Серпилтип сезим кылдарын, ырдайлы сүйүү ырларын (котормолор)

Константин Ваншенкин

КИРИНИП ЖАТКАН КЫЗ

Чечинди четке кыз барып,
Көрбөйт го деген болжолдо.
Уялып жаны кысталып,
Энеден туума болгонго.

Каныккан картмак аялдай,
Баспастан эркин чалкалап.
Баратат бекип, даай албай,
Кол менен денин калкалап.

Араак өтсө — эл чеги,
Бирөө көрүп турса уят.
Ак төшүндө эмчеги,
Тырсыят да тырсыят.

Суу жеткенде тизеге,
Сулк жыгылды түз эле.
Сүздү сулуу баягы,
Сууну шапшып аягы.

Ыңкып турат түз, талаа,
Шыбыш какпай жалбырак…
Кең табият суз гана,
Кызды тиктейт жалдырап.
Которгон Сүйүнбай Эралиев

 

Александр Пушкин

ЭМЕНДЕР КӨЛӨКӨСҮ

Түн кирди Грузия кырларына,
Арагва бет алдымда жатат агып.
Кайгырам, бирок кайгым нурланууда,
Элесиң ал кайгымды кылып жарык.
Өзүңдөн, бир өзүңдөн… тарткан жапам,
Кыйнаган эч нерсе жок кошул-ташыл.
Сүйгөндөн жүрөк түтөп бара жатам,
Сүйбөшкө эч бир мүмкүн эмес азыр.
Которгон Жалил Садыков

 

Шандор Петефи

ӨБҮҮ БОЛСУН ЖҮЗ ЭСЕ

Өтө, ширин, эң артык,
Өбүшүүдөн эмне артык?
Өзүң карай бек тартып,
Өөп турсаң сен балкып,
Андан өткөн эмне бар?
Айтсаң болсо, эрке жар!

Көрк болбойбу гүл деген,
Көркөмдүктү түрдөгөн.
Аял болсо — шат болсун,
Чарчы болсун, чак болсун,
Өзүңө окшош жароокер,
Өбүшкөнү бат болсун!

Тартып турса сүйгөн жар,
Таш көмүрдөй күйгөн бар.
Өбүшүүнүн өртүнөн,
Өнө боюм көлкүгөн.
Эч ким сендей өппөгөн
Эргип барам көк менен!

Жаным, өпсөң өзүң өп,
Жарыкты өчүр тезирээк.
Караңгылык жарыктан,
Кандай ысык сезилет.
Өрт кезиңди кызганба,
«Өлүп» берем кысканда!

Үйлөнгөндөр — жуп болот,
Үйлөнбөгөн — бук болот.
Караңгылык — жарык да,
Каалагандай куп болот.
Түнү-күнү бир болсок,
Түбөлүккө кут болот!
Которгон Эрнис Турсунов

 

Расул Гамзатов

***

Ыйладың да, кызгандың да бекер сен,
Бекер мени жемеледиң, жек көрдүң.
Качан минтип капа кылып кекенсең,
Анда балким, башка аялды эстермин.
Ал аялдын зыяны жок эч кимге,
Сага гана башкачараак элестейт.
Аны бирөө капа кылган мезгилде,
Аргасыздан кээде гана мени эстейт.
Которгон Сооронбай Жусуев

 

Назым Хикмет

ТЕРЕК

«Түндө көрсөң сууда дарак
күмүш арча сыяктанат»
дечү биздин Надим акын.

Сүйчү муңдуу айымдарын —
ак көйнөкчөн кайыңдарын
рязандык да бир акын.

Менде да бар жалгыз терек,
кайда жүрсөм табыш берет
мен мусапыр күндөн бери.

Бүт дарактай терегим да
турат сыңар аягында
күтүп-күтүп бирдемени.

Карап турат чоң жолдорго,
карарыңкы ой-тоолорго
жайдын ысык түн маалында.

Мени да бир терек дайым
агай салып ар түн сайын
күтүп турчу түрмө алдында.

Бактыбызга, айбыбызга,
үмүттөргө, кайгыбызга
күбө болуп, карадың жай.

Күбө болдуң бетибизге,
жердеги бүт ишибизге
эх, терегим, терегим ай!

Терегимди сүйсөм дагы,
аны мактап жүрсөм дагы,
Ата Журтум, бар арманым.

Мен эңкейип кара жерге,
денем балкып кара терге
бир түп дарак эге албадым.
Которгон Салижан Жигитов

 

Ли Бо

КӨҢҮЛ КАЛГАНДА

Чын сүйүүгө татыгы жок болсо да,
Жагат тура гүлү ачылган жаш келин.
Карып кеттим, жарай албай мен сага,
Жашырбаймын мендеги ойдун эч жерин.
Өзгөрүлөт, гүлдүн өчөт иреңи,
Жаш келиндин сүйүүсү да ошондой,
Мен отурган ордум басат ал эми,
От башында айкаштырып койгондой.
Бир кезекте жапжаш элем мен дагы,
Өмүр өттү. Азыр жалгыз калгамын.
Жылдар өтөт чиркелишип айларың,
Кемпир болот азыр тандап алганың.
Күйөөсүнө өмүр гүлүн арнаган,
Эсиңдеби Чэнь ханшанын убалы?
Шөкөттөлгөн алтын сарай турагы —
Желе басып желип бүткөн убагы.
Которгон Эрнис Турсунов

«Де-факто», 20.03.2017-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.