Айтматовдун керээздери

Күн күнгө алмашып, жыл жылга тегеренип отуруп дегендей, улуу замандашыбыз Чыңгыз Айтматов арабыздан кеткенине быйыл туура сегиз жыл толуптур.

Бирок сегиз жыл өтсө да Чыңгыз Айтматовдун элесин эч бир эстен чыгарбай, ар жылы декабрдын он экисинде кайда жүрсөк да сөзсүз эскерип, айрыкча мектептер менен жогорку окуу жайларда бул күн өзүнчө эле майрам катары белгиленип келе жатат. Маселен, бул күнү Улуттук Илимдер академиясында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган чоң илимий жыйын өтөт. Ар кандай иш-чаралар университеттерде, мектептерде болот, жазуучунун бейнеси массалык маалымат каражаттарында эскерилет. Чыңгыз Айтматовдун Байтик тоосунун этегиндеги үй-музейи эртеден кечке эшигин каалоочуларга кенен ачып, ким да болсо улуу жазуучунун иш кабинетин, баскан-турган жерлерин көргөнгө, элесине таазим эткенге мүмкүнчүлүк алат. Баарынын кызыгы, ушул күнү Алыкул Осмонов дүйнөдөн өтсө, дал ушул күнү Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келгени. Ошон үчүн 12-декабрды кыргыз адабиятынын күнү деп белгилеп жүрөбүз го.

Эми Чыңгыз Айтматовдун бизге калтырган мурастары, осуяттары тууралуу маселеге келели. Айтса-айтпаса, Айтматов сыяктуу улууларыбыздын айткандарын, калтырган мурастарын, акыл-насааттарын ар дайым эске тутпасак, анда эл болуп, журт болуп алга өнүгүшүбүз кыйын болуп калат. Ушундан улам Айтматовдун улуттук тарых, рухий эстутум, кыргыз тили, айрыкча «Манас» тууралуу айткан акылман сөздөрү эске түшөт.

Эгер өсүп келе жаткан жаштар өз элинин өтмүшүн, басып өткөн тарыхый жолун билбесе, жакшысы менен жаманын айырмалай албаса анда эч качан мекенчил азаматтардан боло албасын Айтматов эчен ирет эскерип келди. Ал эми атактуу “Кылым карыткан бир күн” романындагы маңкурттун образы – бул улуу жазуучунун бизге калтырган эскертүүсү, ошону менен бирге тарых тастыктап кеткен унутулгус сабагы экенин биле жүрүшүбүз керек го.

Чыңгыз агабыз калтырган экинчи бир чоң осуят – эне тил маселеси. Бир караганда бул тууралуу айтылып эле жаткансыйт, сүйлөнүп эле жаткансыйт, бирок биздин кыргыз тилинде кандай сүйлөгөнүбүздү укканда кейиген бери калып катуу эле бакыргың келет. Тил маданияты, сөз маданияты деген улам барган сайын жоголуп бараткансыйт. Эл баштай турган чоңдорубуздун, кызматкерлерибиздин сүйлөө маданияты төмөн эле эмес, жокко эсе болуп калды. Биздин депутат сөрөйлөрдүн кыргызча тантыр-мунтур сүйлөгөнүнөн көрө унчукпай эле койгону жакшы болмок. Же орусча кыйратып ийишсе гана. Эки жагынан тең арсар, эки тилден тең арабөк. Ушунчалык бай тилибиз турса, сөз байлыгыбыз кедей. Ага билимибиздин тайкылыгы кошулганда уккан кулактын куту учат. Ал эми Чыңгыз агабыз кыргызча кандай сонун сүйлөр эле, орустун тилин орустардан жакшы билсе да, сөзүнө бир ооз орусча кошчу эмес.

“Манас” маселесине келели. Азыр эпосубуздун ар кандай варианттарын кат-кат кылып чыгаруу колго алынды. Бир караганда жакшы эле көрүнүштөй ой калат. Бирок, жазуучунун баары эле Чыңгыз же Түгөлбай боло албасын, айтуучунун баары эле Саякбай же Сагымбай эмес экенин караманча унуттук. Эптеп бир кол жазма болсо эле же үтүр-чекитин, же маани-мазмунун карабай туруп чыгара берчү болдук. Баарынан да ошол кол жазмаларга илимий көз караш, редакция, аларды саман-топондон тазалаш деген жок. Жыйынтыгында жалган “Манас” көбөйүп, чыныгы “Манастан”, Аалы Токомбаев менен Кубанычбек Маликов редакциялаган, Болот Юнусалиев сыдыргыга салган, кийин Чыңгыз Айтматов редакциялаган варианттардан кол жууп баратабыз. Ал ортодо “Манасты” соодага, жалган атакка, коммерцияга айланткысы келген шылуундар жайнап кетти. Ошол саман-топондордун кайсынысы пайда, кайсынысы пайда эмес экенин талашып, адабиятчылар жаатташууда. Суроо туулат: Чыкебиздин осуятын аткарганыбыз ушубу?

Акырында мамлекеттүүлүк маселесине, эгемендик маселесине кыска болсо да токтоло кетсек. Чыңгыз аганын “мамлекет деген биринчи кезекте бүткүл элдик жоопкерчилик, аны көздүн карегиндей сактай билиш керек” деген сөзү бар эле. Шүгүрчүлүк, быйыл эгемен мамлекет болгонубузга 25 жыл толду. Бул убакыттын ичинде башыбыздан ар кандай иштер өттү. Чынын айтканда, аз жерден эли ичи ыдырап, аз жерден мамлекетибизден кол жууп кала турган күндөр да болду. Ошол Манас атабыздын арбагы колдодубу же Айтматов сыяктуу улуу адамдарыбыздын касиети жылоолодубу – азырынча катарыбыз бузула элек. Бирок, чейрек кылым бою өз алдынча мамлекет болсок да, лидер тандаганга, жетекчи тандаганга үйрөнбөдүк. Адегенде бир бөтөлкө аракка алданып добуш берсек, азыр акча доолаганга өттүк.

Келе турган жылы президент шайлайбыз. Анда да ушинтип акчага алданабызбы? Же мамлекеттин тагдырын дагы бир ууруга, чөнтөгү калың алдамчыга, өз чөнтөгүнөн башканы ойлобогон коррупционерге карматабызбы? Же кантсе да колу таза, абийири да, каны да таза, куйругунда “калбыры” жок уулду же кызды тандап, ошого ак батабызды беребизби? Бул учурдагы эң маанилүү жана кечиктирилгис маселе болуп турат. Эгер бул жолу да алдансак, тагыраак айтканда, өзүбүздү өзүбүз алдасак, анда Кыргызстандын мамлекет катары тагдыры арсар болорун унутпасак.

12-декабрь кыргыздын ары менен намысы, улуттук сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Ушуга карата ой жүгүртө, кыял жүгүртө отуруп, окурман менен бөлүшкүм келген айрым бир санаалар ушулар болду.

Осмонакун Ибраимов, «Азаттык», 12.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.