Темирбек Алымбеков: «Пародия деген жанр бар эле»

(Темир сандыктан)

…Кезегинде пародия да жаздым. (Булар бери болгондо 15-20 жылдай мурда жазылган. Баары гезиттерге чыккан. Көбүн жоготтум). Ал кезде азыркыдай таарынып калбай, кайра жолуккан кезде күлүп калышар элек… Азыр билбейм…

ЧАЙ ИЧИП КЕТ

Сыр чечишип чай ичип,
Асылкечим келип кет.
Чайдай жүзүң кызарып,
Жалыныма эрип кет.

Гүлсайра Момунова

Көптөн бери көрүшпөй,
Көңүл чөктү кайгырып,
Чамаң келсе бүгүн бир,
Чай ичип кет кайрылып.

Чайдан куюп кыпкызыл,
Чаңкаганың кандырам.
Чайга пейлиң чаппаса,
«Пайын» деле бар кылам.

Асылкечим келип кал,
Айтор баары бар болот.
Анан дагы эсиңе ал:
Чакырганга келбеген,
Ымдаганга зар болот.

 

ДОБУЛБАС УРГАН АКЫНГА

Бир карасам бир акын,
Добулбасын урууда.
Күч келтирип мурунга,
Күч келтирип чыкыйга
.
Турабай Жороев

Мен билгенден акындар,
Калем алып жазчу эле,
Комуз күүлөп төкчү эле.
Бирок чыгат турбайбы,
Кенч эмеспи эл деген.
Мындай укмуш акынды,
Укпагам да, көрбөгөм.

Пайда болду капырай:
Добулбас урган бир акын,
Таңдан кечке талыкпай,
Тажаал экен жыласың.

Добулбасынын доошунан,
Тынчтык кетти үйдөгү,
Коңшунун баары дүрбөдү,
Ыйлаган бала басылды,
Коркконунан корголоп,
Короодон чыкпай жашынды.

Закүндү билген орустар,
Арыз жазып алышты,
Ар кай жерге барышты.
Ага деле болгон жок,
Апжип болгон немедей,
Дүңкүлдөгүн койгон жок.

Уга берип чиркинди,
Чыкый мээм солкулдап.
Чыга турган окшоду,
Чыгып барып токтоду.
Күлкүмдүн баары тыйылды
Күч келгенден мурунга,
Чимкиригим куюлду.

Чыдабай кеттим акыры,
Чын эсебин мунун бир,
Табайын деп жүрөмүн.
Чыкый мээсин чыгара,
Чабайын деп жүрөмүн.

 

КҮНӨӨСҮЗ КҮЧҮК

Күйөөсү зайыбына,
Бир тийсе корс этип,
Жаш күчүк айбыга,
«Ау-ар» дейт борс этип.

Сатыбалды Кадыров

Күүлөнгөн күйөөсү,
Болбосо да күнөөсү,
Аялын жаткыра чапты.
Аны көрүп күчүк,
Жүрөгү түшүп,
Тамды айлана качты.

 

КЕТПЕЙ ЭЛЕ КОЙГУЛА

Келдиңерби кетпей эле койгула,
Таң чолпондой асманымда жангыла,
Ала-Тоонун айдай сулуу кызынан,
Ар бириңер бирден тандап алгыла.

Мырзабек Тойбаев

Атпай журтум, турганыңда кыйналып,
Айтайынчы мен ойлогон амалды.
Келгиндерге келин-кызың тартуулап,
Кенен-чонон жашаганың жаманбы?!

Ал анткени бизге көчүп келгендер,
Басып келет алтын-күмүш, акчаны.
Андайларга кызың берсең жагасын,
Антпесеңер карабайт го башканы.

А, кокустан кайра кетем дешсе алар,
Кетирбеймин анын жолун табамын.
Айтканыма, жалынчыма көнбөсө,
Аялымды алгыла деп барамын.

Такыр эле болушпаса кетем деп,
Мен да кетем, болбойт эми токтолуу.
Мында калсам пародия жазышып,
Ышпалдамды чыгарышат окшоду.

 

НАМЫС ҮЧҮН

Мен анчалык мактана албайм денеден,
Жаралгандан жупунураак бүткөмүн,
Мына турам туума болуп энеден,
Айтчы жаным ушул беле күткөнүң.

Сүйүнбай Эралиев

Качкан куштай кайрылбаган мезгилге,
Кайран жашты коюптурмун тарттырып.
Казыр деле унутпадым эсимде,
Калгандыгым бир сулууну жактырып.

Эми ойлосом мен көргөндү андагы,
Эч бир башка кылбаса дейм түшчүлүк,
Эртели, кеч элесине баш уруп,
Эчен ирет ырлар жаздым үшкүрүп.

Оо, бир күнү жолугушмак болдук биз,
От жагылып жүрөгүмө түңүлгөн.
Жылуу сөздү айта берсең акыры,
Жылан деле чыгат тура ийинден.

Кезигиштик, кыздын сүрү кыйын да,
Калтырадым безгек тийген немедей,
Кебетем да жакпай калган окшоду,
Кербезденди… кындырына теңебей.

Анан айтты жан жүлүндү сыздатып:
…Жакшы эле го мага жазган ырларың,
Жакпай турат көңүлүмө бирок да,
Жалпайып бир, маңызы пас турганың.

Күтпөгөмүн кемсинтүүнү мынчалык,
Күйүп кеттим ачык айтсам чынымды,
Дарак өсөт бутагына, а адам…
Дедим дагы шап шыпырдым шымымды.

Андай ишке абийирдүү адам жасагыз,
Барган элем намыс үчүн уялбай.
Байкуш сулуу көрөөр замат кулаган,
Кала берди ошол бойдон туралбай…

 

АКУЛАНЫН ЧАТАГЫ

Көп акындар, өтө көп, көп акындар,
Көл ичинде сүзүшкөн чабактардай.

Чынарбек Айдаров

Көл ичинде көгөрүп иримдеген,
Чабак акын көп жүрөт билинбеген.

Мен дагы көптүн бири чабак акын,
Чамама жараша ырды жаратамын.

Бир жолу адатымча толкуп ташып,
Жатты элем, көл түбүндө ырым жазып.

Аңгыча эмне болдум түшүнбөдүм,
Ачсам көзүм акуланын ичиндемин.

Кашайгырдын ичинде баары жүрөт,
Консерва, кашык-бычак, айры жүрөт.

Акыл болбой акын болуп кереги не,
Аста кирдим консерванын челегине.

Ырас болду челекке жашынганым,
Ылгабай жеп курсагым ачырбадым.

Акыры кудай колдоп каралашып,
Сыртка чыктык ар нерсеге аралашып.

Андан бери акуладан качып жүрөм,
Анда-санда ырымды жазып жүрөм.

Айтаарым, акула акын чатак экен,
Чабак болуу чынында азап экен.

 

ТИШ САЛДЫРЫП БЕРГИЛЕ

Тирүүлүктү өмүр менен жаратып,
Жашоодо мен шар жүргөндү жактырам.
Жаш кезимде жакшы эле март жан элем,
Карган сайын битир болуп баратам.

Алик Акималиев

Кайран өзүм, шар жүрчү элем жашымда
Канча акчаны катып койбой короттум.
Катын көрсөм калпагымды ыргытып,
Каран калган папкемди да жоготтум

Карган сайын өткөнүмө өкүнүп,
Кайран гана акчаларды аяймын.
Катындардан дүйнө кызык көрүнүп,
Калч-калч этип, бир тыйынды санаймын.

Карылыгың жаман экен кысталак,
Кайран тишим калбай бири күбүлдү.
Үлпүлдөгөн үр кызындай сулуулар,
Үркчү болду, көргөн кезде түрүмдү.

Айланайын бир кездеги курбулар,
Айтканыма ишенгиле, көнгүлө,
Ар кимиңер азыраактан чогултуп,
Аягыла, тиш салдырып бергиле.

Жол киреге эптеп акча чогултуп,
Мен силерге үмүт менен баратам.
Кайра өзүңөр койбосоңор жөнөтүп,
Коно берип ар кимиңди тажатам.

 

БАЛАЛЫК ЭСКЕ ТҮШКӨНДӨ…

Асылы аз, азабы көп бул турмушта,
Оюнга тойбодук биз балалыгым.
Өксүктүн изин суутуп алып кетсин,
Кел эми биз ырдайлы шамал ырын
.
Бурулкан Сарыгулова

Үстүмө эмне келсе кийип алып,
Үрпөйгөн чачтарымды түйүп алып.
Үч көтөрүп айылды жүрөөр элем,
Үч кулач бир чыбыкты минип алып.

Казыр да балалыгым эске түшсө,
Кадимки үбөлүктү минип алам.
Үй ээнде үч көтөрүп бөлмөлөрдү,
Өзүмчө жан жыргатып күлүп алам,

Мунумду билбейт күйөөм, билбейт балам,
Бугумду алар жокто чыгарамын.
Баламдын оюнчугун ойноп туруп,
Балч эттире жерге урсам кубанамын.

Бир жолу адатымча ойноп жатсам,
Күтүүсүз күйөөм үйгө калды келип.
Түшүнбөй жасап жаткан жоругума,
Түйүлгөн муштум менен калды берип.

Андан бери абайлап ойноп калдым,
Ашып-ташып келсе да ышкым улам.
Байкаса башым жара койобу деп,
Коркомун күйөөмдүн чоң муштумунан.

 

КОШУНАМ ЖАНА МЕН

Эмне үчүн түндө иттер улушат билбеймин,
Эмне үчүн буюмдар сынышат билбеймин.

Эмне үчүн коёндор коркушат билбеймин,
Эмне үчүн сулуулар толкутат билбеймин.

Данегиндей дарбыздын сөзүм көп билбеймин,
Махабатың азыткыбы, шайтанбы билбеймин.

Анатай Өмүрканов

Эмне үчүн энеңди… итиң кабат билбеймин,
Эмне үчүн эшигимде изиң калат билбеймин.

Эмне үчүн арагың мас кылат билбеймин,
Эмне үчүн аялың азгырат билбеймин.

Эмне үчүн сеники кыз көрүнөт билбеймин,
Эмне үчүн үйдөкү суз көрүнөт билбеймин.

Дарбыздан данегиндей сөздөрүңдү коеруңду билбеймин,
Дарбазамды шыкаалаган көздөрүңдү оерумду билбеймин.

 

ТАЙГАНДАРДАН ТАЖАДЫМ

Төрт жагымда, төрт дубалдай, төрт уюл,
Жай, жаз, күз, кыш-төрт тайгандай
төрт кургур.
Ызылдатып мени кууп келатат,
Кармагыча жазгым келет, төрт сап ыр.

Анатай Өмүрканов

Таң калыштуу окуя көп турмушта,
Тооба деймин, мен да жакам карманып.
Талай берип, таза айламды кетирди,
Жаз, жай, күз, кыш – төрт тайганга айланып.

Жазмак кайда, жан айласын табалбайм,
Жай отуруп, тамак да ичпейм тынчыраак.
Жаңы гана аш келгенде алдыма,
Жабылышып кирип келет ыркырап.

Кайда жүрсөм, калбай ээрчип барышат,
Катат башым, кантип мени табышат.
Жада калса уктаарымда төшөккө,
Аялымдан мурда жатып алышат.

Жатсам турсам, сары изиме чөп салган,
Жалаңкычтай тайгандардан тажадым.
Талуу жерин тайгандарга тиштетип,
Таштап мени кетип калды аялым.

Пендем десең, бере көрбө башкага,
Анатайдын тарткан ушул азабын,
Абалаган тайгандардан тынчтык жок,
Айткылачы кайда барып жашайын.

Кулум десең, кылчы мага ырайым,
Куугунуңдан куткар мени кудайым.
Акындыктан, атак-даңктан кечейин,
Адамча эле эптеп оокат кылайын.

 

КАРГА ЖАНА АЛМА

Топ этип жерге түштү кызыл алма,
Талпынып ала качты шашма карга,
Заматта тумшук малып тоюп алды,
Ышкырсам учуп кетти Кызыл жарга.

Муса Жангазиев

Кымбатчылык болоорун,
Кыйла мурун билгемин.
Кыпкызыл бир алманы,
Калтырып бактын башына,
Кайтарып дайым жүргөмүн.

Түшсө тосуп алсам деп,
Түбүнө далай түнөдүм.
Түнү уктабай тирмийип,
Түйтөйүп жаман жүдөдүм.

Алдырарда жаздырып,
(А, балким шайтан азгырып)
Алыс кетип калыпмын.
Алма үзүлүп топ этип,
Жээгине түштү арыктын.

Кайдан көрдү билбеймин,
Карга жетти талпынып.
Карылыгы курусун,
Кала бердим айкырып.

Мынча жашка келгени,
Мындай сукту көрбөдүм,
Жакын жетип барганча,
Жалмап ийди бөйрөгүн.

Таш эле жеген коңкарга,
Такыр баарын жайлаптыр.
Ой, ошончо кызыл алмадан,
Оозго салар калбаптыр.

Арткан-үрткөн алманы,
Алдым дагы жеп койдум,
Анча-мынча калтырган,
Акылдуу карга деп койдум.

 

…БИР ӨПКӨНГӨ ЖАРАБАЙ

Балким сенин ордуңда бирөө болсо,
Махабаттын отуна күйүп кетмек.
Сагынычтан жашка толгон көзүмдү,
Аяр тиктеп, акырын өөп кетмек.

Элмира Тезекбаева

Азамат жигит көрүп бир өзүңдү,
Ак сүйүүм, махабатым аябадым.
А бирок жалыны жок жаманым ай,
Айлантып бир өпкөнгө жарабадың.

Курчу жок кудай алган кем экенсиң,
Кур десе гүл жытымдан искебедиң.
Капшыра кысканың жок кучагыңа,
Калп эле кылыктансам күчтөбөдүң.

Көзүмө түк көрүнбөй жогол эми,
Келбегиң, кайда барсаң айда баргың.
Калтырбай соо жеримди өбө турган,
Казыр мен башка жигит тандап алдым.

 

…КУМАЙЫКТЫ ЖЕСЕМБИ

Койлор жылбайт айдабаса чыкпаган,
Уйлар жатат музоолорун ыктаган.
Кумайык да бутун серппей калыптыр,
Таң аткыча иштеп атып уктаган.

Болот Шалдыров

Кокус эле өзүм айдап чыкпасам,
Кой, уйларым жата берет апталап.
Куу канчыкты таң аткыча жандаган,
Кумайыктын коңуругу баш жарат.

Карап туруп мен булардын жоругун,
Кайнап чыкты ичке батпай күйүтүм.
Койлорду бүт касапчыга тапшырып,
Карала уйдун таарый чаптым мүйүзүн.

Ачуум менин муну менен токтобой,
Аны дагы союп салдым согумга.
Кумайыкты келиштире бир тепсем,
Кутулду эптеп кире качып коңулга.

Учту мезгил андан бери токтобой,
Убакытка ким катыптыр жүгөндү.
Койлорумдун ичип бүттүм акчасын,
Карала уйдун эти дагы түгөндү.

Эми болсо баягынын бири жок,
Эбин-чагын күн көрөмүн анчейин.
Кармап алып ит базарга сатканга,
Кумайык да келбей койду кантейин.

Акыбалым улам барат оорлоп,
Адамсың деп аябады мени эч ким.
Кыргызмын да, корей болсом эгерде,
Кумайыкты алдап кармап жемекмин.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.