Аккөңүл менен Каракөңүл

(жомок)

Илгери бир Аккөңүл деген менен Каракөңүл экөө дос болуп, алыс сапарга чыгышат. Экөө тең эки атка сылай азык-түлүк жүктөп, эчен күнгө жетерлик күлазык камдап, кулак угуп көз көрбөгөн алыс жерге жүрүп кетишет. Арадан айлар өтөт, жеп-ичкендери бир гана Аккөңүлдөн болуп, Каракөңүл эч нерсесин коротпой келе беришет.

– Качан сенин азык-оокаттарың түгөнгөндө меникине кол салабыз. Антип үнөм кылбасак болбойт! – деп убада кылат Каракөңүл. Ага ишенген Аккөңүл болгон оокатын досунан аябай бейкам кете берет.

Бир күнү Аккөңүлдүн азыгы түгөндү. Аты арыктады. Эми азык менен багуу кезеги Каракөңүлгө келди. Бирок Каракөңүл азыгынан бербеди. Аккөңүл ачка болуп алы кетип: “Баатыр, убадабыз ушундай беле? Меникин түгөткөндө сенин азыгыңды жемек эмес белек?” – деди Аккөңүл.

– Жок, Аккөңүл, сенин азыгың такыр түгөнө элек. Эми жетелеп келаткан атыңды сой. Аттын эти түгөнгөн соң менин азыгымды жейбиз. Менин убадам ушундай болчу, – деп дагы жооп тапты Каракөңүл.

Аккөңүл байкуш дагы макул болду. Жетелеген атын сойду. Аттын эти деле көп өтпөй түгөндү. Бир күнү акыркы этти жеп бүткөндө:

– Кана, баатыр, жол азыгыңды алып кел, жейли, – деди Аккөңүл.

– Жок, сенин азыгың бар. Бир көзүңдү оюп берсең, мен токоч берем. Коркпой эле кой, бир башка бир эле көз жетет, – деди Каракөңүл.

Ошентип Аккөңүл бир көзүн бир токочко сатты. Бирок, бир токоч эмне болот, ал да бир-эки күндөн кийин ачка болуп, алдан тайыды.

– Эй, баатыр, азыгыңдан бериш. Бир кезде меникин чогуу эле жеп жатпадык беле? Курсагым ачты, алдан тайыдым, – деди Аккөңүл.

– Жок, Аккөңүл, сенин азыгың али бар. Эми жалгыз көзүдү чукуп берсең, мен бир токоч берем. Адам көзү жок деле жашаса болот, – деди Каракөңүл.

Айласы кеткен Аккөңүл жалгыз көзүн оюп берди. Ошентип тамак үчүн көздөн айрылып, темселеп калды. Ал эми Каракөңүл беркини шылдыңдуу карап туруп: “Кош, Аккөңүл, эми өзүңдү карга-кузгун жесин”, – деп атын шарт камчыланып жүрүп кетти. Аккөңүл арманын айтып зар какшап ээн талаада жалгыз калды.

темселеп жүрүп отуруп, шылдырап аккан суунун боюна келип, бир аз суу ичип чарчаган неме жата кетти. Бою талыкшып бат эле уйкуга кирди. Уктап жатып түш көрөт. Түшүндө туулган жеринде, туулган элинде жүрүптүр. Алты саны аман экен. Эки көзү мурдагыдан да жакшы көрөт. Айланасына суктана карап жаткан кезде кимдир бирөө “тур” деп калды.

Аккөңүл ордунан шак тура калса эч нерсе билинбейт. Эки көзү мурдагыдай эле ордунда экен. Жүрөгү алып учуп, көңүлү көтөрүңкү, курсагы да ток. Азыр эле түшүндө көргөн керемет алтымыш күндүк азык, кырк кишилик кубат берип салыптыр. Ошентип Аккөңүл күндөп-түндөп жол жүрүп отуруп, ээн талаа, эрме чөлгө кез келди. Мына ошол ээн талаада беш күчүк тууган канчыкты көрөт. Канчыктын күчүктөрүн багарга азыгы жок экен. Аккөңүл баштыгын аңтарып жатып кичине нан таап, аны канчыктын алдына таштады да:

– Сен да мендей карып экенсиң, берейин десем азык жок. Эл кыдырып, жер кезип, мен да сендей байкушмун! – деп канчыктын башынан сылады. Канчык кыңшылап эркелеп, Аккөңүлдү ээрчип кетейин десе, күчүктөрүн таштай албай кала берди.

Аккөңүл андан ары жолго түштү. Дагы көп күн, көп түн жол жүрдү. Бир күнү кечинде жол боюндагы көп коргонго туш келди. “Бул тегеректе адам жашайт экен. Эмне болсо ушул коргондордун арасына түнөйүн, эртең менен эки жактан карап көрөм” деген ой менен төбөсү түшкөн коргондун ичине кирип жатты. Эмнегедир уйкусу келбеди. Түн ортосу ооп калган кезде кайдандыр дабыш угулуп, алар жакындаган сайын аттын дүбүртү чыгып, бир топ атчандар коргонду аралай келишип, аттарын кошоктоштуруп коюп, өздөрү алоолонтуп от жагышты. Аккөңүл дымын чыгарбай тыңшап жатты. Арасынан бирөө бакылдап сөзгө кирди.

– Достор, тогузубуздун тең катын-балабыз жок. Үй-жай деген да жок. Ушинтип талаалап жүрүп өтүп кетебизби? – деп калды.

– Аның ырас, бирок оокат кылыштын айласын мен таптым. Менин акылымды угасыңарбы? – деди экинчиси. Башкалары макул болуп тигинин акылын укмак болушту.

– Ушул коргондун арасында бир далай мал бар. Ал эми тетиги коргондун артында бир чычкан бар. Ошол чычкандын тогуз дилдеси бар. Ал чычкан күндө эртең менен күн чыккан кезде дилделерин сергитет. Аңдып туруп алтынды алсак, ал мал эмеспи. Бир күндүк жерде чоң калаа бар. Ошол калаанын чыгышындагы көчөдө Кунакун деген сарттын ат башындай жамбысы бар. Короомду сатам деп жүрчү эле, короосун сатып алсак, ал оокат эмеспи. Короонун чок ортосунда жамбы жатат. Ошол шаардын канынын алтын казынасы бар. Ай сайын: “Кимде ким алтын казынамдан алтын, күмүш алып берсе, теңин кызмат акысына берип, теңин өзүм алам” деп жар салып жүрөт. Ага кызмат кылып, алтын-күмүш алсак, ал мал эмеспи, оокат эмеспи. Ушуларды аткарсак, биз да байып үй-жай күтөбүз, – дейт.

Калгандары бул акылды макул көрүштү. Аккөңүл бул сөздөрдүн баарын тыңшап жатып аныгын билди да, кантип иштешти түшүндү. Таң атып күн чыккандан кийин Аккөңүл баягы кишилерди байкап караса, эч дайындары билинбейт. Алар отурган жерге барса, адамдын изи тургай, жаккан оттун калдыгы да жок. Аккөңүл бул керемет экенин билди. Мага аян берген экен, эми түндөгү айткандарын жасайын деп коргондун артына чыкса бир чычкан дилде ташып жатыптыр. Аккөңүл аңдып отуруп анын тогуз дилдесин алып жолго түштү.

Бир күн жол басып бир шаарга келди. Ал жерден баягы Кунакундун короосун таап, аны тогуз дилдеге сатып алды. Ал ар күнү короонун ортосун казып жамбыны тапмак болду. Бир күнү кетмендин изи чак этип бир нерсеге тийди. Ал жерден чын эле ат башындай алтын чыкты. Аккөңүл эми кадимкидей байып калды. Бир күнү шаардын каны: “кимде ким казынамдан алтын алып берсе, ага теңин берем!” деп жар салып калды. Бирок эч адам чыкпады. Кандын алтын казынасы алты жүз саржан жер алдында экен. Аккөңүл мен алып чыгам деп канга барды. Кан макул болуп, Аккөңүлдүн белине алтын жүз саржан аркан улаштырып байлап, алтын казынасына салды. Аккөңүл алтын казынага жеткенде алтынды койнуна да, кончуна да салды. Аркан менен аны кайра тартып алышты. Кан убадасына туруп, алтындын теңин берди. Ошол күндөн баштап, кан Аккөңүлдү чакырып, алтын казынасынан алтын-күмүш алдыра турган болду. Аккөңүлдүн баркы менен кадыры аша баштады кандыкынан да. Акыры ал ошол шаардын чоң байы болуп, үй-жайлуу, катын-балалуу болду.

Эми Аккөңүл ушу мураты менен тура турсун. Аны менен сапарга бир чыгып, Аккөңүлдүн көзүн оюп алып кеткен Каракөңүлдүн аңгемесин уланталы. Каракөңүл жүрүп отуруп жайылып жаткан көп малга туш болот. “Бул кимдин малы?” – деп сурайт. “Бул Аккөңүл дегендин малы”, – деп жооп берет малчылар. Андан ары жүрүп отуруп: “Тиги алтын чатыр кимдики?” – деп сурайт. “Ал да Аккөңүл байдыкы” – деп жооп беришет кызматчылары. Бул ким болду экен деп жайын сурайт. Малчы Аккөңүлдүн кандай азап-тозок тартканын, азыркы көргөн жыргалын айтып берет.

Ошондо Каракөңүл уялганына чыдабай Аккөңүлдүн алдына келип:

– Ассалоом алейкум, Аккөңүл бай,
Бал шимип, казы кертип жегениң май.
Мал күтүп төрт түлүктүү, доорон сүрүп,
Жатыпсыз ак чатырда конушуң жай.
Ичкениң кант сапырган кыпкызыл чай,
Билбеймин, элебеймин акмак болуп,
Кечиргин бир күнөөмдү, теңирим ай!
Качсам да узабаймын мен кутулуп,
Баксаң да, өлтүрсөң да эрк өзүңдө.
Мен келдим алдыңызга кол куушуруп.
Башында бирге чыгып сапар тартып,
Аягы мен жаңылдым иттик кылып.
Канчалык ит болсом сизге кулдук,
Алик ал, саламымды жарык кылып, – деп Каракөңүл какшанып байды карап турду. Аккөңүл тигини карап туруп: “Битке теңелип көйнөгүңдү отко салба” деген макалды эстеп, саламына алиик алды. Каракөңүлдү жакшылап мейман калды. Көргөн-билгенинин баарын, баягы коргондо жатып уккан сөздөрү менен байыганын айтып берди. Жаман оюнда Каракөңүл да баягы коргонго барып байымак болду. Жол жүрүп отуруп баягы коргондорго келди. Аккөңүл айткан төбөсү жок коргондун ичине кирип жатты. Чын эле түн ортосу ооп калганда дабыш чыгып тогуз адам келди. Каракөңүл өзүнүн бар экендигин билдирбей тымтырс жата берди. Тиги кишилер мурункудай эле сүйлөшө башташты. Баягы бакылдап сүйлөгөн адам дагы эле:

– Достор, тогузубуз тең ушинтип жүрүп өтүп кетебизби? – деди.

– Качан болсо кайгыланып жүрүп бизди түгөтө турган болдуң. Бул коргондун артындагы чычканда тогуз дилде бар эле, андан да айырдың. Кунакундун короосундагы жамбыдан да айырдың. Былтыр келгенде тиги төбөсү түшкөн коргондо бирөө тыңшап жаткан болуу керек. Биздин түбүбүзгө ошол жетмек болду! – деп калды экинчиси.

– Чын эле ошондой болуп жүрбөсүн, – деди үчүнчүсү.

– Тегеректи карагылачы? – деп буюрду баягы биринчи киши.

Тогузу тогуз жакка жабыла чуркап, Каракөңүлдү төбөсү түшкөн коргондун ичинен сүйрөп чыгышты да, өлтүрүп туруп өрттөп, күлүн көккө сапырып жиберишти.

Ошондон улам эл арасында: “Бирөөгө көр казсаң кененирээк каз, балким өзүң түшүп каларсың” деген макал айтылып калса керек.

Башка жомоктор

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.