ТИМдеги мамтил абалы

Министрликтеги бардык расмий документтер: дипломатиялык кызмат органдары тууралуу мыйзам, нускамалар жана башка олуттуу документтер мамлекеттик тилге которулууда.Ошондой эле, жогорку органдардан келген тапшырмаларга, каттарга, жарандардын, жана чет жерлердеги мекендештерибиздин суроо-каттарына жооп мамлекеттик тилде жазылууда.

Министрликте мамлекеттик тилде иш алып баруунун ролун жогорулатуу, тилди өнүктүрүү максатында Тышкы иштер министрлигинин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине багытталган каттарды мамлекеттик тилде жазып, расмий эмес котормосун тиркеп жөнөтүү тууралуу тапшырма берилген. Көпчүлүк министрликтерден бул сунушубузду колдогон каттар келип түшкөн жана алар бул тапшырманы аткарып жатышат. Айрым учурларда Өкмөткө караштуу ар кандай мамлекеттик комитеттерден, министрликтерден чалып, “катты эл аралык уюмдарга орусча багыттасак болобу?” деп суранышат. Андай учурда жардам бергенге аракет кылабыз.

Министрликтин кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн кызматкерлер мамлекеттик тил боюнча КЫРГЫЗТЕСТ сынагын тапшырышты. Тесттин жыйынтыгы мамлекеттик тилди билүү деңгээлине жараша:башталгыч,орто жана улантуучутопко бөлүнүп, шаршемби, бейшемби, жума күндөрү окуп жатышат. Окутуу Дипломатиялык академиянын окутуучулары тарабынан ишке ашырылууда.

Өзгөчө белгилей кетчү нерсе: 1-саясий департаменттин бөлүм башчысы У.Дыйканбаев, 3-катчысы А.Арабаева, атташеси М.Абдыкадыров, 2-саясий департаменттин кеңешчиси Р.Аданов, 2-катчысы А.Океева, атташеси Г.Акказиева, 3-катчысы Г.Абдрасулова, эксперти Б.Дайирбеков, референти Т.Чотонова, 3-саясий департаменттин бөлүм башчысы А.Кылычев, 2-катчысы Д.Аскарова, атташеси Т.Чоңмурунов, 4-саясий департаменттин 3-катчысы А.Сыдыков, катчы-референти У.Муканов, Интеграциялык биримдик департаментинин атташеси А.Өмүрзакова, Консулдук кызмат департаментинин кеңешчиси Р.Маткеримов, бөлүм башчысы А.Акаев, 2-катчысы А.Береналиев, 3-катчысы Б.Асаналиев, Кадрдык иштер департаментинин атташеси Р.Исаков, Мамлекеттик протокол департаментинин атташеси А.Аданов, Эл аралык укук департаментинин атташеси М.Жээнкуловдор мамлекеттик тилде өз алдынча сабаттуу жазып, кесиптештерине үлгү болуп келишүүдө.

Министрликтен чыккан бардык ноталык каттар мамлекеттик тилде жазылып, расмий эмес котормосу тиркелип жөнөтүлөт.

Министрликте, жалпы эле дипломатиялык кызмат тармагында кыргыз тилин өнүктүрүү жана терминдерди тактоо максатында “Тегерек стол” өткөрүлгөн. “Тегерек столго” тилчи окумуштуулар, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер, Президент жана Өкмөт Аппаратынын, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, министрликтер жана мекеме өкүлдөрү катышты. Алар жогорку деңгээлдеги мындай “Тегерек стол” министрликтер жана мекемелер арасында алгачкы жолу өтүп жатканын белгилеп, министр Э.Абдылдаевге жана уюштуруучуларга ыраазылык билдиришти. Жыйынтыгында Президент жана Өкмөт Аппаратынын, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү жана ТИМдин башкы адиси болуп биргеликте иш алып барууну максат кылышты. Ошондой эле, эл аралык маанидеги документтердин кодификациясын иштеп чыгуу сунушталды.

23-сентябрь – мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тилинде жазылган иш кагаздарынын үлгүлөрү камтылган китептердин, колдонмолордун, сөздүктөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.

Министрликте коллегия, аппараттык кеңешмелер мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Аппараттык кеңештин, коллегиянын материалдарын толугу менен департаменттер өздөрү мамлекеттик тилде даярдашат. Бизде мамлекеттик тилде чыккан бардык каттар (ноталар) котормочулар тарабынан текшерилип, виза коюлгандан кийин чыгып жатат.

Тил сектору тарабынан “Дипломатия тармагында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү”, “Иш кагаздарынын жана дипломатиялык терминдердин кыргызча-орусча-англисче сөздүгү”, “Кыргыз дипломатиясынын калыптанышынын негизги этаптары”, “Кыргыз элчилери жана Тышкы иштер министрлери тууралуу маалымдама”, “Эл аралык мамилелер жана дипломатия тармагындагы аталыштардын жана айтылыштардын орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү” иштелип, басылып чыккан.

Маданият жана тарых жылына карата Дипломатиялык академиянын “Жарчысына” “Кыргыз элинин башка мамлекеттер менен болгон алгачкы соода-сатык мамилелери” жана “Кыргыз дипломатиясынын калыптанышынын негизги этаптары” аттуу илимий макала даярдалып, жарык көрүү алдында турат.

Назгүл Жусубакунова,
Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик тил
боюнча секторунун башкы адиси,
“Кыргыз тили”, 23.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.