Абидин Темиров, обончу жана аткаруучу: “Жашоодо баары өзүң ойлогондой болбойт экен”

1990-жылдары кайталангыс үнү, обондору менен күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан обончу жана аткаруучу Абидин Темиров биз менен сыр чечишип, өзүнүн чыгармачылыгы туурасында кызыктуу маек куруп берди.

– Абидин агай, кичинеңизде өзүңүз айтылуу адам болом деп ойлочу белеңиз?

– Балалык кезде теңтуш балдарымдан айырмаланып, аябай романтикага берилген, сезимтал, ойчул, мекенчил, тарыхты изилдеген бала элем. Эс тартып калганда сүйүү жаатында да ойлонуп, өмүр бою бирөөнү сүйүп, анын кадырына жетип, сыйлап-урматтап, аны менен бирге узак өмүр сүрүп, балалуу, небере-чөбөрөлүү болуп, көп жакшылыктарды жаратам дечүмүн. Атам менен апам багынта албай калган ийгиликтерди мен багындырам деп аябай тилек кылчумун. Орундалгандары орундалып эле келе жатат. Бирок, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, жашоодо баары эле өзүң ойлогондой боло бербейт экен. Эгер баары өзүң ойлогондой болсо, анда элдин баары эле бактылуу болуп кетпейби. Турмуштун ачуу-таттуусу болот экен. Ошол сыноолордун баарын көтөрүп, чыдашың керек. Тагдырдын жазмышына моюн сунбай, баш ийбей кое албайт экенсиң. Анын үстүнө чыгармачыл инсандардын жүрөгү назик келип, жашоодо болуп жаткан ар бир нерсени жүрөгү менен өткөрөт экен. Мен бала кезде көп кесиптин ээси болгум келчү, бирок бир эле кесипти аркалаш керек деп ойлобоптурмун. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, колуңан келген ишти аркалап, анын өтөөсүнө чыга билишибиз керек экен. Калганы адамдын каалоо-тилегине, иш- аракетине жараша болот тура.

– Бала кезде ойлогон нерсеңиздин кайсынысын орундата албай, арманда жүрөсүз?

– Орундата албай арманда калдым деп айтсам туура эмес болуп калат го. “Ийгиликтин эрте-кечи жок” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Бүгүн ишке ашпаган нерсең эртең ишке ашаар. Мурда жетишпеген нерселерге али да жетишүүгө убакыт бар деген менин өзүмдүн үмүттөрүм, аракеттерим бар.

Мурда көп нерсеге арман кылчумун. Бара-бара арман кылбай эле коеюн деп чечтим.

– Алгачкы обон, ырларыңыздын жаралуу тарыхына токтоло кетсеңиз…

– Менин эң алгачкы “Эжекеме” деген ырымды азыр “Ак шоола” балдар хору ырдап жүрөт. Эсимде, ал ырды беш жашымда бала бакчадан мени тарбиялаган эжейлериме арнап жазган элем. Негизи эле мен бала кезимде тоонун башына чыкканда, кино көргөндө, апамдын айтып бергендеринен таасирленип, көп ойлончумун. Кийин атама, апама, тоолорго, сүйүүгө арнап, бир нече чыгармаларды жаздым.

– Сизге эргүү, шыктануу кандай учурда келет?

– Айрымдар менин жан дүйнөм тынч болуп, маанайым жакшы болсо, мага чыгармачылык эргүү келет деп айтып коюшат. Мага чыгармачылык эргүү ар кандай учурда келет. Эң өкүнүчтүүсү, оюма келген кайрыктарды жазганга үлгүрбөй калып, кийин ошол кайрыктарды издеп жүрүп бир нече жылдарды өткөрүп жибересиң. Ошого өзүмө өзүм “эмнеге эстеп кала албадым” деп капаланып, таарынып калам.

– Бирде берген маектериңизде “Жаш кезимде кабылган сүйүүмдү көпкө издедим” дептирсиз. Ошол сүйүүңүздү таптыңызбы?

– Ооба, мен жаш кезимде кабылган сүйүүм тууралуу массалык маалымат каражаттарына көп жолу айтып бергем. Кайра айтуунун кажети жок го дейм. Бирок, жаш кезимде кабылган сүйүүмө кайра жолуга алган жокмун. Ооба, көпкө издедим.

– Учурда ырчылардын көбү той менен жан багышат. Сиз да тойлорго барасызбы? Ырчылык менен жан бакса болобу?

– “Чакырган жерден калба, чакырылбаган жерге барба” деп коюшат эмеспи, чакырган тойлорго калбай барам. Ырчылык менен жан бакса болот. Айрымдар “Ырчылык менен жан багуу мүмкүн эмес” деп коюшат. Мен алардын айтканына да кошулам. Беш кол тең эмес да. Кээ бир ырчыларды тойго көп чакырышса, кай бирин такыр эле чакырышпайт дегендей. Учурда көп ырчылар – жеке ырчы. Алар эч жерден айлык алышпагандан кийин тойлордун эсебинен жашоого мажбур.

– Ырчылык кесиптен сырткары кошумча бизнесиңиз барбы?

– Буюрса, кошумча бизнесим болот. Кандай иш экендиги азырынча сыр болуп турсун. Жасала элек ишти эле “мындай же тигиндей болот” деп айтуу туура эмес го дейм.

– Азыркы деңгээлге жетиш үчүн башыңыздан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрсөңүз керек. Алардын бирин эскерип кетсеңиз?

– Мен көп жерден “Артисттин бир көргөнүн ит көрбөйт, бир көргөнүн хан көрбөйт” деп айтып калам. Башыңдан зор кыйынчылыктар өтпөсө, жашоонун ысык-суугуна чыдабасаң кантип ушундай деңгээлге жетмек элең. Башыман көп эле кыйынчылыктар өткөн.

– Чыгармачылыкка аралашканыңызга 30 жылдан ашып калды да. Бул чөйрөдөн эмнени жоготтуңуз жана эмнени таптыңыз?

– Мен чыгармачыл чөйрөгө аралашуу менен көп нерсе жоготтум жана көп нерсе таптым. Убагында кыргыздын чыныгы таланттары менен иштешип, ошол адамдарды ажал алып кетти. Ошол менин чоң жоготуум болду деп эсептейм. Алардын эмгектери убагында бааланбай калды. Ал эми чыгармачылыктын аркасынан тапкан нерселерим көп эле болду.

– Чыгармачылык жактан кризиске учураган мезгилдер болгонбу?

-Албетте. Чыгармачылык кризистен өзүм аракет кылып чыкпасам, мени эч ким чыгара албайт. Чыгармачылык кризиске кабылганда, аракет кылып, кыялданып чыгам.

 – Сырттан караган адамга оор басырыктуу көрүнөсүз. Мындай мүнөзүңүздө оңойлук менен жиниңиз келбесе керек?
– Мен өзүмдү сабырдуулук, чыдамкайлык, кечиримдүүлүк жагынан күчтүүмүн деп ойлойм. Бизди ата-энебиз сабырдуулукка, чыдамкайлыкка, айкөлдүккө үйрөтүптүр. Кээ бир нерсеге арга жок көнүүгө туура келет. Албетте, ачуумду келтирип, жан дүйнөмдү сыздаткан нерселер көп эле болот. Анын баарына сыздап отурсаң, анда эмнең калат? Сен элдин кишиси болгондон кийин өзүңдү да сыйлай билишиң керек. Бирок анын баары оңойго турбайт экен.

– Маектериңиздин биринде үй-бүлөңүзгө байланыштуу “Көпкө сыздап ооруган күндөр болду” деп айтканыңыз бар экен. Жеке жашооңузга токтоло кетпейсизби?

– Үй-бүлөмө тийишпей эле коюңуздарчы, сураныч. Бул мага өтө оор маселе.

– Кечиккен сүйүүгө жолугуп калам деп коркпойсузбу?

– Коркпойм. Менимче, бул буйруктан болот да. Кечиккен сүйүүдөн эмес, адамдын пейилинин бузулуп баратышынан коркуш керек. Дүйнө жүзүндөгү улуу инсандар сүйүүгө муктаж болуп, ошондон улам чоң-чоң чыгармаларды жаратышкан. Сүйүүнүн аркасынан кандай гана чыгармалар жаралбайт.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, «Политклиника»

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.