«Агындылардын» көркөм ажайып дүйнөсү

1. Ш.Дүйшеев адабияттагы кандай көнүмүшкө каяша жасаган?

Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” прозалык китебин окуп чыккандан кийин Чыңгыз Айтматовдун бир кезде “Башкы китеп” деген макаласында моминтип жазганы дароо эске түштү: “Маселен, эсиме келет: авторлордун бири Москвага биринчи жолу келген каарманын көрсөтүү үчүн, адегенде, ал кандай поездден кайсы вокзалга түшкөнүн, метронун кайсы станциялары аркылуу жүрүп отурганын, анан да айыл чарба көргөзмөсүнүн бүткүл павильондору жана жасалгалары менен кантип таанышып чыкканына чейин баяндап жүрүп отурат. Көрсө, азыркы теманын чечилиши мына ушул демекчи экен”. Дүйнөлүк реализмдин бийигинен караганда, мындай көзүнө көрүнгөндүн баарын терип-тепчип сүрөттөп жаза берген адабиятты фактографияга, баяндоочулукка, эмпиризмге бастырган адабият деп коёт. Мындай көрүнүш бир гана калемгердин өксүгү эмес, тилекке каршы бүтүндөй адабиятыбыздын (Ч.Айтматов баш болгон кээ бир жазуучулардын бул алкактан чыгып кеткендигине карабастан) илдети эле. Мындай оору менен кечээки көзү өтүп кеткен аксакал жазуучулардан тартып, бүгүнкү “Эл жазуучусумун” дегендердин кыйласы ооруп келди. Бирок баяндоочулукка чулганган ошондой беллетристика тышкы чоң дүйнөгө барксыз болгону менен атактуу сынчы Кеңешбек Асаналиев айткандай, өзүнүн провинциалдык үйүндө “улуу” адабият болуп даңазаланып жүрбөдүбү.

Талантынын кудуретиненби же билиминин күчүнөнбү, билбейм, айтор Шайлообек Дүйшеев кыргыз адабиятындагы ошондой бардыгын бабырап, эбиреп-жебирей берген көнүмүшкө ичинен оппозицияда келгенби, “Агындылары” менен дал ошол боору менен жылган фактографизмге, баяндоочулукка (описательность) катуу сокку уруптур. “Агындылар”- дагы айталы, көрүнгөндүн баарысын көгөнгө тизип, жонунан жоргологонго адат алган кургак чечендикке өзүнчө бир альтернатива десек жаңылбас элек. Кеп мында болуп жатат. Ш.Дүйшеев “Агындыларында” өзүнүн балалыгы, өмүр-таржымалы аркылуу ааламдын бир бурчу болгон Ат-Башынын бүтүндөй бир “автобиографиясын” кошо чагылтып бергиси келген. Бул жерде тема көрүнүп тургандай, азгырыктуу. Автордун алыста калган сагынычтуу балалыктын күндөрүнө жана сүйүктүү туулган жерге сонуркап, эчтекесин калтырбай майда-баратынан өйдө, бардыгын көрсөтүп берүү кумарына жутулуп, баягыдай утушу аз, узак сөзгө түшүп кетиши мүмкүн эле. Бирок Ш.Дүйшеев “Агындыларында” мындай азгырыкты жана көнүмүштү кан буугандай токтоткондугуна кубана баа берип турабыз.

 

2. Дүйшеевдик альтернатива

Ш.Дүйшеев ичинен тутунган өзүнчө бир эстетикалык кредосу бар, карманган көркөм принциби бар художник экен. Анын мүдөөсү — биринчи иретте, көркөм сөздүн өзүнүн спецификасынан чыгып, образ жаратуу. Карманган эрежеси — ошол образды көлөмгө азгырылган көп сөздүүлүк менен эмес, көз жоосун алган көркөм боёктор, жандуу сүрөттөр аркылуу жарыкка алып келүү. Ш.Дүйшеевдин куралы, аспаптары-кыска жана нуска, ийкемдүү штрихтер, “сакадай бою сары алтын” эпизоддор, тулкусунан “күн көрүнгөн” кичинекей турмуштук “тамчылар”, дароо иштин ток этер жерин, данегин көрсөткөн курч окуя, бутага “чак этип тийген” сахналар, фрагменттер, пендени ич жагынан аңтарып таштаган монологдор, диалогдор, речтик мүнөздөмөлөр ж.б. “Буканы чап мүйүздөн алган” кыска кеп менен иштөө, окурманды индукция аркылуу дедукцияга алып келүү, олчойгон романдын ордуна ичине орошон мазмунду сыйдырган оймоктой аңгемени тартуулоо, турмуштагыдай табигый тирүү сүрөттөрдү тартып берүү — бул Ш.Дүйшеевдин методу. Тилекке жараша, мындай чеберчилик “Агындыларда” кашкайган реалдуулукка айланган. Антон Павлович Чеховдун “кыскалык-таланттын сиңдиси” деген афоризминин чындыгына ушул “Агындылардан” улам ишенесиң. “Агындыларды” миниатюралардагы ажайып искусство десек жаңылышпас элек (сөз биринчи китеп жөнүндө баратат).

Ушундай чебер көркөм амалдар менен “кармалап көрсө боло тургандай” (Максим Горький) болуп, таасын түзүлгөн образдардын бири — элүүнчү жылдардагы элеттик кара тиричиликтин кадимки каарманы — чүкөдөй кара кемпир- китептин авторунун чоң энеси Канымгүлдүн образы дээр элек. Баса, айтмакчы, урматтуу окурман, сиз көлөмү анча чоң эмес болсо да (биринчи китеп), миң главадан — миң бөлүктөн турган чыгарманы көрдүңүз беле? Болгондо да, главалары, бөлүктөрү кандай дебейсизби? Бир главасы бир бүркүм гана сөз. Дагы бир бөлүгү томуктай болгон бир аңгеме. Дагы бир главасы алакандын отундай жерге гана сыйып турат. Кийинки да бир бөлүгү тепкедей болгон гана бир-эки сүйлөм. Кыскасы, китептин структурасы демейкидей эмес, адаттан тыш. “Агындылардын” жаңылыгы дароо ушундан да көрүнөт. Бирок, негизги жаңылыгы мында да эмес. Негизги жаңылык дал ошол чыгармадагы таруудай жайнаган “тамчылардын” (главалардын) ар биринен “күн” көрүнүп тургандыгында, ошол ички бир логикалык өзөккө байланган томуктай миниатюралардын жалпыга кызыктуу орчун маани-маңызды, мазмунду тейлеп отургандыгында. Ш.Дүйшеевде баяндоо баяндоо үчүн эмес, бараандуу ойду, бакыйган маанини бериш үчүн жашайт.

 

3. Энеге тургузулган дагы бир ажайып көркөм эстелик

Эмесе, чүкөдөй болгон Канымгүл кара кемпирге назар буралы. Кай бир пенде бу дүйнөдөн жашап өтөт. Анын жашоого келгенин да, жашоодон кеткенин да мамлекети билбейт. Анын наамы да, мансабы да, алган медалы да болгон эмес. Анын ысымын, сүрөтүн эч бир справочниктен да, эч кандай окуу китебинен да, а түгүл, айылдын атайылап чыгарган энциклопедиясынан да таппайсың. Биз адат катары активисттерди, мансаптуу болуп өткөндөрдү, орден-медалдууларды гана каттап-чоттойбуз да. А мобу адам көртирликтин ичинде жүрүп өтүп кеткен бир карапайым жан. Бирок терең үңүлүп, байкап көрсөк, дал ушул “атак-даңксыз”, билинбеген жөнөкөй карапайым катардагы пенде не деген адамдык улуулукту, не деген асылдыкты, рухий сулуулукту, не деген тагдыр драмаларын, трагедияларын өз боюнда көтөрүп жүрүп өткөн. Ошондой билинбеген карапайым элдик асыл адамдар көрсө, жашообуздун тузу да, тиреги да, көркү да экендигин, алардын бу дүйнөдөн кетиши менен акырындап, астыртан нравалык түркүктөрүбүздүн кемип-кесилип, бузулуп, жемирилип отургандыгын аңдабаптырбыз.

Адегенде, “Агындылардан” Канымгүл кара кемпир менен мындайча кездешебиз. “Ормонун ташы” деген кичинекей главаны окуйлу. Автор минтип сүйлөп турат:

“Мени ээрчитип алып Ысабектин күмбөзүнүн үстүдөгү мал оттой берип такырайтып салган талаага келип токтор эле. Анан түшүрүп ийип жоготуп алган топчусун издеп аткансып, боз үйдүн ордундай жерди кайта-кайта айланып, кайта-кайта тегеренип жүрүп, бир маалда:

– Таптым, Шакенбай, таптым! Ушул жер болчу! — деп сүйүнүп кетчү.

Көрсө, энем, уулу Ормо согушка кетер алдында экөө олтурган жерди, уулунун буту баскан жерди издеп келчү экен.

– Ушул жер болчу, жакшылап карап, таанып ал, илгери-кийин кереги тийип калар, Ормо акеңди согушка алпкетчү кабар ушул жерге чейин келген. Экөөбүз ушул жерде эс алып олтурчу элек. Мына бул таш ошондо эле ушул ордунда жатчу. Күрмөсүн бүктөп, башына жаздай коюп, ушул ташты жаздык кылып, эс алып жата калар эле, каралдым. Эми минтип чөп көөмп бараткан тура жарыктык, ак жолтой таш боло көр, кагылайын! — деп курган энем сыры тургай сыны кетип, табы кетип кабы эле калган, кабы деле калбай, көр-түйшүктүн айынан жедеп майышып бүтүп, терисинен тажап, сыртка чыга каччудай жондонуп, көгөрүп турган тарамыштуу колдорун, ийрейген манжаларын таштын бетине акырын коюп алып, уулунун маңдайынан сылап аткансып, жансыз ташты бир топко дейре сылап-сыйпап, чеке-белиндеги чөп-чарын тазалап, анан чүпүрөгүнө түйгөн төлгө ташын алпчыгып, адегенде маңдайына, колуна, оозуна тийгизип алып: ”ачык айтып, ак сүйлө, кагылайын, өзөгүң үчтөн, түлөөң түштөн” деп күбүрөнүп, анан, төлгөсүн салып кирер эле.

– Балекетиңди алайын Шакенбай, кудай жалгап башы тогуз, аягы алты, төлгөбүз төп түштү. Баламдын бир аз санаасы болбосо, дени-карды сак, аман-соо жүрүптүр. Бир жакка шашып алган түрү бар. Күз менен келип калчудай өңдөнөт, кара козуну жакшылап бордоп туралы, о кудай, кудуретиңден кагылайын, жаман уулумдун башын таштан, оозун аштан кыла көр!-деп төлгө ташын жыйначу. Мен энемдин төлгө тартып жатканынан көзүмдү албай карап туруп, эч нерсе түшүнбөсөм да, аябай ишенээр элем.

Энем ордунан турарында койнунан дагы бир түйүнчөк алпчыгып, андагы топурагын чачып жиберип, түйүнчөгүнө кайра эле ошол жердин топурагынан жаңыртып түйүп алып, жыттап туруп койнуна катып алчу…

– Ушул топурактан Ормом ала кеткен, — дечү” (“Агындылар”,16-17-беттер).

Ушул тексттен адегенде мобуга көңүл буралыбы. Караңызчы, кара кемпирдин мынабу “табы кетип, кабы эле калган, кабы деле калбай, көр-түйшүктүн айынан жедеп майышып бүтүп, терисинен тажап, сыртка чыга каччудай жондонуп, көгөрүп турган тарамыштуу колдорун, ийрейген манжаларын”. Бул эмне деген укмуштуу кол. Бул тарамышы көрүнгөн колдун ары жагынан бала-бакырам, үй-бүлөм деп күн-түн “канатын жерге чапкылаган”, мойнуна “каамыт кийип”, өмүр бою көртирликтин сокосун сүйрөгөн, үй-бүлөнүн гана эмес, колхоз түйшүгүнүн оор жүгүн да майышып жонуна көтөргөн, 20-30-жылдардын ак кар, көк музунун, согуш убагындагы ачарчылыктын азап-тозогунун отуна күйгөн, буга кошумча большевиктик казармалык система жана тоо арасындагы тоталитаризм каалашынча уйпалаган (муну ал өзү кайдан сезсин) бечара карапайым элеттик аялдын бүтүндөй тагдырын көрүп турабыз. Кыйынчылыктарды пилче чыдап көтөрүп, карыса да али кайратынан жазбай, дале болсо оокат деп тырмалаңдаган, карганын шыйрагындай каткан ушул кол эмне деген ыйык кол. Бул туурулган кол-турмушту тиреген кол. Ушул калтыраган колдун ары жагында не деген укмуш жүрөк кагып турат. Ушул жүрөктүн эмне деп, ким деп, согуп турганын көрчү. Жаны жай албай, ичинен түтөп, өрттөнүп күйүп турган кемпирдин кебетесин карачы. Талаага келип, майдандан кайтпай калган уулунун акыркы жолу буту баскан жерди темтеңдеп тегеренип издеп, уулу “жаздык кылып” жөлөнгөн ташты эш кылып, аны алаканы менен аёолуу сылап, Ормосунун ташынын түбүнө төлгө салып, балам тирүү деп кыйкырып турганын карачы. Алда айланайын эне ай! Бул жаратылыш “балам”, “балам” деп чыркыраган улуу инстинктти, улуу сезимди өзүңө ченебей берген экен го. Согуштун басылганына далай жыл болсо да, 50-жылдардын ортосунда апасын күткөн жаш баладай жол карап, кара козусун түлөөгө байлап, кудайлап турган эненин жүрүм-туруму жүрөктү сыздаткан не деген кайгы да, не деген улуу көрүнүш.

Ушул жердеги Ш.Дүйшеевдин калемгердик чеберчилигин айталы. Тепкедей болгон ушул үзүндүдө энени жактаган, даңктаган, же болбосо “эненин кайгысы”, “эненин үмүтү” дегендей бир да сөз жок. Баягы узун баяндамалардагыдай автордук сырткы мүнөздөмөлөр, каарманды тышынан сыпаттаган эпитеттер жок. Дидактикалык насыят көрүнбөйт. Эне жөнүндө баягыдай тирада жок. Булардын ордуна автор баштан өткөн окуянын гана реалисттик картинасын алдыбызга таштап койгон. Натыйжада жазуучунун баянын окуп эмес, художниктин кыл калем менен тарткан полотносун көрүп жаткандай болобуз. Бул жерде Ш.Дүйшеев автордук мүнөздөмөнүн, сыпаттаманын ордуна кемпирдин өзүнүн жүрүм-турумун, кыймыл-аракетин, речин, жасап жаткан ишин сүрөттөө сыяктуу реалисттик искусствонун эффективдүү ыкмасын колдонуп жатат. Ысакбектин күмбөзүнүн үстүндөгү талаадан “түшүрүп ийип топчусун издеп аткансып, боз үйдүн ордундай жерди кайта-кайта айланып, кайта-кайта тегеренип” уулунун буту баскан жерди издеп жатканын, ошол жердеги уулу жөлөнгөн жанагы ташты сылап-сыйпап отурганын, таштын чеке белиндеги чөп-чарды аярлап тазалап жатканын, кудайлап салган төлгөсүн, “балекетиңди алайын Шакенбай, балам аман-соо жүрүптүр, күзү менен келип калчудай өңдөнөт” деген жүрөктүн түпкүрүнөн атып чыккан сөздөрүн, уулуна арналган кара козуну, чүрпөсүнүн таманы тийген жердин топурагынан алып, түйүнчөгүнө түйгөнүн көрсөтүү аркылуу калемгер эненин ички драмасын жана психологиясын, дегеле бу жарыкчылыкта эне деген ким экендигин кашкайта элестетип таштаган. Автор бул жерде жалаң образдар, штрихтер, боёктор менен иштеген. Калемгердин баяндоо интонациясы да жасалмасы жок жүрөктөн чыккан сырчылдыгы, жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турат.

Мындан мурда адамзат адабиятында улуу художниктер тарабынан эне жөнүндө далай, далай классикалык портреттер, притчалар жаралган. Балага деген энелик улуу сезим жөнүндөгү кезектеги дагы бир ажайып көркөм картинаны Шайлообек жаратып таштаптыр. Мына ошентип, “Агындылардын” “Ормонун ташы” аттуу томуктай болгон главасы ичине тоодой мазмунду сыйдыргандыгы менен өзгөчөлөнүп, китептин баш жагында адегенде эле жарк этип көзгө урунат.

Айтмакчы, бул главасынын соңунда автор минтип сүйлөп турат: “Жыл сайын уулун күтүп жүрүп, жыл сайын баласына деп ыроологон кара козу кара кой болуп, анан анын козусу чоңоюп, ал байкуш да биз менен чогуу Ормо акемди күтүп, анын тукуму да карып, үзүлүп жок болуп, акыры энем өзү да о дүйнө кете берди” (18-бет).

Ш.Дүйшеев ушинтип, чоң энеси жөнүндөгү сөздү өзүнүн стилине таандык чукугандай табылган көп маанилүү жана чын пейилдүү сүйлөмдөр аркылуу терең армандуу нота менен аяктайт. Ошол о дүйнөгө кеткен, азыр жалгыз небереси Шайлообектен башка эч ким эстебеген, бүгүн эч кимге белгисиз, а түгүл илип коёрго сүрөтү да жок ал маркум кара кемпир дагы кандай сапаттарга эгедер эле? Төмөнкү эпизод менен таанышпай өтүү мүмкүн эмес:

“Ошондой күндөрдүн биринде биздин үйгө күүгүм талаш бейтааныш киши келип түштү.

– Кудайы конокмун байбиче. Жолум алыс. Атым чаалыгып калды, -деди.

Энем байкушум таш кемегесин оңдоп-түзөп, далайдан бери асылбай калган кол казанын асты. Көр-жердин арасынан эликтин терисинен жасалган жаман тулубун таап, ичинен талкандын арасына “көмүлгөн” койдун карынын алып чыкты. Карындын ичинде толтура эт бар экен.

– Конок-кара келип калабы деп узун сарыга сактап жүрдүк эле, кагылайын! Дегеле ырас болбодубу, пейилиңер түз экен,- деп жан-алы калбай кудуңдап, маңдайы жаркып кубанып, карынга каткан койдун жамбашы менен чүкөлүү жилигин, далысы менен омурткаларын сууга салды” (74-бет).

Караңызчы, бу не деген мораль, не деген руханий ажайып көрүнүш. Жаман кепеде жашаган кедей кемпирдин биринчи көргөн бейтааныш кудайы конокко өзү жебей, узун сарыга деп катып, сактап жүргөн аялуу тамагын тартуулап, ак көрпө жайыл болуп жатканын карачы. Чынында эле, жолоочулап баратып, аттан салам айтып кирип келген чоочун кишини кудайы конок деп, ким экенине карабай сыйлап узаткан элибиздин илгертен келаткан улуу салты бар да. Дүйнө калктарында сейрек кездешкен мындай айкөл менталитет ата-бабалар рухунун бийиктигин айгинелеп турган уникалдуу касиет. Мындай аруу касиетти кенедейинен жан дүйнөсүнө сиңирип, боюнда көтөрүп жүрүп өткөн кечээки Канымгүлдөй апалардын арбагына кантип таазим этпей коёсуң.

Бүгүн биз ким болдук? Чоочун кудайы конок тургай, жаныбыздагы кошуна-колоңго айраныбызды, сүтүбүздү, кымызыбызды, наныбызды сатып, акчанын артынан тоголонуп, атанаркынан ажыроодобуз, кунарыбыз кетүүдө. Дегеле, бүгүнкү биздин майдаланган нраваларыбызга салыштырмалуу “Агындылардагы” Канымгүл кемпирдин турган турпаты алда канча бараандуу, көрөсөндүү жана залкар көрүнөт. “Кудай айланайын, а дегенде элге бер, андан кийин бизге бер” деп басса-турса Кудайга жалынганынан жазбаганы, а түгүл Сталин менен Ворошиловдун арбагына да, куран окуй жүргөнү, “а балакетиңди алайын балам, андай кылчу эмес, жыланды да кудай жараткан”, Кудай аны өлтүрсүн деп жараткан эмес” деп, жыланды да аяганы, баланын көңүлү жабыркабасын, куса болуп ооруп калбасын деп, жөө-жалаңдап суу кечип, ой-кырлар менен жүрүп, 30-40 чакырым жерге өлгөн-талганда жетип, кичинекей Шайлообек жетимди бөлөк бирөөгө турмушка чыгып кеткен Нурбүбү апасына учураштырып турганы, өзүнүн пайдасын ойлобой, небереси үчүн чарк көпөлөк айланганы, өп-чап турмушта жашаса да, тиги жок, бу жок деп, кейип-кепчибегени, азга сабыр, барга топук кылып, жер-суунун амандыгын, калктын жакшылыгын тилеп жашаганы Канымгүлдүн руханиятынын артыкчылыгын, асылдыгын, парасаттуулугун күбөлөп көрсөтүп турбайбы.

Жаакты таянып ойлонсок, көрсө, элибиздин илгертен бери келаткан нарктарын, кыргызды кыргыз кылып турган адеп-ахлак кенчтерин алып жүргөн, улут рухунун түпкү негиздерин сактап турган, турмуштун нагыз туткалары ушул Канымгүл чоң энедей элеттик кемпирлер турбайбы. Бүгүн жерибиздин тузу болгон ушундай байбичелер, карыялар арабызда калбай баратат. Кеңири айтканда Канымгүл эненин адеп-ахлагы — бул кыргыздардын көчмөн цивилизациясы жараткан, улут кыртышы төрөгөн жан дүйнө маданиятынын өзүнчө бир символу. Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” китебиндеги сиңирген эмгеги, эч кимге эч нерсени милдет кылбай, эч кимден байлык да, сыйлык да сурабай, эч кимге эч кандай доосу да жок, жөн гана пенделик жашоонун улуу түйшүгүнө өзүн курман чалып, бу дүйнөдөн өтүп кеткен кыргыздын бир аялынын улуу руханиятын калыбына келтирип, анын адамдык-асыл бейнесин көркөм сөздүн күчү аркылуу скульптуралык көрөсөндүүлүк менен түзүп, муундарга мурас кылып берип отургандыгында. “Мен энеме эл катары эстелик коё алган эмесмин. Бирок “Агындылар” аркылуу эстелик койдум деп ойлойм” деп автор өзү да ыраазы болуп турбайбы (“Де-Факто” газетасы, 25.04.2014). Шайлообек Дүйшеев чоң энеси Канымгүлдүн караанын сагынычтуу тиктеп туруп, моминтип ырдаса туура болот го деп ойлоп, төмөнкү саптарды токудук:

Эгер болсо менде учкуну ыймандын,
Жаңырыгы сенин асыл жаныңдын.
Өзүңөргө жанаша өскөн жылдардан,
Өсүп чыккан менин рух тамырым…

 

4. “Кармалап көрсө боло тургандай” тирүү элестер

Ш.Дүйшеев “Агындыларында” чоң энесинин образынан башка да бир нечелеген айыл адамдарынын кадимкидей “тирүү” элестерин жараткан десек жаңылышпайбыз. Китептеги бөкчөйгөн айылдык кара кемпирлер, Жума таяке, Керим аке, Үсөк аке, Бейшебай аке, Талип аке, Касым аке, Аяткан таяне, Болатакун жезде, Касым жезде, Кудек аке, Токсаба, Салый сыяктуу персонаждардын портреттери менен кездешкенде, окурман бедизчинин мастерскоюндагы скульптураларды аралап жүргөндөй болот. Аты аталган персонаждар, жанагинтип Максим Горький айткандай, “кармалап көрсө” боло тургандай болуп сомдолгон кейипкерлер. Эми ушундай көркөм көрөсөндүүлүккө жана дааналыкка Ш.Дүйшеев кантип жетишип жатат? Автор образ курууда көп сөздүүлүктөн жаа бою качып турат. Ал дагы айталы, бөдөнөнүн бөтөгөсүн жара аткан мергенчи сыяктанып, мээлеген бутанын дал толтосуна тие турган каражаттарды издейт да, бир-эки сүртүм боёк менен эле, бир-эки мүнөздүү деталь, штрих же кыска жана нуска, ташка тамга баскандай таамай сүрөттөөлөр менен бейнени кашкайта тартып таштайт. Кээде Ш.Дүйшеев реализмдин чебериндей болуп, өзү ары көмүскөгө көрүнбөй жашынып калат да, персонажды гана сахнага чыгарып, тилин сайратып сүйлөтүп коёт. Же анын монологун, диалогун алдыга тартат. Кейипкер өз речи, диалогу менен өзүнүн кебетесин, психологиясын өзү ачып берет (маселен, көртурмуштун айынан невротикалык ооруга чалдыгып, дайыма истерикага түшүп турган Салый зайыптын речин, же болбосо Болотакун жезденин сүйлөгөнүн, же чоң эне менен неберенин “чаар ичеги” жөнүндөгү диалогун, Турусбүбүнүн телевизор көргөндөгү кебин караңыз). Ушул жерден айта кетиш керек, дегеле, Ш.Дүйшеев “Агындыларында” айыл адамдарын речтик жактан мүнөздөөнүн чоң чебери катары өзүн көрсөтө алган. Көпчүлүк учурда бир абзац сүйлөмдө эле же бир жарым беттик же бир барак аянтта эле кишинин баскан-турганын, кылган кылыгын, жоругун, иштеп жаткан ишин, кыбыр эткен кыймылын, ойноп жаткан оюнун талуу жеринен чапчып, “өлөөр жеринен” кыпчуур менен кармагандай кармап, шар аккан суунун көбөөтүнөн балыкты уучтап чыккандай, персонажды “туйлатып”, көрүнөөгө алып чыгып, анын ким экенин дапдайын кылып көрсөтүп коёт. Натыйжада, үгүт-насыяты жок эле, жакшы киши ким экени, жаман киши ким экени, бузулган пенде кандай болорлугу, кимди туураш керек экендиги, кимди туурабаш керек экендиги, кимдин комедиясы же трагедиясы эмнеде экендиги өзүнөн өзү-ачык болуп чыга келет. Автордун бул өңдүү чеберчилигин Табылды Эгембердиев окурман катары “адамдардын кулк-мүнөзүн, кыял-жоругун, кебете-кепширин, жакшы-жаманын, баарын бир шилтем сүйлөм менен ашык-кеми жок сүрөттөп салганы эсиңди гана оодарып, бир кумардан чыгарат” деп эң туура байкаган. Болгон окуяны баарын баяндап отурбай, шак эле анын төбөсүндөгү “көкүлүнөн” алат. Ошол “көкүлдөн” алып, көтөрүп чапкан образ-сүрөттөр “Агындыларды” башынан аягына чейин ширеп калган. Ш.Дүйшеевдин калеми бир эле чийип кетти эле, китептин 99-бетинде аялынын какшап айткан калыс кебине камчысынын күчүн каршы койгон, турушу менен патриархал-көчмөн эркектин, өзүнө өзү сын көз менен кароо маданияты өнүкпөй, ичи тоң бойдон калган элеттик эргулдун кебетеси “чырк” эттирип бир ирмемде фотоаппаратка алынган сүрөттөй, көз алдыбызда туруп калды. Дагы бир алакандын отундай эпизодду алчысынан түшүрүп, “өкчөм” койду эле, бет алдыбызда элементардык этика дегенди билбеген, оргу-баргы Турсун аттуу элеттик “Дерзу Узаланын” эстен чыккыс элеси пайда болду да калды (20-бет). Дагы бир жолу калемгерибиздин чеберчилигин четинен чертип көрүп өтөлүчү. Бир эле мисал окуйлу: “Таякем Жумамамбет жайлоого көчкөндө таянем Аяткандын буйругу менен мени атка таңып туруп, жылкыларга кошуп айдап жиберип, түш оой конор конушу, жайлаар жайлоосуна жетип, шашпай боз үйүн тигип, “жыт чыгарып коёлу” деп куймак куюп, “аластап коёлу” деп арча түтөтүп, “эми кымыз ичели” деп шашпай жайланып олтуруп кымыз ичип, анан бир маалда, “а кокуй, бала бар эмес беле!” деп бирөөсүнүн эсине түшө калып, анан жылкылардын арасында оттоп жүргөн атты издеп, анан атка таңылган мени чечип алышпайт бекен” (“Агындылар” 35-бет).

Мына ушинтип, автор Аяткан таянесинин мүнөзүнүн, жан болумушунун катуулугун, жээн балага пейли ийибеген муздактыгын кымындай жетим чүрпөгө жасаган ушул мамилеси аркылуу эле ачып койгон. Бул мисалдан кийин калемгер Аяткандын аял катары катуулугу жөнүндө ар түркүн автордук аныктамаларын чыгарып отурбайт. Жөн гана бул окуяга карата чоң энеси Канымгүлдүн жасаган реакциясын минтип астыртан жылдырып берип коёт: “Аяткан куруп кетсин! Баарынан да ошол жоругун ойлогондо азыр да азат боюм дүркүрөп кетет. Ботом, ат оонап кетип өлсө эмне болот дебейби? Деги дени-карды соо киши ошентеби? — деп эле байкуш энем эстеген сайын күйүп кетер эле” (“Агындылар” 34-бет).

Чоң эненин күйүп-бышып айткан бул эмоциялуу сөздөрүнөн Аяткандын жүзү, кимдиги, ага берилген баа өзүнөн өзү дайын болуп жатат го. Образ ачуудагы автордун мындай кылдаттыгына кол койбой коё албайбыз. Иштин ток этер жерин гана сүрөттөгөн кыскалык “Агындыларда” өрнөк кыларлыктай даражага көтөрүлгөнүнө күбө болуп отурабыз. Кыргыз адабияты буга чейин дал ушундай Дүйшеевдикиндей кыскалык сапатка, кыска болгондо да боёктуу, образдуу шөкөттөлүшкө чукак болуп келбеди беле.

“Кудай ай, 51-жыл бекен же 52-жылдын жазы бекен” деп, автор сөздү аябагандай табигый баштап, анан “тили менен буудай куурган” сөзгө чебер, кепке чечен кудум айылдын такшалган тапанындай болуп, бир нерсени куюлуштуруп шөкөттөсө, Ш.Дүйшеевдин сөз сыйкырына арбалып, туткун болгонуңду сезбей каласың. Ушу жерден кыстырып айта турган нерсе, Шайлообек кичинесинде ушунча куйма кулак бала болгондугу сезилип турат. Ат-Башынын кемпир-чалдарынын, элеттик пенделердин арасында өскөндүктөн айылдык адамдардын бай тили, кеп стили, сүйлөө манерасы, речтик маданияты, жаргону, тилдик “субкультурасы” Шайлообектин дилине гана эмес, бүтүндөй сөөгүнө сиңип калган экен. Болбосо, Ат-Башы менен 70-жылдардын башында эле коштошкон, бүгүнкү шаардык интеллигенттин тили ушунчалык “буудай куурабы” э айланайын! “Агындылардын” тили жөнүндө сөз күтүп, кеп баккан көсөм интеллигенттерибиздин бири Табылды Эгембердиев бекеринен моминтип жазып отурган жок: “Китептеги эң негизги артыкчылык — автордун түбү жок тил байлыгы. Мен деле айылда өскөм. Кыргыз тилин суудай билем деп жүргөм. Көбүнө сынтакчумун. Көрсө, “Өрдөк жокто чулдук бий” болуп жөн эле мактанып жүрүпмүн. Шакемди окуп алып, ушундай курч, ушундай көркөм жана ушундай кооз тилди жараткан элиме ыраазы болдум. Ушундай тилдин күкүмүн калтырбай чогултуп алып, китебине чачып салган жандосум Шакеме ыраазы болдум. Китепти суу төгүлбөс, камчы салдырбас жорго мингендей эле кыйналбай, жыргап окуйсуң” (Табылды Эгембердиев, “Кара сөз менен ырдалган поэма” макаласынан).

 

5. Балалыгыңдын сүрөтүн тартсаң, Дүйшеевче тарт

“Агындылардын” дагы бир жагына көңүл буралы. Эгерде калемгер өзүнүн балалыгы жөнүндө чыгарма жазса, ал анын биографиясынын гана жеке фактысы болбой, жалпы мааниге ээ картинага өсүп чыкса, андан көптөр өзүнүн балалыгын көрсө, анда бул-художниктин жеңиши. Эмне үчүн биз Жеңижоктун “Балалык” деген ырын ар качан кызыгып, сонуркап окуйбуз (“Жар боорунан балапан, алып жүргөн балалык.Чегирткени куш кылып, салып жүргөн балалык. Күчүгүн байлап мойнунан, карышкырга салам деп, шашып жүргөн балалык. Дөбөт менен мышыкты, кабыштырган балалык. Кимиси кыйын экен деп, салыштырган балалык. Эки айылдын жылкысын, алдыртан кошуп ийишип, айгыр менен айгырын, алыштырган балалык. Дөбөгө чыгып барышып, таш омкоруп алышып, «менин атым күлүк» деп, жарыштырган балалык. Так секирип улактай, кутуруп турган балалык. Оюнга мооку канбастан, жутунуп турган балалык. Оюн салган кунандай, окторулган жыландай, ордунда турбас балалык”)? Анткени улуу Жеңижок бул ырында адам пендесинин ажайып “көктөм” доору — балалыктын кайталангыс жаратылышын, балалыкты түбөлүк коштоп жүргөн “мүнөздү”, “эн тамга” белгини кашкайтып ачып берип жатпайбы. Жеңижоктун ырынын өлбөстүгү кайсы гана доор болбосун, балалыкка тиешелүү жалпы касиетти жар салып тургандыгында. Карачы, ошол 19-кылымда Жеңижок ырдаган балалык мүнөз 20-кылымда Ш.Дүйшеевдин балалык жосунунда кайталанып жатат. Ш.Дүйшеев минтип сүрөттөйт:

“Чарадай, чарадай таштарды жөн жаткан ордунан козгоп, омкоруп алып төмөн кулатабыз. Таш адегенде көңүлү келбегенсип жай аласалып, анан улам ылдыйлаган сайын ылдамдап, күүлөнүп алган соң тири шумдуктай чимирилип, аңкилдек атып, анда-санда бир көрүнүп, өңкүлдөгөн бойдон салып-уруп баратып так желенин түбүнөн түйүлүп өтүп, дүп этип торпоктун жанына түшүп, андан секирип зуулдаган бойдон сайга кирип жок болор эле. Кулаткан ташыбыз боз үйлөрдүн бирине, мал-жанга тийип ойронун чыгарса эмне болорун ойлобой, ансайын оюндун кумарына батып алган бизди боз үйдөн атып чыккан эркектердин өкүм айкырыгы мык каккандай кагып токтотчу” (“ Агындылар” 70-бет).

Бул жерде кеп таштын кулашында деле эмес. Кеп бул эпизоддун бала деген пенденин жаны чынында оюн экендигин, оюн дегенде ал бардык нерсени унутарын, оюндун ичине баш-оту, бүткүл жүрөк-жүлүнү менен кирип кетээрин, оюн анын өмүрү, жашоосу экенин туюндуруп, окурманды Жеңижоктун ырындай балалыктын керемет табияты жөнүндө ойлондуруп, ар кимди мурутунан жылмайта алыста калган алтын балалык күндөрүн эстөөгө козутуп тургандыгында. Анан калса, Ш.Дүйшеевдин “Агындыларда” дагы башка төмөнкүдөй тарткан картиналары акын Жеңижоктун балалык жөнүндөгү классикалык ырына зарыл толуктоо же анын башкачараак тариздеги уландысы сыяктанат. Чогуу окуп көрөлү:

“Жума таякемдин кызы Нина экөөбүз ойноп жүрүп бастырманын бурчунан чакага чыланган гудрон-асфальтка төгүлүүчү кара майды таап алып, жыргап, колубузду чыканагыбызга чейин малып, ыракаттана мыкчып, бети-башыбызды шыбап, чачыбызды майлап, бир заматта адам тургай айбан кача турган шумдук түргө келсек керек, көң алганы кирген келин:

-Апей көтөк!-деп ыргып чыга качып, колундагы таштеги тегеренип барып уктап жаткан иттин башына тийип, ал каңкылдап тамды айланып, бизди тиктеп алып байланып турган казыгына чиренип торпок өкүрүп. Ошондо оңой менен козголбогон таянем козголуп, шашпай басып келип, ит тиштеген күчүктөй көк желкебизден көтөрүп келип Нина экөөбүздү:

– Ме,тазалап ал!-деп Жума таякемдин алдына ыргытканын эстейм”.

“Дагы бир окуямды кийин уктум.

– Эшик акырын “тык-тык” деп басылып калат. А дегенде тоокпу деп көңүл бурган эмесмин. Бир аз тынчый түшүп кайра тыкылдайт.“Бул эмнеси?” — деп туруп барып карасам Шакен турат, чочогу чорбоюп, курсагы чердейип, киндигине жетпеген көйнөк, буту жыңайлак.

– Ай, эмне келдиң таңатпай?-десем.

– Нина чыгабы?-деп коөт.

– О шүмүрөй, “чыгабы?” деп койгонун, бар турсаңды кийип кел! Уялсаң болбойбу, өзүң кызга келсең, анан кебетең бул болсо, — деп кайра айдадым. Боорумдун эзилгенин айтпа, — деп Батипа таажеңең айтып калчу эле- деп энем айтчу”. («Агындылар», 33-бет)

Мынакей, балалыктын “тирүү” образы. Жылмаюуну жана күлкүнү жараткан кандай керемет сүрөт. Жеңижоктон да өткөрө жазып салыптыр го. Айтып отурса, ааламга сыйбас балалыктын күнөөсүз баёо дүйнөсүн кичинекей гана нокоттой жерге батырып коюптур ээ. Бутага таамай тийчү таасын фактына тандай билген, аны сөз менен саймалап, көркүн ача көркөмдөп бере билген Шайлообектин устакерлигин айт. Буга чейин балалык жөнүндө көп эле чыгармаларды окудук. Бирок балалыктын бейнесин Дүйшеевчесинен ташка тамга баскандай мынчалык даана тарткан калемгерди учуратпаптырмын. Шайлообек адабиятта балалык жөнүндө өңү эч качан өчпөс, өлбөс көркөм картинаны жаратып салыптыр. “Агындыларда” Дүйшеевдин балалыгы Дүйшеевдин гана жеке балалыгы болбой, ошону менен бирге жамы адамзаада окуй турган жалпы эле балалык туурасындагы ажайып аңгемеге айланышы-бул художник Ш.Дүйшеевдин жетишкендиги. Баса, анан Ат-Башыдагы 10-класстын жаштык романтикасын да Шакең келиштире сүрөттөптүр. Айрыкча, “Агындылардын” кыздарга жазылган каттарга байланышкан беттери абыдан колориттүү жана жаркын чыккан, окуп эле отургуң келет.

 

6. Автордогу жазуучулук жөндөм менен сүрөтчүлүк өнөрдүн айкалышы кандай натыйжага алып келген?

Ушул жерден Ш.Дүйшеевдин автордук натурасындагы бир өзгөчө сапаттын китептин ийгилигине чоң сүрөө болгондугун баса белгилөөгө кезек жетти көрүнөт. Жанагы тоодо балдар кулатып жаткан таштарга дагы бир жолу тик багалычы. Таштын кулаганы ушунча көрөсөндүү, муну китептен окубай эле, кинодон көрүп жаткандай болосуң. А түгүл өзүңө карай кулап келе жаткандай иллюзия түзүлөт. Эми дагы сурайлы, автор сүрөттөөнүн мындай көрөсөндүүлүгүн кандайча камсыздап жатат? Ш.Дүйшеев китебинде окуучулук жылдарынан мындай эскермени алдыга тартат: “Башталгыч класстын мугалими Энтериев Жумабай агайдын республикага чейин атын чыгарган көрсөтмө куралынын сүрөттөрүн тартып берип жүрдүм. Ошондон тартып ботаникадан сабак берген Макан эже мага чөп-чар менен жалбырактардын сүрөттөрүн көп тарттырды”.(“Агындылар”, 207-бет). Көрсө, автор Шайлообектин туулганынан тубаса сүрөтчүлүк касиети бар турбайбы. Ал сүрөтчү болуп да төрөлгөн экен. Ал эми сүрөтчүнүн дүйнөнү предметтүү көрөрү, боөктор, түстөр, образдар аркылуу кабыл алары белгилүү. “Агындыларды” жазып жатканда автордун көмүскөдө көрүнбөй жүргөн дал ушул художниктик касиети көркөм тутканы тегеретүүдө активдүү роль ойноп жаткандыгы баамдалып отурат. Башкача айтканда, автордогу эки башталма-жазуучулук сөзмөрлүк жөндөм менен сүрөтчүлүк касиет бири-бири менен жуурулуша бириккен. Ш.Дүйшеевдин боюндагы ушул эки касиеттин союзу “Агындылардын” көркөм көрөсөндүүлүгүн (зрелиңность), колориттүүлүгүн, сүрөттөөнүн предметтүүлүгүн, “орнаменттүүлүгүн” шарттап берип жатат. Мына ушундан улам биз автордун баяндарынан, аңгемелеринен, чагылтууларынан көпчүлүк учурда сүрөтчүнүн полотносун же кандайдыр бир кинокадрды көрүп жаткандай иллюзияга кабылып жатканыбызды туюнсак болот. Мынабу чийнеге түшүп талаада кетип бараткандагы Ат-Башынын бир айылынын түнкү пейзажын (146-бет) карачы, эмне деген керемет сүрөт. Же болбосо, мына мобу Кашка Айгыр менен Аңги Торунун жайлоодо бири-бири менен алышкан тири укмуш картинасын көрүп ал. (71-бет) Болбосо, Ой-Терскендин сайынын жээгинде маасысын чечип, жылаңайлак олтура калып, “кел” деп небересине жонун тосуп мингизип, жонундагы балага маасысын карматып, бир колуна тизесине дейре түрүп алган көйнөгүнүн этегин, түйүнчөгүн кармап, бир колу менен “мингизип” алган наристени көчүгүнөн сүйөп, сайдын бут какшаткан муздак суусун мөңкөйүп кечип бараткан Канымгүл чоң энени карап көрчү. (42-бет) Булар фотосүрөттөрбү, кыл калем кудурети менен ак кагазга түшүрүлгөн элестерби, телетасманын үзүндүлөрүбү, эмне? Кыскасы, мындай көркөм кооздук, картиналуулук, образдуулук чынында эле, өйдөтө белгилегендей, сүрөтчү менен жазуучунун бир инсандагы жумуртканын агы менен сарысындай айкалышкан биримдигинен гана жаралышы мүмкүн. Ушул биримдик жараткан эстен чыккыс элестүүлүк чыгарманын айрым бир фрагменттерине гана эмес, дагы айталы, “Агындылардын” бүтүндөй көркөм тулкусуна мүнөздүү экендиги Ш.Дүйшеевдин прозачы катары мөөрөйү эмей эмне? Анан калса биздин жогорудагы оюбуздун чындыгын ырастап, Ш.Дүйшеев өзү газетага моминтип интервью берип салбадыбы: “Мен жаш кезимде сүрөтчү болсом деп тилек кылып жүрүп, айлам жогунан сүрөтчү болалбай калгам, бирок анын өчүн мен сөз менен сүрөт тартып алып келатам. Художниктер бири живописчи, бири портретчи, бири башка болуп ар түркүн жанрга адистешет эмеспи , а менде кудай жалгап ушулардын баары бар окшобойбу, анткени уй, кой, эшек эле эмес, суунун, чөптүн, таштын, кыштын, кишилердин кебете-кешпирин, жадагалса кайгы-муң менен күлкүнүн өңү-түсүнөн бери сөз менен кемелине келтире тартып бере аларымды Табылды менен Нуралы байкаган. Анан “жазуусу” бар болгон менен “жаны” жок болуп калбагайле деп ар бир сөздүн “колу-башын” кармалап, көкүлүн сылап, баскан-турганын тыңшап, бетинен өөп, мазарга түнөгөнсүп ар бир сөздүн “түбүнө түнөп” жүрүп “Агындыларды” жазганым текке кеткен жок”.(“Де-Факто”, 25.04.2014).

 

7. Манас Ата жана Шайлообек

Ш.Дүйшеев балалыгынын күн тийген күнгөйлөрүн, кыялдуу, романтикалуу учурларын гана эмес, көктөм мезгилинин кардуу тескейлерин, көөдөнгө өчпөс так калтырган көлөкөлүү психологиялык драмаларын да алаканга салгандай кылып, алдыбызга жайып таштаган. Көктөм мезгилден башталып, кийин, кийин көкөйдү кескен көкүрөк дартына айланган, үй-бүлөлүү, бала-бакыралуу Шайлообектин эч ким туйбаган инсандык ички тымызын рухий-психологиялык көйгөйү болуп калган көрүнүш жөнүндө тикелей кеп кылуудан мурда, улуу “Манас” эпосунун бир орчундуу мисалына кайрыла өткүбүз келет.

Бала кезинде да, кийин чоң киши болгон убагында да, Манас менен Чыйырды эненин ортосу өзүнчө бир ысык мамиле менен, өзгөчө бир гармония менен айырмаланат. Таласка өзүнчө Ак сарай салып берип, Манас энесин урматтап, төбөсүнө көтөрөт (“Чыйырдынын Ак сарай, кеңдиги бар бир далай”). А түгүл атагы таш жарган баатыр болуп, Таласта падыша тагында отурган чагында да, Манас бир ирет Алманбет менен келип, бир жагынан энесине эркелеп, экинчи жагынан достук үчүн ант кылып, Чыйырдынын эмчегин эмет. Муну көргөн атасы Жакыптын жылмайып күлүп турганы “Манаста” мындайча сүрөттөлөт: “Отуздагы баласы, зоңкоюп эмчек эмди!” деп, эми Жакып чал күлүп турганы”.

Ал эми Манастын 20-кылымдагы урпагы Шайлообектин энеси Нурбүбү менен болгон мамилесинин дисгармониясы айкөл бабабыздын өйдөкү мисалына карата кескин контрастты түзүп турганы, чынында окурманды ойго салып, түйшөлтүп отурат. Автор моминтип көз алдыбызда терең толгонуп турат:

“Тилекке каршы мен апам Нурбүбүнүн жаш кезин эстей албай койдум. Анткенибиз 46 жылдан кийин гана кездештик. Мен 4 жашка чыкканда “кеткен” ышкындай жаш келин, эми басса-турсале эли-жерине, бала-бакырасына жалынып-жалбарына берген жагымдуу, айтегерек кемпирге айланыптыр. Биз экөөбүз тең эмнегедир канча жылдан бери сагынышып жүрүп табышкан адамдарга окшоп бири-бирибиздин кучагыбызга кулап түшпөдүк. Жөн-жай эле, көптөн берки тааныш өңдүү көрүштүк. Өбө алган жокмун, апам да анча батыналбай бетимен коомай сүйдү. Экөөбүздүн ортобузду абдан тааныш, ошол эле убакта экөөбүзгө тең таптакыр белгисиз бир нерсе бөлүп турду. Ага мен көбүрөөк “чоочун” болуп турганымды сезип аттым. Мен ага эркелей албай, бир да жолу “апа” деп айталбай койдум. Кучагына кулап, көкүрөгүнө башымды жөлөй албадым. Экөөбүздү жапжакын, маңдай-тескей олтургузуп коюп, бирок бири-бирибизди тосуп, бирибизди бирибизге жеткирбей, бир аз эле эпкини тийсе Эне-Бала болуп, ээ-жаа бербей төгүлүп-чачылып кетчү аялуу сезимди эмне деген күч токтотуп, эмне деген күч кармап турганын мага бүгүн ким түшүндүрүп, ким айтып бере алат? Бейиши болгур чын эле 80 жашка чыгып дүйнө салды. Өкүрүп барып топурак салып кайттым, бирок чын эле ыйлай албай койдум. Жашым түгөнүп калгансып такыр чыкпай койду. Келип Бишкектин “Алина” аттуу кафесинде куран окуттум”. (“Агындылар”, 215-216-бет.)

Бул эмне деген адам коомунда анча кездешпеген азаптуу окуя? Эне-баланын ортосундагы не деген трагедия? Улуу табият эне бир бүтүнгө бириктирген эки жандын ортосунда да ушундай болот экен ээ? Жанагинтип, “отуздагы зоңкойгон” Манас эркелеп, энесинин эмчегин эмип жатса, Шайлообек эмне үчүн бир боор апасын “апа” дей албай, өлсө көзүнөн жаш чыкпай кыйноо чегет? Айтмакчы, Манас баатырдын ата-энесине, айрыкча, Чыйырды апасына болгон урмат-сүйүүсүнүн өзүнчө психологиялык тамыры бар. Кеп мында. «Манаста» Чыйырды эненин баласы Манаска карата мээриминин чеги жок («Эркелетип энеси, аркалап жүрдү атасы»). Он эки жашка чыгып калса да, апасы Манасты «Боздон тоодак куткарбас, боз ала шумкар Манасым, калкайган тоого токтобос, кара ала барчын Манасым, сөзү таттуу балдайым, сөөлөтү сонун айдайым, көз катканда көргөнүм, көлөкө жалгыз эрмегим!»-деп, уулуна эбедени эзилип турат. Уулу үчүн отко, сууга түшүүгө даяр. Кыскасын айтканда, күн көктөн жадырап тийип, нурун төгүп, кыртыштагы чөптү өстүргөн сыяктуу бала Манас Чыйырды энесинин агылып-төгүлгөн мээриминин астында эркин өсүп-чоңоёт. Бала күнүнөн эне мээримине каныккан Манас тереңинде Чыйырдыга ыраазы жана ал апасынын эмгек-мээнетин жүрөгүнүн түпкүрүндө алдейлеп жашайт.

Өкүнүчкө жараша, биздин мынабу Шайлообек бала чагында дал ушундай апанын мээримине каныкпай калган, каныкмак турсун куру калып отурбайбы. “Бу дүйнөдө апалуу болуп туруп апасыз жашаган мен эле болсом керек” деп автор балалык тагдырына кейип, күңгүрөнүп турбайбы (объективдүү жана субъективдүү себептердин, турмуштук проблемалуу жагдайлардын айынан бир райондо туруп 46 жыл көрүшпөгөн эне-баланын окуясы “Агындыларда” психологиялык жактан чынчыл жана ишенимдүү ачылып берилгендигин атайы белгилеп коёлу). Апасы менен көрүшүп, катташып, алака-мамиледе болуп жүргөндөн кийинки автордун өйдөкү монологу же сыр ачуусу “кичинекейинен мээримге, жуурулушкан ысык мамилеге бөлөнбөй калуу, эне-баланын өз ара байланышындагы ички психологиялык кылдат тамырларынын үзүлүшүнө, табигый гармониянын бузулушуна алып келери, мунун айынан кийин чоңойгондо ата-эне менен баланын ортосунда эмоционалдык байланыштардын көрүнөө дефицити пайда болору, уул-кыздын атага же апага агынан жарылып, ачыла албай турары, демек, мээримдин дефицити акыры баланын жан дүйнөсүнүн өксүгүнө түрткү болору” жөнүндөгү психологиялык изилдөөлөрдүн тыянактарынын акыйкаттыгын далилдеп отурат. Образдуу сөздөр менен ич дүйнөмдүн “бырышкан, тырышкан, кыйрайган, мыйрайган жерлеринин баары түзөлбөгөн бойдон калды” деп автор чын сырын дагы айтып жатпайбы.

Кыскасы, эми Ш.Дүйшеевдин мындай адамдык тагдыр-тажрыйбасынан улам кандай жыйынтыкка келүүгө болот? Албетте, баланы бешикке бөлөгөн жакшы, бирок аны биринчи иретте, мээримге бөлөө керек. Чындыгында, МЭЭРИМ — бул баланын адам катары түзүлүү пайдубалында жаткан улуу жаратуучу кудурет. МЭЭРИМ — эне-баланын өз ара гармониясынын кыймылдаткыч күчү. Мээрим мээримди жаратат. Дагы айталы, буга ошол эле өйдөтөгү Чыйырды эне менен уулу Манастын ортосундагы жуурулушкан ысык мамиле күбө. Кудай “Агындылардагыдай” тирүү туруп эне-баланы бири-биринен ажыратпасын!

“Мен эч бир жетимге окшобогон жетим болдум” – деп жазат автор китебинде. Чынында Ш.Дүйшеев өзүнүн жетимдик жазмышындагы эч кимдикине окшобогон, эч жерде жок уникалдуу тарыхты эч нерсесин жашырбай жазып, ортого таштаган. Тарых демекчи, мурдагы роман, повесттерден биз көбүнчө жетим жандын сырткы физический азабын, тышкы социалдык тарыхын, аянычтуу жетимдик тагдырдын сырткы окуялык перипетияларын окуур элек. Ал эми “Агындылардан” күтүлбөгөн өңүттөн туруп жазылган жетим адамдын ички психологиялык тарыхына, тышкы баянга эмес, жетим болгон кишинин өзүнүн чын жүрөктөн чыккан монологуна күбө болобуз. Ш.Дүйшеевдин “Агындылары” ушундай ички сырчылдыгы менен кайталангыс жана буга чейинки жетимдер жөнүндөгү баяндарга окшобойт. Соңунда айтарыбыз, апасы Нурбүбү менен болгон Шайлообектин окуя-таржымалы кеңири караганда, бир жагынан окумуштуу психоаналитиктерге табылгыс фактылык материалды тартууласа, экинчи жагынан кайсы гана өлкөдө, кайсы гана континентте жашабасын, бардык-окурмандар үчүн кызыктуу, айрыкча ата-энелерге өзүнчө бир эскертүү жана таалим-сабак. “Агындылар” эне-баланын теңир тартуулаган табигый биримдигин, уюмун, “уюгун” бузбоо жөнүндөгү гуманисттик осуятты астыртан каңкуулап тургандыгы менен кундуу.

 

8. “Агындылардын” педагогикасы

Эми, мынабу нерсени да баса белгилеп өткүбүз келет. “Агындылар” адамды олуттуу ойго салган өзүнүн педагогикалык маани-маңызы менен да өзгөчөлөнөт. Китептин көптөгөн эпизоддорун, аңгеме-дүкөн баяндарын тереңинен орчундуу педагогикалык идеялар аралап өтөт. Мүнөздүү бир эле мисалга токтоло өтөлү.

Дегеле, психологиянын көз карашы менен караганда, 13-15 жаштагы өспүрүмдөрдүн дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр жүрөт. Бул куракта бала өзүн чоң кишидей сезүүгө аракеттенет. Башкалардын көзүнчө олуттуу, маанилүү көрүнгүсү келет. Бөлөктөр тарабынан бааланууну, моюнга алынууну, көңүлдүн борборунда турууну көөдөнүндө каалап, тегерегиндеги балдарга өзүнүн ким экендигин далилдөөгө, герой, кыйын болуп көрүнүүгө, өзүнүн МЕНин бекемдөөгө талпынат. Алгачкы балалык баёо сүйүү сезими да “бүчүр жарат”. Өз алдынчалыкка, “автономдуулукка” умтулуу жышаандары көбөйөт. Бул жерде айталы дегенибиз, Шайлообек Дүйшеев педагогикалык психологиянын өспүрүмдүн курактык жан дүйнө өзгөчөлүгү жөнүндөгү өйдөкүдөй тыянактарын, бүтүмдөрүн өзүнүн балалыгынын “архивинен” алынган уникалдуу мисалдар менен кашкайта ырастап таштаган. “Агындылар” ушуну менен да кызыктуу. Китептен бир үзүм окуйлу:

“Мен сүйгөн кыздардын баары мендей болбураган жоош сарыны эмес, өздөрүндөй өңдүү-түстүү спортсмен балдарды жактырчу. Ошондо спортсмен болгум келип, жеңил атлетикага катышып, жүз метрге чуркоодон айылдан астыма адам салбай, жалгыз турсам менен райондогу чемпионатка катышып, аз жерден чемпион боло жаздап барып токтогом. “Атаңгөрү ай, жок дегенде бир шпион кармап алсам”, анан мени “шпион кармаган окуучу” деп мектептин дубал гезитине чыгарып, башка балдарга үлгү кылса деп кыялданып, “Кудай мага шпион кармата көр” деп тилегенимди айтпа. Мен жакшы көргөн кыз жакшы ырдагандыктан аны коштоп туруу үчүн мандалин черткенди үйрөнгөм. Мен жакшы көргөн кыз сүрөт тарткан баланы жакшы көргөндүктөн анын көзүнө түшүш үчүн да сүрөт тарткам. Кенже Эсенбаева деген эжебиз лыжа тебүү боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, дүңгүрөп чыкканда, Ат-Башылык балдардын баары лыжа менен “ооруп” жыгылганбыз. Биринчи болгусу келгендердин арасынан биринчи боло албадым. Бирок биринчи болгум келген каалоом сыртымдан билинбеген менен ичимден кара жалын өрт болуп күйүп турчу”.

Ырасында эле, 60-жылдарда Ат-Башылык Шайлообек окуучунун аң-сезиминде жана жан дүйнөсүндө жүргөн бул процесстер баланын курактык бөтөнчөлүктөрүн изилдеген педагогика психологдору үчүн кайталангыс фактыларды тартуулагандыгы менен өтө баалуу.

Педагогика демекчи, ушул нукта сөздү бир аз уланталы. Өспүрүм Шайлообек атасы жок, тирүү туруп, энеси да жанында жок жетим болсо да, өзүн жетим сезгиси келбей, ичинен намыстанып, классташ балдар, кыздардын алдында кемсинүүнү, басынууну каалабай, балалык-жазмышынын өксүгүн моюнга албай, көрмөксөнгө салып, ата-энелүү бактылуулар менен тең ата жүрүп, айланасындагыларга “телегейи тегиздей”, маанилүү немедей көрүнгүсү келген. Чоочун адамга турмушка чыгып кеткен алыстагы энесин эш тутуп, кулагы “жетим” деген сөздү уккусу келбей, ал бул сөздү ичинен ушунчалык жек көрүп жүргөн учуру эле. Дал ушундай кырдаалда күтпөгөн жерден чагылган түшкөндөй окуя болуп өтөт. Ш.Дүйшеев минтип жазат:

“Ошол 60-жылдары жетимдерге жардам катары кийим-кечени республиканын бардык мектептерине тараткан. А дегенде тоголок жетимдерге берилет. Тоголок жетимдер барбы?-деп мектеп директору класс жетекчибизге кайрылды.

– Дүйшеев барсыңбы? Кел, муну сага өкмөт берип жатат — деди класс жетекчим.

Таяк менен башка чапкандай дендароо боло түшүп, эмне кыларымды билбей турдум. Жаным айланкөчөк атып, ичим сапырылып кетти.

Кереги жок! Албайм! Албайм! Мен деген жетим эмесмин! Менин энем бар!-деп, өз үнүмө өзүм буулугуп, ызама батпай , китеп баштыгымды да албастан класстан атып чыктым. Үйгө кантип жеткенимди билбейм. Эч кимге көрүнбөй, эч кимге угузбай, көмкөрөмдөн жатып алып, буркурап ыйладым. Ошол убакта мектепти, класс жетекчимди, деректир агайды экинчи көрөйүн деген көзүм жок эле. Бардык балдардын көз алдында бүт айылга айыбымды ачып салгансып, өзүмдү дүйнөдөгү эң эле таалайсыз, бактысыз сезип, белгисиз бир жактарга, эч ким билбеген жактарга, эч ким “жетим” дебеген жактарга кетким келди. Менин бул абалымды ошол учурда бир да тирүү жан түшүндүрүп бере алмак эмес” (“Агындылар” 45-46-беттер).

Караңыздарчы, бала Шайлообек кардына эмес, кадырына ыйлап жатпайбы. Ичинен биринчи болууну дайыма эңсеп, шпион кармап, жакында классташ кыздардын, балдардын алдында “баатыр болчу” баланын жан дүйнөсүн, кыялдуу көкүрөк-көөдөнүн “багары жок байкуш” деген мамиле менен, бечара “тоголок жетим” деген сөз менен көпчүлүктүн көзүнчө тебелеп-тепсеп, ойронун чыгарып ташташпадыбы. Болгондо да педагогдор. Ушул мугалимдер, директор катары, класс жетекчи катары, педагог катары өспүрүм Шайлообектин жанагыдай индивидуалдуу өзгөчөлүгүн убагында байкап-багып, түшүнүшсө эмне. Гуманитардык акцияны кылдат ыкма менен жүргүзүшсө кана. Бир шаардык мектептин окуучулары өздөрүнүн математика мугалими А.В.Венсан жөнүндө минтип эскеришиптир: «Александр Владимирович энебизден кийинки эле экинчи кишибиз. Эмне кылыш керек экенибизди өзүбүздөн да жакшы билип турат го, чиркин!» Шайлообекке А.В.Венсандай класс жетекчи туш келсе эмне.

Жүрөгүн жаралап, көңүлүнө өчпөс так калтырган Шайлообектин бул балалык “тарыхынан” кандай сабак алсак болот? Биз, тоолуктар педагогубуз болобу же башкабыз болобу, ата-эне болобу, дегеле ар кимибиз балдарыбыздын, окуучуларыбыздын ар биринин мүнөзүн, башкалардан айырмачылыгын, өзүнчөлүгүн, жекелигин көрөгөч маамыттай көрүп турган психологиялык маданиятка жетишсекчи. Кичинекей адамдын назик жан дүйнөсүн, кайталангыс жаратылышын, “үлпүлдөгөн” ички МЕНин көңүл чордонунда кармабаган тоңдугубузду жеңсекчи. Ар бир чүрпөнүн ичтеги кайгы-муңун, ой-тилегин, тереңге буккан сырларын жер тыңшаар маамыттай туюп турган кылдаттыкка үйрөнсөкчү да, өзүбүздү “кулунчактын” ордуна коё билүү, айлана-тегерекке баланын көзү менен карай билүү, балалыктын аёолуу дүйнөсүн коргой билүү жагынан алдыга озгон аяр этикага эгедер болсокчу. Мисалдан көрдүк го. Кийим-кечеден, буюм-теримден, алтын-күмүштөн мурда да, баланын ич жагын түшүнүү жөнүндө үңүлүп ойлонуу номур биринчи маселе турбайбы. Ушундай болгондо, муундарыбызды тарбиялоо жагында ишибиз тездик менен илгерилейт беле.

Бүгүнкү күндөгү балдардын кээде акыркы жаман кадамга-суицидге барып жатыш себептеринин бир учугу, балким өспүрүмдүн жүрөгүн жаралап, жалгызсыраткан, жабыркаткан, анын дүйнөсүн астын-үстүн кылган биздин “орозкулчулугубузда” (“Ак кеме” фильми) жатпасын?

Мына ошентип, “Агындылар” бир жагынан өзүнүн терең педагогикалык подтексттери жана логикасы менен да нускалуу жана күчтүү дегибиз келет.

 

9. П.Я.Чаадаев жана Ш.Дүйшеев

Социалисттик реализм эстетикасынын турмушту “революциялык өнүгүүдө” көрсөтүү, советтик тирликтин “типтүү жактарын, алгалоочу тенденцияларын» ачуу, алды жактан “кеңири горизонтторду”, “социалисттик чындыктын перспективасын” көрө билүү жөнүндөгү идеологиялык талаптарына баладай ишенип, чын ыкласынан берилип, көнүп калгандыктанбы, кыргыз адабиятында көптөгөн калемгерлер өз айылын, туулган аймагын, районун сүрөттөгөндө көп учурда анын бери жактагы жалтыраган фасадын, “параддык” жагын, көрсөткүчтөрүн поэтизациялаганга (“Алтын өрөөн”, “Гүлдөгөн өрөөн”, “Өзгөргөн өрөөн” ж.б.), көбүртүп-жабыртып көкөлөткөнгө ык алып келишти. Мындай көнүмүш адабиятыбызда турмушту көп учурда боёп, жылмалап көрсөтүүгө (лакировкага) алып келгендиги белгилүү. Мына ушундай “коммунисттик, оптимисттик көз караштын” инерциясы бүгүн да биздин адабий менталитетте астыртан сезилип турат. Кыйлалаган көркөм жана публицистикалык чыгармалардан, эссеистикадан айылдын өйдө-ылдый татаал, карама-каршылыктуу реалисттик картинасын эмес, адат катары туулган аймакка ода айткан экзальтацияны көбүрөөк учуратабыз. Патриотизм деген нерсе, жалаң эле кичи мекениңди мактоодобу, даңктоодобу, романтизациялоодобу? Ушул жерден XIX кылымдагы орустун атактуу уулдарынын бири Петр Яковлевич Чаадаевдин айткан төмөнкүдөй бир сөзү эске түшөт: “Мен өз мекенимди көздү жуумп алып, эрдимди бекем кымтып, колумду куушуруп сүйгөнгө көнгөн эмесмин. Мен минтип түшүнөм: Адам өз Ата-Журтуна аны ийне-жибине чейин жакшы билип, апачык көрүп турса гана пайдалуу боло алат. Сокур сүйүүнүн мезгили бүттү деп ойлойм. Эми биз өз мекенибизге акыйкат, чындык менен гана жөлөк-таяк боло алабыз”.

Кандай терең айтылган ой. П.Я.Чаадаевдин бул сөзү чыныгы мекенчил гражданин-атуулдун сөзү.Чаадаевдин курч айтылган бу философиясы, керек болсо Кыргызстандын бүгүнкү көркөм сөзүнүн жаңы эстетикасынын негизинде жатууга татыктуу ой дегим бар. “Агындыларды” окуган адам, анын авторунун тутунган сүрөткерлик принциби дал ушул П.Я.Чаадаевдин позициясына өңдөш экенин байкабай койбойт. Анан калса, Ш.Дүйшеев окурмандар үчүн берген маегинде мына моминтип бизге сырын ачып отурбайбы. Окуйлу:

“Өзүңдүн чыныгы кебете-кешпириңди жаап-жашырып, каратып туруп калп сүйлөп, жаркылдап туруп жалган сүйлөп, акылы анчалардын алдында акылдуу көрүнгөн адамдын жасаганы да, жазганы да калп, жалган, жасалма болот. Жазып аткан нерсеме жанымды салып иштейин, “жаны” жок кылып албайын деп, мен Кудайды карап туруп жаздым. Кудайды карап жазганда калп айталбай калат экенсиң. Орустар “душа” деп коюшат го, мен ошо “душамды” дуулдатып, жанымды жагып олтуруп жаздым” (“Де-Факто”, 25.04.2014).

Ш.Дүйшеев “Агындыларын” ушинтип жазыптыр. Демек, жазуучу Ш.Дүйшеевдин жазайын деп үстөлгө отурганда сыйынганы, туу кылып тутунганы-чындык. Автор жасалма, “жаны жок” чыгарманы эмес, тирүү, “жаны бар” чыгарманы жаратууну көздөптүр. Ал эми “тирүү” чыгарманын согуп турган жүрөгү, каны-жаны кудайдын көз алдындагы чындык, акыйкат гана боло алмак. Демек, Шайлообек жогоруда П.Я.Чаадаев айткандай, кичи мекенинин алдында көздөрүн жумуп алып, колун куушуруп туруп, көңүлдү магдыраткан таттуу сөздөрдү чубуртуп айтуу менен эмес, өзүнүн Ат-Башысына “чындыктын чечекейин жара сайган” ачык-айкын атуулдук сөзү аркылуу көбүрөөк керек болорун жана көбүрөөк кызмат кыларын, окурмандарды көбүрөөк ынандыраарын терең туюнган.

Натыйжада, “Агындылардан” буга чейин “коммунисттик көз айнек” менен шөкөттөлө жүргөндөй, тууган жердин баягыдай идеологиялашкан кебете-кешпирин эмес, кооздолуп “саймаланган” фасадын эмес, “карааныңдан кагылайын Ат-Башым!” деген сыяктуу карандай эмоцияны, демейки тираданы эмес, бир боор аймактын ары ич жагынан аңтарылып сүрөттөлгөн, чыркыраган чындыкка негизделген, кандайдыр бир нормативге салынбаган, альтернативалуу дейбизби, вариативдик дейбизби, бейнесине күбө болобуз. Биерде боёлгон Ат-Башы жок. Көз алдыбызда ары жактагы “иче-кардынан” бери көрүнгөн, өзүнүн тарыхый-социалдык тагдырына жана элеттик стихиясына ылайык жашап, чалкып жаткан кадимки натуралдуу Ат-Башы турат. Мына ушинтип, турмуш чындыгы принцибин (принцип жизненной правды) тутунуп жазылган “Агындылардан” биз ажайып жер — Ат-Башыдагы элдик турмуштун бийигин да, жапысын да, тереңин да, тайызын да, кайгысын да, кубанычын да, комедиясын да, трагедиясын да, (маселен, үч кыздын өз бир боор атасы Сейитбекти өлтүрүшү-92-бет) сулуулугун да, улуулугун да, (Канымгүл Эне менен Касым жезденин моралы) жаманын да, жаркынын да көрүп отурабыз.

Дагы айталы, “Агындылардан” биз Ат-Башынын карама-каршылыктуу, чааралакей картинасын көрдүк. Караңызчы, жарыктык Ат-Башынын “дене-бою” ушунчалык узун деңиз, те байыркы дүйнөдөн тарта бүгүнкү күнгө чейин созулуп жатат (ырас эле, элибиздин те тетиги илгерки көчмөн коомдон кечээ эле чыгып келгенин эстеп коёлучу). “Агындылардагы” Кошойдун жеринин менталитетинин бир учу байыркы уруулук архаикада-коло доорунда жатат (айылдын көчөлөрүнүн уруулук принцип боюнча жайгашканы). Дагы бир учу орто кылымдарда жүрөт (бул жерде 50-60-жылдарда илгерки магия, дүйнөнү пантеисттик, мифологиялык кабылдоо кадимкидей тирүү).Кыскасы, Ат-башылык адамдардын психологиясынан, аң-сезиминен, нраваларынан, социалдык мүнөзүнөн ар түрдүү тарыхый доорлордун издерин көрөбүз. Ат-Башыга XX кылымдын цивилизациясы да өзүнүн “мөөрүн” ташка тамга баскандай кылып баскан. Бул советтик маданий-агартуунун көчмөндөрдү көкөлөткөн жакшылыктары да, чарбалык тирлик кылуунун жаңыча модели да (Керим акенин агороту -99-бет), цивилизациянын таасиринин терс натыйжалары да (Арак кыяматы: чабан Орозобайдын Ак-Сайга көчүшү. Жөн жаткан көчөнүн жанын койбой атын татырактатып, иттерди ызы-чуу түшүрүп, билегиндеги камчысы жерге сүйрөлүп, атынын бирде быягына, бирде тыягына ооп, унаасынын үстүнөн мына-мына үзүлүп түшчүдөй болуп жүрөктү шуулдаткан мас Талиптин дайымкы көнүмүш жоругу.-103-бет), тоталитардык, административдик-буйрукчул системанын темир таманынын түшүргөн тамгалары да (Тентигендин тагдыры, Ат-Башынын оозуна аскердик тосмонун коюлушу, элдин укугу менен эркинин тебелениши, тоталитардык райкомдун режими жинди кылган Айша сулуу), көчмөн турмуш образынын көнүмүштөрү да, а түгүл айылдардагы дудук-жиндилерден өйдө, жылкы менен кошо короодо жашаган эшектер да, кыскасы, бир сөз менен айтканда, туулган жердин жамандыгы жана жакшылыгы, триумфу (Кыргызстандын чемпиону-Кенже Эсенбаева) жана трагедиясы (атасын бычактап өлтүргөн уул) да, койчу, бардыгы байкаган адамга баканга тизилип илингендей болуп дапдаана көрүнүп турат. “Агындылар” Ш.Дүйшеевдин тууган жерге болгон сүйүүсүнөн жаралган. “Ак мөңгүлүү тоолору көзгө “жарк” дей түшкөн Ат-Башым, ошондо бүткөн боюм коргошундай көлкүлдөп, көкүрөгүмө батпай толуп ташып чыккан сагынычым” деп агынан жарылып турган Ш.Дүйшеевдей көкүрөгүнө мелт-калт сүйүү толгон мекенчил инсан гана учкан уясына карата ушундай улуу сөздөрдү жана “Агындылардагыдай” жылаңач, жан күйгүзгөн ачуу чындыктарды айта алмак. Ш.Дүйшеевдин патриотизминен улам өзүмдүн бир учурда жазган төмөнкү саптарымды эстедим:

“Түзөймүн деп бу турмуштун кыйшыгын, жоготкомун жан дүйнөмдүн тынчтыгын, кемтик менен келишпеген сынчымын, ошон үчүн бүтпөйт менин ыр-чырым, таалайы ушул, тагдыры ушул сынчынын, мекенимдин бүтөйм тешик-жыртыгын!.. ”.

Мынакей, киши тагдырлары аркылуу туулган жердин калыс, чынчыл, болгонун болгондой таасын көрсөткөн объективдүү картинасы деп ушуну айтыш керек. “Агындылар”- Ат-Башынын өзүнчө бир көркөм энциклопедиясы сыяктуу. Эң негизги нерсе, автордун балалык тагдырына жуурулуштура көрсөтүлгөн Ат-Башынын тагдырынын чынчыл сүрөтүн көрүп окугандан кийин окурман туулган жердин таржымалынан кандай сабак-осуятты алам, учкан уямдын кыйшыгын кантип оңдойм, ийрисин кантип түзөйм, үзүлгөнүн кантип улайм, чачылганын кантип жыйнайм, асылын, артыгын кантип сактайм, эмнени аяп, эмнени коргойм, (албетте, Канымгүл чоң эненин рух маданиятын коргоо керек), мен өзүм киммин, Ат-Башым кайда баратат, “устаранын мизинде оодарылган заманда” (Арстанбек) элимдин, жеримдин мындан аркы тагдыры кандай болмок, кайсы стратегияны карманам?- деген сыяктуу проблемалуу суроолор менен тогуз толгонууга аргасыз болот. Биздин оюбузча “Агындылардын” кундуулугу, башкы жемиши окурмандын жан дүйнөсүндө дал ушундай эффектини жарата алгандыгында. П.Чаадаевдин жогорудагы мекенге “чындык, акыйкат менен жөлөк-таяк болуу” жөнүндөгү патриоттук насыйкатын “Агындылары” менен дал ушул Ш.Дүйшеев аткарган экен го. Ат-Башынын социалдык, рухий-маданий бейнеси – Кыргызстандын бейнеси. Ар ким андан өз районунун сүрөтүн көрө алат. Ал эми чет өлкөлүк интеллектуалдар болсо “Агындылар” аркылуу (эгер которулса) белгилүү бир географиялык чөлкөмдө, коомдук мамилелердин белгилүү бир тарыхый системасынын алкагында өтүп жаткан кыргыздардын жашоо образын, менталитетин, ошол системанын продуктылары-белгилүү бир адамдык социалдык типтерди, (алды жакта аттары саналып өткөн кейипкерлерди эске түшүрүңүз), бир сөз менен айтканда, Ат-Башы деген жердеги дүйнөнүн абалын, чоо-жайын (состояние мира) көрүп, ой толгоп, акыл тегеретишери шексиз.

 

10. Чеч-Дөбөнүн бийигинен

“Агындыларга” салмак берип турган орчундуу нерсе, чыгармадагы турмуштук көрүнүштөрдүн, кубулуштардын, факты-окуялардын автордун кулач керип, обого көтөрүлгөн көсөм акыл-эсинин, чокудан серп таштаган кең көз карашынын оңутунан каралып, илгери өскөн интеллектуалдык маданиятынын жарыгы менен нурдандырылгандыгында. Карап турсаң, Ш.Дүйшеев “Агындыларда” бирде Ат-Башыдагы турмуш бир жагынан прогресс деп алдыга жылып бараткандыгы, экинчи жагынан элдик адеп-ыймандын чет-четинен кетилип, кедери кетип жаткандыгы (буга “Агындыларда” мисалдар абдан көп), мындан улам цивилизация менен көчмөн дүйнөнүн Теңир-Тоодогу кагылышы жөнүндө толгонуп турган философ, бирде тоо арасындагы өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү (самосознание) ойгоно элек, өзүнө өзү сын көз менен карай элек, табияттын баёо пенделерине — Эшмат-Ташматтарына (Таласка кудага баргандар.-177-178-б.), мурутунан жылмая караган, өзүн олуттуумун деп эсептеген каармандын жүрүм-турумунан жана речинен (Мисалы; Болотакун) тескерисинче, комедияны көрүп, тымызын бийиктен ирониясын кыйыткан интеллектуал, бирде бирөөлөрдүн ташбоор карасанатайлыгынын айынан “туяктары тыбыраган сайын жарылган кардынын каны-жини жерди көздөй эшилип, тура калайын деп туралбай, айласы түгөнүп, чанагынан чыгып бараткан көзү аңтарылып, “жардам берип коё аласыңарбы?” дегенсип көчөнү тиктеп, башын жерге чапкылап, коркурап, онтоп, кыбыр эткен сайын каны көлдөп, канга чыланып, кыймылдаган сайын ичи аңтарылып, өпкө-жүрөгү салаңдап, эки таноосунан ысык буу эмес, кан диркиреп, каны менен жаны диркиреп, каректери канталап, оозунан көк буу көтөрүлүп, өлүп бараткан курган эшекти” аяп, ыйлап турган гуманист-Асан Кайгы, бирде кичинекей балдарга аяр кароого чакырган психолог-педагог, бирде элди эл, жерди жер, улутту улут кылып турган түптүү түбөлүктүү кенчтерди (Ат-Башылык ак калпакчан аксакалдардын адеп-ахлагы) көрүп турган көрөгөн, бирде “- О, кокуй белим!- деп коюп, томолонуп арыктын жээгине торпок аркандап, короодогу уйдун жампасын жайып, келини таң атпай саап, бышырып кеткен сүттү айран кылып уютуп, чоң таштекке суу коюп алып, кечээ кырккан койдун жүнүн шакмарынан арылтып чылап, ал арада неберелеринин улам сийген колготкисин улам жууп жайып, анан “күн түш болгончо уктаган” балдарын ойготуп, самоор жагып, келини иштен келгенче үйгө баш-көз болгон”, (“Агындылар”,-220-бет) тоолук кемпирлер, кийин “балпайып бадырактай болуп, жүздөрүнөн наары, берекеси төгүлүп, үй менен толтура болуп” уул-кыздын төрүндө отурган ошол байбичелер менен Европанын карыганда көп учурда балдары туруп жөлөп-таяры, багар-көгөрү жок жалгыз калган кемпирлерин салыштырып, чыгыш-батыш рух цивилизацияларынын ортосундагы мындай контрастан улам бушайман болуп турган культуролог. Шайлообек тууган жердин жапызы менен бийигин курч көздөрү менен көрүп, Ат-Башынын тоолорун, талаа-түзүн айланып учуп жүргөн бүркүттү элестетет. Эгерде Ш.Дүйшеевде ушундай бийик “бүркүт караш” болбосо, сүрөттөлүп жаткан турмуш көрүүнүн ушундай бийик сересинен нурландырылбаган, жандандырылбаган болсо, анда калемгерибиздин “Агындылардагы” жазгандары “боортоктоп сойлогон” эмпирияга айланып калышы мүмкүн эле. “Агындылардын” артыкчылыгы-анын авторунун турмуш чындыгына учкан куштун бийиктигинен (с высоты птичьего полета), образдуу айтканда, өзү жазгандай, Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүнүн чокусунан карай билген интеллектуалдык кудуреттүүлүгүндө.

 

11. “Агындылардын” артыкчылыгын шарттаган факторлор

Эми кептин соңунда мобу өзгөчөлүктү белгилейли. Жакшы чыгарманын жаралышынын шарты-албетте, тубаса талант. Жазуучулук сөзмөрлүк, чечендик жөндөм менен сүрөтчүлүк касиеттин Ш.Дүйшеевдин талантында бактылуу айкалышкандыгын жогоруда айтып өттүк. “Сөз – менин кистим, боёй турган боёгум” деп автор дагы айтып атпайбы (Де-факто, 23.04.2014). Бирок мыкты чыгарма жаратыш үчүн бу да жетишсиз. Мындай сейрек касиетке жашоого, дүйнөгө терең жана кенен караган бийик көз караш, философиялык масштаб жуурулушуп турушу зарыл. Ага дагы турмуштун “ичеги-кардын” сыдыра, “тогуз катын” аңтара билген реалисттик чынчылдык кошул-ташыл болмогу шарт. Бактыга жараша, биз Ш.Дүйшеевдин автордук-инсандык феноменинде дал ушул сапат-касиеттердин “бир жеңден кол, бир жакадан баш” чыгарып турганына өйдөтө күбө болдук. “Агындылардын” ийгилигин автордун личностунун дал ушундай оригиналдуулугунда жатат.

Бирок да автордун чыгармачыл индивидуалдуулугунда дагы бир кайталангыс касиет болбогон болсо, “Агындылардын” тузу бир жагынан катуу кемип турмак дегибиз да бар. Ал кайталангыс касиет – Ш.Дүйшеевдин болжолдо жок сырчылдыгы (предельная искренность). Мелис Карыбековдун “Шайлообек Дүйшеевдин мүнөзү жаш баладай, ал өмүр бою бала боюнча калат,” деп айтканы бар. Чыгарма жазып жатканда дал ушундай баладай болуу, бала боюнча калуу, айрыкча керек нерсе. Жазып жаткан нерсеңе балача баш отуң менен кирип кетүү, баланын түздүгү, тикелиги менен сүйлөө, балача күлүп, балача ыйлап, материалга балача бакырая карап жазуу бактылуу таланттын гана колунан келчү жосун. “Агындылардагы” Ш.Дүйшеевдин көркөм сөзүнүн ушундай сырчылдыгы, чын жүрөктүүлүгү, күйүп-бышкан эмоциялуулугу, баланыкындай көңүл түпкүрүнөн атылып чыккандыгы менен окурманды арбап, ишендирип, артынан ээрчитип кетет. Автор өзү да жогоруда бул чыгармасын “душамды дуулдатып, жанымды жанып олтуруп жаздым” деп сырын ачып отурбайбы. Жадегенде персонаждарды автор өзү сыртынан мүнөздөгөндө да, жанын таштап жиберип сыпаттагандыктан, автордун табигый чыккан кебине муюп турасың (бул жагынан бир эле китептин 91-бетиндеги Сейитбек төкөр чалдын мүнөздөмөсүн окуп көрүңүзчү, автор сүйлөбөй эле Сейитбек абышка өзү жөнүндө өзү айтып берип жаткандай туюлат). Кыскасы, автор сүрөттөй турган нерсесине балача берилип, коргошундай көлкүлдөп, “жанын жагып” отуруп жазгандыктан “Агындылар” жарыкка кадимки киши сыяктуу “тирүү” төрөлүп, окурмандын алдында от болуп күйүп, ой-сезимдерибизге жарыгын чачыраткан орошон чыгарма болуп отурат.

Акырында, “Агындылардын” жанры жөнүндө бир ооз сөз. Адегенде Ш.Дүйшеевдин өзү жөнүндө момундай айтканын тыңшайлы: “Мен өзүмдү калыпка да, эрежеге да салып көрдүм. Бирок бир дагы эрежеге сыя албай койдум”. Ичинде удургуган, буулугуп- булкунган албуут күчү бар, жан-дүйнөсүндө бороон-бурганак жүрүп турган талант, козголоңчул азоо рух ар дайым көнүмүш чен-өлчөмдөргө сыйбагандыгы менен айырмаланып келген. Ш.Дүйшеевдин жанагындай калыпка сыйбаган оригиналдуу чыгармачыл личносту-өзүнө окшогон, демейки адаттагы жанрдык канондорго жана нормаларга сыйбаган бир бөтөнчө чыгарманы “төрөп” таштаптыр. “Агындыларда” образдуу айтканда, ретроспективдик эске түшүрүүлөрдүн “жамгыры” тынымсыз “ак жаан” болуп окурманга төгүлүп турат. Эсепсиз көп, жайнаган майда глава-“жылдызчылар” китепте ирээтсиз чачылып жаткансыганы менен зилинде “Ш.Дүйшеевдин өмүр жолу” деген өзөк-“планетаны” айланып тургандыгы кашкайган чындык. Китептин бетине таруудай чачылган түркүн баян-окуялар, жорук-жосундар, Ат-Башынын ичинде айтылган алиги жомоктор, икаялар, притчалар, созулган обондор, ырдалган ырлар, чертилген күүлөр, айтылган Манас, аңгемеленген адеп-ахлак, ажайып жаратылыш-бардыгы Шайлообектин адам болуп калыптанышына катышкан, “Агындылар” роман жанрын, эссе, публицистиканын касиеттерин бири-бирине жуурулуштура синтездеген кыргыз адабиятындагы бир бөтөнчө жанрдык симбиоз-жаңылык катары кабыл алынганыбы дейбиз. Бир жагынан Табылды Эгембердиевдин “Агындыларды” “Кара сөз менен ырдалган поэма” дегени да туура. Анткен менен иштин маңызы, чынында чыгарманын тигил же бул жанрга таандык экендигинде деле эмес. Кеп чыгарманын жанрында эмес, затында, маңызында, мазмунунда. Кеп анын кызыктуу китеп экенинде, окумдуулугунда, адамды өзүнө магниттей тарткан кереметинде. Жанры жөнүндө не дебейли, “Агындылар” ырасында, дал ушундай сапаттагы китеп. Аны азыр шофер да, кароолчу да, журналист да, врач да, мугалим да, профессор да, базардагы соодагер да, үйдөгү пенсионер да, бизнесмен да, депутат да, молдолор да, балдар үйүндөгү жетимдер да, лаборанттар да, студенттер да, милиционерлер да, шаар менен айыл баса калып окуп жатат. Китептин бактысы-анын ушинтип окулушунда го. Макалабызды автордун өзүнүн төмөнкү сөзү менен аяктагыбыз келет:

“Күндө телефон чалып китеп сурашат. Китеп сурай берип, телефондун жанынан чыкпай калдым. “Агындылардын” баасы 6 миң сом деп каңырыш угуп алып, ага болбой эле 6 миң сомун салып алып, мени таап келген киши — 71 жаштагы аксакал болуп чыкты. Жазуучулук турмушумда мынчалык жыргаган учурум болгон эмес. Ушинтип китебиңди окуйм дегендер үйүңө чейин издеп келип турса, жазуучу үчүн мындан өткөн бакыт болобу?!” (“Де-Факто”, 25.04.2014).

Советбек БАЙГАЗИЕВ,
филология илимдеринин доктору,
“Багыт.kg”, 25.06.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.