Жумамүдүн Шералиевдин кызы Турдугүл: «Атам обон жазып жатканда үй жымжырт болуп турчу»

Кыргыз маданиятына тоодой салым кошкон залкар инсан Жумамүдүн Шералиев – кыргыз элинин обон дүйнөсүнүн көч башында турган сыймыктуу адам. Анын ырлары канчалаган ырчылардын жылдызын жандырып, атактуу адамга айлануусуна салым кошту. Өнөрү өзүнө гана эмес, өзгөлөргө да ийгиликтерди алып келген обончу тууралуу кызы айтып берет.

turdugulЭже, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, обончунун канчанчы кызы болосуз?

– Мен Жумамүдүн Шералиевдин кенже кызымын, учурда 54 жаштамын. Нарында жашап, №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштейм. Атамдын жолун жолдоп эжем экөөбүз чыгармачылыкка жакынбыз. Бир жолу москвалык журналисттер атамдан интервью алганы келишип «жолуңузду жолдой турган уул-кыздарыңыз жокпу?» деп сурашат. Атам уулу жок экенин айтып: «Улуу кызым «медик болом» деп атат, кичүүсү азыр абдан эле кичинекей», – дептир. Эжем мектепти аяктаган соң мага: «музыкант болом” деп сөз берчи, сөзсүз болосуңбу?» – деп калды. 5-класс кезим эле, эжемдин сөзүнө деле маани бербей, эптеп кутулуш үчүн: «Ооба», – деп койдум. Бирок эжем кайра ойлонсо керек, атама: «Мен оюмду өзгөрттүм, музыка тармагына окуйм», – деп Искусство институтуна дирижёрлук бөлүмгө окууга кирди. Артынан 8-классты бүтүп мен М. Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге келдим. Мени менен чогуу келген атама карап мугалим: «Сиз келсеңиз, кантип кызыңызды өткөрбөйүн», – десе атам: «Жок, мага карабай кызымды текшергиле», – деди. Мен сынактан «5» деген баа алып чыктым. Ошондо атам мага абдан ыраазы болгон. Тилекке каршы, турмушка чыгып окуумду бүтпөй калдым. Жолдошум: «Окубай эле койбосуңбу, музыка деген андай-мындай», – десе эле окубай коюптурмун. Кийин Нарындагы педагогикалык училищенин музыкалык бөлүмүн бүттүм.

– Эки эле бир туугансызбы?

– Ооба, эжем экөөбүз элебиз. Атам бала көрбөй жүрүп бизди көрдү да. Көп эле эркек балалуу болгону менен токтобоптур, эмнегедир бир жашка чыгарда эле чарчап калышчу экен. Эки кыз аман калыптырбыз, ата-энебиз бизди бапестеп карашты. Мен кичүү болгондуктан абдан эрке элем, эркек баладай болуп жүрчүмүн. Кийимдерим да эркек баланыкындай эле, короодогу кыздардын бетинен өбөм деп кубалаганым эсимде. Жаныбызда педагогикалык училище бар эле, жолдон өткөн студент кыздарга гитара менен: «Оо карындаш, ары баспай, бери бас», – деп ырдап тийишчүмүн. Кыз экенимди түшүнбөй эле жүрө бериптирмин. Эркек балага зар ата-энем да мени уул катары кабыл алышчу окшойт. Тентектигим укмуш эле. Атам күнү-түнү жазып олтуруп көзүнүн көрүүсү начарлап, +15тик көз айнек тагынчу. Чоңоюп калган кезимде шым кийип, мурут тартып алып: «Ассаламу алейкум, сизден интервью алганы келдим», – деп атамды тамашага салчумун. Үй-бүлөбүз тамашага жакын эле, каткырып эле калчубуз.

– Атаңыз кандай адам эле?

– Атам абдан жумшак киши эле, сөгүнгөнүн бир да жолу уккан эмесмин. Бизди да урушчу эмес. «Адилет болгула, күнөөң жок болсо да бирөө урушса унчукпагыла», – деп дайыма айтар эле. Бизди чакырганда «ыя?» дечү эмеспиз, эң жаман көргөн сөзү ошол болчу. Атам бизге тарбияны мыкты берген, ал обон жазып жатканда үй жымжырт болуп турчу. Иш бөлмөсүн бизге жыйнатчу эмес, өзү жыйнап, пианиносунун чаңын өзү сүртчү. Биз сүртүп берели десек, «калемди ордунан жылдырып жибересиңер, дароо жазбасам, аны издегенче илхам кетип калат, кирбегиле», – дечү. Кээде үйдө жарык өчүп калган учурларда башынан өткөн кызыктуу окуяларды айтып берчү. Биз “Шералиевдин кызы” деген атыбызды пайдалангыбыз келип “ата, дүкөндөн кезеги жок кийим алып бербейсизби?» десек, «балам, кийим сенин тагдырыңды чечпейт, акылың чечет», – деп койчу. Атын эч качан пайдаланчу эмес. Анан да атам абдан ишенчээк эле, мен мектепке кетип атканда апамдан акча алып, атама барып: «Апам берген жок», – деп андан да алып алчумун. Бирок кийин мунумду билип калып аябай урушкан.

– Апаңыз чыгармачылыкка жакын беле?

– «Аял жакшы – эр жакшы» дегендей, атама ылайык келген эң жакшы апам бар эле. Атамды абдан жакшы карачу, атама ар бир жумада бири-бирине окшобогон өзгөчө тамактарды жасап берчү. Биз «апа, кулинарияны бүттүңүз беле?» деп сурасак, «жок, “казан-аяк университетин” бүткөм», – деп күлдүрчү. Бизге тиккенден тартып ичеги-карын артканга чейин үйрөткөн. Өзү дүкөнчү эле. Аты-жөнү Надырбекова Гүлсүн болчу. Бирок Шералиевдин аялы болгондуктан “Шералиева” деп жаза беришип апам Шералиева деген фамилияны алганга туура келген.

– Кайсы жактарда жашадыңыздар?

– Атам мурда Фрунзеде жашачу экен, кийин партия боюнча наказ чыгып Нарында жашап калыптыр. Ошону менен Нарында жашадык. Апам Чүйдүн кызы болот. Атам: «Фрунзеге барып жашайлы», – десе, эстүү киши “күйөөсү аялын ээрчип кетти” деген сөзгө калбасын деп: «Бишкекке барбайм, аякка барсак, күч күйөө болуп каласың. Эгер бара турган болсоң, токол ал», – дечү тура. Ошол себептен атам борборго барып-келип иштеди. Нарын театрында жана радио тармагында журналист болуп да эмгектенди.

– Залкар обончунун 600дөн ашуун обону бар экени айтылат, сиз кайсы обондорунун чыгышына күбө болупкалдыңыз?

– Мен эс тартканда «Арча бешик», «Эстей берем», «Карап койчу», «Түшүмдө», «Ырдап койчу» сыяктуу көп ырлары жазылган. Атама «обон жазып бериңиз» деп текст көтөргөн кишилер көп келчү. Атам обон эле жазбастан, ырдын сөзүн да оңдоп, обонго ылайыктап жазып салчу. Азыр атамдын көп ырлары элдики болуп калды. Бул нерсеге атам өзү да күбө болгон, ток пейил жан болгондуктан: «Мейли эми, меники элдики да», – деп койчу. Мен дебеген киши эле, материалдык байлыкка такыр кызыкчу эмес. Нарындагы тамыбызды чоңдор бизге «Жүмамүдүн агай босогобузду бир аттап бул керек деген жок» деп таштап кетишкен. Бир күнү күтүүсүздөн телефон чалышып «үй талаш болуп атат, ачкычын алып кеткиле» дешти. Атам болсо кабат үйдө жашап көнгөнгө “жер үйгө кирбейм” деп атып араң киргизгенбиз. Анткени жер тамда жашап жүргөнүндө үйүнө ууру кирип чаап кетишип, ошондон катуу коркуп калыптыр. Ал жакта бир аз жашагандан кийин: «Жер там жакшы турбайбы, иштегенге кенен», – деп калды. Анткени кабат үйдө жашаганда кошуналарга жолтоо болуп албайын деген чочулоо бар эле. Жер үйдөн эркин иштеп, жакшы обондорунун баары ошол жакта жаралды.

– Азыр ырларын ар кайсы ырчы ырдап жүрөт, аларга кандай көз караштасыз?

– Атам обон жазары менен: «Бул ыр Жумакаевага, Жалгасыновага же Ибраевге ылайыктуу экен», – деп ким ырдарын өзү эле белгилеп койчу. Тандаган ырчыга ырды берип да жиберчү. Тамашалуу ырларынын баары Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованыкы эле. Ал кезде азыркыдай ыр сатмай кайдан, эксперттик топко жиберип, алар аркылуу кетчү. Атам улам беш-алтыдан ыр жазып жибере берсе, эксперттик топ «ырларыңыздын баары өтүп кетип атат, экиден эле салып туруңузчу» дешчү. Эсимде, атам обон жазганда алгач апамды, анан бизди чакырчу. Биз балабыз да, ойноп кетип калчубуз. Атамдын үйдөгү сынчысы, кеңешчиси апам эле. Атамдын ырларынын өмүрү узун экен, азыркыга чейин ырдап келишет. Ырдагандарга көз карашым жакшы эле, болгону бизге бир ооз айтып коюп ырдашса жакшы болмок. Бүгүнкү күндө Кайрат Примбердиев «Эстей берем» деген ырын ырдап, ыр хит болуп кетти. Тилекке каршы, ал бала башкача кылып бузуп ырдап атат, бизден да уруксат алган эмес. Нарынгүл эжем – Жумамүдүн Шерилиев атындагы коомдук фонддун төрайымы, андыктан ырды эжемден сурап ырдоолору керек.

– Агай канча жашында дүйнө салды?

– Жүрөк оору атамды алып тынды. Апам 65 жашында каза болгон. Эки жылдан кийин эле 79 жашында атам кетип калды. Апам менен атам абдан ынак болгондуктан атама апамсыз жашоо кыйын болду го деп калам. Атам каза болгону менен аты өчкөн жок. Мен атам менен сыймыктанам. Ал кишинин тарбиясын алганга биз да жөнөкөйбүз, Жумамүдүн Шералиевдин кызы экенимди билгендер таң калышат.

– Атаңыздын атындагы фонд ким тарабынан, качан түзүлгөн?

– Фонд эжемдин жолдошу Сайдинов Адылдын демилгеси менен түзүлгөн. Тилекке каршы, жездем бул жашоодон 50 жашында өтүп кеткен, азыр ал кишиге абдан ыраазыбыз. Жездем бар болсо, Жумамүдүн Шералиев атындагы эл аралык фонд жакшы иштемек. Азыр деле ар кандай иш-чараларды өткөрүп ишин кылып атат. Атамдын күмбөзүн да жездем көтөргөн. Биздин үй-бүлөдө эркек бала жок болгонго атам менен жездем абдан жакын эле. Каза болорунда жездеме мени да табыштаптыр. Менин да жолдошум жок, каза болуп калган. Эжем экөөбүз атамды сегиз неберелүү кылганбыз, анын жетөөсүн өзү көрүп калды. Менин кичүү уулум таятасындай таланттуу болду. 4-класстан баштап ырдап «Жаш таланттар» сынагынан 1-орунду алып, быйыл мектепти аяктап атып гран-прини утуп алды.

– Обон жазуу талантыңыз барбы?

– Кичине кезимде талантым ойгонуп обон жазгам. Атама угузсам, «ээ балам, койчу, дүңкүлдөгөн обон экен», – деп койгон. Ал кезде эстрада сейрек болчу да. Кийин: «Кап, балам, сени жөн койсом болмок экен, азыр андан жамандар чыгып атат», – деп кейип калчу. Менин ал талантым ошол бойдон өчкөн.

Динара ЧОКОЕВА, «Леди.КГ»

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.