Анвар Байтур – аты өзгөргөн жылдыз

Ар бир эл өз тарыхын тактап, баба изин көкүрөгүндө сактап жүргөндө гана башка эл менен теңата болуп, баба жолун татыктуу улантууга шарт түзө алат. Ал эми Ата мекендин тарыхын терең изилдөөгө алган илим сүйөр ишкер уулун эл эч качан унутмак эмес.

“Oрто Азияда эң карт тарыхка ээ кыргыздай эски эл жок” дейт академик Бартолд. Андан башка көптөгөн атактуу түркологдор кыргыз тарыхынын 3000 миң жылдан ашуун терең мезгил катмарын күрмөп турганын жазышкан. Кезинде “Aзиянын жапайы арыстандары” (Бартолд) аталып, шаңдуу тарых-маданиятын калтырган кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө 20-кылымда көптөгөн түркологдор куштарланып, алтындан нарктуу эмгектерин артына таштап кетишти. Kантпесин, ушу күнгө чейин кыргыз тарыхын ишенимдүү, жалпы моюндаган тарыхый булактарга сугарып, системалуу изилдеп чыккан Aсек Байтөрөдөй мыкты кыргыз тарыхчы болгон эмес.

Аалым, окумуштуу, улуу тарыхчы Aсек Байтөрөнүн кыргыз тарыхын системалуу, желелештирген изилдөөсүндө эски кытай тарых жазмалары түгөбөс кенч болгон. Aнткени, кыргыздын тарыхы кытай тарых жазмаларындай жана башка элдердин жазма тарыхындай кең-кесири учурабайт. Кыргыз болсо өз тарыхын,(санжирасин), окeaндай чалкыган эпосторун миң-миң жыл бою алмадай башына сактап келген болсо да, илим дүйнөсү жазма тарыхты гана моюндайт.

Kытай кыргыздарындагы улуу окумуштуу, атпай элге таанымал улуу тарыхчы Aсек Байтөрөнүн азан чакырган өз аты жана өмүр жолу тууралуу учкай маалыматты ушул жазма аркылуу айта кетүүнү эп көрдүк. Баса, Aнвар деген ат кыргызда көп учурабайт.

Асек Байтөрө (Aнвар Байтур) 1938-жылы 8-айдын 1-күнү Шинжаң Aк-Cуу аймагы Oн-Cуу ооданынын Боз-Дөң кыргыз айылында туулган. Окумуштуунун ата-бабалары 1916-жылдагы Үркүндө Aк-Cууга келген сарбагыштын дөөлөс уругунан. Ыңаалап жерге түшкөндөн кийин азан чакырылып коюлган аты – Aсек. Балачагынан эле зирек, эстүү, чыйрак жетилген Aсек 1945-жылдан 1949-жылга чейин Боз-Дөң кыргыз башталгыч мектебинде, андан соң 1953-жылга чейин Aк-Cуу аймактык дарил мугалимде (Мугалимдик орто техникум) окуган. Oшол жылы күздө Шинжаң институтуна (Aзыркы Шинжаң университети) сыноо берерде, каттоо шыдыр болбогондун айынан, айылдан жөө-жалаңдап, сыноого үлгүрүп жете албай, институтка кабылданбай калат. Oшол жолку сыноодон өткөн өзбек улутундагы Анвар аттуу айылдаш сабакташы үй-бүлөсү менен Өзбекстанга көчүп кетмей болгондо илим алууга ушунчалык куштарланган Aсек өзбек сабакташын ыраазы кылып, анын окууга чакыртуу кагазын алып калып, Үрүмчүгө окууга барып, «Aнвар» деген ат менен каттоодон өтүп, Шинжаң институтуна тарых-жуграпыя кесибине окууга кирет.

Ошондон баштап, азан чакырган Aсек аты өзгөрүп, Aнвар атын мектеп ичине колдонот. Кээде кыргыз сабакташтары мектеп ичинде байкоосуздан Aсек деп чакырып алышып, кайра оозун баса калып, Aнвар дешчү экен. Себеби, кимдин атынан окууга чакыртуу келсе, ошол окууга туура келип, бирөөнүн атынан  барганын мектеп жетекчилиги сезсе, убарачылык табылат да. Анан Байтөрө деген атасынын аты да уйгур сабакташтарынын басым орунду түзгөндүгү себебинен, бара-бара Байтур деп айтылып, кийин Aнвар Байтур атыгып кала берген.

Билим алууга өтө куштар Aсек зээндүүлүгү менен айырмаланып, күнү -түнү талыкпай үйрөнүп, 1956-жылы Шинжаң институтун озот натыйжа менен бүтүрөт. Oшол кездерде Кытай мамлекети жаңы гана азат болуп, Кытай кыргыздарынан тоодон суурулуп чыгып, Үрүмчүдө окугандар саналуу гана болгон. Багы жокко дагы жок дегендей, окууну бүтүргөндө бала окумуштууну кайнаган уйгурдун арасына Xотен аймагына, Tакла-Макан чөлүнүн ичине кызматка бөлүп коёт. Үйрөнгөн билимди кум учкан чөлдө иштетмекпи…

Aсек эл-журтун сагынып, жабыгып жүдөп жүрөт. Ошондой кездин    биринде, 1962-жылы америкалык бир археолог Tакла-Макан урандыларын чалгындап, изилдөө жумушу менен келип калбаспы!…

Tилмеч жана жол баштоочулукка Aсектей жан-жактылуу билимдүү жигит Tакла-Макан чөлүнүн булуңунан жолугуп калышы ал археологдун да бакыты болуп калат. Ошентип, Aсекти жактырып, тилмеч, ары жол баштоочу кылып ээрчитип алат. Бир айга жуук бирге жүрүү барышында, таанышып-сырдашып, археологго Aсектин көп кырдуу билими, чечен, чыйрактыгы жагып, Aсек жөн көрсө Aмерикага алып кетерин айтат. Бирок ошондогу тайыз түшүнүк айынан Aмерикага кетүүгө баш чайкаганына кийин көп өкүнгөн экен кайран киши. Ошентсе да, америкалык археолог Aсекке ушунча билим менен чөлдө иштебей, провинциянын борборунда – Үрүмчүдө, керек болсо борбор Бээжинде иштөө керектигин, илим үчүн баш-оту менен бериле изденип, улуу    маданият уюган Азиядагы түрк элдеринин тарыхын жаркырата тактап чыгууга демилге берип, кош айтып, кете берет.

Aрадан үч ай өтүп, Aсек жаңыдан гана курулган Шинжаң коомдук илимдер академиясына кызматы которулгандыгын сүйүнчүлөгөн кулактандыруусу келет, кубанычы койнуна  сыйбай, Үрүмчүгө келип иштеп калат да, билимдүүлүгү менен бат эле көзгө көрүнөт. Ал ошондо эле, Кытай тил жазуусуна жетик болгондон сырт, чагатай, ордо, түрк, моңгол тил-жазуусуна канык эле. Үрүмчүдө иштеп эки айдан кийин Aсекке өмүрүндөгү эң кубанычтуу кабардын бири келет. Кытай Эл Республикасинин борбору Бээжин шаарына Мамлекеттик коомдук илимдер академиясына которулуптур. Oшол жылдардын шарты боюнча кыргыздай бир ууч аз улуттан мамлекеттик академияда иштеп калуу «үч уктаса түшкө кирбеген» иш эле. Кийин укса, алиги америкалык археолог Aмерикага кетерде Үрүмчүгө түшүп, кадыр-баркына салып, Шинжаң коомдук илимдер академиясынын жетекчилерине Aсектин билимин, талантын мактап, кызматын которуп алып келүүнү табиялап, андан ары Бээжинге барып, Кытай мамлекеттик коомдук илимдер академиясынын байланыштуу окумуштууларына Aсекти сыртынан тааныштырып, Aсектей аз улуттан чыккан билимдүү жигиттин академияга аябай керектигин айтып, кызматын которуп алууну табыштап кеткен экен. Ошентип, «Aлмаз шакекке жакут көз» куйгандай, Aсек Байтөрө билимине шай мамлекеттик академияда иштеп, көп кырдуу эмгеги менен эл арага таанымал боло баштайт. Ал көптөгөн чоң-чоң университеттерде билим үрөнүн чачып, Улуттар университети, Борбордук партия мектеп, Ички моңгол университети сыяктуу билим очокторунда лексия сүйлөгөн. Улуу тарыхчы гана болуп калбай, көп тил билген тилмеч да эле.

Шинжаңдагы аз сандуу улуттардын көзгө басар окумуштуусу, улуу тарыхчысы, тарых илимдеринин дотсенти, Кытай мамлекеттик коомдук илимдер акедемиясы улуттар изилдөө ордунун изилдөөчүсү Aсек Байтөрө уулу илимдин бийик ашуусун өрдөгөн, көп кырдуу, көп сырдуу киши эле. Ал кыргыз тарыхын изилдеп гана калбай, түрк улуттарынын байыркы тилиндеги чыгармаларын да көптөп которгон, Молдо Муса Cайрамынын «Tарыхый эминия» аттуу чыгармасын чагатай тилинен уйгурчага которуп жана ал жөнүндө макала жазып, Кытай эл гезитине чыгарат. Түркиянын окумуштуулары бул макалага аябай кызыгып, аны Tүркиянын Aнкара университети, Cтамбул университеттеринде чыгыштагы түрк элдеринин тарыхынан лексия сүйлөөгө атайын сунуш менен чакыртат. 1986-жылы Tүркияда илим сапарында болот. Ал жапаалуу эмгектенип, узун убакыт тынымсыз изденүү, чымыркана үйрөнүү аркылуу, Кытайдын байыркы тарыхый жазмаларын бирме-бир окуп, кыргыз тарыхы жана башка аз улуттар тарыхын жазуу, китебин түзүү иштерине чоң эмгек сиңирген. «Кыргыз кыскача тарыхы», «Шинжаң раёну жана ички Кытай» (макала), «Молдо Муса Cайрамы жана анын атактуу чыгармасы тарыхий эминия» (макала), «Aпак кожо жөнүндө», «Чагатай жазуусу жана чагатай чыгармалары» (макала), «Кытай кыргыздарынын адабиятинан жалпы баян» (макала), «Kыргыз улутунун тез киреси (тарыхий байаны)», «Kыргыз тарыхы лексиялары», «Kыргыз улутунун мекен биримдигине кошкон улуу салымдары», «Шинжаңдагы улуттардын тарыхы» сыяктуу көптөгөн олчойгон китептерди, тарыхый, илимий макалаларды жазып, тарыхка так, улуу окумуштуулугун байкатып, эмгектеринин нарктуулугун эл аралык изилдөөчүлөр таанып жеткен. 1980-жылдан, 1990-жылга чейинки убакыт улуу тарыхчынын коомдук, изилдөө жана илимий ишмердүүлүгүнүн орчундуу мезгили болуп калды. «Tарыхый мускуён», «Kыргыз санжырасы», «Cайрамы ырларынан тандалма», «Tарыхый эминия» сыяктуу көптөгөн чагатай тил жазуусундагы чыгармаларды уйгурчага которуп эле калбай, кыргыз адабият тарыхын жазууга жооптуу болуп жана тизисин өз колу менен   кыргызча жазып чыкты. «Уйгур тарыхы» (1- бөлүк), «Уйгур классик адабият тезистери» сыяктуу китептерди текшерип бекитти. Сандырак жазылган «Уйгурлардын кыскача тарыхы» (Шинжаң эл басмасы, 1989- жыл) аттуу китепке өзгөртүү киргизүүгө жетекчилик кылып, түздөн-түз кол салып иштеди. 1989-жылы Tүркия мамлекетинин экинчи жолку сунушу боюнча Aнкара университетинде лексия сүйлөп жана илим алмаштыруу сапарында болду. 1986-жылы коом текшерүү гурппасын уюмдап, Шинжаңдын түндүк- түштүгүндөгү кыргыз конуштанган жерлерди аралап, кыргыз элинин санжырасын, тарыхын, ооз эки адабиятын жыйноо жумушун иштеген. Aл кыргыз элине гана эмес, Шинжаңдагы аз улуттардын илим-маданиятына опол тоодой эмгеги сиңген кадырлуу инсан, улуу окумуштуу эле. Кайран киши 1991-жылы 1-айдын 6-күнү Түркия мамлекетинин Анкара шаарында илим деңизинен ийгилик берметин терип жаткан чагында, эр ортону 53 жашында армандуу көз жумду. Жакын тууган-уруктарынан сурап-билишибизче, кайран окумуштуу көмөскө каскүнөмдүк менен киши колдуу болгонун айтканы бар. Ошол кезде Перс булуңунда уруш болуп, аба жолу тосулгандыктан, ыраматылык Aсектин кайраттуу аялы Kайырныса окумуштуунун сөөгүн Анкарадан Германияга, Германиядан Маскөөгө, Маскөөдөн Бээжинге, Бээжинден Үрүмчүгө учак менен алып келип, ата журттун топурагына жашырды. Кайран киши илим көгүндөгү кыргыздын нурлуу жылдызы эле. Улуттун жүгүн нардай көтөрүп, кыргыздын канча кылымдык тарыхын тактаган илмий эмгектери артында нур чачып кала берди… Жаткан жериң жаннат, топурагың торко болсун!

Нурмамбет Oсмон уулу,
Тележурналист, акын, изилдөөчү,
Kызыл-Cуу кыргыз автоном облусу, Kакшаал

P.S. Автордун жазуу стили сакталды

“Азаттык”, 23.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.