Салмактуу өмүр ээси Саякбай Каралаев

Кыргыз элинин баа жеткис байлыктарынын бири “Манасты” айтууга, аны жан дүйнөсүнө сиңирип алып жүрүүгө улуу адамдардын гана күчү жетет. Ошондуктан улуу баянды Саякбай Каралаевсиз элестетүү мүмкүн эмес. Жашоосу “Манаска” арналып, ичкен ашы, жуткан абасы, көргөн күнү, алган сыйлыгы бүт “Манаска” байланган бул инсан убакыттын өтүшү менен кийинки муунга өзү дастан, өзү баян сыяктанып баратат. Эмесе, айтса жомок, укса сабак боло турган өмүр ээси Саякбай Каралаевди бирге эскерели.

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн Саякбаева: “Атам “Манас” айтуудан бошобой жүрүп бизге жомок айтып берген эмес”

– Саякбай Каралаев дегенде биз манасчыны элестетебиз, сизчи?

– Мен абдан баласаак, боорукер, бала аттууга катуу айтканды билбеген, өзү да баладай ак көңүл атамды элестетем. Атам бала урушчу эмес. Урушкан адамды да жаман көрчү. Бизге эч бир тили да, колу да тийген жок. Эгер апабыз ачууланып бизди тилдеп калса, эки колун канаттай жайып: “Айланайын Балтагым, айланайын Балтагым, бир ачууңду мага бер”, – деп тамашага салып жатып бизди коруп алчу. Балтагым дегени – апам бою кичине, толмочунан келген жан эле. Биз жашаган үйдүн маңдайында жайгашкан Күрөңкеев атындагы мектеп-интернаттын окуучуларын карап алып эле: “Байкуш жетимдер, кийин кантишет?” – деп кейий берчү. Аларды үйгө ээрчитип келип тамак бердиртчү. Ал турсун, атам ошол мектеп-интернатта окуган бир баланы биздин үйдө жашатып да жүрдү.

– “Манас” айтпай калган учуру болду беле?

– Атам апамдан ажырап калгандан кийин “Манасты” мурункусундай айтпай калды. Бир эсе 72ге толуп карылыкка бериле баштаса, бир эсе апамдан ажыраганы ден соолугу начарлай түштү. Кан басымы болгондуктан апам мамлекет текшерүүгө жиберген доктурлар табыштаган боюнча атама жакшы карап жечү, жебечү тамактарын таптап берчү. Атам ашып кетсе эки күн гана чыдайт да, кайра эле “башым айланып кетти” деп беш бармак камдатып жеп алат. Этти да базардан алдыртчу эмес. Жазуучулар биригип кой сатып алышып, короодон эле өзүлөрү союп алышчу. Апам атамды аябай жакшы карачу. Ошондонбу, апамдан ажыраганы атам өзүн бир топ таштап койду. Албетте, манасчылыгын таптакыр таштап салган жок, бирок мурункудай айтпай калды. Дал ошол маалда атамды издеп келишип үч пластинкага үнүн жаздырып кетишти. Ар бири эки жарым сааттан болчу. Жаздыруучулар бир айлык план коюп келишкен экен. Бирок менин: “Силерге бул кишинин “Манасы” керек болсо, мага өзү керек. Ооруп калат, токтоткула”, – деген талаптарыма нааразы болуп жатышып 10 күндүн ичинде бүтүрүштү. Көрсө, мен жумушка кетерим менен атам: “Келе калгыла, жанагы кызым жокто айтып берем”, – деп чакырып алчу экен. Ал маалда атамдын кан басымы жогору болуп кыйналып жаткан эле. Ошол жаздырганын кийин угуп көрсөм, кадимкидей күйүккөнү, кыйналып дем алганы билинет экен.

– Атаңыздын мырза катары апаңызга тартуу кылган белегин билесизби?

– Атам тажрыйбалуу бүркүтчү болчу. Өзүнүн бүркүтү бар эле, аны менен аң ууга кеткенде эки айсыз келчү эмес. Азыр ойлоп атам апамды астыртан сыйлап турчу экен деп калам. Анткени апама катуу айтып, анын кебин эки кылганын көргөн эмесмин. Бүркүт салып кармаган түлкүлөрдүн терилеринен апама ичик жасатып берген. Апам ал ичигин жакшы кийди. Атам: “Өзүм кармаган түлкүлөрдөн”, – деп бизге мактана айтып калчу эле.

– Саякбай атанын жомокчу да болгонун билебиз. Сизге жомок айтып берди беле?

– Чындыгында атамдын жомокчулук жайы болгону менен балдарына атайын отуруп жомок айтып бергендей болгон жок. Ал бизге элден ашчу эмес. Анткени анын күнү үйгө келген кишилерден бошобой же сыртка чыкса түнкү 11-12лерде келүү менен өтчү. Ошондуктан жомок укпай калдым.

 

Болот Шамшиев, КРнын Эл артисти, кинорежиссёр: “Саякбай Каралаев менен бир чатырдын алдында жашаганбыз”

– Мен “Манасчы” тасмамды кинорежиссёрлук кесипти биротоло тандап алган кезимде манасчы деген кандай болорун, улуу эпосту жумалап аткаруу деген эмне экенин кеңири коомчулукка көрсөтүүнү максат кылып тарткам. Буга менин атактуу манасчы Саякбай Каралаев менен жазуучулардын үйүндө бир чатырдын алдында жашаганыбыз да себеп болду. 1965-жылы жолугуп киного тартарымды айтканда Саке: “Ай, Төлөндүн уулу, анын эмне кереги бар, кино дегениң эмне?” – деп таң кала анча маани бербей койду. Мен ал тууралуу документалдуу тасманы Москвадагы окуган жеримде макулдашып, “Кыргызфильм” киностудиясында темасын, форматын бекиттирип койгонумду айттым. Ошентип, жарым жылдай Сакебиздин артынан калбай жанында жүрүп ар кандай кырдаалдарда аны тасмага түшүрдүм. Азыр ойлосом, тарых үчүн, кыргыз эли жана маданияты үчүн бир пайдалуу ишти жасап койгон экемин. Ошол он мүнөттүк тасманын мааниси жана баркы азыр билинип отурат. Ал кишинин элесин, адам катары бейнесин, “Манасты” аткаруу стилин ошентип сактап калдык. Мен баш-аягы 16 тасма тарткан болсом, анын ичинен “Манасчы” эмнегедир мага абдан кымбат жана жүрөгүмө жакын.

 

Мар Байжиев, КРнын Эл жазуучусу, драматург: “Саякбай – үркүндү көргөн манасчы”

– Саякбай Каралаев Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңүнөн эмеспи. Менин чоң энем да ошол айылдан болгон. Манасчы: “Келе, Макиш, чайыңдан берчи”, – деп биздикине көп келчү эле. Анан апам экөө бир тууган болушуп көпкө чайлашып олтурушчу. Кезинде Саякбай тууралуу жазганы үчүн менин атам Ташым Байжиевди камакка алышканда Саякбай манасчы колун артка алып санаалуу болуп көп басып калганы эсимде. Сыртынан байкалбаганы менен ичинде тынчы жок, санаачыл киши эле. Бул киши үркүндү да көргөн экен. Үркүндөн жерине кайтып келген соң 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Армия менен бирдикте Сибирде, Алматыда, Бухарада советтик бийликти коргогон. Кийин Караколдо айылдык кеңештин башкармасы болуп да иштеген. 1935-жылдан 60-жылдарга чейин филармонияда эмгектенди. Бул адам тууралуу документалдуу тасма тартылса болот эле.

 

Турсун Уралиев, КРнын Эл артисти, режиссёр: “Манасты” Сакемдин артынан калбай жүрүп беш жыл дегенде жаздырып бүткөнбүз”

– Мен Саякбай Каралаев менен абдан жаш кезимде кездештим. Ошол кездеги биринчи катчы Исхак Раззаковдун тапшырмасы менен Саякбай Каралаевдин үнүн жаздырууга милдеттендирилгем. Сакебизге барсам моюн толгоп болбой койду, мен болсо ой-боюна койбой ээрчип алдым. Акыры үнүн жаздыра турган жерди көрсөтсөм макул болот го деп студияга алып келсем, “кой, айланайын, “жалгыз олтуруп “Манас” айтып Саякбай жинди болуптур дебейби” деп дагы так секирди. Ошону менен бир жума келбей койсо болобу. Ошондо ага кеби өткөндүн баарына барып: “Макул кылып бергиле”, – дей баштадым. Байбичеси балпактаган жакшы киши экен: “Тур эми, суранып аткан балага барып “Манасыңды” айтып берип кой”, – деп атып көндүрдү. Манасчыга аудитория болсун деп артисттерден, акын-жазуучулардан көрүүчүлөрдүн тобун түзгөм. Саке ага деле болбой тар бөлмөгө кысылып айта албай кыйнала берди. Ошондо жазуучу Касымалы Жантөшев: “Ой, үнүңдү жазып калып атышканга сүйүнбөйсүңбү. Айт, болгонун айт. Сен дүйнөдө түбөлүк жашамак белең, сен жок болгон күндө да кыргыз “Манасыңды” угуп турушу керек. Жашырба, калтырба, эмнең болсо баарын айт, Саке”, – деп жарга такаган эле. Катуу берилгенде бир орунга токтобой ойдолоп, ал турсун, басып да кетчү. Ошондуктан микрофондорду туш тарабына, төбөсүнөн ылдый да салаңдатып коюп койчумун. Анда да Сакем: “Темирлериң менен мени курчап…” – деп жактырбай калчу. Ошентип, Сакемдин артынан калбай жүрүп “Манасты” беш жыл дегенде жаздырып бүткөнбүз.

 

Эрнис Турсунов, КРнын Эл акыны: “Саякбайдын да тузу кем болуп калды”

2004-жылы залкар манасчынын 120 жылдыгы белгиленген. Улуу талант менен кездешип, кебин оозунан уккан инсандар саналуу болуп баратканы өкүнүчтүү. Манасчы тууралуу татыктуу эскерүү ар кимдин колундагы иш болбогондуктан эки жыл мурун бул жарык менен коштошуп, артына алгылыктуу иштерин калтырып кеткен Эрнис Турсуновдун манасчы тууралуу эскерүүсүн “Труимф жана трагедия” китебинен алып камтыдык.

– Мен Сакеңдин маасысын тартып, керебетине жаткыргандардын биримин. Сакең чарчысынан келген, кызыл тоголок, толук киши эле. Ал сакал койдурбай ак мурут боюнча өттү. Өтө чечкиндүү, шайдоот, чыйрак, кимге болбосун, тик карап таамай айткан, бешенесинен жылдызы жанып, адамды өзүнө тартып турган кандайдыр бир ички тартылуу күчү бар касиеттүү, кутмандуу карыя эле. Бүркүт таптоо, куш салуу, тайган агытып аңга чыгуу, чырга сүйрөтүү Сакеңдин жаны менен бирге бүткөн өнөрү эле. “Хандын да татым тузу кемийт” дегендей, Саякбайдын да тузу кем болуп калды. Эл биле жүрсүн үчүн жазганбай эле айта кетели, Саякбайдын Чубак, Сыргак деген уулдары болгон. Чубагы кырсыкка кабылып бөөдө бирөөнү өлтүрүп алып узак мөнөткө кесилген. Бирок Кулатовго кирип кадырын салып Сакең баласынын жаза мөөнөтүнүн жарымысын кыскарттырган. Баары бир абакка түшкөн адам оңолбойт окшойт, баласы атасынын эмгегин актадыбы, кеп ушунда.

Гүлайым Калыбеков, «Леди.КГ»

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.