Нургазы Сыдыгалиев: “Элдин эсинде “Ак кемедеги” Нургазы боюнча калгым келет”

Нургазы Сыдыгалиев “Ак кемеге” тартылганда алты жашта болсо, азыр кырк тогуз жашта. Бишкектеги жаңы конуштардын биринде бюджеттик кызматкердин айлыгына он жыл ичинде чакан там салып алып жашап жатат. Байрагүл аттуу жары, Жанара аттуу кызы, Адилет, Жоомарт, Байтилек аттуу уулдары бар. Коргоо министрлигинин оркестринде музыкант болуп иштеп, пенсияга чыккан, бирок музыкалык окуу жайда сабак берип, Улуттук гвардияда музыкант болуп иштеп, чыгармачылык менен жашап келет. Жубайынын айтуусунда, бала чагынан айырмаланып, азыр Нургазы уяң жана токтоо. Кара жумушка да кыйын, эмгекчил, үй- бүлөсүнө камкор адам.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча Болот Шамшиев тарткан «Ак кеме» фильмин кимдер гана көргөн эмес. Фильм СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болуп, кыргыз кино кереметине айланган. Анда залкар артисттер Сабира Күмүшалиева, Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Даркүл Күйүкова, Айтурган Темирова, Чоро Думанаев, Назира Мамбетова ж.б. ойногон. Фильмдин баш каарманы, адилетсиздикке каршы күрөшкөн бакыраң көз кыялкеч бала- – Нургазынын ролун аткарган Нургазы Сыдыгалиев тууралуу, анын учурдагы жашоо- турмушу тууралуу кеп кылалы.

– “Ак кемедеги” бакыраң көз Нургазыны баарыбыз жакшы көрөбүз. Ушул фильмге кантип тартылганың эсиңде калдыбы?

– Ооба. Бул мыкты фильмдин аркасынан мен Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев, Сабира Күмүшалиева, Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Айтурган Темирова жана башкалар менен катар жүрүп иштешип калдым. Кинодо алты жашта элем. Бала чагымда ал кинонун маанисин деле жакшы түшүнбөптүрмүн. Кийин бул фильм турмуштун ак- карасын көрсөткөн, терең философиялуу тасма экенине баа бердим. Кино тартылган Жети- Өгүздөгү Чоң- Жаргылчак аттуу кооз жер, тоодон- тоого чыгып ойногон кезим көз алдыма элестейт. Сабира апамды жакшы көрчүмүн, ал да мени баласындай эле жакшы карачу. Кээде чайды көп ичип алып, төшөккө заара ушатып койчумун. Сабира апам аны жууп- тазалачу. Момун атамдын ролундагы Асанкул атам турмушта да момун, жакшы киши болгону эсимде. Орозкул агамдан фильмде кандай корккон болсом, турмушта да ошондой эле коркчумун. Тоого чуркап кетип кечигип келгенде, ал урушуп койчу. Айтурган эжем менен ойногонум эсимде.

nurgazy2

– Фильмдин турмушуңа терс таасирин тийгизген жактары да болдубу?

– Медалдын эки жагы болгондой эле, роль ойногондун жакшы жактары менен катар, турмушума залакасын тийгизген жактары да болду. Киного тартылып бүткөндөн кийин мен Абдраев атындагы музыкалык мектепте скрипка классында окучумун. Бирок фильмге тартылгандан кийин да гастролго айлап кетип калганда, музыкалык сабагым жана окуум каралбай, скрипка классынан чыгып калдым. Ошол убактарда СССР өлкөлөрү арасында “Товарищ кино” деген программа бар эле, анда София Ротару, Муслим Магомаев, Кикабидзе, Вицин, Моргуновго окшогон артисттер, ырчылар болуп, Москва, Ленинград сыяктуу чоң шаарларда үч жарым жылдай гастролдо жүрдүк. Ал учурда мага музыкант мугалим менен тарбиячыны кошуп беришчү. Бирок алар мага сабак үйрөтпөй эле, дүкөн кыдырып жүрүшүп, кайра окууга келгенде “сабак билбейсиң, музыка үйрөнбөйсүң” деп урушуп калышчу. Мен аларга таарынчумун. Ошондон улам сабактан начар окуп, скрипкадан жетишпей калдым.

Кээде артыман жаман сөздөр да ээрчиди. Бир жолу Караколго барсак, бир бала “сага бир нерсе көрсөтөйүнбү” деп мени автовокзалга ээрчитип барды. Ал жакта бирөө “Мен “Ак кемеде” аткарган Нургазымын, мени эч ким карабай калды” деп кыйкырып, кайыр сурап олтуруптур. Өзү ичкен, үй- жайы жок неме окшойт. “Эмне менин атымды сатып жүрөсүң?” десем, “Антпесем мага эч ким акча бербейт” дейт. Ага бир аз акча берип, “Экинчи минтип айтканыңды укпайын” дегем. Бирок туугандарым, тааныштарым ушундай көрүнүштөрдү ар кай жактан көрдүк же уктук деп келишчү.

– “Ак кемеден” кийин башка фильмдерге тартылган жоксуңбу?

– Эльер Ишмухамедовдун “Үмүттүн чымчыктары” аттуу фильминде тартылгам, “Эрте келген турналарда” эпизоддо аткаргам. “Ак кеме” сындуу мыкты кинодо тартылып туруп, жөн –жай, жеңил- желпи фильмдерге тартылгым келген жок. Элдин эсинде “Ак кемедеги” Нургазы боюнча калгым келет.

– Кийин музыкант болуп иштедиңби?

– Ооба, Коргоо министрлигинин оркестринде иштеп, пенсияга чыккам. Бирок музыкалык окуу жайда сабак берем. Скрипкачы болбой калгандан кийин Рафаэл агайым бар эле, “Кой балам, бир аспапта ойно деп, мага үйлөмө аспапта, кларнетте ойноону сунуш кылган. Ошону менен Күрөңкеев окуу жайын, андан кийин Консерваторияны бүтүрдүм. Бирок үйлөмө аспапта деле чоң музыкант болсом болмок, тилекке каршы, аны деле толук өздөштүрө алганым жок.

– “Ак кеменин” режиссеру Болот Шамшиев, оператору Манас Мусаев жана башкалар сени абдан шок, жөн турбаган бала болчу дешет…

– Жакында Болот агайдын 75 жылдыгын белгилегенде, кино топ менен бир столдо олтуруп калдым. Алар мени киного тартылганда кандай шок, тентек бала элең, эми токтоо, жоош, такыр сүйлөбөгөн киши болуптурсуң деп күлүп жатышты. Азыр деле ошол кез эсимде турат. Жайлоодо фильмди эки саат ичинде тартып калыш керек болчу. Мен ошо эки саат ичинде тоого чыгып, чуркап кетип калчумун, кээде мени байлап коюшчу. Шоктугуман токтоп турган камерваген машинасын ылдамдыктан чыгарып ийип, аз эле жерден кырсык болуп кете жаздаган. Камерваген тоодон ылдый жүрүп кетип, ичинде Болот Шамшиевдин кичинекей Сүйүтайын көтөргөн эже мени түртүп чыгарбаганда, бир кырсыкка кабылмакпыз. Айтор кичинесинде шок бала чоңойгондо токтоо болуп калат окшойт.

Көп балдардын арасынан фильмге мени тандап алышкан. Анда Пионерлер үйүндө орус балдардын арасында Григорий Иванович “Матрос” бийинде солист катары бийлейсиң деп мени тандап, бийлечүмүн. Фильмде атам матрос болчу деп “Ак кемени” күткөн жерим бар эмеспи.

– Балалыгың ошентип, эсте каларлык, даңктуу өткөнүнө сыймыктанасыңбы?

– Албетте. Кичине кезимде чоң ата, чоң энемдин колунда өсүп, аларга чоңойгондо силерди самолетко салып, чет өлкөлөргө алып барам деп ырдай берчү экенмин. Ошол тилегимди апам көрүп калды, апамды чет өлкөлөргө көп алып бардым.Апам иним экөөбүздү ийримдерге алып барып, бапестеп өстүргөн. Апам мага көп көңүл бурчу, көйнөгүм таза, кийбегенди кийип, жебегенди жеп чоңойдук. Бирок балдарыбызга апамдай мамиле жасай албай жатабыз. (Алты жылдай болду, бизди бапестеп өстүргөн апам кайтыш болуп калган). Чыңгыз Айтматов СССРге чейин кат жазып жатып, апама квартира беришкен. “Ак кемеден” кийин алган килемим азыр да бар. 1000 рублдай калем акы алгам.

Дагы жакшы, “жылдыз оорусу” менен кичине кезимде ооруп, чоңойгондо, жомогум бүтүп, кадимки эле турмушка кайтып келдим. Аскерде жүргөндө кыздардын катынын айынан жоокерлерден далай таяк жедим. Кыздар мага аскерде жүргөндө “Телефондун кулагын оңго- солго бурайын/ Адегенде ден соолугуңду сурайын” деп баштап кат жазышчу. Балдардан да көп кат келчү, күнүнө 30- 40 кат алчумун. Анан жоокер балдар “сенин эле катыңды ташып жүрөбүзбү” деп мени сабап салышчу.

Аскерге өзүм суранып жатып баргам. Анткени “бул баары бир аскерге барбайт” деген сөздөрдү угуп калып, аскерге суранып кетип калгам. Бирок Ооганстанга алып кетерде апам мен аткарган фильмди көрсөтүп жатып, ал жакка жибербей алып калган.

Кыздар артыман көп чуркачу, ошонун айынанбы, же гастролдорго көп кеткенимденби, айтор биринчи аялым менен ажырашып кеткем. Кемчилик менден кетти окшойт, бирок кызымды апам тарбиялап, мени менен бирге болду. Азыр бизди эки неберелүү кылган.

Үйгө конок келсе эле, “Ак кемени” көрө беребиз дешчү. Азыр ойлосом, бул фильмде жазуучунун чыгармасы менен режиссердун, артисттердин, кино тартуу тобунун чыгармачылык аракеттери биригип, мыкты фильм болгон экен, мааниси да терең, ак менен каранын күрөшү, баланын адилетсиздикке каршы чыгышы. Андагы тема азыр дагы актуалдуу.

nurgazy_uybulo

– Кинодо Нургазы арак ичкендерди жаман көрөт го… Сен да ичимдик ичкен жоксуңбу?

– Эмнеге? Мен да ичимдиктин даамын татып көрдүм. Көп эле көсөм, улуу кишилер ичет го. Бирок мен көсөм, улуу болбосом дагы допинг катары ичимдик ичип көрдүм.

– Фильмдеги артисттер, чыгармачыл топ менен байланышып турдуңбу?

– Сабира апамдын үйүнө барып турдум, башкалары менен да байланышым болду.

– Азыр көчөдөн Нургазыны тааныгандар болобу?

– Бала кезде роль аткарганың бир аз башкачараак болот окшойт. Бирок кебетем өзгөрүп, салмагыма салмак кошулганы менен, азыр деле көчөдөн таанып калышат. МАИ кармаганда кое берип, же кезексиз өткөрүп жиберген учурлар болот.

– Келечекте кино тартайын деген же киного тартылам деген балдарга мектеп ачайын деген оюң барбы?

– Андай иштерге шык, тиешелүү деңгээл керек го. Менин оюмча, Борбор Азия мамлекеттери боюнча кинематографисттер окуу жайы керек. Азыркылардан Абдыжапаров гана мастер- класс өткөрүп жүрөт. Жаштардын арасында мен билгенден Данияр аттуу бала бар. Ал кино, социалдык роликтерди тартып жатат. Мына ушул жигит менен чыгармачылык байланыштамын.

Маектешкен Айгүл Бакеева, “Полит клиника”, 31.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.