Өскөн Осмонов: Тарыхты жазуу эрмек эмес…

Тарыхка кызыгуу, элинин өткөнүн изилдеп-үйрөнүү далалаты бала кезден, кулак курчун кандырчу жомокторду угуудан башталат. Тарыхый чыгармалар, уламыш-болмуштар эртеңки илимпоздун уйку-соо сезимин козгоп, илим дүйнөсүнө алып кирет. Белгилүү тарыхчы окумуштуу Өскөн Осмонов кантип китеп дүйнөсүнө кирип, тарых окуу китептерин жазып калганы, илимдин бул тармагындагы проблемалар жайында ой бөлүшөт.

“Азаттык”: Өскөн ага, китеп менен, чыныгы адабият менен канча жашыңызда жолугуштуңуз?

Өскөн Осмонов: Бул мектеп жашында болгон. 3 – 4-класстарда окуп жүргөн кезим. Ошол кезде айылдарда китепканалар болчу. Мектеп окуучулары чоңдор менен китепканага барып китеп окушчу, балдарга арналган кээ бир китептерди эже өзү сунуш кылар эле. А кезде биз орус, кыргыз жазуучулары деп бөлбөй, кыргызча чыккан китептердин баарын окуй берчүбүз. Китепканадан киши үзүлчү эмес. Биз алар менен атаандашып, чоңдорго арналган китептер болобу, жаштарга арналган китептер болобу, колго тийгенин окуй берчүбүз.

“Азаттык”: Сиз көрүнүктүү илимпоздордун бирисиз. Сиздин тарыхка кызыгып калууңуз китеп аркылуу болдубу же башкача себептерденби?

Өскөн Осмонов: Ар бир адамдын кесип тандоосу мектептен башталат. Ошондо өзүбүздүн бир чети агаларыбыз – Арзыматов Кемел, Жумалиев Абытай деген агайлар тарыхтан берип калды. Көрсө экөө тең тарых факультетин бүтүшкөн экен, сабактарды өтө кызыктуу кылып өтүшчү. Мына ошолордун сабагы бизди көбүрөөк кызыктырды. Анан тарыхый романдар ошол кезде чыгып калбадыбы, орус жазуучуларыныкы, бизден “Сынган кылыч”. “Сынган кылычты” мен конспектилеп окуганым эсимде. Ар бир адамдын атын, кылган иштерин. Анан бир жакшы жери – ошол мезгилде бизде жомокко кызыгуу күчтүү болчу. Мектепте мени жомокчу деп коюшчу. Сабакта агайлар жок болуп калса мени доскага чыгарып классташтарыма жомок айтып берүүмдү сурашчу. Ошол кезде мен 65 жомок билчү экемин. Ошону көркөмдөп, классташтарыма жеткире айтканга аракеттенчүмүн.

Жомок эми элдин коомдук аң сезимин чагылдырган нерсе экен да. Ошонун өзү тарыхка, коомдук илимге, адабиятка болгон кызыгуумду ойготту деп ойлойм. Ушул жерде ата-энелерге кайрылып кетким келет, балдарга жомокту, тарбиялык мааниси бар жомокту айтып беришин каалап кетер элем, кийин алардын кызыгуусу өтүп кетет. Ошондо алардын аң сезими туура калыптанат деген ойдомун.

 

Тарыхын унуткан эл кул болот

“Азаттык”: Кийинки кездери тарыхый чыгармалар бизде аябай эле көп жазылып жатат. Бул тарыхый чыгармалардын өзүнчө бир гүлдөө доору десек болобу, сан жагынан алганда. Тээ Энесай доорунан баштап кыргыз элинин башынан өткөн мерчемдүү тарыхый окуялар чагылдырылып атат. Бирок алардын көпчүлүгү, биз “Сынган кылычка” көнүп алганбызбы, көңүлүбүзгө толбой атат. Мунун себеби эмнеде болуп атат?

Өскөн Осмонов: Мен өзүм тарых факультетин бүткөм. Бизге мыкты профессорлор сабак беришчү. Бирок бизге тарыхтан жеткиликтүү билим беришкен эмес экен. Тарых адистигин алчу бизге кыргыз тарыхы 1917-жылдан кийин гана башталат дегенди башыбызга аябай сиңирген. “Эч убакта кыргыз Энесайда мамлекет түптөгөн эмес, жанагы Бартольд жазып койгон Улуу кыргыз дөөлөтү деген бул утопия, ошону унутушуңар керек, мындан ары биз ушул маселеге кайрылбашыбыз керек” деп айтканынан биз ушуга ишенгенбиз. Көрсө мындай мыйзамченемдүүлүк бар экен. Чоң мамлекеттер кандайдыр бир себептер менен өнүгүүдөн артта калган мамлекеттерди басып алганда өзүнө кыңк эттирбей баш ийдириш үчүн алардын тарыхын унуткартышы керек тура. Тарыхын унуткан эл бөлөк элдерге кул болуп берет экен. Мына ушул концепция падышалык Орусия тушунда, өзгөчө совет доорунде деле роль ойногон экен. Ошондуктан бизди жанагындай тарбиялаган.

Анан эми эгемендүүлүккө жеткенден кийин элибиздин тарыхка болгон кызыгуусу аябай көтөрүлүп кетпедиби. Санжырага негизденип тигил же бул уруунун тарыхын жазган аракеттер көп болуп атпайбы. Мындан деле чочулап кереги жок. Негизгиси кыргыз элинин өзүнүн тарыхына болгон кызыгуусу күчөп атпайбы. Биздин тарыхчыбыз Осмоналы Сыдык 1912-13-жылы Уфадан китеп чыгарган. “Кыскача кыргыз тарыхы”, “Шабданга арналган кыргыз тарыхы” деп. Ошондо айтып атпайбы, жүрөгүндө оту бар жигиттерге тарыхты билүү өтө зарыл. Ал эми жүрөгүндө оту жокторго анын кереги жок экен. Анан эми эгемендикке чыкканы кыргыз элинин жүрөгүндөгү от ойгонуп атат.

Мына, ачык айтыш керек, 10 жыл Кыргызстандын педагогдору өлкөбүздүн тарыхын жаза албай жүрдүк. Министрликтин буйругу чыкты. Бирок окуу китептери жок болуп атты. Буйрук бир күндө чыгат экен. Мурун жазылбаган тарыхты бештен баштап 11-класска чейин окуу китепти жазыш керек болуп калды. Адегенде концепция дегенди түзүш керек экен, Кыргызстан тарыхы боюнча эмнени окутабыз. Концепция, мамлекеттик стандарт аныкталгандан кийин мамлекеттик программа түзүлөт экен. Ал талкууланып, министрликтин коллегиясынан өтүп, бекип, анан окуу китеп жазылсын деген чечим чыгат экен. Анан окумуштууларды чогултуп, тарыхыңар момунча саатка жетпейт дегендерге намыстанып, тарыхыңар жок болсо эмнени окутасыңар дегендерге жооп кылып 2000-жылдан баштап окуу китептерин жаза баштадык. Бир жылдан кийин чыга баштады, ушул азыр 3 – 4-басылыштарына келип калды. “Көч жүрө-жүрө түзөлөт” дегендей, кийинки басылыштары талапка жакшы жооп берип калды.

Анан тарыхка арналган кээ бир китептерди окусаң дүйнөнүн эли кыргыздан тараган сыяктуу жазышат да. Анан өзүнүн уруусун мактамай, кыргызды эл кылып келген менин уруум болчу, менин чоң ата чоң энелерим болгон деп. Ушинтип элге тили жатык, анан ата-бабасын мактап аткандыктан андай китептер жакын болот экен “мына, чыныгы китеп, мына, чыныгы тарых” деп эл ошого кетип атат. Биз ага чычалабайбыз. Биз мамлекеттик программанын негизинде, илимий негизде жаза беребиз. Жок нерсени жазууга болбойт, элди алдоого болбойт. Утурумдук алдоого болот. Бирок калптын түбү тешик, ал бир күнү чыгып калат.

 

Кыргыз тарыхы англисче да жазылды

“Азаттык”: 10-15 китеп окуп алып эле тарых китеп жазгандар чыгууда. Менин айтайын дегеним, кыргыз тарыхынын байыркысынан ушул кезге чейинкисин видеокурс кылып чыгардыңыз. Бул заманбап жакшы эмгек, каалагандар Интернеттен таап укса, көрсө, окуса болот. Сиздин кесиптештериңиз да ушундай заманбап иштерди жасап атышабы же узун-узун тарыхый китептер жазуу менен эле алектенип атышабы?

Өскөн Осмонов: Ар бир класста 60 – 70 миң окуучу окуйт экен. Ошонун көбү – 80% кыргыз тилинде окушат. Анан 15 – 20% орус тилинде окуйт экен. Анан биздики көп улуттуу болгон соң өзбек, тажик тилинде да бар. Канча жылдан бери тарых окуу китептери үч тилде чыгып келатат. 60 – 70 миң нуска менен кыргыз тилинде, анын котормосу 10 – 15 миңден орус тилинде чыгат. Анан мен билгенден бир гана жолу өзбек тилинде чыкты. Бир чети шылтоо болду окшойт, Кыргызстандын тарыхы жок, дешип Өзбекстандын тарыхын окута башташпадыбы. Ошол кездеги балдар “биздин Мекенибиз Өзбекстан, президентибиз Каримов” деп сүйлөп калышты. Анан ошондуктан шашылыш аракет кылып өзбек тилине оодардык.

Азыр эл аралык байланыш күчөп, Кыргызстан тарыхы байыркы доордон азыркы заманга чейин деп 600 беттен турган китеп англис тилине которулду. Анткени Кыргызстанда да англис тилинде сабак берген окуу жайлардын саны онго жакындап калыптыр. Кичинекей балдарга, “Оксфорд” мектебинен баштап, пакистандыктардын, америкалыктардын мектеби, түрк университетинде деле англис тилинде окуганга аракет кылгандар бар экен. Адегенде 500 нуска чыгарсак, бат эле сатылып кетти. Кийин миң нуска менен чыгарттык. Кыргызстанга караганда чет мамлекетке алып кеткени жакшы болуп атат. Аны Интернетке да чыгарып койдук. Дүйнө эли кыргыз деген эл бар экен, анын тарыхы бар экен, тарыхый инсандары бар экен, деп билип калды.

Кийинки кездери окуу китептерин чыгаруу солгундап кетти. Мурун Азия банкынын жардамы менен чыгып аткан. Кийин китеп чыгаруу азайып, анан окутуунун ыкмалары да өзгөрдү. Жогорку окуу жайларында аралыктан окутуу, дистанттык билим берүү деген чыкты. Анан жанагы видео лекцияларды чыгарып атканыбыздын себеби да мына ушул аралыктан билим берүүнү жөнгө салыш үчүн жасалып аткан аракет. Буга министрлик аракет кылып, 12 – 24 сааттык лекция жазылды эле.

Акырындык менен окуу китептер окурмандарга жетип жатат. Анан да автордук топтор аркыл болушат экен. Илимий монографиядан алып туруп эле алтынчы класска, жетинчи болобу, киргизип жиберген учурлар да болот экен. Ал кесиптештерге айтып эле атабыз. Мектептерде жолугушуулар учурунда мугалимдер тарабынан айткан учурлар болот. Анан эми патриоттуулук деген ушул деп тээтиги жактагынын баарын биздики кыла бергенде, биздики дей бергенде болбойт да. Андайда, силер ушунчалык эле мыкты болсоңор эмне мамлекетиңер начар болуп атат, кайра-кайра бийликти алмаштырып атасыңар, эмне экономикаңар өнүкпөйт, ушунчалык эле түптүү болсоңор деген суроо туулушу мүмкүн да. Ошондуктан субъективдүү түрдө өткөн тарыхты даңазалай берүүнүн анча кажаты жок.

“Азаттык”: Ырахмат, ишиңизге ийгилик болсун!

Бекташ Шамшиев, “Азаттык”, 11.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.