Кайрыктары кайталангыс таланттар

Залкар обончу катары өздөрүнүн артына өчпөс из калтырып кетишкен айтылуу обончуларыбыздын арадан канча мезгил өтсө да жараткан обондору элдин жүрөгүнөн түнөк таап, бүгүнкү күндө да популярдуулугун жоготпогон айтылуу обончулар тууралуу учкай кеп кылабыз.

 

700 обон чыгарган Жумамүдүн Шералиев

Атактуу композитор Жамүдүн Шералиевдин репертуарында 700дөй обон бар. Биирне бири оңой менен окшошпойт. Жумамүдүн атабыздын обондуу ырларын аткарышып, элге белгилүү көптөгөн ырчылар чыгармачылык жолунда көптөгөн ийгиликтерге жетишкендиги белгилүү.

Чыгармачылыкта көрөңгөгө бай мындай залкар талант кылымда бир жаралса керек. Учурда эл сүйгөн обонго айланган бир топ обондуу ырлары улуттук музыкалык аспаптардан тышкары эл аспатар оркестринин коштоосунда аткарылып, дагы деле популярдуулугун жогото элек.

 

Кайгылуу кайрыктардын «атасы» Асанкалый Керимбаев

Кайгылуу кайрыктары менен кан-тамырыңды сыздата ырдаган Асанкалый Керимбаев да бир топ обондуу ырлардын автору болуп эсептелет. Сахнадан муңканып созгондо ырга берилген ышкыбоздор жүрөгү менен кабыл алганда айрымдарынын көздөрүнө жаш айланып кеткендигин айтып калышат. Тээ бир учурда залкар акын Аалы Токомбаев өмүрлүк жубайынан айрылганда «Муңдашым Мунар кайдасың?»-деген ырды жазган. Ушул ырга Асанкалый агабыз обон чыгарып алгач аткарып чыкканда ырды уккан акын муңканып ыйлаган дешет.

Обончулук ишмердүүлүгүндө аккордеон менен гана чектелип калбастан, учурунда «Оштогу түн» аттуу ырын эстраданын коштоосунда биринчи жолу аткарып чыкканда ырдын обону шаңдуу болгон үчүнбү, же обончунун чыгармачылыгындагы чоң жаңылыгы катары кабыл алгандыктанбы, айтор бул ыры бир топ эле популярдуу болгон эле. Азыркы кезде «Жаштык кез» аттуу ыры той-топурларда азыркы тил менен айтканда хит ырлардын бири катары аткарылып жүрөт.

 

Ырчылар кумир туткан Рыспай Абдыкадыров

«Ырчылардын пири-Рыспай»-деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Көзү тирүүсүндө маданият тармагына кошкон салымы мамлекет тарабынан анча бааланбаса да, таланты таш жарган агабыздын обондуу ырлары калктын калың катмарына кеңири тарагандыгы эч талашсыз… Укканда жарпыңды жазып жан эргиткен ырлары учурда популярдуулугун жогото электиги залкар таланттын экинчи өмүрү уланып жатканын далилдеп тургангансыйт. Мисалга алсак, «Издейм сени», «Жолугарым билгенмин» аттуу ырлары өзгөчө кереметтүү кайрыктардын кучагына бөлөнгөн эмеспи. Эми мындай обондорду кийинки муундагы обончулар качан жаратары азырынча белгисиз.

 

Тоодой эмгек жасаган Токон Эшпаев

Мекенине кызмат кылып маданият үчүн тоодой эмгек жасап, толкуган обондорду жараткан Токон агабызды да арабыздан шум ажал суурап кетпедиби. Аттиң ай…

Эргип ырдаганда эл тынымсыз кол чапкан адам эле. Келбес сапарга аттангыча керемет добушун сактап келгендиги уккандарды таң калтырчу. Айрыкча, «Керме-Тоонун кыздарын» даңазалап созгондо келиндер түгүл кемпир-кесектерди да тамшандырган талантка ээ болчу. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Оштогу филармонияда эмгектенди. Атагы алыска тараган бул агабыздын өзүнүн айылы Керме-Тоодон жаралган обондору оболоп Ала-Тоонун койнунда мындан ары да жаңыра бермекчи.

 

Он сегиз жашы эстен кеткис Аксуубай Атабаев

Белгилүү обончунун «18 жаш» аттуу ыры кийинки муундагы угармандарды да кайдыгер калтырбады. Элдин айтуусуна караганда мындан көп жыл мурда ушул ырга бир казак аябай таасирленгендиктен: «Бул ырга обонду кандай адам жаратты экен? Өзүм барып ырдын автору менен таанышып көрөйүнчү» деп Казакстандан атайын келип обончуга жолугуп колун бекем кысып, жакындан таанып ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдирген экен. Ал эми обончунун «Эне жөнүндөгү балладасын» КРнын Эл артисти, белгилүү ырчы раматылык Эрмек Мойдуновдун аткаруусунда уккан тааныштарым өздөрүн энесинин ак сүтүнөн өмүр бою кутула албастай абалда болгондой сезишкендерин айтып беришкен эле.

Демек, «Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет» деп туура айтылса керек.

 

Сүрөттү карап сыздаган Жолдошбек Мамажанов

Саналуу болсо да сапаттуу обондорду жаратып кеткен Жолдошбек Мамажановду билбеген кыргыз аз болсо керек… Мындан жети жыл мурда Оштогу филармонияда болгон «Биз силерди сагындык» аттуу жалаң аккордеондун коштоосунда ырдаган обончулардын чоң программадагы концертинде айтылуу обончуну эл дүркүрөтө кол чаап, бир топко чейин сахнадан кетирбей коюшкан болчу.

Ошондо ««Сүрөтүңө» деген ырын сүйлөшүп алышкансып көрүүчүлөрдүн баары эч жаңылбай чогуу ырдашканын көрүп аябай таң калгам. Эми муну менен эмне демекчимин. Элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан өзгөчө обондуу ырдын өмүрү ушинтип узун болот экен да, көрсө.

 

Нурислам Кабакбеков, «Чагылган», 19.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.