут катары жок болуп кетишибиз ыктымал. Азыркы глобалдашуунун чакырыгына өзүбүздүн кыргыз деген духубуз менен жооп беребиз. Бул нерсени жоготуп албашыбыз керек. Албетте, көп нерсе каражатка дагы байланыштуу, ансыз болбойт. Быйылкы тарых жана маданият жылындагы 78 иш-чараны өткөрүүгө республикалык бюджеттен 93 млн сом бөлүнгөн.

 

Саймалуу-Таш – алгачкы адам генийинин жараткан эмгектери

– Үркүндүн 100 жылдыгына карата мемориалдык комплекс куруп жатабыз. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөбүз. Бул 400 млнго жакын каражатты талап кылган иш. Чолпон-Атада азыркы мезгилдин талабына жооп бере тургандай ат майдан курулуп жатат. Негизи эле келечек үчүн иштей турган нерселер жасалып жатат. Дагы бир айта кетчү нерсе, бизде көптөгөн тарыхый эстеликтер бар. Мисалга, 2009-жылы Сулайман Тоонун биринчи обьектиси бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Андан кийин материалдык эмес маданий мурастар болгон «Манас» эпосу, айтыш, шырдак, боз үй ж.б. кирди. Биз дүйнө коомчулугуна өзүбүздүн руханий дөөлөттөрүбүздү көрсөтө баштадык. Бул иш системалуу түрдө улана бериш керек. Ошондой эле Саймалуу-Таш – бул кыргыз элинин байыркы эл экендигин аныктаган бирден бир тарыхый далил деп айтсак болот. Ошол тоо боорундагы жазылган сүрөттөр алгачкы адам генийинин жараткан эмгектери. Буга көп жылдан бери мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келе жаткан. Быйыл бюджеттен 7 млн 900 миң сом бөлүнүп, Саймалуу-Таштагы петроглифтерди паспорттоштуруу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Бул өтө жакшы көрүнүш. Мындай петроглифтер бир эле Саймалуу-Ташта эмес, өлкөнүн башка аймактарында дагы бар. Анын барын мамлекеттик күзгү менен карап, изилдей турган мезгил келди. Себеби, мындай табылгалар дүйнөнүн башка жерлеринде көп эле кездеше бербейт. Бул бизге таандык, биздин тарыхыбыздын, кыргыз элинин байыркылыгынын бир белгиси болуп эсептелет.

 

«Кыргыз тарыхынын изи менен» аттуу документалдуу фильмдердин цикли жаралат

– Жакында илимди жана кинону бириктирип бир экспедиция түзүп атабыз. Анын курамында этнографтар, киночулар болуп 5-6 адамдан турган команда болот. Алар «Кыргыз тарыхынын изи менен» деген документалдуу фильмдердин циклин жаратууга киришип жатышат. Биринчи бөлүгү «Улуу кыргыз каганаты» деген аталышта даректүү фильм даярдалат. Бул Алтайда, Хакасияда, Ички Монголияда, Индияда, Тибетте, Кытайда тартылат. Май айында бул экспедицияны жиберсек, ноябрь айында ошол циклдин биринчи бөлүгүн тартат элек. Ал эми калган бөлүктөрү кыргыздын башка доорлоруна арналат. 10-15 бөлүктөн турган фильмдерди даярдашыбыз керек. Ушундай мүмкүнчүлүк жаралып жаткандан кийин сөзсүз түрдө тарыхыбызды кинонун тили менен дагы калтырышыбыз керек. Биздин эң негизги максатыбыз – тарых жана маданият аркылуу улуттук өзгөчөлүгүбүздү, улуттук идеологиябызды дүйнөгө таанытуу өтө актуалдуу деп ойлойм. Мындан тышкары Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата анын «Куттуу билим» деген эмгегинин 3 томдугун басмага даярдап койдук, буюрса чыгат. Ошол эле учурда жаңы табылып жаткан даректерди дагы китеп катары чыгарып коюуга биз ынтызарбыз. Бул боюнча Илимдер академиясы, Билим берүү министрлиги тиешелүү иштерди алып барып жатат.

Үркүн боюнча бир көркөм фильм тартылып атат. Ошондой эле Үркүндүн хронологиясын чагылдырган бир нече документалдуу фильмдер бар. Андан сырткары, театрларда Үркүн темасына арналган спектаклдер арасында сынакты Маданият министрлиги уюштуруп жатат. Буга атайын акча каражаты бөлүнгөн. Кыргызстандагы 20дан ашуун профессионалдык театрларга тарыхый спектаклдерди коюу үчүн 15 млн сом каралган. Быйылкы жылы сүрөтчүлөрдүн дагы өзүнчө сынагы, эл аралык фестивалы өтөт.

Андан башка Тайлак баатырдын 220 жылдыгына карата ал тууралуу көркөм фильм тартуу үчүн сценарийине сынак жарыяланды. Анын жыйынтыгын май айынын башында чыгарып, 2017-жылы фильмди тартууга киришебиз. Албетте, китептен сырткары дагы визуалдык, көрө турган материалдарды даярдайбыз.

 

Этномаданият – биздин өзөктүү маданиятыбыз болуп саналат

– 15-майда Ош шаарында этномаданият фетивалы өткөнү жатат. Анда кыргыздын көөнө кийимдери, этномузыкасы, кыргыздын байыркы түшүнүктөрү, оюндары көрсөтүлөт. Бул биринчи жолу өтүп жатат, бирок биз муну такай өткөрүп туруу маселесин козгоп атабыз. Албетте, бул колго алынып калса, бүгүнкү күндө канчалаган биздин дизайнерлер кыргыздын кийимдерин даңазалап жатышат, ушул деңгээлде жайылта турган болсо, биздин кийимдер дүйнөлүк кийимдер империясында өзүнүн ордун таап калышы мүмкүн. Биздин кийимдер дүйнөлүк атак-даңкка арзый турган кийимдер болуп саналат. Кийимдерден эле биздин жан дүйнөбүз көрүнүп турат. Бул фестивалга «мен кыргызмын» деген ар бир жаран ак калпак, ак элечек, ак жоолук менен келип, ошол аура сакталыш керек. Этномаданият – биздин өзөктүү маданиятыбыз болуп саналат. Бүгүнкү күндө аны жандандыруу өтө маанилүү. Ошондуктан ар бир облуста өзүнчө этноборбор түзүлүп, ал жерде бардык бизге таандык болгон маданияттын, каада-салттын көрүнүшү болуш керек. Бул боюнча аракет көрүп, бир эле мамлекет эмес, демилгелүү адамдар деле курса болот. Бүгүнкү күнгө чейин бизде ритуалдар жөнүндө документалдуу фильм жок. Биздин баланы бешикке салуудан баштап ар бир салтыбызды кийинки муунга калтырып, аны жайылтууну ойлонушубуз керек.

 

Балдар үчүн анимация студиясы түзүлөт

– Биз маданият аркылуу жаш өспүрүмдөрдү, келечекти тарбиялайбыз. Ошондуктан, билим берүү системасына, мектептерге маданият, искусство, аймак таануу сабактарын киргизиш керек. Чындыгында бул маселени колдойм. Буга чукул арада киришүүнү Билим берүү министрлиги дагы ойлонуп аткандыр. Экинчиден дагы бир чоң иш – анимация студиясын түзүү боюнча иштерди баштап атабыз. Ал аркылуу балдарга арналган мультфильмдерди тартып, алардын эстетикалык табитин ойготуу максатында. Келечектеги көрүүчүнү балдардан башташыбыз керек. Эстетикалык татымдарды балдарга өз учурунда бере алсак, сөзсүз түрдө көкүрөгү бай адамдарды жаратабыз.

Каныкей Бозгунова, «Марал ФМ», 19.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.