А. Сыдыков Италиянын Корато шаарында өткөн эл аралык камерлик-вокалдык сынакта гран-прини жеңип алды

Пианист Азамат Сыдыков Италиянын Корато шаарында өткөн эл аралык камерлик-вокалдык сынакта гран-прини жеңип алды. Бул тууралуу “КАБАР” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда КР маданият жана маалымат министринин чыгармачылык тобунун жетекчиси Владимир Есин билдирди.

Бул сынакта А.Сыдыков эң мыктысы болуп, биринчи орунду жеңип алды. Ага Алтын кубок, сынактын лауреаты, жеңүүчүсү деген диплом тапшырылган.

“Мен бул жеңишке чейин Италиядагы үч эл аралык сынактарга катышкам. Анын биринчисинде үчүнчү орунга, экинчи сынакта экинчи орунга жана үчүнчү ирет гран при меники болду. Бул жеңишке анын астындагы жеңиштерим стимул болду”, – дейт А.Сыдыков.

Ал Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп кыргыз элин дүйнө аренасына тааныткысы келет. Мындан тышкары пианист анын эл аралык сынакка катышуусуна мамлекеттик “21-кылымдын кадрлары” программасы, респуликанын Маданият жана маалымат министрлиги чоң колдоо көрсөтүп жатканын айтты.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 17.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.