3 түрдүү дымдама

dymdama1КЛАССИКАЛЫК ДЫМДАМА

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Кой эти
– 1 килограмм
Куйрук май – 400 грамм
Сабиз – 500 грамм
Помидор – 500 грамм
Капуста – 1 килограмм
Картошка – 1 килограмм
Пияз – 4 баш
Сарымсак – 3 баш
Болгар калемпири – 3 даана
Ачуу калемпир – 2 даана
Өсүмдүк майы – 50 грамм
Көк чөп – 1 боо
Татымына жараша туз, кара мурч, зире

 

Даярдоо ыкмасы:

Казанга өсүмдүк майын куюп, ал ысыганда ичке кесилген куйрук майды, кесек-кесек тууралган этти салып туз, мурч, зире себелейбиз. Бир аз куурулган соң шакекче түрүндө тууралган пиязды кошобуз.

Кийинки катмарга тегерек түрүндө калың тууралган сабизди салабыз.

Сабизден кийин чоң-чоң тууралган картошканы, капустаны, төрткө бөлүнгөн помидорду, араларына жуулуп, тазаланган сарымсакты бүтүн бойдон, шакекче тууралган болгар калемпирин салабыз. Андан соң ачуу калемпирди бүтүн бойдон, көк чөптөрдү да туурабастан таштап коюу керек.

Эң үстүнө капустанын жалбырактарын тизип, бир аз туз, кара мурч себелеп, казандын капкагын жабабыз.

Капкак жабылгандан кийин отту кичирейтип бир сааттай кармайбыз. Эскертүү, дымдаманы бышканча аралаштырууга болбойт!

dymdama12

 

 

dymdama2ГҮЛДҮҮ КАПУСТА ДЫМДАМАСЫ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Тоок эти – 500 грамм
Пияз – 3 баш
Сабиз – 3 даана
Картошка – 4 даана
Помидор – 4 даана
Баклажан – 1 даана
Гүлдүү капуста – 500 грамм
Сарымсак – 1 баш
Татымал (приправа) – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч

 

Даярдоо ыкмасы:

Шакекче түрүндө тууралган пиязды казандагы ысыган майга бир аз кууруйбуз да, үстүнө чоң-чоң тууралган тоок этин салып, бир аз туз, кара мурч себелеп дымдап коёбуз. Эми мунун үстүнө аарчылып чоң тууралган сабизди, картошканы жана сарымсакты бүтүн бойдон салабыз.

Сарымсактан кийин тегерек тууралган баклажанды, помидорду салып, туз, калемпир себелейбиз да, 50 граммдай кайнак суу куябыз. Аягында гүлдүү капустаны жоон бутагынан ажыратып эң үстүнө тегиз тизип, казандын капкагын жаап, отту жайлатабыз. Дымдама бир сааттын ичинде даяр болот.

 

dymdama3КЫЗЫЛЧА КОШУЛГАН ДЫМДАМА

Керектелүүчү азыктар:
Кой же уй эти – 1 килограмм
Куйрук май – 500 грамм
Картошка – 700 грамм
Сабиз – 350 грамм
Пияз – 1 килограмм
Капуста – 700 грамм
Помидор – 3-4 даана
Баклажан – 1-2 даана
Болгар калемпири – 2-3 даана
Кызылча – 1 даана
Ачуу калемпир – 1-2 даана
Бадыраң – 2-3 даана
Сарымсак – 3 баш
Көк чөп – 1 боо
Татымына жараша туз, зире, кориандр

 

Даярдоо ыкмасы:

Казанды отко койбой туруп ичине ичке кесилген куйрук майды, үстүнө чоң-чоң тууралган этти салып, туз, зире, анан аз өлчөмдө кориандр себелейбиз. Бул катмарды шакекче тууралган пияз менен жабабыз.

Сырты сыйрылган помидорду чоң бөлүктөргө бөлүп бир кабат тизип, үстүнөн аарчылып чоң-чоң тууралган сабизди, картошканы жабабыз да, туз, зире себелейбиз.

Анын үстүнө сырты жуулган сарымсакты, ачуу калемпирди бүтүн бойдон салып, үстүнө чоң-чоң тууралган болгар калемпирин, баклажанды, бадыраңды, кызылчаны салабыз.

Булардан кийин жуулган көк чөптөрдү туурабастан салып туз себелеп, капустанын жалбырактарын тегиз тизип, казандын капкагын жабабыз да, от жагабыз. 15 мүнөт чоң жагып, анан кичирейтебиз. 1 жарым саатта бышып калат.

Сүйүн Кулматова, “Супер-инфо”, №702 15-апрель-21-апрель, 2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.