“Азыркы обондор жаш муундун табитин бузуп жатат”

Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, 45 жылдан бери элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан бир нече обондордун автору белгилүү обончу Абдыманап Төрөбеков мырза менен маек куруп отуруп, агайдын эл алган Эмгек сиӊирген артисти, Эл артисти деген наамдарынын жоктугуна таӊ калдым, бир чети көӊүлүм чөктү. Маданиятты, искусствону даӊазалаган инсандар көӊүл сыртында калып, алардын шакирттери, алардын ырын ырдагандар Эл артисти, Эмгек сиӊирген артисти наамдарын алып жүрүшкөндө, кайда чындык, кайда акыйкаттык деп ичиӊ ачышат экен.

– Абдыманап ага, сиздин ырларыӊыз менен чоӊойдук да, чыгармачылыктын чыйыр, түйшүктүү жолунда жүргөнүӊүзгө канча убакыт болду?

– Чыгармачылыкта жүргөнүмө быйыл 45 жыл болду. Институтту 1976-жылы бүтүргөн болсом, ошондон бери эле мектепте, маданий мекемелерде иштеп келе жатам. Азыр Ош облустук Филармониясында иштейм.

– Ошол 45 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери наамыӊыздан башка наамдарды алдыӊызбы?

– Биздин мезгилде өзүбүздөн улуу агай, устат деп жүргөн адамдардан мурда наам алып алыш биз үчүн өтө уят нерсе болчу. Мурда “Ариет” ансамблин жетектеп жүргөнүмдө чет мамлекеттерге барып Кыргызстандын атын таанытып канча намысын коргоп, сынактардан биринчи орундарды алып жүрдүк. 1978-жылдары ансамбль уюшулган эле. Ошол ансамблдин иши илгери жүрүп турганда мага наам берели дегенде менин агайларым, устаттарым наам ала электе мен алып алсам уят деп болбой койгом. Ал кезде Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыровдор наам ала элек болчу. Рыспай агайдын студенти элем, ал кишини көп ээрчип жүрдүм. Токон Эшпаев, Жолдошбек Мамажановдор да менин устаттарым эле. “Эмгек сиңирген” артист наамына бир нече жолу документтерди даярдап, Министрликке келип ал жактан эле өтпөй калып жатат. Менин ырларымды ырдап жүргөн, менин шакирттерим эмгек сиңирген артист наамын алып жатышса, өзүмдү кызыктай сезип кетем.

– Алгачкы обонуңуз кайсы ырга чыккан?

– Мектепте окуп жүргөндө “Мектебим” деген ырым бар эле, аккордеон менен классташ балдар болуп отуруп алып ырдачубуз. Алгачкы обонумду ошондо жазгам. Ал убакта Токон Эшпаев, Рыспай Абдыкадыровдор чыкканда бизге окшогон жаш балдардын көбү аккордеон кучактап калган. Радионун түбүнөн кетчү эмеспиз. 1972-жылы институтка тапшырып, келип чоң музыканттардын арасына кошулуп калганда өзүмчө башка дүйнөгө киргендей болгом. Ош музыкалык институтунун музыкалык педагогика факультетинин аккордеон классын бүтүргөм. Ал мезгилдин талабы музыка дүйнөсү да башкача болчу. Азыр компьютер барын даярдап коет турбайбы. Ал мезгилде баары жандуу болчу, ыр да, аспаптар да жандуу эле.

– Кайсы ырыӊыз сизди ырчы-обончу катары таанытты?

– Менин аккордеон менен ырдалып элге популярдуу болгон ырым 1980-жылдын башында Жолон Мамытовдун сөзүнө чыгарган “Кетесиңби сулуу кыз мени менен?” деген ыры болду. Ошол ыр ал учурда хит болгон. Ал чыгарма мени обончу катары тааныткан чыгарма болду. Баш-аягы жүздөй обонум бар, алардын ичинен кыркка жакын обонум элдин жүрөгүнөн түнөк таба алды. Кай бир обондорум жакшы иштелип чыга элек, тар чөйрөдө ырдала калып жүргөн обондор да көп. Ырды элге жеткирүүдө финансы маселесине келип такалып калып жатам.

– Жакында концерт берет экенсиз, концертиӊиз туурасында айта кетпейсизби?

– Жыл сайын 3-4 жолу концерт берем. Көбүнчө Ош шаарында берем. 20-мартта борборубуз Бишкекте Кыргыз Улуттук Филармониясында концерт коёюн деп жатам. Бул концертимде көбүнчө эл укпаган чыгармалар аткарылат. Карамолдо Орозов оркестри, Филармониянын бир топ солисттери, Салима Балтаева, Майрам Дүйшекеева, Чырмаш Төрөбеков, Кутман Жолдошов сыяктуу ырчылар келип менин чыгармаларымды ырдашат.

– Ырларыңызды легендарлуу “Кыз-Бурак” тобу да ырдайт эмеспи…

– Кенже Дүцйшеева, Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабыловалар ал топто ырдап жүргөндө “Той ыры”, “Жар-жар ай”, “Жаштык”, “Өзүңдү эңсейм” деген ырларымды ырдашты. Кээ бир учурларда обонду алган ырчылар ийине жеткире албай калышат. Андай учурда ал ырчыга обонду бербей эле койсом болмок экен деп кейип калам. Ал эми “Жүрчү жаным, бул жерден кетеличи”, “Бир келип кетчи Ош жакка” деген ырларымды Гүлнара Кахарова угармандын жүрөгүнө жете тургандай ырдаган. Андай учурларда төбөм көккө жете сүйүнүп калам.

– Сиз чыгарган обондордун көбү сүйүү темасындагы ырларга чыгыптыр. Өзүңүздүн алгачкы сүйүүңүз ким болгон?

– Балалык сүйүүлөр “5-б класста” деген ырдагыдай эле болгон. А чыныгы сүйүү таптакыр башкача болот экен. Чыныгы сүйүүм Гүлнара Кадырбаева деген эжекең. Кыз-Бурак тобунун биринчи курамында барабанда ойнойт эле. Кийин Шамшыбек Өтөбаевдин “Назик” деген ансамблинде солистка болуп жүрдү. Экөөбүздү улуу чыгармачылык байланыштырды. 25 жашта баш кошуп, ошондон бери чогуу жашап келе жатабыз. 2 уул бир кызым бар. Балдарым да, кызым да чыгармачылыктан алыс.

– Чыгармачыл адамдар өзүнүн ырын башка бирөөнөн кызганышат, сизде андай нерсе жокпу?

– Менде чыгармамды кызгануу деген нерсе жок. Убагында устатым Рыспай Абдыкадыровдун: “Эгер сен обон чыгара турган болсоң, чыгарган обондоруңдун текстине дыкаат көңүл бур, акындар менен иште, өзүң сөз жазганың болбойт. Сен чыгарган обонду эл ырдап кетсе, ийгиликке жеткениң ошол. Өзүң эле ырдап, сенден башка ал ырды ырдабаса обончу болбой каласың”, — деген сөзү бар. Ырчылар ырыңызды ырдайын деп сурашат, андай учурда жок дебейм. Себеби, мен ал ырды эл ырдасын деп жаздым да. Бардык обондорумдун автордук укугу сакталган.

– Жаш куракка карап репертуарыңыздын тематикасы өзгөрдүбү?

– Ар бир ырдын текстин жүрөгүм менен сезип анан обон жазам. Карып калдым, сүйүүнү токтотоюн деген жок. Мен обон чыгарып атканда элестетүү, башыман өткөн окуя же башка окуялар себеп болот. Патриоттук темадагы обондорду жазуу ал ар бир обончунун парзы деп билем. Сүйүү темасы болсо бүтпөгөн тема.

– “5-б класста” ырына обонду кайсы куракта чыгаргансыз?

– Отуздарда чыгарып калдым го. Жолон Мамытовдун бир китебинен окуп калып сөздөр өзүмдүн бюашыман өткөргөн окуяга окшош болуп кеткендиктен абдан жактырып калдым. Негизи обон чыгарарда текст менен обон төп келгендей болуш керек. Эгер төп келбей калса, ал обон көп жашабайт. 5-6-класстарда биз да кыздарга кат жазып, алгачкы сүйүүлөр пайда боло баштаган мезгил менин да башыман өткөн. Бул ырды чыгарганымда Жолон Мамытов жок эле. Бирок, “Микробу жок тоолорго кетесиңби?” деген ырына обон чыгарганда өзү угуп мени чакыртыптыр. Ал мезгилде ал Жазуучулар союзунда катчы болуп иштеп аткан. Раматылык Асанкалый Керимбаев агайым Жолон Мамытовго ээрчитип барып тааныштырган. Ошондо “Микробу жок тоолорго кетесиңби?” деген ырын кайра-кайра ырдатышканы азыр да эсимде.

– Чыгаан обончу катары азыркы текстин да, обонун да өзү жазып ырдап чыгып жаткан жаштарга кандай кеп-кеңешиңизди бересиз?

– Бек Борбиев менен чыгармачылык жактан ага-ини болуп жүрөбүз. Аны обончу гана эмес акын катары да ырларынын тексттерин баалайм. Обончулар чогулганда сен айткандай ырынын текстин өзү жазып, обонду да өзү чыгаргандар туурасында көп талкууладык. Ал ырларда ыргак, гармония жок, батыштын даңкылдак-доңкулдагын алып туруп коюп алышат экен. Сөзүндө да, обондо да кыргызга тиешелүү кайрыктардын жоктугу мени такай ойлонтот. Себеби, ар бир обончу обон чыгарып жатканда ошол обон элдин жүрөгүнөн түнөк таап, көп жашаса экен, кыргыз музыкасына кичине болсо да салым кошсо экен деп ойлонбогону өкүндүрөт. Жакында бир ыр уктум “Апам менин көлөкөм” деп ырдап атат. Ушул кантип болсун? Логикалык жактан деле караганда апасынын көлөкөсү болот да. Апасын ал төрөп алгансып ырдап атат. Муун дегенден эч нерсе жок, туура эмес сөздөрдү көп пайдаланышат, уйкаштык жок, бир сөздү кайталап отуруп ырды бүтүрүп коет. Ошол нерсе өсүп келе жаткан жаштардын музыкага, ырга, обонго болгон табитин бузуп атат. Бул нерсени контролдош керек, радио, телевидениелерде көркөм кеңеш болсо сонун болмок.

Маектешкен Төлөбүбү Касымалиева, «Чагылган», 16.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.