Кыргыздын жармасы АКШда жайылууда

АКШнын Чикаго шаарындагы айрым кафелерде кыргыздын улуттук суусундуктары сатылууда. Органикалык таза азыктар менен жасалган улуттук суусундуктарды сатуу демилгеси кыргызстандык мекендешибиз Жуман Кеңешке таандык. Океандын ары жагында “Jamila’s Jarmah” деген ат менен сатылып жаткан суусундуктар тууралуу демилгенин ээси Жуман Кеңеш мырза “Марал” радиосуна маек куруп берди.

– Саламатсызбы Жуман мырза, Америкада кыргыз суусундуктарын сатуу идеясы качан пайда болду?

– Бул идея Америкага адеп келгенимде эле пайда болгон. Кафелерден (ал кезде Чикагодо 2 эле кыргыз кафе бар болчу) жарма сурасам, жок экен. Жасабайсыңарбы десем, ачыган жарманы билишпейт экен. Жасап бере салайын десем Кыргызстандагыдай даяр талкан да сатылбайт. Ошентип жумушка алаксып, жарма унутта калып кеткен эле…

– Суусундукту өзүңүз жасайсызбы?

– Жарманы учурда энем жасап жатат, кафелерге таратуу иштери менин мойнумда. Негизи өзүм деле жасаганды билем, бирок азырынча энем өзү жасап берүүдө.

jarma1

– Жарманы жасоого керектүү азыктарды АКШда табуу оңойго эле турабы?

– Арпаны интернеттен издеп отуруп акыры таптым. Арпанын көп эле түрү бар экен. Ошолордун арасынан гени өзгөртүлбөгөн, органикалык арпаны тандап алдык. Акчасын төлөсөң, 1 жуманын ичинде эшигиңдин алдына таштап кетет экен. Калган керектүү азыктарды Чикагодогу дүкөндөрдөн сатып алуу мүмкүн.

– Учурда күнүнө орточо канча литр жасап сатасыз? Кардарларыңыз негизинен кыргыздарбы же башка улуттар да сатып алышуудабы?

– Ушул тапта Чикагодо күндүн сууктугуна байланыштуу күнүнө 5-6 галлондун (1 галлон – дээрлик 4 литр) тегерегинде жасалууда. Кардарлардын дээрлик баары кыргыз. Бирок башка улуттар да аз-аздан ичип, көнүп келе жатышат.

jarma2

jarma3

Америкалык жергиликтүү тургундарга сунуштап көрдүңүзбү?

Америкалык жергиликтүү тургундар тургай өзүбүздүн мекендештерге да толук жеткире албай турабыз. Мисалы, Чикагодо 5 миңдей кыргызстандык бар болсо, ошонун баары түгөл иче элек. Эми Иллинойс штаты абдан чоң да. Кээ бири алыс жашайт, кээ бири кыргыздар менен катышпайт деле. Бирок башка штаттан меймандап келген кыргыздар галлондоп алып кетип жатышат. Жакынкы келечекте Америка боюнча почта аркылуу жеткирүү кызматын ойлонуштуруп жатабыз.

Улуттук суусундуктарды сатуу иштериңизди патенттөө маселеси кандай болуп жатат?

Буюрса, жакында Green Card менен Америкада жашаганыма 5 жыл толот. Анан жарандыкка тапшырганы жатам. АКШнын жарандыгын алып туруп, анан патент маселесине киришемин.

Суусундуктарды дарегине жеткирүү процесси
Суусундуктарды дарегине жеткирүү процесси

Орозгүл Арстанова, «Марал ФМ», 17.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.