Адам аттарындагы элдик педагогикалык жагдай

Адамзат коомунда тарбиялоо иши – түбөлүктүү категория жана ар дайым актуалдуу маселердин бири.

Кыргыздар да мына ушул түбөлүктүү, ар дайым актуалдуу маселени чечүүдө жана элдин кызыкчылыгы менен максаттарына жараша реализациялоодо балага энчилүү ат коюунун мотивдерин өзгөчө ийгиликтүү пайдаланышкан жана аларды андан ары өнүктүрүшкөн. Ошондуктан кыргыз эпосторунун дээрлик бардыгында балага (айрыкча баш каарманга) энчилүү ат коюуга бөтөнчө көңүл бурулган жана ал тарбия иши, ошондой эле баланын келечек тагдыры менен байланыштуу деп эсептелген. Мына ошол себептен бул маселелер өтө жооптуу милдеттердин катарына кирип, өзгөчө орунда турган.

Балага ат коюунун мааниси жана анын тарбиялык жагы азыркы күндө кыргыз акын-жазуучуларынын, сүрөтчүлөрүнүн жана башка чыгармачыл интеллигенцияларынын эмгектеринде чагылдырылып жатат. Буга алардын төмөндөгүдөй чыгармалары жана эскерүүлөрү далил: К.Маликов “Ат коюу” (поэма), С.Жусуев “Ат коюу” (“Бала” поэмасынын 4-бөлүгү), Н.Байтемиров “Ат коюу” (очерк), Ж.Карачалов “Ат коюу” (сатиралык аңгеме), А.Камалов “Ат коюу” (Бөбөктөр үчүн аңгеме), Ш.Жамансариев “Уулумдун атын Жүз койдум” (ыр); эскерүүлөрү: А.Токомбаев “Ал ушинтип айтмак” (“Советская Киргизия”, 10.03.1961), С.Чокморов “Баламдын атын Бактыгул койдум” (“Советский экран”, 1975, N 20). Ошондой эле ат коюу маселеси жана алардын турмуш менен байланышы тууралуу ойду Ч.Айтматовдун, Т.Касымбековдун, Б.Алыкуловдун, А.Осмоновдун, Т.Абдумомуновдун, М.Абдукаримовдун, Т.Океевдин эмгектеринен да учуратабыз.

Келтирилген мисалдардан, маалыматтардан көрүнүп тургандай, балага ат коюу актысы жана салты учурда да уланып жаткандыгын, бирок ага коомчулук айрыкча маани берип, өзгөчө көңүл бөлүп тургандыгын көрөбүз.

Эгерде Чыңгыз деген антропоним кыргыз тилинде 60-жылдарга чейин анчалык кеңири тарабаган аттардын катарына кирген болсо, 70-жылдардан кийин бул ысым кыргыз балдарына көп коюла баштайт. Себеби, ата-энелер мындай ысымды белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атына байланыштырып коюп, өздөрүнүн наристелеринин да Ч.Айтматовдой болушун каалашкан. Атап айтканда, мындай максатта коюлган аттардын айрымдары булар: Чыңгыз Тапышов (1968-жылы Бакай-Ата районуна караштуу Буденный кыштагында туулган), Чыңгыз Эшимбеков (1971, Бишкек), Чыңгыз Садыков (1972, Бишкек).

Зууракан Жороеванын (1969, Сары-Камыш кыштагы, Кара-Кулжа району), Зууракан Айткулуеванын (1975, Киров кыштагы, Жайыл району) аты Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, атактуу кызылчачы Зууракан Кайназарованын атына байланыштуу коюлган.

Айсулуу Шералиева (1972, Сузак кыштагы, Сузак району) менен Айсулуу Кутунаеванын (1982, Бишкек шаары) аты мурдагы СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин эл артисткасы Айсулуу Токомбаеванын ысмына байланыштырылган. Аталган кыздардын ата-энелери өздөрүнүн балдарынын Айсулуу Токомбаевадай таланттуу, атактуу бийчи жана сүйкүмдүү, сулуу кыздардан болушсун деген тилек-максат менен ушундай ысым ыйгарышкан.

Ош областынын Ноокен районундагы Шамалды-Сай шаар тибиндеги поселкасында жашап турушкан Осмоналиев Нооманжан менен Сапаралиева Гүлүпа деген жубайлар 1981-жылы 27-октябрда уулдуу болушат да, “дүйнөгө таанымал, кыргыздан чыккан балбан, Москвадагы ХХII Олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиевдей болуп жетилсин деп, өз баласынын атын Каныбек коюшат жана сүйүктүү олимпиадачынын эрдигине ыраазычылыктарын кошо чагылдырышат.

Чыңгыз, Зууракан, Айсулуу, Каныбек деген аттардын кыргыз балдарына айкын жана кайталанма мотив менен коюлушу, башкача айтканда, элибиздин атактуу адамдарынын ысымдарына байланыштуу берилиши – антропонимдик инновация болуп саналат жана мындай көрүнүштө белгилей турган олуттуу төрт жагдай бар: биринчиден, жогорудагыдай антропонимдерди балдарына ысым кылып ыйгаруу менен аты аталган элибиздин урматтуу адамдарына ата-энелер өздөрүнүн чын жүрөктөн чыккан сыйлуу сезимдерин билдиришкен; экинчиден, ушул эле сезим менен катар өз балдарынын да эмгекчил, мээнеткеч адамдардан болуп өсүшүн каалагандыктарын манифестациялашкан; үчүнчүдөн, баланын атынын мотиви жана ага сиңирилген жаңы маани аркылуу элдик педагогикалык ойлорду күчөтүп-толукташкан жана трансляциялашкан; төртүнчүдөн, натыйжада, кыргыз антропонимикасынын системасында омонимдердин үзгүлтүксүз кайталоо процессинин жүрүшүн шарттаган.

Кыргыз энчилүү адам аттарындагы педагогикалык трансляция менен манифестацияга байланыштуу дагы бир фактыга, тактап айтканда, Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор кыштагында математика мугалими Сагынбаев Таабалды (15.01.1942) менен анын жубайы Сагынбаева Калыс (08.03.1948) жашайт. Алардын эки кыз, төрт уулу бар. Таабалды менен Калыс балдарына төмөндөгүдөй энчилүү аттарды коюшкан: 1. Түбөлүк (11.10.1973, уул), 2-3- эгиз – 13.04.1976: Тынчтык (уул), Болсун (кыз), 4. Элдерге (23.09.177, уул). 5. Чындык (12.01.1979, уул), 6. Каалайм (29.01.1982 кыз).

Келтирилген ысымдарды антропонимиянын бардык параметрлери боюнча караганда: лексикалык негизи (апеллятиви), ат коюунун мотиви, статусу, уйкаштык менен байланышы, ошондой эле бир үй-бүлөнүн рамкасындагы көрүнүш катары назар салып, жалпы кыргыз антропонимиконун фонунда караганыбызда да, алардын атайын токтоло турган өзүнчөлүгү жана өзгөчөлүгү бар.

Антропонимдик апеллятиви (лексикалык негизи) боюнча алганда, неологизм аттардын тобун түзүп, ар бир ат жеке турганда да, жалпы жонунан алганда да айкын маанини билдирип турат. Ал эми аларды жалпы жонунан караганда, өзүнчө үч сүйлөм болуп окулат: 1-сүйлөм: Түбөлүк, Тынчтык, Болсун (Түбөлүк тынчтык болсун!); 2-сүйлөм: Элдерге, Чындык, Каалайм (Элдерге чындык каалайм!); 3-сүйлөм: Түбөлүк, Тынчтык, Болсун, Элдерге (Түбөлүк тынчтык болсун элдерге!).

Ошентип, Сагынбаевдердин аттарынын коюлуш себептеринен (мотивинен) мындай жыйынтыктарды чыгарууга болот: 1) өз каалоо-максаттарын балдарынын аттарына чоң ийгилик жана өзгөчө чеберчилик менен чагылдырган; 2) балдарга ысым ыйгаруудагы жоопкерчиликти жакшы түшүнүшкөн, натыйжада балдарына педагогдук чыгармачылык менен чакырык мүнөздөгү аттарды коюуга жетишкен; 3) балдардын аттарында үй-бүлөнүн (демек, ата-эненин) маданияты жана алардын турмуштук түшүнүгү берилген; 4) Таабалды менен Калыстын балдарынын аттары коюлуш мотиви жана өз ара байланышы жагынан 80-90-жылдары кыргыз антропонимиясында пайда болгон уйкаштыктын жаңы тибин түзөт; 5) Сагынбаевдердин аттарынын коюлушу, бир жагынан – антропонимдик традиция, экинчи жагынан – ысым ыйгаруудагы инновация көрүнүшү менен байланышкан.

Ал эми тарыхый-этнографиялык жактан алганда, аталган ысымдардын ат катары балага ыйгарылышынан элдик антропонимдик традициянын уланыш-кайталанышын жана аздыр-көптүр бул же тигил даражада инновация (жаңылык) да болуп жаткандыгынан кабар берет.

Сагынбаевдердин аттарынын уйкаштыгын жана өз ара байланышын анализдегенде өзүнчө бир антропонимдик композицияга ээ болуп, алдын ала даярдалган сценарий боюнча (Таабалдынын үйлөнгөнгө чейин ар кандай турмуштук факторлордун таасиринде анын сезиминде калыптанган, жүрөгүнөн орун алган тилек-үмүттөрүнүн негизинде) коюлгандыгын айкын байкоого болот.

Сөз болуп жаткан ысымдарга фонетикалык-структуралык жактан көз жүгүртсөк: 1) алар 6-7 тыбыштан турат жана учурда кыргыз балдарына ат коюудагы модага дал келип, поэтикалык көрүнүшкө ээ: айтылышы жеңил, кулакка угумдуу жана жагымдуу, ошондой эле жазылышы оңой; 2) алты атта тең кыргыз тилиндеги эң негизги закон – үндөштүк (сингармонизм) закону толук сакталган; 3) үндүү жана үнсүз тыбыштардын комбинатордук айкалышы эластикалык ассоциацияга ээ болуп турат. Сагымбаевдердин мындай энчилүү аттарынын коюлуш мотиви боюнча ата-энесинин дили менен тилинен жаралган түбөлүктүү симфониясы.

Кыргыз маданиятына, антропонимиясына (энчилүү киши атына, анын маңызына) маани берген инсандарды да кезиктиребиз. Мисалы, немецке турмушка чыккан Талас областынын Көк-Сай айылында туулган Толкун аттуу эжекенин айтканы кызыктуу: “Биринчи уулумдун аты – Альберт, экинчи кызымдын аты – Мээрим. Үчүнчүсүнүн аты – Бакай. Кыргызда: “атына заты жарашкан” деген сөз бар. Мен балдарымдын ысымдарын коюуга чоң маани бердим. Өзгөчө кызым төрөлгөндө… Жолдошумдун тай энеси кызыңардын атын Лея койгула деди. Германияда ысымдардын маанисин чагылдырган китеп бар. Ошону карап чыктым. Анда Лея деген сөз еврей тилинен которгондо “Жапайы уй” деген маанини түшүндүрөт экен. Мындай ат Германияда өтө көп. Түшүнбөй эле коюп алышкан да. Анан жолдошумдун тай энесине айттым: “Сиз кечирип коюңуз, мен кызымды кантип “Жаман уй” атаймын десем, “билбептирмин” деп кечирим сурады… Летиция деген ат койдук. Кыргызча “Сүйүнүч” дегенди билдирет” (Бакиров Карбалас. “Немис тилин окуткан кыргыз кызы”, Эркин-тоо, 2009, 6-ноябрь). Ошондуктан ар бир ата-эне баласына ат коюуда анын маанисин карап, анын баланын тагдырына таасирин эске алуусу керек.

Шерали Жапаров,
филология илимдеринин доктору,
И.Арабаев атындагы кмунун профессору,
«Кыргыз тили»
, 27.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.