Фейсбукту кыдырып…

Жыргалбек Касаболотов

jyrgal

ТАГДЫР ТАЛАШ

Асыл жарым, колтукташкан билегим,
Артымдагы эки уул, бир кыз – тирегим!
Айлап-жылдап тамыр жайып баратат
«Астыңарга кетсем» деген тилегим.

Ай-ааламга силер менен арбысам,
Аз өмүрдө Күндөй болуп жаркысам,
Амандыгың көрүп жүрүп баарыңдын
Арманым жок, бул дүйнөдөн каргысам.

Акка моюн сунаары чын, башымдын!
Антсе дагы мааниси бар, жашымдын:
«Таймашканың так ушундай бүтмөк…» деп
Табалашын каалабаймын, касымдын.

Ар бир күнүм – тагдыр сунган белек дейм.
Айлар, жылдар – туу сайылчу белес дейм.
«Атасынын как чокусу! Күрөштөн
АЛАР ЭМЕС, МЕН ЖЕҢИШИМ КЕРЕК» дейм.

«Жеңе албайсың…» деген сөзүн эстетип,
«ЖЕҢДИМ, МЫНА, НЕ КЫЛАСЫҢ?» деп зекип,
Тургум келет туусун жыгып алардын,
Тулпарымдын туягына тепсетип.

Далайлардын өз катасын оңдотуп,
Даңгыр кылып, сапарымды жолдотуп,
Кең дүйнөгө «Андай эмес, мындай!» деп
Кетким келет өз чындыгым орнотуп.

Жемиш толсун көксөөсүндө көңүлдүн.
Жеңиш болсун өзөгүндө өмүрдүн.
Эркин өскөн баласымын, кыргыздын,
Эпкинимин, динге батпас Теңирдин.

Эчендеген хандар-бектер бийлеген,
Энчи болуп эч бирөөнө тийбеген
Жер бетинде өз милдетим аткарып,
Жеңип (!),
жетип (!),
…жеңил кетем дүйнөдөн.
10.10.2016-ж.

 

Рахат Аманова

r_amanova

Чоң энем Солбон кызы Гүлсүндүн жана бардык Күмүш чачпак энелердин жаркын элестерине арнайм.

Гүлсүн энем баш болуп,
Күн батышка бут коюп,
Күмүш чачпак энелер,
Күлбөс жакка кеттиңер..

Депутат Гүлсүн энекем,
Апы таенем берекем,
Аптап, Кантай, Сайрабү,
Энелерге ырдестем.

ЧОҢ ЭНЕМ ГҮЛСҮН

Энеке,ысык нанга ынак сүттүн каймагын,
Сүйкөп берсең сүйүнүп жеп аймадым,
Жайды жайлай тоголоктоп сүзмөдөн,
Чий сереге курут тизип жайганың.

Жалынчу элең алкап улам Кудайды,
Жаргылчакка тартып жатып буудайды,
Маштап берсең талкан, каймак, шекерди
Майталкандап жеп чоңойдук сүт,майды.

Каймак сүйкөп ысык жупка бетине,
Карматчу элең жей бергин деп четинен,
Кышындасы эзип, ысык курутка,
Сары майдан,жупка салып жедирген.

Ток печкени, газды такыр жолотпой,
“Пырнымайтка”алып деле тоготпой,
Кылдыр отко шылдыратып бирдеме,
Жалкоо катын бышырат деп нолоктой.

Темир печке, очок, көсөө, калагы,
Жыгач кесе, жыгач кашык, табагы,
Эстен кетпейт энекемдин тамшанткан,
Очоктогу отко бышкан тамагы.

Нарын тартса этти колго туураган,
Нанды жапса бетин сүткө суулаган,
Жайлоодо жаап казанга нан, кышында,
Керогазга көмөч нанды буулаган.
* * *
“Дилбизарды” экинчи ирет көрбөдү,
Буюм эле кереги жок төрдөгү,
Кошунанын телесинен качыптыр,
Ичиндеги өбүшөт, деп – өлбөгүр.:)

“Каладилник” жолотподу түтөп деп:
“Азыктарды салсаң даамы кетет”- деп,
Кам эттерди туздап илип, сүрсүтүп,
Каймак,сүттү сактаганы жомок кеп.

Эс тартканы акылыма киргени,
Энекемдин касиети билгеним –
Бир кашык сүт иригенин колунан,
Бир күкүм нан көгөргөнүн көрбөдүм!
* * *
Кийиз басып,таар согуп,чий өрмөп,
Жигин, жибин билиндирбей бир жөрмөп,
Чоң атамдын калпак, ичик, кышкы тон,
Өзү жасап кийгизгени бизге өрнөк.

Боз үйдүн бүт ички-тышкы жасалга,
Чарчабаган энем өзү жасаган,
Ийик ийрип, жылда бизге жаңылап,
Жүндөн байпак токуп берип жашаган..

Тери ашатса, маңдай-тескей олтуруп,
Атам экөө ийлеп, тартып болтуруп,
Жүндү тытып, сабоо менен чапкылап,
Жүргөн экен энем “план” толтуруп…
* * *
…Айран катык жарма, атала, көжөсү,
Чөбөгөсү, эжигейи, быжысы,
Чөбөрөлөр чоң энемди көрбөгөн,
Чоңойууда чоң калаада ызы-чуу..

Күмүш чачпак, сөйкө,топчу,билерик,
Ысык нандай жылуу жүзүң имерип,
Айран, кымыз, каймак жыттуу энеке,
Артыңда биз эстеп сени жүрөлүк…
14.11.2016-ж., Бишкек

 

* * *

…Атаа-а-а, ушу.., ичтегини төгө албай тумчугам,
кээде ушинтип унчугам..,
көрүнбөгөн жиптер менен эрким байкуш байланган да тушалган,
Эркиндикти эңсегеним күндөн-күнгө күч алган!
гүлбагымды кантейин..,
чарбагымды кантейин..,
курган элем ушуларды айдай жүзүм туурулуп,
…А бир ок!
мейкиндикти, эркиндикти самаган!,
көөдөнүмөн азат чыкты атырылып, суурулуп!,
бир кездеги бакыт болуп сезилген,
нерселердин мааниси жок мен үчүн –
жалган жашап, жаным байкуш ансыз дагы эзилген!..
жан дебегин эсирген,
корком, корком, корком мен да кесирден!,
жаза ушул – жаза тартат сүйбөй жашап, жалган жашоо кечирген!,
азып-тозуп жан дүйнөм,
азыр менин айырмам жок – баарын кечип, басып кеткен кечилден!,
…А бир Ак!
Мен адаммын, күрөшөм!
чарбагымдын курам кайра жаңысын!
койбогунун мага сын!
чегинбеймин!, чеп бузам!
мүрөгүнөн бакыттын – чөйчөгүмө суу сузам!
кана ичем!, кангыча ов! –
Мөл бакытка жан кусам!
Мөл бакытка жан кусам!
май 2015-ж., Ош шаары

 

СҮЙҮҮ

Сүйөм! – дейсиң,жаш жигит,
Шашпаа, шашпа, коё тур..,
Билесиңби?… Айтайынбы билгеним?..
Жыргалынан, кууралынан махабаттын ыйлаганым, күлгөнүм..
Анда эмесе угуп ал, кантип менин сүйүүлөрдөн күйгөнүм…
…Чындап сүйсөң тилиң келбейт күрмөөгө!,
Кирпигиңди алың жетпейт ирмөөгө!,
Ачылат ов!, Ак сүйүүдөн
Бейиш багы буга чейин сен көрбөгөн, билбеген!
Кайран жаның дирилдеген сүрдөгөн!,
Кулайсың да кучагына сүйүүнүн!,
Тагдырың ай, адамдык.., бир ирмемге байланган!,
Дилиң менен бир денеге айланган!,
Көздөр гана сүйүшөт!, көздөр гана күйүшөт!
Денең күйүп от-жалын!, эриндериң эс тандыра өбүшөт!
Анан, анан..
Түнкү асманда анда-санда көрүнгөн!,
Учкан жылдыз сыяктуу – улам бири.., экинчиси…
Сүйүү соолуп, сүйүү өчөт!,
Кулайсың ов, карайлап!.. Бут алдыңдан жер айланып, жер көчөт!,
Сүйгөнүңдөн айрылып!,
Түшүнгөндө сүйүүлөрдүн келбестигин кайрылып!,
Таппай, таппай тегеренип айлаңды!
Ак сүйүүнүн азабына байланып!
Бүк түшөсүң чала өлүккө айланып!,
Жүргөнүңдө араң жан, сүлдөрүңдү сүдүрөп!,
Сүйгөнүңдүн атын айтып, миң кайталап жалынып,
Айныгандай ар нерсени айтып коюп күбүрөп!,
Быштым мына!
Өлбөдүм деп сүйүүдөн! Өлбөдүм деп күйүүдөн!
Сенек болуп сезимдерим, жеңдим баарын мынакей! – деп,
Кулаганда көк мөндүрдөй көздөн жаш,
Жетилдим деп турганыңда каадаланып кайран баш!,
Жатканыңда жаның соолуп бүк түшүп,
Ойлоруңдан таштай муздак бирде тоңуп, бирде үшүп…
Канаганда эт-жүрөгүң тилинип!,
Жалгыздыгың жанга баткан билинип!,
Турганыңда бул жалгандан түңүлүп!
Анан…, анан…
Аруулан! – деп, сыноолордон өтсөң анан.., боор ачып!,
Оо.., бир убак кечигип!.. Сүйүү келет жүрөгүңө тирилип!,
Ана сага махабат!
Жаңы адам суз жашооңо – жарк деп жанат нур чачып!..
Дагы сыноо Теңирден!?,
Дагы белек Тенирден!,
Түшүнөсүң бу сөздөрдү тээ кийин..
Азырынча жаш жигит,койгун мени кечирип!
Койгун мени кечирип!
Бар айыбым – сүйбөйм сени,
Анан… анан.., төрөлгөнсүң кечигип!
Май, 2015-ж.

 

Мезгил Исатов

* * *

Жалгыз бөлмө,
Жалгыз ойлор жанымда.
Кечээким да, бүгүнүм да эсте жок.
Суроом да жок. Жообум да жок… Жогум жок
Жомоктогу жашообуз.
“Бар экен” деп башталып,
“Жок экен”деп жоголгондой…
Терезе ачык,
Унутулуп калгандай…
Ачкычым жок.
Эшигим да жабылбайт.
Эсимде жок.
Жанымдагы жакшылар…
Өзүңсүз…
Өмүрүм жок,
Өзүм да жок…

 

КҮЗ КАЙРЫКТАРЫ

Сагынычтар сабагынан үзүлүп жатты.

Кылдыр этип жаны чыгып, шагынан ажырады. Денеси кулап түштү. Аны жулкунуп бараткан агын суу “лып” этип илип жөнөдү… Майдаланып топурактын өңүн алды. Бир кезде жашыл эле кызыл, сары, көркөм болчу. Азыр болсо улуулукка умтулуп, кылдыр этип кете берди…Күздөй болуп күнүгө үзүлө алат белем?

 

* * *
Кандай сонун күздү карап отуруу.

Күз акындардай ыр жазып жатты. Ойлуу, омоктуу, жамгырлуу, жанга жакын жаралуу саптар. Күүгүмдөнүп, күмөндөрүм баардыгын эске салат. Шагынан үзүлөйүн үзүлбөйүн деген аргасыз жалбырактар менен кошо кулайм. Тоголонуп кайда урунаарымды билбейм. Кайрадан сүйгүм келет. Күздөгү сүйүү туруктуу болот дешет… Бирок, аны сактай аламбы?

 

* * *
Мага окшош күндөр кетип бараткансыйт…

Эмнегедир жашылы жанып бараткан жалбырактарды көрүп, убайым тартып, уйпаланып кетем. Сүйгөнү бар адам сыяктуу жашайм. Сүйүшкөндөр бири бирине окшошот дешет Экөөбүздүн эмнебиз окшош болду экен?

Мага окшош күндөр өтүп бараткансыйт… А мен сенсиз өзүмө окшобой турам.

 

* * *
Кетсең, күзүндө кет…

Күзмүн, күздөймүн. Кандай болсом ошондоймун… Кийинки саат келбей турчу, кечикчи ! Унутуу ушинтип башталабы? Унутуу оңой болсо … алгач сен унут! Мен мезгилдерге кеттим. Мезгилдер унутпайт. Кайрадан күз келет. Ал эми көчөдө… турмуштун дагы бир сабагы үзүлүп баратты… Кетсең, күзүндө кет.

 

Хуан Рамон Хименес

himenes

* * *

Өмүр сымал кыска келип,
Коштошконго бу кеч себеп.
Бүттү баары кыйбастарым…
Мен түбөлүк калгым келет!

Канжалатып бариктерди,
Жаралатып жанды көмөт,
Жез өрттөнүп күн батышта…
Мен түбөлүк калгым келет!

Кандай сонун ушул дүйнө!
Шамды өчүрбө, эй, агайын…
Түбөлүккө калсын кече,
Түбөлүккө мен калайын!

Кыргызчалаган Толук Бек Байзак

 

Жыпар Исабаева

jypar_isabaeva

СҮЙҮҮ ЖОК АПАКЕМДИН СҮЙҮҮСҮНДӨЙ

“Түшүмө кирдиң балам, дениң сакпы?
Кабарың айтып же бир чалбадың да..?”
Ушинтип сезип алат апам дайым,
Кыйналып же сыркоолоп калганымда.

“Каралдым эсен-аман жүрсөң экен,
Аллага аманат”, – деп улутунуп,
Сагынчың ичке жутуп жол карайсың,
Балаңдан башка дүйнө унутулуп.

Асылым, апакебай, кечир мени,
Бүтпөгөн түйшүк менен убарамын.
А бирок оорубаңыз, апакебай,
Анан да карыбаңыз, суранамын…

Сүйүү жок апакемдин сүйүүсүндөй,
Дүйнө жок аруу – энем дүйнөсүндөй.
Сезилет мээримиңиз жерди сактап,
Калкалап турган окшоп – Күндү өчүрбөй.

КИЙИН, БИЗ КАРЫГАНДА…

Силер улам өскөн сайын тирелип,
Биз жаштыкты улам артка жиберип,
Алдан-күчтөн акырындап таярбыз,
Карылык эх, кучагына имерип…

Алдын ала ким болжойт ал курагын,
Балким анда укпай калар кулагым,
Кагып-силкпей жооп берип кой ошондо,
Кагылайын балам, сенден сурарым.

Кичинеңде мейли эртеби, кечтеби,
– “Имнеге, ия?”- дей бергениң эстеби?
Эркелетип, эч эрикпей баардыгын,
Айтып берүү бакыт эле биздеги.

Кокус бир күн колдон түшүп тамагым,
Төгүлсө же сынса идиш-аягым:
-Не кылдың, эк! Тажаттың! – деп келиним,
Кагып-силкпей, көңүлүмдү аягын!

Курчу тайып калса кокус көздөрүм,
Суранарым, байкамаксан өтпөгүн.
Эсте ошондо ошол көздөр сен үчүн,
Түнү уктабай, канча ысык жаш төккөнүн…
29.05.2016-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.