Балык жон, баскан изин бычактоо, баш канжыгада. Маанисин билесизби?

Фразеологизмдер кыргыз элинин сөз байлыгын түзүп турган эң мыкты тилдик каражат болуп эсептелет. Кепте даяр түрдө колдонулуп, карапайым сөзгө караганда речти кооз, таамай жана элестүү айтууга жетелейт.

Бүгүн “Тибиртке” рубрикасында фразеологизмдерди чечмелөөнү улантууну чечтик. Тилекке каршы, кыргыз тилинде миңдеген фразеологизмдер болгону менен алардын көпчүлүгү билбестиктен же заманга жараша актуалдуулугун жоготуп койгон. Аларды чечмелөөгө филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жардам берди.

Бака маңдабай калган — адам түгүл бака жашабаган ээн, бош калган жер. Бака негизинен сууда жашагандыктан салыштыруу иретинде айтылып калган. Тагыраагы, суу жок жерде бака жок. Суу жок болсо ал жерде адам дагы жашабайт. Демек бака маңдабай калган деген кароосуз калган ээн жерди түшүндүрөт.

Балакетиңди алайын — жамандык менен кыйынчылык сага эмес, мага келсин, оор жүгүңдү мен көтөрөйүн деген маанилерди түшүндүрөт. Мындай кепти көбүнчө ата-эне, чоң ата, чоң энелер балдарына айтышат.

Бала салуу — бул убактысынан эртерээк тууп койгон малга айтылат. “Кой бала салып койду” десе мөөнөтүнөн эртерээк туулуп өлүп калды дегенди билдирет. Аталган фразеологизм малга гана айтылат.

Балык жон — илгери шифер жок маалда тамдардын үстүн балык жон кылып салышкан. Бул ортосу көтөрүңкү, эки жак капталы эңкейип кеткен деген маанини билдирет. “Балык жон болуп жатат” деп дөбөлөр менен тоо кыркаларын да айтышкан.

Баскан изин бычактоо — бир адамга касташууну билдирет. “Душмандын көзүн тазалаш керек, анын жашоого акысы жок, өлтүрүп салуу керек” деген мааниде колдонулат.

Бабасын таанытты — бирөө жарым “мен ага бабасын таанытам” десе жаманчылык кылганы жатканын түшүнсө болот. Себеби айтылган фразеологизм жаман көргөн адамдын артынан түшүү аны кыйноо, жамандык жасоо дегенди билдирет.

Багың байлангыр — жакшылык көрбөй кал деген сөздүн синоними болуп, каргыш иретинде айтылат.

Бал тилге салуу — жагымдуу сөздөрдү сүйлөп адамды алдоо, азгыруу дегенди билдирет. Бал тилге салган адамдын артында туура эмес максаты болушу мүмкүн.

Баш канжыгада, кан көөкөрдө — өзүнүн башын тобокелге салып майданга жөнөгөн адамдарга карата айтылган. Илгери жоокерлик заманда душмандар менен кармашууга аттанган жоокердин тирүү келери белгисиз болгондуктан үй-бүлөсү менен коштошуп кеткен. Ошол себептен “анын башы канжыгада, каны көөкөрдө” деп айтып коюшкан. Канжыга деген — бул ээрдин артындагы тегерек темир. Ага ичке узун кайыш жип байланат. Кайыш үзүлбөгөндүктөн жүктөрдү, тамак-аштарды ошол жерге байлап коюшкан. Жоокердик заманда аскерлердин буту сынганда дагы ошол жипке асып байлап коюшкан. Себеби сынган бут ылдый карай салаңдап турса бутка күч келип ооруган. Ал эми көөкөр деп териден жасалган идишти түшүнүү керек.

Сүрөт Табылды Кадырбековдуку, «Sputnik – Кыргызстан», 02.06.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.